АҢГЕМЕ
Почтобай! Окуучу, почтабай атаса эле республикабыздын эң алыскы айлындагы арык кер бышты минип, чоң сумкасын ээрдин кашына илип же жем төкчү шалчасына түрмөк газеталарды, толгон каттарды ороп-ороп бөктөрүнүп, быштысын желдирип, уй сарай кыдырып жүрчү Сатыбалды аке экен деп ойлобогула. Анын үстүнө биз тарапта Сатыбалды акени «төраганын почтальону» деп да коюшат. Маселен, эсеби, кат-кабар, гезит-мезит, койчу, облустанбы, райондон болобу телефон чалуу төрага акеге мурда жетет.
Ал акебиз өзү издеп, кыз-келиндерден иргеп ишке алган эткээл, багалчактуу, көзү коюлуп, ууртунан күлкү кетпеген, секретарын кагажыганынан чала жабылчу каалгасы аркылуу: «Бери киргин?..» – дейт. Келин шарт туруп, жемге көнгөн өрдөкчө чайпала басып, төраганын маңдайында даяр: топчусун кармалайт. Бырышкан этегинин алды-артын сылайт. Эскилиги жеткенинен уңкул-чуңкул болгон диванга көз кыйыгын таштап, буйрук күтөт. Төрага, «Почтальонду бат тапкын!» – дейт, «дагы бирдеме айтабы» деген кыяста келин, саам токтолот. Төрагасы мойнун шылк эттирип, столунун бетине үңүлөт. Айнек аркылуу конокто болуп, шайы кеткен өңүн күңүрт көрүп, үндөбөй калганда келин ээрдин кымтый бурулуп, сыртка чыгат.
Жолуккан эле адамдан почтальонду табуусун өктөм үн менен буйрат. Айылыбыздагы жашообуздун бардык тетиги төраганын эки бөлмөлүү кеңсаларында жаткандыктан келиндин буйругу эки болбойт. Эр эле болсоң «аний» деп, моюн бурап көргүн! Справка алганы, печать бастырганы эртең эле күнүң түшөт. Ошентип, төраганын көрөр көз орун басары эсептелинген келинден буйрук уккан адам Сатыбалды арык почтальонду издеп жөнөйт. Эми, айланайын окуучу, бабырап кеткен биздин аңгемебиз деги силерге зоок болуучу «почтабайыбыз» эки буттуу, тоголок баштуу, кыргызча сүйлөгөн адам эмес, куйрук-жалы төгүлгөн, окуранган, кишенеген, кадимки эле жылкы тукумунан жаралган Асаке аттуу чабандын кула кашка бээси.
Асаке, Үсеке экөө тең колхоздун чабаны. Бу кудай аткырлардын туулган жылдары бир. Окуган мектептери да бир. Аскерге да бирге чакырылган. Уйкулары качып, булчуңдары жанчылып, аяктан да бирге келишкен. Райондогу аскер комиссариатына бирге барышып, учетко турушуп, кайрадан өз айылынын кишиси болуп келишкенден кийин үстүлөрүндөгү аскер кийимдерин ташташты да ата-энелери сатып койгон кадимки кийимдерди кийишти. Кирди-чыкты эси бар немелер болгондуктан, көчө таптап жүрүүдөн, жеңелеринин уйкусун алуудан пайда чыкпасын, жыл өткөн сайын куурап калышарын ойлошту.
Мектепти жакшы бүтүргөн немелер жогорку окуу жайларына учсакпы? – деп көрүштү. Окууга өтүүнүн ал-акыбалын билгендерден сурамжылашса, оо, кокуйгүн оой! Азаптын азабы, тозоктун тозогу экен! Университетиби, медпи, айыл чарбасыбы, политехникасыбы, өткөндөн көрөкчө кыяматтын кыл көпүрөсүнөн өтүү, бар эмеспи ой, борбордогу Совет көчөсүнөн чуркап кеткендей эле кеп экен! Беш жылдан кийин колтойгон дипломду кармаш үчүн дал борбор шаарда олчойгон кызматта иштеген ага-тууганың болуш керек экен. Ошо сен кирер окуу жайында алчы-таасын жеп бүткөн, Алдар көсөөдөн да амалы ашкан, көп жылдан бери сабак берип, тыйпын болуп бүткөн мугалимден жердешиң же таяке-тайыңан, аяш акелериңден, мыкты тааныган мугалим болуш керек экен. Анан аларды да көрөр замат кучакташып өбүшө кетпей, бери болгондо эки жыл мурда «жемдеш» керек экен.
Ачыгын сыйпалатпай так айтканда, «эки чанач, бир козу – эр жигиттин жолдошу» дегендей кылып, кышкысын согумун даярдап... экзамен башталардан үч ай мурда пачкеси бузулбаган акча карматып... Койчу, уккандын калпагы башынан учат да, кара чачын ак чалат, чиркин!
Мына ушуларды билген Үсеке менен Асаке кысчу жерлерин жылчыксыз кысып, курларын чатырата тартышты да, түп аталарынан бери төөнү «об» деп, жылкыны «чу» деп, уйду «өш» деп, койду «кош» деп, эчкини «чек» деп келген немелер таяк кармап малдын артынан түшүшкөн. Жогорку окуу жайларына өздөрү сыяктанып өтө албаган кара далы классташтарына үйлөнүп, мелдешкендей үчтөн баланы жамыратып жиберишкен. Экөөнүн жайлоосу да танапташ. Кашар салынган кыштоосу да чукул.
Жылгаларынан төмөн созулган Кашка-Суу, чөккөн төөдөй катмарланган кыр жондор бетеге-тулаң жамынып, жапжашыл. Улам бийиктеп чокулары булут сайган тоо түбүндө кыйык көз, кара сур Үсекенин үйү. Ал кийинки кездерде сакал-мурутун кырбай коё берген. Көпкө көрүшпөй жүргөн Асаке жолугуп калып, бышкырып жиберет: «Шыбырдан качкан Токтогулдай, эмне болуп калгансың?!» – дейт. «Эмне болуп калыпмын?» – дейт элебеген курбусу. «Ушул, апсайган немелериңе ишенип, төргө олтурган жүргөнсүң го? Мокочодой болбой жоготчу!» Үсеке эми түшүнүп, сакалын сылап алат.
Кийин учураса сакалы жок, муруту калыптыр. Асаке дагы шылдыңдап күлөт: «Эй, эминенин жүнүндөй кылып, муну эмнеге алып калдың? Өлбөсөң кырктан кийин деле жетишесиң жогот, сербейтпей», – дейт. «Сайгылатпай нары тартчы» – деп жаман катыным да бетин ала каччу эле. Деле түбүнө жетейин!» – деп Үсеке мурутун да кырып таштаган.
Асаке менен Үсекенин үйүнүн аралыгы кеми беш чакырым. Коюн эрте жайып, түш маал үйүнө чукулдатып, аялына көз сал деп тапшырган Үсеке эртеден мал артынан бастырган тору чобурун жайдактап, тушайт. Куру чаначын колтуктап, эңиште шуулдаган бойдонАсакеникине жетет. Асаке чакан желе бээ байлайт эмеспи. Анан калса, жакадагы колхоздун корук жерине менчик малдарын батыра албаган тууган-урук, куда-сөөк, алыш-бериш адамдар: «Сүтү силердики. Башы биздики. Убалдан корксоңор айран-сайранынан, кымыз-мымысынан куру койбогула!» – деп малдарын ушул экөөнө тапшырышкан.
Менчик койлор менен уйларды Үсеке алып, багуусу азап деп, жылкылар милдети Асакеге тийген. Мейманга чакырылгансып жай олтуруп, малдашты алма-терме которуп, кекиртегине келгенче кымыз шимирген Үсеке, тээ бешимде барып, кетүүгө камурат. Ал эмнеден сарсанаа болсун, үй тарабына ашыккыдай. Малына сары аялы көз салат. Сыртта «Почтобай» аталган кула кашка бээ турат. Чаначына кымыз толтура! Почтобайга тердик салдырып, басмайыл тартат. Чап минип, кымызды өңөрүп, жөнөп кетет. Кулуну желеде калган неме Үсеке үйүнө жетип түшүп, тизгинди суулукка түйүп коё бергенде кайра желени көздөй желип жөнөйт. Үйүрү көрүнгөндө «Мен келатам» дегени го, шаңгырап кишенешти салат.
Чыптасын чирене чойгон, кулагы шамдай, тармал жал, кыска куйрук сур кашка кулуну жылаажын үнүн баспай энесин тосот жер чапчып. Туягы кыртышты тытып, кара топурак чыгарат.
– Почтобай келди! Тур, бээлериңди саа, – деп Асаке аялын шаштырат. Кээде балдарын ээрчитип, козу карынмай, кол баштык сүзмө алып, эрмектешмекке Үсекенин аялы келет. Үйдө Асакенин кара тору аялы казан асканга ашыгат. Тиричиликтен жандары сеп албаган малчылардын аялдарынын карылыгы абалы кол манжаларынан башталат белем. Муундары дөмпөйүп, салаалары ажырап, ийри-муйру узарган. Кол алышсаң алакандары катуу. Кара жумушка аралашпаган жумшак колдууга жыгачтын таарындысындай тиет.
Экөөнүн балдары кубалашып, жулмалашып чер жазат. Өздөрү кыз кездеринен козгоп, көргөн-билгендерин айтышып, кеч киргизмей. Анан, баягы Почтобайга учкашып-чиркешип жөнөп кетишет. Асакеникине кайра берип иер буюм-тайым жонуна чырмалган Почтобай желип-жортуп кайра жетип келет. Колхоздо Сатыбалды үй кыдырып, гезит берип, кат жеткирсе тоодогу эки малчынын тирлигине ушинтип, жаныбар кула кашка бээ жарайт нары-бери кайыктай каттап.
Үсеке адатынча кымыздан батканынча ичти. Коктуга түшүп... курун келатып тартып, топчулуктарын да келатып илип, тиги, азыр минип кетер Кула кашканы карап, чын пейилден алкап, чанда кекирип, кобурай берди:
– Айланайын, жаныбар! Сатыбалдыдан кем калбаган, Почтабай да! Ээ, Асеке дейм, таптаза Камбар атадан жаралганбы ыя?
– Жаралып дейт тура? Камбар атанын өзүн накта бул туусачы.
– Мүмкүн, мүмкүн. Тили жок адам. Мээси экөөбүздүкүнөн кем иштебейт. Үйгө жеткенде ана-мынаны тартып иет эмеспизби. Адам ээй, ошонуңарды танбайсыңарбы дегенсип, босогону карап туруп алат, ээй!
– Үч азыйында ушул. Кийин, карыганда мени башкарабы деп жүрөм, ха-ха.
– Айгырдан токтодубу?
– Бололек ко, чагымда. Айгыр дегенибиз актиптер минип, көкшили болгон неме экен, белин бураңдатып зорго басат. Аның дагы тоюнуп, этине май чачканда аңкылдай турган неме окшойт.
– Кызыр калбаса болду.
– Эмине, айгырга кошулсамбы дедиң беле?! – деп күлдү Асаке.
– Былжырабачы, динсиз. Кулуну болбосо кийинки жылы тил албай калсын, бошонгон жерде тетири басып.
– Бойдок келиндерчилеп дейсиңби.
– Баарын бала имерилтип, бала матайт тура.
– Бабырабай чаначыңды өңөрүп жөнө. Сүзмө таңып жибер жонуна.
* * *
Биринчи көз ачып көргөн, ооз ачып өпкөн баланы мектепке жөнөткөн ата-энеде жылт жанган учкундай бир кубаныч менен кошо түйшүк башталат. Асаке да ошондой болду. Улуу уулун мектеп интернатка өткөрүш керек. Аны үчүн бала-чакалуу экенин, өзү мал менен тоо башында жүрөрүн тактаган айылдык советтин справкасы керек. Ушул иштер боюнча көк быштысын олбуй-солбуй камчыланган Асаке жакага келди.
Чабанды көргөндө малын тапшыргандар аянбай калсын. Жолуккан эле тууганы эсенчилик суроодон мурда шишени көчүккө бир койду. Боп этип капкагы ыргыды. Гурсобой аталчу алты кыр стаканга чулкулдата жаймалай куюп сунду:
– Бу «шумкарды» сагынып да калгандырсың. Ал, шыпкап жибер, – деди.
Асакең айтканды эки кылбады. Шыпкай шимиргенден кийин кудуктан башын көтөргөн төөчө буу-буулап силкинип, көзүн ымдап ачты. Беркиси өзүнө тарта куюп, кезегин көтөрдү. Калганын көңтөрүп, Асакеңе кайра сунду. Таза абада жүргөн, кажынып кыймылдаган чабан экинчи сунганды да жайлады. Сыйлаган тууганына чоң ыракматын айтып, көк быштыга шап минди. Түз эле ишин бүтүрүүчү мекемеге келип кирди. Далайлар келип ат байлап, айланасы такырайып кык баскан мамыга быштысын байлап, бут шилтей бергенде дене бою чымырап, бет оту албырды. Чекир көзү мышыктыкындай жалтылдап, көңүлү көтөрүлө шерденди. Жасалган боюнча сырдалбай бозоруп бүткөн каалганы шарт ачты.
Өзү мурдатан тааныш, бирдеме жазгансып аткан эткээл келинге салам айттыбы, жокпу, өтө чаап, төркү эшиктин туткасына кол сунду.
– Каякка, кимге? – деди кага сүйлөгөн төраганын сүйкүмдүү секретары. Асаке токтоло:
– Төрагага келдим, – деди.
– А киши жок.
– Атайы малды таштап салпылдап...
– Кандай салпылдаганыңда менин жумушум эмне?..
Асаке намыстанды. Келинге көзүн кадап тиктеди. Балээ басып, атын унутуп атпайбы. Бул неме, кадимки бозокор Кебектин кызы эмеспи. Энеси да куду ушу кызына окшоп, узун-туурасы бирдей, басса-турса ачыган камырдай былк-сылк эткен эткээл болчу. Шак чылап, ботко кайнатып, бозо сүзүп атаар эле. Айылдагылар таң атпай үйүнө убап-чубап кирип чыгып атышчу. Баягы, «Наспайчынын үйүндө, түкүрүк менен какырык. Бозочунун үйүндө, өкүрүк менен бакырык» дегендей, терезесинин түбүнөн өтсөң бака-шака түшкөн үндөр угулчу. Береги кызы ар кимге аяк сунуп, аяк чайкап атаар эле. Асакеден үч класс төмөн окучу. Кийинчерээк шок балдар чий аралатып, аңга сүйрөй качып жүргөнүн байкаган. Кап, атын эстей албай атканын карачы. Өзүнөн суроого туура келди.
– Сен, Кебек акенин кызы эмессиңби... Атың ким эле?
– Атымдын кереги эмне, сага?!
– Атың мага укмуштуудай керек! Бар эмеспи, жүздүк сомдой кереги тийип атат. – Келин чабандын кайнаган көзүнө, албырган чийкил жүзүнө, чымыр денесине тинте карап атып күлүп жиберди.
– Жүз сомдуктай болуп, арак сатып ичүүгө жарай турган болсом, атым – Сонун!
– Ап бали! Эми, сонун түгүл «мыкты» болсоң дагы уккун: мага төраганын өзү керек. Алакандай справке үчүн, ак карлуу тоодон эңиштеп, справке деген «жем» издеп жүрөм. Түшүндүңбү, өзүмдүн гана карындашым. «Өзүмдүн» деген арноо сөз Сонундун денесине электр тогу болуп тийдиби же деминен кымыз-арак аралаш жыт урган толмоч Асаке көңүлүнө нуюй түштүбү, айтор, көзүн жоодурата оң сүйлөөгө өттү.
– Койгон колу эле болбосо, справкенин жарасы жеңил, – ушул сөздү уккан Асакенин өңү жарк этти. Кулачын жая, камчысы билегинде чубалып:
– Оозуңа, май! – деп столдун бурчуна имериле жетип, качаңкы асылкечиндей кучактады да, маңдайынан, саганагынан жыттап, өпкүлөп жиберсе болобу. Жабышкан немени түрткөн жок. Арак алдастаткан Асаке бүчүлөнбөгөн ачык төшүнө ансайын кысты. Дубалга такап оюндун тамашасынын чегинен чыгып баратты. Сонун да балкып кеттиби, айтор, шыбыры угулду:
– Каалганы, каалганы илиңиз? Тыякта диван бар...
«Мал-жаныңыздан бери короо китебинде жазылуу. Мектеп интернатына справканы өзүм тапшырып коёмун. Андан кымындай да кам санабаңызды» уккан Асаке демиккени басылып, Сонунга жанагыдай омура какты кылалбай, жазганды.
– Үйүң кайда? – деди.
– Атамдыкында элемин...
– Турмушка чыктың беле?
– Башыма балээни үйүп, эмне кылам? Азыр жигит аттуунун көбү бузулган. Ичишет. Кулагынан жеме түшпөгөн, башынан токмок кетпеген келиндердин далайын көрдүм. Сен деле мастыгыңдан ушул ишке бардың. Хе-хе.
Асаке ички чөнтөгүнөн намиянын алды:
– Жакага иш чыкса каттайбыз. Болбосо… Өзүң каалаган белек сатып аларсың – деп далдайган жашыл акчадан сунса болобу. Сонун да илгирбей алып кымырды.
– Келгенде жолугуп турам, Сокен!
– Төрагадан этиет бол. Ал өз аялынан да жаман кызганат.
– Ээ, катыгүн! Андайың да барбы?..
Неси болсо да Асаке көңүлдүү. Жакадагылардан сый көрүп а күнү конду. Эртеси балдарына таттуу-маттуу алды. Үсекенин өзү кеткен жол тараптан эки көзү өтүп атканын далы ачкандай билди. «Жинди суудан» кабаттап, сумканы зымпыйта бөктөрдү. Көк быштыны олбуй-солбуй камчыланып, үйүнө жөнөдү.
Каратору аялы эринин карааны төмөндөн көрүнгөндө эле анын иш бүтүргөнүн, көңүлдүү экенин билди. Кайра үйүнө кирбей, үч баласы да жанына келип жарданышты. Аңгыча Үсекеси да үй-бүлөсү менен жамырап жетип келишти. Айтор, Асакени обкомдун секретарын тоскондой эле болушту, жай-кышы тоо башында жүрчү немелер. Балдар печений чеңгелдешип... Өздөрү турган жерлерине олтура шишени ачышып... эки жолудан шыңгытып ийишкенден кийин көзүн жуумп, колунун сырты менен оозун сүрткөн аялы Асакеге деп калды:
– Барган ишиң бүттүбү? Ботом, аны сурагыча буга кирип кетпедикпи.
– Ой, кемпир ой! – деди кулагын кере, бутун мандаштан сууруп серпкен Асаке ойрон. – Иш кандайча болуп бүтпөйт?.. Тегирмендин ташын чимирилтип жибербейминби ыя?!
– Ырас кылган турбайсыңбы, – деген аялы, – казан асып, чыйпый жасай коёюн, – деп үйүнө кетти. Дагы серпкенден кийин, Үсеке деп калды:
– Төрагабыз печатын үйлөрдөн мурда бирдеме үмтөтмөйү бар эле, андан канттиң?
Жакадан ичип чыгып, бул жерден кайталаганга Асаке кайра кысып, уларча абага ышкырды:
– Керек болсо анын печатын справкага эмес, үйдөгү кемпиримдин май куйругуна балч-балч эттирип басып коём, дос! Ха-ха.
– Ээ, баатыр, куйрукка печат сонун жабышат деп укчумун, – деп каткырат Үсекеси, – самын каат кезде кетире албай кемпириң экөөң кыйналып жүрбө, ышкылай берип!
Эки чабан «күндүк өмүрүңдүн жарымына жорго мин» болушуп, күжүлдөштү. Өзгөчө Асакенин жүзүнөн күлкү кетпейт. Маңдайы жаркырап, көз кычыгы кыбыңдайт, аа!
«Ашың адал болсо көчөдө ич» болуп, ниети таза аялынын күйөөсү менен иши канча. Баягы түйшүк. Баягы бүтпөгөн тиричилик менен алышуу. Күн өтүп денесиндеги уу тарап, заңылдаган башын соолутуп алууга кымындай да жылчык таба албасына көзү жеткен Асаке, балдарына карап, жети жылдан бери ысык-суугун бирге тартып келаткан аялын байкап, ичинен сынды. Арамдык, ак жолдон бурабасуу, ушинтип башталарын сезди. Өзүнүн мактанган сөздөрүн эстей, Үсекенин үйү тарапка кылчайып, кежигесин кашыйт. «Мыжыма ит эле! Бир күнү: «Төраганын печатын сурап келбейсиңби, аялдардын май-куйругуна басып-басып алалы, кайсы аймакта жашаганыбызды билип жүргөнгө сонун да!» – дейт эмеспи. Асаке оюн жыйып алгычакты коктудан мотордун күүлдөгү угулду.
Ана-мына дегиче «Газ-60» дүүлдөп жетип да келди. Көрсө, Үсекенин райондо иштөөчү бажасы борбордо окуган кызы менен тестиер уулун эс алууга жибериптир. Түшө калган шофёр данистесин айткандан кийин:
– Үсекеникине кантип жетер экемин, моторум эски эле, жолдо калбаймбы? – деди.
– Аныкына моторуң түгүл, канатың болсо да жетиш азап. Балдарды түшүргүн. Менде «Почтобай» деген акылман бээ бар. Ошону токуймун. Бирин мингиземин, бирин учкаштырамын. Сумка-мумкаларын кендир жип менен арчындап, арта саламын. Жеткирип койгон соң Почтобайың түшкүр өзү эле кайыктай зыпылдап кайра тартат.
– Кудай жалгагыр, ырас кылбадыңызбы!
– Тур, өзүң үйгө кирип, суусун сок. Начальниктериңдикинде эле болбосо, жакада куюп туруптурбу кымызды.
Асаке айтканын жасады. Атыр жыттанган шаарлык кызга инисин учкаштырып атып:
– Почтобайдын ээси «канжыга кур болбосун» деди деп, жездеңе айт? – деди.
Кыз баш ийкеди да, кула бээ үстүндө күлмүңдөп жөнөлө берди. Сумкадан ичимдиктин шишелерин көрүп калган Асаке: «Кудая тобо! Күтпөгөн күнү табылып калганын кара ой! Бүгүн да шыңгытат экемин ээ! – деп күңкүлдөйт, Үсеке тарап сонун көрүнүп, – боз жорго минип ызгытып, кырк жылкы кубалайт экемин ээ, чаңдатып!» – деп кыт-кыт күлөт өзүнчө жыргап, башы эмитен жазылып. Убакыт өткөрүш үчүн бир нерсе жасагысы келет.
...Олдо кара баскырдыкы ай! Санаасы тынган Асаке үйүнө олтура калды эле, Почтобайдын заңгырап кишенегени угулбаспы. Аңгыча эттенип калган кара айгырдын окуранганы чыкпаспы. Ордунан учуп турган Асаке сыртка чыкса, жалдуу кара айгыр кула бээни тосуп алган экен. «Кайда бардың? Кайда жүрөсүң?» дегениби, мойнун чүлүктөй ийип, жалын үрпөктөтүп ачууланганы го жер чапчып, имерип атат. Бери жөнөтпөй чамгерек айлантып атат.
– Аай! Чу! Ай, тарт! – деп бакырган, жер сыйпалап укурукту алган Асаке чуркап жөнөдү.
Күүлөп алган кайбарың Асакенин айкырыгын угар түрү жок. Имериле туура баштана калган Почтобайга секирди. Мойну ийилип, жалы үрпөңдөп, баштоочу ишин баштады. Үзөңгүлөр ээрдин кашына кийгизилип, чылбыр менен чырмалганын, канжыгага баштык байланганын, карайгырдын буту баштыктын дал үстүнөн басканын Асаке көрүп энтеңдеп жүгүрүп баратат. Жеткенче көксөөсү сууган айгыр бээнин үстүнөн шыпырылды.
– Акмак! – деп айгырды капталга укурук менен салды. Бээни суулуктап канжыганы караса, баштык ичинде шишенин сыныктары кычырайт. Жыты каңылжарды жарган арак сарыгып, сызылып тамат. Сөзсүз ичемин деген ойдогу Асакеге дүнүйө алакандан тар болуп, томсорот.