Сами Пашазаде Сезаи: Пантомима

  • 28.03.2022
  • 2240

АҢГЕМЕ

Хасеки[1] тараптагы аягы туюк көчө боюнда жайгашкан үч бөлмөлүү үй мүрзө сыяктуу, тынчтык өкүм сүрүп турат. Унутулуп, кимдир-бирөө таштап кеткендей. Чатырынан ажыраган бир тактай, жабыштырылган киремиттер, дубалдарынан тоголонуп түшкөн таш жыл бою түшкөн жеринде калат.

Анда-санда түрү суук, карыган грек аял жез кемпирдей коркунучтуу көрүнүп жай баракат сыртка чыга калат. Керектүү буюм-тайымдарын алгандан кийин үйүнө шашылыш кирип жок болот. Үйдүн кичинекей бакчасында дубалга жакын чоң бак бар. Июль айынын мээ кайнаткан ысык күнү Стамбулдун бул тараптарын кыймылсыз абалга жеткиргенде, жалбырактарынын арасына жашынган салкын жел суурулуп чыгып, ушул үйдүн, ушул аймактын желдеткичинен бетер абаны тазалап, жаңылап өтөт.

Жай айларынын күнүндө түшкө маал ушул үйдөн колтугуна түйүнчөгүн кысып чыккан адам, эшигин этияттап жапкандан кийин жолго түшүп жөнөп калды. Аркасынан караганда ийиндери менен белинин чоңдугу өзгөчө семиз экенин көрсөткөн отуз үч жаштагы эркек адам өтө олбурлуу, бирок кыска буттары үстүндөгү жүктү көтөрүп жүрүүдө кыйынчылык тартары билинип турат. Махалленин[2] обочолонгон узун жолдорунда ойлуу, муңдуу бараткан бул адам элди күлдүрүү үчүн баратат. Ичке тактайлар менен кыналган, жыгылып кетпеш үчүн тегерегине тирөөчтөр орнотулган жайдын астына келди. Эшигинин үстүнө ак кагазга төмөнкүдөй кара жазуу илинген:

“Атактуу Паскалдын” пантомимасы. Бул жерде жума, жекшемби күндөрү атактуу Паскалдын ар түрдүү өнөрлөрү менен күлкүлүү ойлоп табуулары тартууланат. Көңүлү каалаган күйөрмандарынын алкоосуна татыган Паскал, ар жума жаңы оюндарды сахнага алып чыгат.

Бул Паскал өзү болчу. Театрдын эшигинен кирип, түйүнчөгүн чечип, эч өзгөрбөгөн ак конусун кийип, бүтүндөй жүзүн унга, бакадай чоң көздөрүнүн астын кызылга боёгондон кийин бир саат өтүп, оюндагы маселе көңүлдөн чыгып, кош жаңырык күлкүлөр коштоп, кол чабуулар менен сахнага чыгат.

Оюнда бир аялды сүйүп калган жарандын образын жараткан Паскал чыныгы махабатты даңазалаш үчүн тилин чыгарып, ыраазычылыгын билдирген кыймылы ал жердеги элди өзгөчө күлдүрдү. Театрдын кездемеден токулган шыбын төбөсүнө көтөрүп турган тирөөчкө аркасын такай тамекисин бурулдата түтөткөн бир көрүүчү:

– Паскалдын тилин чыгарганы бар эмеспи? Адам ушунусуна күлө берип боору эзилет, - деп жатты.

Ансыз деле бул жердеги кичине отургучта отургандардын баары ушуну далилдеп турган.

Оюнчулардын жанындагы мартабалуулар отурчу жерде, наристедей күлүшү менен бүтүндөй ааламдын тозогунан чыгууга үмүт берген жаш кыздардын бирөөсү канаттарын талпынтып учкан куштай, кичинекей кызгылтым эриндеринин үстүндө нурдуу жылмаюу пайда болуп, колдорун бири-бирине койгулап Паскалды куттуктап жатты. Эфталия аттуу жыйырма жаштагы бул жаш кыз, карыган апасы менен ар жума ушул жакка келет.

Апакеси:

– Кызым, ушул жерден көңүл ачасыңбы? – деген маалда, кызы:

- Паскалды мындан мурун өлгөн сүйүктүү итине окшотконун, кээде турган турпаты бир жолу көргөндө эле өтө жагып калган маймылды элестеткенин айтчу...

Ал күнү ак көйнөктүү, сыйкырдуу жылмайып балкып турган жаш кыз ызы-чуунун арасында, тагдырдын табышмактуу жандырмагы сыяктуу отурган оордунан гүл ыргытып жаткан. Ыргыткан гүлдөрү Паскалдын жүзүнө, төшүнө тийген сайын жүрөгүн сууруп алып, аялуу жерине ок жеген жырткычтай ачуу чыңырып жатты.

Бир-эки мүнөттөн кийин театрдын ич тарабындагы топурактын үстүнө отуруп, дагы эле күлдүргөн адамдарынын каткырыгы токтобой уланып жатканда жан дүйнөсү аңтарылып ыйлады. Бул байкуш Паскал чырайлуу Эфталияны сүйүп калган, алсыз дене жараткандын бул кереметине ашык болгон!

Бирок көңүлүнүн эң жашыруун бир бурчунан тутанган махабатын бирөө-жарымга айтууга, кичинекейинен бери калыптанган тартынчаак адатынын айынан үйүндөгү улгайган кызматчысы менен да баарлашууга кудурети жетпей келген... Өмүрүндө аялзатынын көңүлүнө түшүп, эч кимдин махабат арзуусуна айлана алган эмес. Андан күтүлгөн бир гана нерсе – күлдүрүү!..

Оюн бүтүп кеч киргенде, кайрадан түйүнчөгүн колтугуна кысып, келген жолу менен ар тарапты жалтактай карап үйүнө жөнөйт... Бөлмөсүнүн эшигин ачып, эч ким жашабаган үйүндө, бирөөнүн басып же баспай жүргөнүн, терезесин көтөрүп, көчөдөн кимдир-бирөө өтүп өтпөгөнүн карагандан кийин чырайлуу Эфталиясын кыялдана баштайт. 

Бүгүн оюн учурунда өзүнө эмнеге мынча көп күлдү экен?.. Койнундагы гүлдөрдү чыгарып, жүрөктү эңшерилте өпкөндөн кийин сахнанын эң бийик жерине койду. “Бул гүлдөр, ахх бул гүлдөр мени өлтүрөт ко” – деп жатты.

Өзүн бир жолу кабыл алаар болсо... Бул сахнаны гүлгө толтуруп, чырайлуу Эфталиясын бир бурчка отургузуп, укмуштуудай окуяларды айтып, түнү бою күлдүрмөк. Керемет түштүү уйкудан ойгонгондой баш көтөрду. Ах, чыныгы жашоо кандай жийиркеничтүү! Ыйлап баштады...

Акыркы күндөрдө окуяларга бай ушул ай өзгөчө бат өттү. Эки жумадан бери театрга келбеген Эфталия турмушка чыгып жаткан эле. Байкуш Паскал жума күнү күйөөсү менен бирге келген Эфталияны күлдүрүп, өз ичиндеги өрт болуп күйгөн абалын сездирбеш үчүн башын жерге салган бойдон үйүнө барып, бөлмөсүн ичинен бекитип алды.

Эртеси түштөн кийин эшигин талкалачудай койгулаган грек аял эч кандай жооп ала албай, кыйкырык сүрөөн кылып махалледен чогулткан адамдар менен эшигин сындырып бөлмөсүнө кирип барышты. Бөлмөгө кирип кирбей кыраан каткырык башталды: Паскал асынып өлгөн адамды туурап, атактуу тилин чыгарган бойдон турат!

Өмүр бою бардыгын күлдүрүп, өлгөнүндө эч кимди ыйлата албаган байкуш Паскалдын бул жолку абалы тамаша эмес чыныгы өлүм болчу.   

Түркчөдөн которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

[1] Хасеки – Осмон сарайларындагы кулдардын арасынан тандалган падышанын сүймөнчүктөрү.

[2] Махалле – маала, квартал.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз