Украин эл жомогу: Жашоо чындыгы

  • 26.02.2022
  • 2576

Илгери бир кедей болуптур. Ал идиректүү иш жасаган, аркы-беркиге акыл-эстүү караганы менен эч кимге баркы жок экен. Кандайдыр жөндүү кеп айтса да эл: “Бул эмнени билип коюптур! Бирдеме түшүнөт дейсиңби? Келжиреп ар кайсыны сүйлөп жатат да”, - деп эч ким ишенбептир.

Ошентип күндөр өтүп, жылдар жылып, бир далай убакыт өткөн соң алиги кедейге Кудай берип, байып кетет. Буга жараша эл ичинде баркы көтөрүлүп, айыл башчылыкка шайланат.

Бир күнү айыл башчы жыйын чакырып, тургундар менен ар кайсыны талкуулап, айрым маселелерди чечкенден кийин жөн жай кеп салат:

- Туугандар, жашоодо ар кандай жагдайлар болот турбайбы. Кышында базарга барып, бир жакшы соко жолугуп калганынан ашык оокат жолтоо болбойт деп сатып алып, жертөлөгө салып койдум эле, бүгүн эстеп карасам чычкандар эч жерин калтырбай кемирип салыптыр. Ушундай да болот экен, ээ...

- Болот, болот!

- Азыркы чычкандардын тиши курч эмеспи.

- Айтпаңыз! Соко эмес уктап калса адамдын кулагын кемиргенден да кайра тартпайт бул келемиштер... - деп тургундар сөз талаша айыл башчыны кубаттай сүйлөшөт. Унчукпагандар баш ийкеп турушат. 

Буларды бир топко угуп турган бир кездеги кедей, азыркы оокат-мүлктүү айыл башчы баш чайкай берип, бакылдай сүйлөп мындай дейт:

-  Баракелде! Мына силердин чыныгы жүзүңөр! Мен кедей кезде чындыкты сүйлөсөм ишенчү эмес элеңер. Эми байып, башчы болгондо чычкандар темир сокону кемиргенин айтып, көз көрүнөө калпты катырсам да колдоп атасыңар. Мына жашоо чындыгы: байдыкы баары туура, кедейдики бүт кемпайлык!

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз