Жооп болбосоң, коё кал!
Кайсыл өнөр сейрек кездешет? – Бергенди билген өнөр.
Кайсыл өнөр баарынан мыкты? – Кечире билүү.
Кайсыл өнөр баарынан кыйын? – Унчукпай коюу.
Кайсыл өнөр баарынан маанилүү? – Сурай билүү.
Кайсыл өнөр эң керек? – Уга билүү.
Кайсыл адат жаман? – Бузукулук.
Кайсыл адат зыян алып келет? – Көп сөз.
Кандай киши баарынан күчтүү? – Акыйкатка жеталган киши.
Кандай киши баарынан алсыз? – Өзүн баарынан күчтүү сезген киши.
Кандай киши баарынан эс-акылдуу? – Жүрөгүн угуп жашаган киши.
Эмнеге байланып калган баарынан коркунучтуу? – Өз денесине байланып калган.
Кандай киши баарынан кедей? – Баарынан акчаны жакшы көргөн киши.
Кандай киши Кудайга жакын? – Ырайымдуу, боорукер киши.
Кайгыга эмнени каршы койсо болот? – Кубанычты.
Азап чегүүгө эмнени каршы койсо болот? – Чыдамкайлык, сабырдуулукту.
Телегейи тегиз көөдөндүн белгиси эмне? – Ишеним.
Жаны жай албаган көөдөндүн белгиси эмне? – Үмүттүн үзүлгөнү.
Туура эмес иштердин белгиси эмне? – Жини келе бергендик.
Жакшы иштердин белгиси эмне? – Жандүйнөсү жай алып тургандык.
Тирүүлөй өлүк болгон киши кандай? – Кайдыгер.
Кандай киши түбөлүк жашайт? – Жакындарын жакшы көргөн киши.
Которгон Эрнис АСЕК уулу