Украин эл жомогу: Абышканын мектепке барганы

  • 01.03.2022
  • 2760

Жакыр жашаган абышка менен кемпир болуптур. Бир жолу чал айыл өкмөтүнө баратып, чыпкалуу тамеки тиштеген мугалимге жолугуп калат. Ал абышканы тамеки берип сыйлайт. Буга ыраазы болгон, абдан таң калган чал суроо берет:

- Айтчы пан мугалим, мен махоркага жетпей жүрсөм, сен мындай сигаретти кайдан табасың?

- Анткени абышка, мен билимдүүмүн. Адегенде мектепте, а кийин окуу жайда окугам.

Жолун улаган кары ойлонот: “Демек окугандар кыйын болот экен да. Андай болсо эртеңден баштап мен деле мектепке барып окуй баштасам, билимдүү болот экенмин да”. Эртеси ал чындап эле мектепке келет.

- Аксакал, эмне жумуш менен келдиңиз эле? – дейт мугалим.

- Окуганы келдим эле.

- Кечиктиңиз, эрте келсеңиз болмок.

- А кечиктимби? – деген чал жолуна түшүп, эртеси мектеп жаңы ачылганда кайра келет.

- Бизде эмне жумушуңуз бар эле? - баягы мугалим кайра сурайт.

- Кечээ кечигип калдым эле, бүгүн мына карга бок чокуй электе келдим.

- Аксакал, мен жашыңыз боюнча кечиккениңизди айткам, биз сиздей карыларды ала албайбыз, - деп кесе айткан мугалим карыны башка чапкандай кылат.

Ошентип ал шылкыя басып үйүнө кайтып баратып баштык толо жашыл акча, кызыл алтын таап алып, кемпири экөө жыргап-куунап жашай баштайт. Бирок көп өтпөй уруша кетишип, таяк жеген кемпир абышкасынын акча, алтын таап алып, өзүнүкүндөй пайдаланганын полицияга айтып салат. Ал аңгыча тергөөчү келип чалды суракка алат:

- Абышка, акча таап алганың чынбы?

- Чын, - калп айтса, айтпаса да камаларын билген абышка чынын айтып өлмөй болот.

- Качан таап алдың эле?

- Мектепке барганымда.

- Чын элеби?

- Чыпачын!

Тергөөчү абышканы баштан-аяк карап, анын абдан кары экенине жараша кылмыштын мөөнөтү эбак эскиргенине көзү жетип, өз жолуна түшөт. Ошентип баштык толо акча абышкада калат.

Демек балдар, мектепке барсаңар эч кандай зыян тартпайсыңар, жакшы пайда табасыңар.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз