Өткүр Хашимовдун алакандай аңгемелери

  • 07.02.2022
  • 3257

Уткир ХОШИМОВ – 1941-жылы 5-августта Ташкентте туулган. Өзбекстандын эл жазуучусу (1991). Ташкент мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн (1964). Анын биринчи китеби «Болот чабандес» (1962, очерктер жыйнагы). Анын биринчи ири прозалык чыгармасы «Чөл абасы» (1963). «Эл эмне дейт» (1965), «Шамал согот» (1966), «Жүрөгүңдү ук» (1973), «Жаз кайтып келбейт» (1970), «Дүйнөнүн иши» (1982) ж.б. «Жарык бар, көлөкө бар» (1976), «Эки эшиктин ортосунда» (1986), «Түштө өткөн өмүр» (1994)  ж.б. чыгармалардын автору.

Өзбекстандын Хамза атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). Мехнат шухрати» («Эмгек даңкы») (1996) жана «Буюк хизматлари учун» («Мыкты кызматы үчүн») (2001) ордендери менен сыйланган.

2013-жылы 24-майда каза болгон.

"МЕГАКОМ – ИШЕНИМДҮҮ УЮЛДУК ОПЕРАТОР"*

АТАЛАР ЖАНА БАЛДАР

Ал карапайым адам, жүк ташуучу жумушчу эле. Төрт кыз, үч уулду чоңойтту, ирдентти. Уулдарын үйлөдү. Кыздарын күйөөгө берди.

Бардык балдарын турак-жай менен камсыздады.

Өлүмүнөн мурда “баарыңардан миңден-миң ыраазымын” – деди...

Караса, кепини даяр эмес экен...

ӨМҮР

Алар таанышты... Сүйүп калышты... Үйлөнүштү... Балалуу болушту...

Тун баласы алсызыраак болчу. Ооруп кала берип, көп күйдүрдү... Ортончо баласы ойноок болду... Камалып чыкты...

Эң кичүүсү кыз болчу... Эрке болуп чоңойду. Жашоосу талкаланды...

Бир күнү түндө эркек ойгонду. Ал көпкө ойлонуп жатты. Караса, аялы да ойгоо экен.

– Апасы, – деди. – Дүйнөгө келип эмнени көрдүк?

– Билбейм, – деди аялы үшкүрүнүп...

...Бабатоого[1] барганда эки куураган даракты көргөн элем. Алар бири-бирине таяны-ы-ып турат эле...

«АСЫЛ ТУКУМДУУ БУКА»

– Тиги Хусан балбандын уулу институтту аяктагандан кийин да үч-төрт жыл үйлөнбөй, ата-энесин көп күйгүздү. Балбан сураштырып караса, кеп башка жакта экен. Баласы элүүдөн ашкан бай аял менен «контрактный никеден» өткөн экен.

– Ой, эми мындай нике да чыгыптырбы? "Контрактный" дегени кандай балээ экен?

– Мында, күйөө менен келин алдын ала келишим түзөт экен. Балбандын айтымында, "келин айым" "күйөө төрөгө" «подаркага» машина, үй алып бериптир. Анын милдети ушул экен. Күйөөнүн «иши» болсо, «эр» милдетин өз убагында аткарып туруу экен...

— Ой, карачы муну, кокурайган десе! Асыл тукумдуу бука болуптур го! Кемпир аялы бир-эки торпок тууп бериптирби, иши кылып?

НАС КАБАК[2]

– Сексенбай ата! Чоң энем көптөн бери көрүнбөй калды. Ден-соолугу жакшыбы?

– Жакшы болсо керек. Кызынын үйүнө кеткен.

– Эмнеге кетти?

– Нас кабагым жоголуп калган болчу. Аны сен жоготконсуң деп коркутсам, “сага мен керекпи же нас кабакпы?” деп жооп берди. «Мага нас кабак керек» десем, таарынып кызыныкына кетип калды...

– Ой, жаман болуптур го! Кемпириңиз жок болсо, кыйналып калгансыз го?

– Ооба, кыйналдым. Келиниме “даарат сууну жылытып бер” – деп айталбасам...

– Нас кабак табылдыбы иши кылып?

– Табылды. Белбоомга түйүп койгон экем.

– А, анда, кемпириңизди алып келбейсизби?

– Жок! Жигиттин сөзү бир гана болот: мага нас кабак керек!

"МЕГАКОМДУ КОЛДОНГОНУҢ – ӨЛКӨНҮН БЮДЖЕТИН КОЛДОГОНУҢ"*

ЖАҢЫЛЫШКАН ПЕНДЕЛЕР

Адамдарга да таң каласың. Ата-энеси тирүүсүндө эки ооз таттуу сөздү бекер айтпайт да, алар өлгөндөн кийин миң-миңдеген акча коротуп, ошол сөздөрдү мүрзөсүнө таш коюп, жаздырып коёт...

«ИППОДРОМДО»

«Ипподром»[3] базарынан эски досума жолугуп калдым. Математик... Окумуштуу... Тамеки сатып отурган экен... Мени көрүп, артына карады. Мен да бурулуп кеттим...

Эмне үчүн экөөбүз бири-бирибизден уялганыбызды билбейм. Эмнегедир... ыйлагым келди...

СҮРӨТ

Дүйнөнүн иштери ар дайым шашылыш. Адаттагыдай тик туруп эртең мененки тамакты ичип жаткам. Апам адатынча сүйлөдү:

– Отур, балам. Бир аз отур-чу.

– Болду, мен кеттим.

– Шашпа, балам, – апам ар дайымкыдан башкача, кандайдыр убайым менен көзүмө карады. – Сөз бар.

Шашкалактап саат тиктедим: мен али бензин алышым керек, жумушка, анан басмаканага барышым керек...

– Эмне болуп кетти?

Апам эмгиче эле муңайым көзүмдү тиктеп турат.

– Кел, сүрөткө түшөлү, – деди кокустан.

Таң калдым.

– Эмнеге?

– Мен жакында өлөм.

Апам бул сөздү куду "мен кошунанын үйүнө барып келем" дегендей үн менен айтты. Мен күлдүм.

– Коюңуз-чу, апа.

Ошондой деп сыртка чыгып кеттим.

Андан бери эки жума өттү...

Түнкүсүн ойгоном, ойлойм. Ойлойм: сен акмак, сен келесоо, ошондо эмнеге күлдүң? Сүрөткө түшүүгө убактың жок беле? Керек болсо убакыт табасың го! Китеп үчүн, журнал үчүн, жумушта, паркта, көчөдө... Эмне, сен кино жылдызсыңбы? Дүйнөгө таанымал кишисиңби? Мына, бир топ сүрөттөрүң жатат. Ар түрдүү. Ар жерде... Бир гана... Апаң менен түшкөн сүрөтүң жок!

КИТЕП

Бүгүн менин китебим чыкты.

Ар дайым жаңы китебим чыгары менен биринчи нускасын апама берчүмүн. Ар дайым бир эле сөздү жазчумун: "Биринчи мугалимим – апама!" Апам китепти көрөр замат кубанычтан көздөрү жаркырап, көпкө чейин бата берчү, маңдайымдан өөп, бир гана сөздү кайталачу.

– Сен менин таянган тоомсуң, уулум...

Анан ал китепти бирөө алып кетчүдөй, жаздыгынын астына катып койчу. Анан китебим чыкканда апам менден да бактылуу экенин билдим.

Күндөрдүн биринде көчөнүн ары жагындагы наабайканага кирдим (Эмне жумуш менен барганым эсимде жок). Карасам, китебим жыгач отургучта жатканын көрдүм. Барактары тытылган жана күнгө саргайган. Кызыгып колума алдым. Окусам, өзүмдүн кол тамгам: «Биринчи мугалимим –  апамга!».

Ошондо эмнеге мынчалык кыйын абалга келгенимди билбейм. Кимдир-бирөө мени шылдыңдап жаткандай болду. Мен келип апама арыздандым:

– Мен сизге китепти кошуналарга бериңиз деп бердим беле?

Апам айыптуу кебетеде, муңайым жылмайды.

– Мавлуда бербегенге койбоду, балам. «Бир окуп берем» деди.

– Мавлудага чейин миң адамдын колунан өткөн окшойт, – дедим ачууланып. – Сиз мактангансыз го.

– Өзүңдү кейитпе балам. Азыр алып келем.

Чынында эле китеп ошол күнү кайтып келди...

Ар дайым китебим чыкканда апам бир айтчу:

– Сен менин таянган тоомсуң, уулум...

Билбеген экенмин, мен апамдын эмес, апам менин таянган тоом экен. Менин тоом капысынан кулап түштү. Бүгүн жаңы китебим чыкты. Биринчи нускасын эмес, алтымыш миң китептин баарын апама арнадым. Бирок...

КЫЯЛ

Канакей, кайра жаш балага айланып калсаң да, коркпостон оюңду айта берсең.

Өзбек тилинен которгон Нодирбек ЮЛДАШЕВ

[1] Бабатоо – Сурхандарыя облусундагы кырка тоо.

[2] Нас кабак – насыбай салчу атайын идиш.

[3] «Ипподром»- Ташкент шаарындагы базар.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз