Александр Блок: Скифтер

  • 27.02.2022
  • 3382

“Панмонголизм! Хоть имя дико,
Но мне ласкает слух оно”.

Владимир СОЛОВЬЕВ

Силер – миллион. Биз – түмөнбүз,
түмөн, түмөн, түмөнбүз,
Эр болсоңор, салгылашка чыккыла!
Скифтер – биз! Азиатпыз түгөн,
түгөн, түгөн, түгөнгүс,
Кыйгач көзбүз, ачкөз көзбүз, уккула!
Силер кылым жүргөн жолду
көз ирмемде басканбыз,
Биз билебиз жердин кантип онтошун,
Жаңжал чыкса болтурбастан
тосуп турган калктанбыз,
Монгол менен Европанын ортосун!
Эски көөрүк чыңап туруп
кылымдарды кылымга,
Көчкүлөрдүн үнүн жапкан кубаты.
Силер үчүн бир жапайы жомок болгон чынында
Лиссабондун, Мессинанын кулашы!
Жүз жыл бою Чыгыш жактын
сары изине түштүңөр,
Найза, темир, жакуттарын талашып,
Жүз жыл бою пушкаңарды орноткончо
күттүңөр,
октоп туруп оозун бизди каратып!
Келди кезек! Азап-тозок,
алай-дүлөй от коёт,
Ыйлап-боздоп канча жолу какшаба,
Таш мунара шаарларыңдын
изи калбай жок болот,
Сарацинден Пестум тургай башка да!
О, сен дүйнө! Көрөр күнүң,
ичер сууңду кемитпей,
чөккүчөктү каргыш тийген кайгыңда,
Акыл чайкап сабыр кылгын,
даанышманың Эдиптей,
Сфинкстин акылынын алдында!
Россия – Сфнкис бул.
Кол чапкылап, аза күтүп экчелип,
Каны кайнап кайра жүзүнөн,
ушунчалык жек көрүп,
Жек көрүп да, сүйүп дагы ичинен!
Сүйүүнү да сүйүш үчүн сүйүү керек
биздикиндей буюккан,
Жансыз ташты жалын кылган,
от кылган!
Силер дагы жансыңарбы,
бул дүйнөдө сүйүү барын унуткан,
Сүйүү келсе өрттөп, жагып, жок кылган!
Биз сүйөбүз – ысык күндүн
кара нөшөр түндүн билбей эсебин,
Жараткандын тартуу кылган бүт күнүн,
Галльдыктардын ойлору курч,
сүйлөгөндө сөзгө чечен экенин,
Германдардын генийлигин, түнттүгүн.
Бардыгы эсте – Париждеги көчөлөрдүн
жан чыдагыс тозогу,
Веницьяндын мээлүүн жели чалкыган.
Лимондуу токойлордун жыпар жытын
төккөн аруу озону,
Кельн шаардын эбегейсиз түтүн,
ышы калкыган...
биз сүйөбүз – чөптү, гүлдү, жазмыштагы
жалганы жок чындыкты,
Жытын, даамын ажал өтчү жолдордун.
Көмүлбөгөн сөөгүңөрдү кайра жыйнап
көмөгөнбүз кылмышпы,
биздин жумшак, зыл ташындай
колдордун?
Биз тизгинди койбергенде, жер үстүнөн
жетпейт бир да кишиңер,
Азоо-кежир шамал калат такымдап.
Аттан адып түшөм десең, анда чындап
бүттү дей бер ишиңер,
Кул кылганга, кана, кимдер батынат?..
Келгин бизге! Согуштардын азабында
кан кечкендер кол-бутсуз,
Тынч күндөрдүн кучагына тололу!
Кандын даты сиңген эски бычагы жок,
кылычы жок, кордуксуз,
Мындан ары чындап тууган бололу!
Эгер буга көнбөсөңөр – таарынбагын,
анда бизге баары бир,
Жүз карашпас жолдор менен түшөбүз!
Кылымдардан кылымдарга очорулуп,
турбагыдай дагы бир,
Тукумуңду тамырынан үзөбүз!
Биз түмөнбүз, тоо-токойдо, талааларда,
Аска-зоодо, асман-жерде, суудабыз,
Европа эмес, Жер үстүнөн эч кимге
Баш бербейбиз, биз силерди апкелебиз,
Камыр ылып кайра баштан жуурабыз,
Азиялык кебетеге- кешпирге!
Жөнө баарын, жөнөгүлө, азырынча
жайгашкыла жарым тоолуу Уралга!
Согуш болчу жерде бир жан болбосун.
Толтурабыз машинага, замбирекке,
болоттордон куйган темир куралга,
Монголдордун орнотобуз ордосун!
Душман келип кыргын салып, басса
дагы шаарыңды өрттөп көптөгөн,
Калкан болбойт эми биздин денебиз.
Кан төгүлүп жатса дагы аттан түшпөй
кылырайган көз менен
Камсанабай карап тура беребиз.
Чегинбейбиз, кутурган Гунн ээр токумчан
жашооңорду жайдак аттай будалап,
Өлүктөрдүн чөнтөктөрүн тоноп,
сууруп чачса да
Чиркөө менен шаарларды аркы-терки кубалап,
Европалык адамдардын этин кууруп
жатса да!
Эски дүйнө, каргыш тийгир! Акыркы
ирет көзүңдү ачкын, ойгонгун!
Тынчтык, эмгек, Бир туугандык –
кылымын!
Акыркы ирет, биздейлерге биримдиктин
Зарылдыгы жаткандыгын ойлонгун,
Баскынчынын чакырыгында ырынын!

Которгон Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

30-январь 1918-жыл.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз