ПЕНДЕ ЫРЛАР
Бул жалганда
Бул жалганда эмне жок да, эмне бар...
Өмүр өтөт учкан сындуу желге чар.
Түбү тешик, түбөлүксүз дүйнөгө
Эч убакта устун болбойт адамдар!
Бу жалганда эмне жок да, эмне бар...
Жармы күлкү, жармы муңдуу кайгы-зар.
Ансыз деле өмүр кыска, өлүм ак
Абайлачы, алды-артыңды, адамдар...
Бу жалгандан баарыбыз тең өтөбүз,
Шам сыяктуу бир күн жалп деп өчөбүз.
Падышабы, кембагалбы, теңелип
Бир катарга түшөт биздин көчөбүз.
Бу жалгандын алдоосуна берилип,
Түбөлүккө өлбөчүдөй көрүнүп,
Азгырылып арты көңдөй атакка
Өмүр өтөт жеңип, кайра жеңилип.
Бу жалгандан олуя өткөн, сааба өткөн,
Бу жалгандан падыша, хан жана өткөн.
Бу дүйнөгө эч ким тирек боло албай,
Менменсинген миң сандаган жан өткөн.
Бу жалганда мүрзөлөр да бөлүнгөн,
Бийликтүүлөр бир башкача көмүлгөн.
Жаннат жайда баары бирдей экен деп,
Жарыя айтып чыга албайсың көрүңдөн.
Атак жалган, байлык жалган, даңк жалган,
Даңкы менен тирөөч болуп ким калган?..
Бу жалганда жалгыз гана өлүм ак,
Анан дагы көкүрөктө... бир арман...
Бийлик жөнүндө
Аким болгун, падыша бол – калыс бол,
Көрпенделик пасчылыктан алыс бол.
Бийлик деген келет, кетет наркы ошол,
Биздин басар сапарыбыз – жалгыз жол.
Бийлик өзү дөөлөт эмес түбөлүк,
Ал калганда эрте-кечпи түгөнүп,
Катарыңа кайра кайтып келесиң,
Токой болбойт жалгыз дарак, жалкы түп.
Билсең бийлик азгырыкчыл. Кур көөдөн
Жерди көрбөй буйрук этип өйдөдөн
Унуткарсаң кечээ күнкү турмушуң –
Анда сенин аз экени көрөңгөң.
Бийлик аксым, бийлик залим, зордукчул,
Бийлик барда бирөөлөр бий, бирөө кул,
Бийлигиңе көөдөн керип чиренбей,
Көрпенделик пасчылыктан өйдө тур!
Көрпенделик пасчылыктан өйдө тур,
Кемтик кылсаң моюнуңа салгын кур.
Тагдыр деген зор бийлик бар жалганда,
Мына ошого ар убакта кулдук ур!
Бийлик ширин, бийлик сулуу, бийлик кооз,
Бийлик чапса жонуңду тос, башың тос.
Ал себеби сөзү тантык болсо да
Алмустактан сүйлөп келген кыйшык ооз.
Бийлик сөзү ар убакта буйрукчул,
(Башкалардын тил, оозу жок, дудук кул).
Көөдөнү бош ханга кызмат кылгыча,
Оомат күтпөй, ордо үйдөн оолак бол.
Бийлик барда хандар болот, бек болот,
Бийлик деген ортого чоң чек коёт.
Чечендердин тилин бууп, кемээчтеп,
Көрөгөчтүн эки көзүн тең оёт.
Бийлик менен теңтайлашпа, ойнобо,
Бийликтүүнү теңтушум деп ойлобо.
Аты бийик бийлик ээрин талашып,
Ата-бала бир бирине болгон жоо.
Хан да пенде, кул да пенде – экөө бир,
Айырмасы ал экөөнүн бийликтир.
Хан таажыңан ажыраган кезиңен
Сен экөөбүз көрпендебиз, муну бил.
Сен экөөбүз көрпендебиз, унутпа,
Төбөң жетип турса дагы булутка,
Карабаскыр бийлигине мас болуп,
Кара күчкө салган акмак унутка.
Түбөлүктүүлүк жөнүндө
Сен да пенде, мен да пенде, көрпенде.
Экөөбүздүн бара турган жол бирге.
Айырмабыз – ошондогу сапарга
Сен кетесиң же мен кетем ириде.
Айталбаймын, кимибизди кимибиз,
Айтор билем – узатабыз бирибиз.
Санаабызга өлүм кирбейт эч качан,
Сагызгандай сайрап турса тилибиз.
Эстебесе күндө үч маал өлүмдү,
Анда пенде барктай албас өмүрдү.
Шапар тээп, акыретти барк албай,
Шарап менен көтөрөбүз көңүлдү.
Ичсең, койсоң ал өзүңдүн көңүлүң,
Доско, каска төгүлбөгүн, төгүлүң.
Дебейм сага, бирок унтпа турганын
Көр оозунда сенин бир жак өңүрүң.
Орду менен көңүл ачуу – өзү сооп,
Ойно, күлгүн, ойноп-күлбөс пенде жок.
Өмүр бою бир калыптан жазбаган
Өмүр сүрүү сенде да жок, менде жок.
Бир билгеним: жер үстүндө элде жок,
Өлбөс болуп туулуп калган пенде жок.
Түбөлүккө унутулбай калгыдай
Андай кубат сенде да жок, менде жок.
Сен да пенде, мен да пенде бирдейбиз,
Бийлик, байлык менен жиктеп иргейбиз.
Бийлик кулайт, байлык соолуйт акыры,
Тагдырыбыз кандай болот, билбейбиз.
Сен да пенде, мен да пенде, көрпенде,
Баарыбыздын бара турган жол бирге.
Ишенбегин эч убакта, эч кимге,
Түбөлүккө өлбөс болдуң дегенге,
Аны айткан өзүңө окшош бир пенде.
Дин жөнүндө
Өңүбүз ак, кара, сары пендебиз,
Көөдөн көктө, а өзүбүз жердебиз,
Ар кимибиз ар башкача дин тутуп,
Ар бөлөкчө тилде сүйлөп келебиз.
Ар кимибиз ар башка дин тутабыз,
Салтка шылтап, аны кээде бузабыз.
Пайгамбарлар, сахба, шайык баш болуп,
Баардыгыбыз бир ажалга бутабыз.
Биз айтабыз ушул дүйнө жалган деп,
Зордук, зомбул, кайгы, капа, арман деп.
Бирок дагы уга элекмин бирөөнү
Оо дүйнөнү эңсеп кетип калган деп.
Дин бузганга наалат, найсеп, миң каргыш,
Ар дин айтат: биздин жол ак, айныгыс.
Башка-башка динди тутуп келсек да,
Баарыбыздын кудайыбыз бир, жалгыз.
Тиги дүйнө анык, жарык, чын дешет,
Ал жактагы жашоо, турмуш шыр дешет.
Антсе дагы жолуктура элекмин,
Күткөндөрдү о дүйнөгө жол, кезек.
Жер жүзүндө канча тил да, канча дин,
Адам жоктур кудай дебей жүргөн тим.
Болсоң болгун муфтий, лама, поп болгун,
Асти адам болуу ыйык милдетиң.
Намаз оку, чокунгунуң – эрк сенде,
Орозо тут көөнүң келсе эгерде.
Бөлөк диндер биздикинен начар деп,
Бөлүп айтпа, сүйлөгөндө чеберде.
Дин жолу бир, падышага, бий, кулга,
Сот, прокурор, соодагерге, ууруга.
Байка мени, динди тутуп жүрөм деп,
Башкаларга эч убакта док урба.
Тирүүлүк жөнүндө
Хан да өлөт, кул да өлөт, ажал бир,
Өлүм деген мага да пир, сага пир.
Көздү-башты тазаланат жууп койсо,
Көкүрөктү каптабасын асти кир.
Бай да өлөт, кедей өлөт, ажал бир,
Өлүм деген баарыбызга бирдей пир.
Кедей уулун кедейсиң деп кордобо,
Кенен уулдун көңлү өлөт, муну бил.
Ар пенденин мойнуна парз, ажал ак,
Өлүм деген ары катаал, ары так.
Дилибизден чыкпаса экен ар убак,
Тирик, өлүк деген уйкаш эки сап.
Тирик, өлүк деген уйкаш эки сап,
Эки дүйнө ортосунда эки бап.
Жакыр уулду жакырсың деп кордобо,
Жалын уулдун жүрөгүнө кетет зак.
Бул дүйнөдө тирүүлүктөй пирим жок,
Ага тете падышам жок, бийим жок.
Тиги дүйнө балын сунуп турса да,
Тирүүлүктүн ачуусундай ширин жок.
Соболум бар: Тирүүлүктөн не артык?
Турат ага ажал дайым көз артып.
Омкорулуп баратса да омурткам,
Тирүүлүктүн жүгү артылган зор бакыт!
Даватчылар жүрөбүз дейт агартып,
Тиги дүйнө, кыяматты көп айтып.
Бейишиңдин чайттай тийген күнүнөн
Тирүүлүктүн караңгысы мага артык!
Бул дүйнөнү түбөлүккө жай кылбай,
Биз кетебиз, кеткен бойдон кайрылбай.
Шүгүр дегин соо-саламат жүргөнгө
Тирүүлүктүн азабынан айрылбай.
Тирүүлүктө жакшылык кыл, болот сооп,
Барда көппөй, жокто чөкпөй кылгын тооп.
Тиги дүйнө бөлөсө да таалайга,
Тирүүлүктөй эки дүйнө бакыт жок.
Деген кеп бар: «Болсун үчүн көңүл шат,
Күн өмүрдүн түштүгүнө мин жорго ат».
Ти дүйнөдө ойноп-күлүп жүргөндөн,
Тирүүлүктө түйшүк тарткан ыракат!
Кимиси чын?
Жаралгандан жалган дүйнө ушундай –
Капасына камап коёт учурбай.
Капас деген аябай тар, өтө пас,
Анан дагы ыкыр-чикир, ыпылас.
Бошоп кетүү болгон эмес капастан,
Туулганынан өлгөнүнчө тирүү жан.
Ушер бизге ылайыктуу экен деп,
Уюк кылган шайтан дагы мекендеп.
Кылгылыкты кылып коюп пенде тек,
Дароо шылтайт бүт жасаган шайтан деп.
Шайтан айтат: «Буга пенде күнөөлүү,
Өзү жасап, мага шылтайт күнөөнү.
Чеги болбойт бизге жапкан айыптын,
Айтсын адам, качан безге сайыпмын?
Кайсы жерден, качан мени көрүптүр,
Жалаа жапкан жалган кепти айтпай жүр.
Адам менен болбойт биздин ишибиз,
Алмустактан катар түшпөйт изибиз.
Насаат сөз бар балабызга айтылган:
«Сак болгула адамдардын калпынан.
Эч убакта мойнуна албайт күнөөсүн,
Калпын угуп, айла жоктон күлөсүң».
Адам айтат: «Шайтан түрттү күнөөгө»,
Шайтан айтат: «Адам деген ар дайым,
Өз күнөөсүн шылтап салат бирөөгө».
Билбейм, билбейм, кимиси калп, кими чын,
Бирок өзүн көрө элекмин шайтандын.