Бектур Иляс: Көрдөгү күлкү

  • 18.12.2021
  • 6833

АҢГЕМЕ

– Көр ичи жазында салкын, кышында жылуу, ошого мен көрдүн тышынан көрө ичин жакшы көрөм.

– Өлүп көргөндөй сүйлөйт экенсиз.

– Өлүп го көргөн жокмун. Бирок өлгөндөрдү көп көмдүм.

Жаңы жайдын чымын оодара баштаган экөөнүн сөзүн көрүстөндөгү арбактар тыңшап жатышты.

Эненин эмчегиндей, удаасы менен он-он беш баланы эмизип чоңойткон эненин соолуган эмчегиндей шалбыраган эски бейиттердин бери жагына улам жаңы жайлар казылып, улам жаңы топурактар үйүлүп, шаар четиндеги жаңы ачылган кичирайондордой көрүнөт. Мурдакыдай туш келди казылбай, кийинкилери улам ирээттүү, жип тартып чийин чийгендей ирээттүү... эски шаар менен жаңы шаардын чегарасы билинбей эки суунун кошулган жериндей, бир карасаң беркиси аркыга өтүп кеткендей көрүнөт, бир карасаң аркысы беркиге сиңип кеткендей сезилет.

– Топурак жумшак экен-ээ? – деди жаш жигит күрөгүнүн жалактаган мизин жерге батырып.

– Маркум да жакшы киши эмеспи. Аккан суу менен чыккан чөптөн башкага залакасы жок жан эле.

Эр ортону элүүдөн ашып калган, экөөнүн улуусу көсөө киши ушинтип айтты. Жай казууга гана жаралгансыган бою кыска, бирок колдору узун, тыртыйган арык киши ушинтип айтты.

– Жакшы кишинин топурагы жумшак болобу?

– Тирүүсүндө бирөөнү кыйнабаган киши өлгөндө да салмагын салбайт, – дешет.

– Анда неге жай казууга экөөбүздөн башка киши чыкпады?

– Бүгүн тиги наркы өйүздөгү Эген кызыл кулак да жерге берилет тура. Ал азыркы айылга жаңы келген бала башчынын чоң атасы да. Элдин көбү ошол жакка барса керек. А бул бечара тээ ит өлчүдөн бул айылга көчүп келгенине беш-алты эле жыл болгон. Оорукчан экен. Өз журтунун аба ырайы жакпай, ден-соолуктун айынан ушул жерге келип туруп калган. Колунда жок экен. «Колунда жоктун кордугу чоң» деген. Ийин кысып эл менен деле көп аралаша албады. Анан азыркы элди сен али түшүнө элексиң. «Өлүмгө барабыз» дешкени менен тирүүгө барышат. Өлгөндү ойлоп барган аз, тирүүсүнө барат. Тирүүсүнө көз көрсөтүп коюу үчүн барат. Кээ бирөө аза кайгысын тең бөлүшкөнү барат. Кээ бирөө сынаганы барат. Кээ бирөө жакшы аттанып, кошомат кылганы барат. «Өлгөндүн өз шору» деген чын. А тирүүлөр ошол жерден да өз оюнун жасай берет. Топурак башында да оюн коёт. Кедейлердин өлүмүнө барганда кетенчиктеп кийин турат, байлар менен башчылардын туушунукуна барганда күрөк талашып, топуракты күрпүлдөтө шилеп, жаңы туфилийинин булганганына карабай, ак коптасынын жакасына чаң конгонуна карабай, өлүк ээлери иштегенимди көрбөй калбасын дегенсип, бели талып, билеги созулганча иштейт...

– Ошондойлор да болобу?

– Болбой анан, дүйнөгө ошол үчүн эле келгендер болот.

Күндүн мурду чачырай баштады.

– Күн ысып кете электе арбытып алалы, – деди улуусу.

*     *     *

Бир торгой көрүстөн үстүндө, жанакы көр казган экөөнүн так төбөсүндө канаттарын дирилдетип туруп алып безеленип сайрай баштады.

– Бул эмне, кошок кошкондогусубу? – деди жаш жигит.

– Жок, ал кошок кошконду былбейт. Ал экөөбүздү даңктап атат.

– Неге?

– Себеби биз улуу иш жасап атпайбызбы. Биздин кадырыбызды куштар билет.

– А адамдарчы?

– Адамдар да билет, бирок өлгөндөн кийин. Арбакка айланганда билет. Тиги дүйнөдө жатып билишет.

Экөө жер кыртышын бат эле сыйрып болушту. Маңдай-тескей туруп, жерди тик төрт бурч кылып оюп түшүп баратышты.

– Сиз эмне, көр казганды жакшы көрөсүзбү?

– Мен тирүүлөргө көр казгандардын көрүн казганды жакшы көрөм... Тирүүсүндө өмүр бою ичинен таруу айланбай, өзүнөн ким озсо ошого ор казып, колунан келсе көмөлөтө түртүп өткүсү эле келип турчулар бар. Ошолордун көрүн эртерек казып жоготсом дейм. Жакшылар кеткиче ошолор кетсе дейм. Алардын көрүн тар казгым келет. Өлгөндө да кысылып, тарылып жатса дейм. Бирок эч кимисинин көрүн тар казып көргөнүм жок. Негедир өлгөндөн соң аяп калам...

– Чын эле көп кишини көмгөн окшойсуз...

– Ооба да. Топурак ыргытып жатып жүрөгүң сыйрылган кездер болот. Баары бир адам өлөт дечи, эң жаманы – жаш өлүм. Чырактай жапжаштарын жерге бергиң келбейт, көргө кыйгың келбейт... Кээде топурак ыргытып жатып табаң кангансыган кездер да болот. Түфий, чийки сүт эмген жанбыз да. Ушундай ит кыялдардын да суу тумшугун салдырып жибересиң... Эң биринчи атамды көмгөм. Эч кимди көмүп көрө элек кезим. Ыраматылык мени жанындай жакшы көрчү... Жетимишке жете элек кези эле...

– Эмне болуп өлдү эле?

– Ажалы жетип...

– Анан ошондон баштап адам көмүп калдыңызбы?

– Ооба, атамды көмүп болуп, үйгө кайтып келе жатканда Жолдубай жезде катарлаша бастырып келип далыман таптап айтты: «Атаң жанда жок жакшы киши эле. Жайы да аябай кеңири болуптур. Өзүм түшүп, жатып көрдүм. Аяк-башы да, төбөсү да кенен казылыптыр...» деди. Анын сөзүн угуп кадимкидей жеңилдеп калдым. Он сегиз жаш кезим эле. Ошого чейин өлүм менен ишим жок жүрчүмүн. Ошондон баштап өлүм менен эсептеше баштадым... Мурда аракты көп ичет деп Жолдубай жездени жаман көрчүмүн, ошол күндөн баштап ал кишини жакшы көрүп жүрдүм. Кийин ошол кишинин атасы өлгөндө жай казууга биринчи чыктым. Чымын биринчи оодардым. Менден улуу, менден тажырыйбалуу, мындайды көп көргөндөрдүн көрсөткөнү боюнча казыштым.

Көңүлүмө көп нерсени бүгүп, жайын кең казып, баягы адамгерчилик карызымдан акталгым келген. Бар пейилимди салып, жан үрөп иштедим. Менин ал иштегеним жанымдагыларга жагып калган окшойт. Ошондон баштап жай казганда мени эрчитип алышчу болду. Мен да көнүп кеттим. Колум бош болсо эле кошо жөнөйм. Кийин иштээр ишим ушуга айланды. Бекер болбойт. «Албайм» дегениңе болбой акча карматат. Бирок демейде той-томолок, жакшылыктарда учураша калсаң «Көркоо» дегенсип мурун чүйрүгөндөр да болот. Төрдү бербей төмөнүрөк сүрүп турат. «Тилеги жаман», «Өлгөндөн акча таап жашайт» – деп жектегиси келет. Ага деле капа болбойм. Тоюна жарчы чакырып, акын чакырып ойду-тоону айтып ырдаганына, көкөлөтө мактап көккө учурганына элжиреп уучтап акча карматат. А тогуз ай омурткасы сыздап көтөргөн, ажал менен арбашып жүрүп төрөгөн, түн уйкусун төрт бөлүп азабын тартып жүрүп чоңойткан энесинин же үстүнө үй, астына мал курап берген атасынын түбөлүк жайын түпкүчтөй түйүлүп жүрүп, суурдай жер чукуп, «кең болсун, жумшак болсун, жайлуу болсун» деп топурак менен киринип жүрүп казган сага бир-эки тал кагаз акчасын ич оорутуп бергендер да жок эмес.

Узуну үч метрге жакын, туурасы бир метр, бийиги киши боюнан алда канча бийик кылып казгандан кийин эки башынан кыбыланы көздөй үңүп башташты. Ошондо чай, нан алып өлүк ээлери жиберген киши келди.

– Кантип атасыңар? – деди келген киши.

– Казып атабыз.– деди улуусу.

– Бери чыгып өзөк жалгап алгыла,–  деди келген киши.

– Бери бер, ушул жерден эле шам-шум этип алабыз,–  деди улуусу.

Жаш жигит жайдын ичинен тамактангысы жок. Бирок унчукпады.

Экөө бат эле тамактанышты. Бирден тамеки тартышты.

– Азыр дагы жардамга эки жигит келет,– деди келген киши кетеринде.

– А жакшы. Анда кеч бешимге дейре бүтүп калат экенбиз, – деди улуусу алаканына түкүрүп, күрөгүн кармап.

Улуусу сүйлөгөндөн чарчабайт экен. Кыбырап иштей берет экен. Колу иштен бошобойт экен. Жыбырап сүйлөй берет экен. Оозу сөздөн бошобойт экен. Ичи бышып калгансып, сүйлөй берет экен. Жанында киши жок болсо деле сүйлөй берчүдөй. Арбактар менен деле сүйлөшө берчүдөй.

«Мен да кийин ушинтип сүйлөөк болуп калар бекем» деп ойлоду жаш жигит.

Экөө эки булуңду оюп кирип баратканда да бири бирин көрбөй, бири биринин үнүн укпай баратканда да улуусу сөзүн улады.

– Кимдерди гана көмгөн жокмун. Байы, кедейи, башчысы, ишчиси, аялы, эри, карысы, жашы, агы, карасы, саарысы... Тирүүлөрдөн башкасынын баарын көмдүм го.

– Тирүүлөр өзү деле көмүлбөйт да,–  деп жаш жигит улуусунун жаңылган сөзүн түзөгүсү келди.

– Аны сен азыр кайдан түшүнмөк элең,–  улуусу ойгон жеринен моюн созо башын чыгарып, олурая карады. – Жалаң тирүүлөрдү көмүп жашагандар да бар. Ошолордун далайын мен көмдүм. Чиренген, сыланган, кекейген, тирүүсүндө саламыңды алик албаган далайынын башын жөлөп түбөлүк жаздыгына жаткырдым...

Улуусунун андан кийинки сөздөрү даана угулбады. Ар ким өзү ойгон оюгунун топурагын суурдай болуп, бери түртүп чыгарып, андан киши боюнан алда канча бийик кыргакка ыргытып жиберишип, боз топуракка оонап, кайра кирип кетип атышты.

Ошол маалда жанагы жардамга деген эки кишиси келди. Анын бири кыргактагы дөбө болуп, кайра бери карай, ичке куюлуп түшө баштаган топурактарды нары шилеп, көрдүн кырында турду. Экинчиси ичке түшүп, улуусу менен жаш жигиттин казанактын оозуна чыгарган топурагын кыргакка ыргытып турду.

Күн төбөдөн Эбак ооду. Көр ичи чын эле салкын экен. Бирок улам караңгы тартып барат. Ооз жакка топурак үйүлө калса, ичине дем жетишпейт экен. Жаш жигит улам тереңдеген сайын одүйнөнүн чегарасына жакындагансып, арбактардын айылына кирип бараткансып, көңүлүн коркунуч уялады. Телефону шыңгырады эле, алып сүйлөшөйүн десе жакшы угулбады.

Жер түбүнөн телефон жакшы тартпайт экен.

– Э-ей, каяктан чалып атышат? – тыштагы жигит тамашалап кыйкырды.

– Тияктагылар да телефон колдонушат окшойт, сени чакырып атат! – деп жооп берди анын тамашасына тамаша менен кайрылып. Көр түбүндөгү анын үнү одүйнөдөн жеткендей араң угулду тыштагыга.

– Койчу, эй! – өңү бозорду тыштагынын.

Кулачтай жерди үңүп кирген соң улуусунун айтканы менен чыканактай бурулуп бири-бирин туштап үңүштү. Чөк түшүп олтуруп алдын ойду, чалкалап жатып үстүн кырды. Улуусу кыйын экен. Бат эле бери жакка көзөп өттү. Сөзүн кайрадан улантты:

– Эми абайлаган жөн. Кээ жерлерде суурдун ийиндери болот. Бошогон топурактар болот. Бир жолу ушинтип казып жатканда үстүдөгү топурак түшүп кетип, жай казган бир баланы майып кылып алганбыз. Топурактын салмагынан эмес, коркуп кеткенинен майып болуп калган. Көрдүн сүрү оңойбу...

Жаш жигит топурак аралаш аккан терин жеңи менен шыпырып, сөзгө кулак салган болуп, иштегени жайлап, өзү чайлап баратканын улуусу сезди окшойт.

– Сен эми эс алып иште. Негизги бөлүгүн бүтүп алдык. Эмкиси сокур ит бок жалаганча. Мен эле кырып-жышып тегиздей коём, – деди.

Жаш жигит ушуну эле күтүп тургансып, кыска саптуу күрөгүн ээгине таяп, атасынын төрүндө отургансып малдаш курунуп отуруп калды. Бая, эртең менен чаңдан, топурактан кандайдыр өзүн качыргансып, күрөгүн эп менен сузуп, ык менен ыргытып баштаган кезиндей эмес. Эми топуракты топурак дебей, чаңды чаң дебей жамбаштап, кайра ошол жумшак сезилип, отура калган жери жанына жайлуу сыяктанып, атүгүл колу-бутун жазып, суналып жатып алгысы келди. Жанына улуусу кошулгандан кийин кайра коркпой калды. Улуусу касиеттүү кишиден бетер; анын коркунучунун баарын кууп жоготту.

– Менин түшүнүгүмдө бул дүйнөдө эки эле адам бар, – деди улуусу. – Бири өлгөн адам, экинчиси тирүү адам. А тирүү туруп өлүп калгандар менен өлүп калган тирүү адамдар мунун тышында.

Жаш жигит чөнтөгүнөн телефонун алып чыгып камерасын ачып, жанындагы кишиге тууралап көрдү. Караңгы талашып даана чыкпай койду. Тиги киши байкай койдубу…

– Эмне сүрөткө тартып атасыңбы? Мейли, тартып ал. Кийин мен өлсөм жайымды ушундай кең каза көр. Көрдүңбү, бешиктей болсун! Төрөлгөнүңдө бир бөлөнөсүң, өлгөнүңдө бир. Өкүрүп келип, өкүртүп кетесиң.

«Адам жашоосунда эмне менен алектенсе, айтканынын баары ошол жөнүндө тура» деп ойлоду жаш жигит. Өлүмдөн, көрдөн башка нерселерди сүйлөшкүсү келди. Мүмкүн улуу кишинин жүрөк толкуткан сүйүү баяны бар чыгар?

– Өмүрдөгү өзүңүздүн эң чоң бакытыңыз жөнүндө айтып бербейсизбы? – деди.

Эртең менен минтип сураш кайда. Кеч кирип келатканда ушинтип сурады. Ачылып аңгемелешип калганынан улам сурады.

Улуусу кырынганын, жышынганын токтотуп кичине ойлонуп калды. Анын тышка ыргыткан топурагын наркы жигит андан ары ыргытып үлгүрө албай жаткан эле.

– Өмүрдөгү эң чоң бакытым... Ошо, атамды да, энемди да өз колум менен көмдүм... Маркумдар, экөө тең мени жанындай жакшы көрүшөр эле...

Ушундан кийин сөз бир топко уланган жок. Улуусу эмне ойлонуп калганын жаш жигит биле албады. Өз суроосунун туура болгон болбогонун ойлоп өзүнчө кыжалат. Мүмкүн тиги киши бул ойдон алда качан чыгып, башканы ойлонгондур. Ошентсе да жаш жигит жаңы аңгеме башталгыча деми кысылып турду.

*     *     *

Жай бүттү. Улуусу сөөк жатчу жерди өлүктүн жамбашы талыбасын дегенсип, өзүнө төшөк даярдагансып аябай этияттап бош топурак жаймалап, жумшактап коюп чыкты. Аңгыча сөөктү алып келишти. Аз эле киши экен. Жаш жигит кырга чыкканда батарына чылбыр бою калган күн нурунан көзү уялып, одүйнөгө барып келгендей, жаңы дүйнөгө, жарык дүйнөгө үйүр ала албай башы мең-зең. Анан таштай чыңалган табарсыгын бошотууга калың бейитти аралап барып заарасын төктү.

– Эй, нары барып сийсең боло,– көрүп калган жашыраак бирөөсү кыйкырды.

– Эч нерсе болбойт, сие бер!– деди улуусу ага болушканы же жемелегени белгисиз. – Күндөрдүн биринде экөөбүздүн башыбызга да бирөөлөр келип сийет.

Жай башындагылар каткырышты. Өлүк коюп жаткандар каткырышты. Өлүк койгон жерде да, бейиттер арасында да күлкү болоруна таңгалды жаш жигит. Тигилер каткырып жиберип, кайра тып басылышты. Мүмкүн көрдөгү күлкү ушундай кыска болуш керек.

Жаш жигит чеки иш кылганын сезди. Чала сийип эле ычкырын жыйнаштырды.

*     *     *

Эртеден түш оогуча экөөлөп, андан кийин күн батарга чылбыр бою калганча төртөөлөп казып чыгарган топуракты эми жыйырмага жуук киши күпүлдөтүп кайрадан орго, үңүрөйгөн көр оозуна ыргытышты. Өлүк тура калып, безе качып кетпесин дегендей өлөөрдөй бекем бекитилген казанактын оозун эми топурак менен көмүп, дөбө кылып үйүп ташташты. «Өлгөндүн жазасы – көмгөн» деген ушул болду. Өлүктүн жазасын ушинтип беришти. Жаңы шаардын эң жаңы бөлмөсү ушинтип бүттү.

Өлүк ээлери баштарын салбыратып үйдү көздөй кайтканда баягы таңдагы торгойдун дагы деле сайрап жатканын укту биздин жаш жигит. Аны эртең менен бир укпады беле. Ошондон кийин эсинде жок. Же торгойдун сайрабай калганы, же жанындагы кишинин сайраганы аны басып кеткени эсинде жок. Айтор азыр сайрап жатыптыр. Безеленип сайрап жатыптыр.

*     *     *

Айыл чыгыш тарапта эле. Көрүстөндөн кайткан жөө кишилер өздөрүнүн шырыктай сороктогон көлөкөлөрүн ээрчип, шашылып баратышты. Жаш жигит катуу чарчаганын сезди. Буттарын араң сүйрөп эң артта. Улуусу ага жакындай басып, кулагына шыбырады.

– Убактың болсо мындан кийин да бирге чыгып туралы.

Жаш жигит унчукпады, ал өзүнүн жазуучу болгусу келерин, көр жөнүндө бир нерсе жазып жүргөнүн, бирок анысы бүгүнкү казганына тап-такыр окшобой калганын улуусуна билдиргиси келген жок.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз