Роза Мукашева: Бир күнүм барды издеген жокко күйдү

  • 19.01.2022
  • 2585

ЧАК ТҮШ

Чак түш. Аптап. Темир жол тоо боорунда.
Аска таштар көөкөр түс күн кактаган.
Жолчу үйү салаӊдайт жар боорунда,
Чий үшкүрөт поездди узатканда.

Жол боюнда эрмендей, эӊилчектей,
Көгүш-буурул боз таштан чегилгендей,
Көгүш көйнөк бир аял кырда отурат,
Күн салмагын серпкенден эрингендей.

Күн ысыгын желбегей жамынгандай,
Тандыр табын жаш камыр сагынгандай.
Былк этпестен отурат – желсиз талдай,
Таштак жолдун бетине жазылгандай.

А төмөндө шаркырайт мөӊкүгөн суу,
Кайра чертип күн нурун темингендей.
Жаалданат жанындай ак илбирстин
Кайра артына кайрылыш эби келбей.

Темир жүктөп Кытайга – акыркысын,
Тердеп-тепчип КаМАЗдар тегеренет.
Чаначтарда кымыздар борсоюшат,
Ашпозчулар шашкалак чебеленет.

Боргулданып суусаган машинеге
Айдоочтору кудуктай эӊкейишет.
Соӊ-Көл алтын балыгы тирөөчтөрдө
Сар чачыктай боз үйдүн сеӊселишет.

Шакылдаган поезддин жүрүшүнөн
Тармал талдан сагызган шак-шак качат.
Бу чөлкөмдө кыймылдын, саламдардын
Айлампалуу тагдырын аптап чечет.

Күндүн даамы тирчилик тишиндеги
Ар-ар кимдин оюнда, ичинде эрип.
Күн баратат чайылдап көк кыйырга
Мөмөлөргө бөрсөйгөн күчүн берип.

Асман ачык. Күн бийик зоболосу.
Ойлоп ичтен жүргөндү оболотуп.
Көзүм тойбой, тиктеймин көк талдардай
Жайкы күндөй маанайдын коробосун.

Ушул күндүн таӊына көчкүм келет.
Кайра жашап бу күндү өткүм келет.
Убакыттан талашып бүтпөс жайды
Бадал түптөн көк болуп өскүм келет.

*     *     *  

Көзүмө тиктеш үчүн күчтөн жанбай,
Көрүнбөс алсыраткан уруштардай,
Алоолоп мээ талашкан арбын көйгөй,
Өртүндөй ойноп кеткен вирустардын.

Ошондо ойлоп жүрдүм күчүӊөрдү,
Тубаса таза ниет кишилердин.
Кол тийбес дүйнөӊөрдү шоолалаган
Абайлай билер адам ичиндеги.

Кабары кыйбастардын келип жеткен
Ичиӊде аялууну дирилдеткен.
Аптапта алыскы жаан илебиндей
Канатын көк, ак каздын бириндеткен.

Жол бирге, же тозокко, же бейишке
Эсимде турасыӊар арууну издеп.
Билги – аз, кыйбастары андан сейрек,
Өтөөрбүз аз өмүрдө ниет түздөп.

*     *     *       

Бир күнүм барды издеген жокко күйдү.
Бир күнүм идея издеп топто жүрдү.
Бир күнүм көп таңданып түптө сырга
Ийилип сур күндөргө, пастап жүрдү.

«Чырлыйт!» деп чырайлуу үн угузганга
Бир күнүм түштү ичине жумуртканын.
Түйүлдүк кайсы жылда көз ачабы?
Даргөйүң чачып албай, жымжырт баргын…

*     *     *

Күн нурунан шимип, бирок гүлдөбөс
Көз көрбөгөн жаракалуу өрүктөй,
Устасынын алып жүрөк жалынын
Бирок недир ысыбаган көөрүктөй,

Актай калат кээде биздин күтүүлөр
Ар мүнөтү, көз ирмеми аялуу.
Акпай калган музыкасын ал күндүн
Кайсы чаңдын арасынан табалык?

*     *     *

Эч кетпей мындан, жашагым келген
Жаш токой, тоонун боорунда.
Таптаза аба, тазалап демим
Сагынып эстеп ооругам.
Эсиме келем, дайраны кечип.
Жашыл таш болом, сабыры таза
Сөөгүнө сиӊген жашыл жел, аба.
Эстейин… эстейм – кайда учат бүркүт?
Дабыркай жыты дабасын бүркүп
Алайын эстеп, көзүмө сүртүп.
Болбостур эми жан тыным…
Үркүткөн шамал, көпөлөк сымал
Ак булут чочуп, калкыды.
Жүрөктө гүлдөй өнгөнү турат
Жай аккан дайра салкыны.
Сестентип турар, чалып да жыгар
Жымжырттык күчүн туямын.
Көпөлөк көөнүм үшүгөн жалгыз
Кызыл гүл өртүн сурады.
Шуудурайт суунун жибеги жылт-жулт
Аялзат кийген кийимдей.
Жашагым келген, унутуп баарын
Өкүнчкө көөнүм чийилбей.

ТУШКИЙИЗ
Тушкийиздин аралы – капкалдырык,
Кайык менен калаксыз каттап жүрүп,
Сук арттырып гүлдөдү жарым арал,
Таӊ алдында чий өсүп көз талдырып.

«Көчөт» ойлоп, саймачы салтын сактап,
Жеӊем кесет деӊизди мизилдеген.
Чөгүү да, айрылуу да  жок сыяктуу
Кайраттын мизи жымжырт дирилдеген.

Жаш чыккыча көз жыртып тирмейгенде,
Чаӊ үлгүрбөйт тапталган туфлийине.
Түӊүлүү да, чарчоо да жок өӊдөнүп
Бардык «моюн бербестер» келет ийге.

КЕЛ, УЛАН
Кел, улан, жылкынын тынышы жыттанган
Ээрчидиби ыйлактап,
айылдын түтүнү артыңдан?
Бакытпы, жарыкпы чарчабай чырылдап чегиртке
Түгөнбөс үн антын артынган.
Жайдары эс жайдак – элирип секирген тайлардай
Эсиң бош талаадай – физика сабактан калтырган.

Айылдын ийменчээк, ууз саамал кыялын
Шаардын чалкыган напсиси чайкаарда үшкүрөт.
Кылаңгыр кымыздай кымыран намыстан
Күнүмдүк аш-тойдун угуту күчтүүрөк.

Суу жүргөн арыктар парыздай унтулган.
Кашаалар бириндеп качышат аптаптан.
Сен качпа түйшүктөн, максаттан
Конуштар бар чапчаң.
Көчөлөр сөөлөткө жүгүрүп умтулган.
Күн бирок алдабай тирликти эмизет,
Кыртыштын нымына жооп бере жүгүнүп,
Чарчайлек дарактар мөмөлөп туруудан.
Кайдыгерлик шашпай кажыган
Айылда, шаарда да чарчаган талаалар
Күн жеген делинет.
Алдаба, ойлоруң чачыңдай тегиздеп
Айлыңды кийин бир көрөсүң сыртынан,
кемчил
Жепжеңил ак карды, ырыстай кемибес.  

ПОМПЕЯДАГЫ АЙКЕЛ
Сен бийкечсиӊ болочоккко жөлөнгөн,
Ийиндериӊ ийкеминде – кыймыл суудай буралган.
Көйнөк жеӊи – тунук булак
Ийин ылдый жука жибек куюлган.
Нурлардын балын татып жаш таӊдагы
Учаар чымчык канат тарап жаткандай –
Илбериӊки дилиӊ ачык
Жүрөк тушта умтулуудан ажарланат ак маӊдай.
Эрезеге жетер менен сага сүйүү буюрган.
Помпеянын алааматы
Түшкө кирбес мемиреген күндөйсүӊ,
Эки хандык душмандашса
Элдешээрге бүткөн жалгыз тилдейсиӊ…
А Помпея буга чейин билген укмуш эргүүнү,
Билмек эмес ысык күлгө күйүүнү.
Түптө тектон үшкүрүгү - атырылып жанар тоо –
Миӊ бүркүттүн канаттары айрылгандай тытырап,
Миң ташбака калкандарын быт-чыт тытып чытырап,
Зылдай бекем көпүрөнү ак көбүктөй учурат.
Калыӊ токой жыгылганда кычырап,
Тумчуктурган кара түтүн артынан
Ийри ажалдын жаркырагы
Наристесин боорго кыскан эненин
Акыркы ирет каректерин күйгүздү.
Сени ташка чеккен чебер
Сенден мурда көзү ачык агып кетти жалынга,
Ал өзүӊө жетпей калып
Айкелиӊе эрин тийгизди.
…Ыйлап ийет айрыкуйрук
Урандылар үстүнөн…
Кайра кайтпас алыстыкты чапчыган
Чоӊ калаанын чыӊырыгын
Үздү дагы тумчуктурду үнсүздүк.
…Ким көрүптүр чоӊ калаанын
Күл жаап калган табытын…
Акылдан да күчү алгыр жаралыш
Бар экенин бул алаамат билгизди.
Нээт түздөп кайрадан гүлдөп чыккан шаарда
Деӊиз четтен  чыкты айкелин+, сен эми
Көп ичинен бүшүркөп издеп таппай тиктейсиӊ
Айкелиӊди армандуу жаратканды…

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз