Сынган айнек теориясы эмне үчүн жүргүзүлгөн?

  • 15.01.2022
  • 3502

Сынган айнек же сынган терезе теориясы (Англисче: Broken Windows Theory) - америкалык психолог Филип Зимбардо тарабынан 1969-жылы жүргүзгөн иликтөөнүн негизинде келип чыккан. Бул шаар ичиндеги кылмыштарды алдын алуу жана башка кылмыштардагы вандализм аракеттерин жоюу максатындагы криминологиялык теория. Максаты – коомго зыянын тийгизе баштаган майда нерселерди кайрадан баштапкы калыбына келтирүү жана тартиптүүлүктү жөнгө салуу болгон.  

Теорияны алгач сыноодон өткөрүү үчүн Филип Зимбардо кылмыш иши көп катталган, жакырчылыкта жашаган Бронкс жана жашоо шарты жогорку деңгээлдеги Пало Алто аймактарын тандап алган. Алгач эки аймакка тең 1959-жылы чыккан Олдсмобил маркасындагы авто-унааларды таштап кетет. Экөөнүн тең номери жок, капоттору ачык болгон. Ошол учурдагы окуялар жашыруун камерага түшүрүлүп турган. Бронкстагы авто-унаа үч күн ичинде баштан-аяк тонолуп кетет. Ал эми кийинкисине бир жума бою эч ким тийген эмес. Элдин кыймылын билүү максатында Филип Зимбардо жана анын эки окуучусу бүтүн авто-унаанын капталдагы күзгүсүн балка менен талкалай чабат. Дал ошол убакта карап турган байлар (актар) окуяга кошулуп, талоонго алышкан. Бир канча убакыттан кийин жаңы авто-унаа жараксыз абалда калган. Ушундан кийин Зимбардо төмөнкүдөй жыйынтыкка келген: “Демек, алгачкы айнектин сынуусуна же айлананы кирдеткен дубал жазууларына уруксат бербөө керек. Болбосо кылмышты токтотуу мүмкүн эмес”, – деген.

Теория катары америкалык социологдор Жеймс Уилсон менен Жорже Келлингдин макаласы “Атлантик” журналынын 1982-жылкы март айындагы санына жарыяланган. Жарыяланган күндөн тарта илим кызматкерлери жана коомчулуктан иш жүзүнө аткарылышы тууралуу өтө чоң талаш жаралган. Ошол эле учурда жазаландыруу саясатындагы реформаларга мотивация катары колдонула баштаган.

“Кылмыш менен күрөшүүдө кантип ийликке жеттиңиз?” – деген журналистердин суроосуна Нью-Йоркттун атактуу мэри Рудольф Жулиани төмөнкүдөй жооп берген:

– Жараксыз бир имаратты ойлоп көргүлөчү. Имараттын бир гана терезеси сынык болсо, аны дароо алмаштырбасаңар, нары-бери өткөн адамдар кыска убакыт ичинде таш менен ургулай берип, бардык терезелерин талкалашат. Мен биринчи айнек сынары менен дароо оңдоттум. Электр чордонунун түбүнө же бир үй бурчуна кимдир-бирөө таштанды ыргытып кетсин. Ошол таштандыны дароо албасаңар, ар ким кошумчалап ыргыта берип, тоодой үйүлүп чыгат. Мен биринчи ыргытылган таштандыны тазалаттым.

Бир аймактын кылмыш аянтчасына айлануу убактысы алгач бир терезенин сынуусунан башталат. Аны түзөтүүгө аракеттер болбосо, сынган айнек оңдолбосо, ал жерден өткөндөр аймактын тартибине көз салган кызматкерлер жок экенин ойлоп, калган терезелерди да сындырып кетишет. Аркасынан башка чоң кылмыштар жасала баштайт. Бир канча убакыттан кийин ошол аймакка милиция кызматкерлери да баш бага албай калат.   

Бул теориянын негизинде Нью-Йорктун комиссары Уильям Браттон башында турган кызматкерлер жөнөкөй кылмыштардын изине түшөт. Метрого билетсиз түшкөндөрдү, кабат үйлөрдүн кире беришине заара ушаткандарды, мамлекеттин мүлкүнө зыян келтиргендерди, ал гана эмес ичимдик шишелерин жолго ыргыткандарды кармап жазалай башташат. Жыйынтыгында, Нью-Йорктогу кылмыштуулуктун саны 56 пайызга чейин кыскарган.

Сынган айнек же сынган терезе теориясы кийинчерээк көптөгөн илимий изилдөөлөрдө өз оордун тапкан.

Даярдаган Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз