Бектур Иляс: Өлүм

  • 23.03.2022
  • 3554

АҢГЕМЕ

Көмкөрүлгөн боюнча журтта калган эски чыныдай киргил тарткан кийиз үй ачуу чыңырыктан айрылып кете жаздап тургансыйт. Таякка өбөктөп «Атакелеп» турган Абдысалам ал үндү угуп арада «Байкуш эжекем-ай!» деп өкүрүп жибергенин өзү да сезбей калды.

– Эмне келесоо болубатасың?!ـ – кулагына шыбырады көңүл айтып жаткан киши, сыягы, жакын адамдары го, дагы зекип койду: – Ыйды да акыл-эсиң менен ыйласаң көркүнө кирет.

Абдысалам чыйрала түштү, анан ачуусу келди. «Биз эмне, жыргаганыбыздан ыйлап жатыппызбы, көрк үчүн ыйлап жатыппызбы?!» дегиси келди, бирок анте албады, тиги сакалдуу киши экен, катардагы башка таяк кармап өкүрүп турган балдарга көңүл айтып:

– Сабыр кылгыла, жигиттер, атаңар жакшы киши эле. Ажалга не чара, калган өмүр жашын силерге берсин, – деп бир-бирден ийнин таптап арылап кетти.

Таяк кармагандар өкүргөнүн токтотуп, узунунан ташталган карагайга катарлаша көчүк басышты. Абдысалам отургусу келбей таягына өбөктөгөн бойдон мелтиреп жер тиктеди. Ушул жер чарт айрылып кетсе атасынан мурда жашынгысы келип турду. Аңгыча дагы бир топ атчан кырдан бери эңкейе берип үн салды:

– Эсил кайран атакем-о-ой, эми кайдан көрөйүн!

Узунунан ташталган куу карагай үстүндө катарлаша отургандар тура калышып, кайрадан таяктарына өбөктөп калышты:

– Эсил кайран атакем-о-ой, эми кайдан көрөйүн...

Боз үйдөн аялдардын басаңдай түшкөн кошогу кайра күчөдү. Айрыкча аба жарып чыңырган жанагы үн кулакка шибеге менен ургандай сайылат.

Абдысалам эжесинин эмнеге анча чыңырып ыйлаганын түшүнүп жатты. Экөөнүн азабы бир эле. Ошол азап анын да кабыргасын кайыштырып баратты. Ошого чыдабай, бар салмагын өбөктөп турган таягына салды. Өлүмдө неге жөн ыйлабай, таяк кармап ыйлап калгандын себебин эми түшүндү. Көрсө, ал таяк аз болсо да азабыңды тең көтөрүшөт экен... Ошентип таянган тооң ураганда күнүң таякка түшөт экен...

Абдысаламдын таянган тоосунун ураганы атасынын өлгөнү эле болуп турган жок, ошону ойлогон сайын мууну бошой берди. Жанагы атчандар жакын келип аттан түшүп, булардын маңдайына сыңар тизелей калып бир-эки кайталап «Атакелеп» кыйкырган соң орундарынан туруп, бир баштан көңүл айта баштады. Ким-бирөө келип: «Сабыр кыл, иним, арты кайрылуу болсун, атаңардын жаткан жери жайлуу болсун, артында калган силердин, энеңердин өмүрүн узун кылсын жараткан», – дей бергенде өбөктөгөн таягы карс сынып Абдысалам көмкөрөсүнөн түшө жаздап, жер таянып кайра турду. Нарыдан бирөө башка таяк апкелип карматты.

Бу жолу баары басылса да Абдысалам токтобой ыйлады. Жанагы кагынып кеткен аксакал басып келип жеңден тартып четке чакырды:

– Болду, киши келгенде ыйлагыла. Бери басчы, сүйлөшөлү.

Абдысалам таягын таштап аксакалдын артынан басып, обочо чыкты.

– Сени чыйрак чыкты деп уктум эле, бүгүн жүүнүң өтө эле бош го, атасы өлгөн жалгыз сен эле дейсиңби, мынча эмне эс-акылыңды жоготуп?! - Аксакал адатынча бир жемелеп алып сөзүн улады, – Ыйлай берген менен атаң тирилип келбейт, а көрө арткы жумуштарын жакшы бүтүрүп коёлу. Атаңдын атчалык болбосо да тайчалык даңкы бар эле, дос-душманга сөз болбогондой, баарыдан мурда өлүк ыраазы болгондой болсун, атаң үчүн акыркы кылып берер жумушуң эле ушул.

Абдысалам жооп оордуна коңкойгон мурдун чымчып, багелегине сүртүп койду.

– Энеңди сен карап жаттың белең? - деди аксакал.

– Ооба, - Абдысалам башын ансайын шылкыйтты.

– Келбептир го, айттың беле?

– Айткам.

– Не деди эле?

– Барбайым деген. Айлам кеткенде батыра айтып, атты таштап кетип калгам, келип калар...- Абдысалам жаш баладай улутунуп, ушуларды араң айтты.

– Болду, бара бер. Калган ишти агаларың менен акылдашайын.

Абдысалам кайрадан оордуна барды. Өкүрүп келип аттан түшүп жаткандардын карааны барган сайын көбөйө баштады. Аял-эр, кары-жаш, калың элдин чуусу өлүм ээлеринин кайгысын бөлүшүүгө көтөрүлүп жатса да Абдысаламдын бир жараатын ырбата берди. Эчен жыл бирге жашап, үрпө-чүрпөлүү болгончо бир үйдө түтүн булатып келип, эми жетимишке жеткенде чүкөсү чачылган чал-кемпирди балдары канча аракет кылып да жакындата албай коюшкан. Ошонун аягы келип минтип абышкасынын өлүмүнө кемпири келбей балдарын дос-душман алдында шерменде кылганы турат. Ушуну ойлоп Абдысаламдын дүйнөсү күүгүмдөп баратты.

Кыялы кыркка бөлүндү: «Ооба, аксакал туура айтат. Өлүм ак, өлүм улуу! Ким тирүү калган? Өлбөсө, житпесе ата-бабаларыбыз кайда кетти? Бирок өлүм да өз кадыр-баркы менен болгону оң тура. Өлүм да өз көркү менен болгону жакшы тура. Бул жерде өлүмдүн үстүнө өлүм болуп жатбайбы. Элдикиндей болуп атамдын өлүмүндө энем заңгыратып кошок кошуп, жогун жоктоп отурса сонун болбойт беле. Кемпири жок болсо бир жөн. Бар туруп, алты саны аман-соо туруп, элүү жыл бирге жашаган эринин өлүмүнө келбей үйүндө жатканы эмне шумдук?! Урпактан-урпакка, укумдан-тукумга жалгашар уят атка калабызбы? Ушундан энем эмне табат? Көктүктүн да чеги болуш керек ко... Эл караган бетиңдин жер караганы ушул экен го...»

Абдысаламдын ою ыйына, ыйы оюна аралашып муунуп атты. Улам эл келип жаткан тарапка алдыртан көз салып энесинин караанын чыдамсыз күтүп атты:

– Ой, эсил кайран атакем-ой, эми кайдан көрөмүн о-ой...

Бир маалда тээ туурадан Абдысалам күткөн тааныш үн угулду. Абдысалам жерден башын жулуп алып жакындап келген калың атчанга карады. Торкашканын тизгинин коё берип, ээрдин кашын өбөктөй кошок айтып келаткан энесин көрдү. Ким-бирөө чылбырлап кошо жандап катуу келет. Абдысалам күн жылып келаткандай күйүттөн арыла түштү. Жонунан басып турган оор жүктү ким-бирөө нары шилеп салгандай жеңилдеди, таяк таянып өкүрүп туруп энесинин кошогун даана укту:

– О-олда кайран оёнум-ай, мен бейбакты кечиргин!

Алдыдан утурлап чуркаган ким-бирөөлөр аны аттан сөөп түшүрүп, боз үйдү көздөй колтуктап алып баратты. Эненин укмуштай кошогу бар экен, сыягы бүт келген элди ыйлаткандай. Абдысалам анын алдынан тосуп, мойнунан кучактап алып, коё бербей ыйлагысы келди. Бирок анте албады. Таяк кармап турган жеринен жыла албады, ошол жерден «атакелеп» өксүп турду. Атасынын өлгөнүнө эми чындап ыйлады. Энеси көзүнө ушунчалык улуу сезилди. Эмики таянар тоосу ушу жалгыз энеси экенин сезди. Көп өтбөй боз өйдөкү ый ансайын улгая түштү. Абдысалам энеси менен эжесинин кучакташып ыйлаганын туйду. Эжесин өзүнө караганда бактылуурак сезди.

Өлүм эми гана өз көркүнө киргендей болду. Абдысалам атасы жөнүндө эми гана кенен ойлоно алды. Кечээ ушу убакта эле жакшына сүйлөшүп кеткенин, кечте келип эле айрылып калганын, атасы менен эми эч качан сүйлөшө албасын, өмүр дегендин аягы ушунчалык чолок экенин ойлогондо ичи өкүттөн өрттөнүп кетти. Ошондо анын озондогон үнү кыйла жерге дейре кыраатын бузбай угулуп турду:

– Эсил кайран атакем-о-ой, эми кайдан көрөйүн!..

2016.3.22

Көк-Терек

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз