Анатай Өмүркановдун котормосундагы акылман падышалар, султандар аңгемеси

  • 21.04.2022
  • 2466

Али САФИ ким болгон?

XVI кылымда  проза тарыхый жана көркөм болуп эки түр менен берилген.  Ошол   мезгилдеги көркөм прозанын анча көп эмес үлгүлөрү өзүнүн мааниси жагынан классикалык тажик прозасынын өнүгүшүнө зор салым кошту. Мына ошолордун мыкты  өкүлдөрүнүн бири, XV кылымдын  белгилүү окумуштуусу жана жазуучусу Хусайн Воиз  Кошифинин уулу  Фахриддин Али Сафи (1533-жылы каза болгон) билимдүү жана адабиятты мыкты билген Кошифи уулун адабий дөөлөткө тартып, табитин тарбиялап, аң- сезимин кеңейтүүнү көздөгөн.

Сафи көп окуган, өз мезгилинде Абдрахман Жами сыяктуу көрүнүктүү акын-жазуучулар  менен карым-катнашта жашаган. Ал  эл арасын көп аралаган. Эл ичинде айтылган аңгеме-икаяларды, анекдот, новеллаларды  угуп эсине тута билген. Ар кандай латифа - күлкүлүү кыска аңгемелерди, курч, учкул сөздөрдү эл оозунан чогултуп, системага салып өзүнчө китеп кылып чыгарууну чечет. Буну ал  окурмандар үчүн кызыктуу, бул дүйнөдөн өткөндө биздин кийинки муунга калтыра турган жакшы ишибиз деп  эсептеген. Сафи X – XV кылымдагы жазма проза эстеликтерине кайрылган. Жыйган материалдарын  ылгап, көркөмдөп иштеп чыгып, «Калктын ар кандай катмарындагы анекдоттор» деген ат менен китеп чыгарган. Китеп болжол менен 1532-33 жылдары чыккан. Бул кыска аңгеме менен новеллалар тематикалык мазмуну, тилинин жөнөкөйлүгү, көркөмдүк өзгөчөлүгү  менен кызык. Сафинин  бул  жалгыз китеби эмес.

Алишер Новаи Сафинин билимин, адамкерчилигин, сөздүн жакшы маанисинен алганда кылдат  тандагыч эмес экенин белгилеген.

*     *     *

Бир жолу Якуб Лайс падыша боло электе өз уруусунун уландары менен отурса, алардын жанына аталаш тууганы басып келип, мындай дейт:

 - Якуб, сен чоңойдуң, бой жетип татынакай жигит болдуң. Салт боюнча, калыңды  жакшы камда, мен сага биздин уруунун атактуу үй-бүлөсүнөн чыккан сулууга куда түшөйүн.

 - Ата, колуктуга деп тандап койгон белегим даяр, – деп жооп берет Якуб.

 - И, ал эмне?

  Якуб кылычын  кынынан сууруп чыгып минтет:

 - Мен өзүмө колуктум деп батыш менен чыгыштын өлкөлөрүн тандадым, аларга белегим, чарайнаны чарт бөлгөн болот кылыч.

Кучактап, ал сулууну аялдыкка алуу
Кылычтын болот мизин өпкөн сындуу.

Анын бул сөзү жанындагыларга ушунча жакшы таасир берет. Ошол замат алар дароо  минтип  жооп беришет:

Бүт дайраны кечебиз, бүт тоолорду ашабыз,
Жерди,  сууну Симургдун канатына катабыз.
Бүт дүйнөнү биз бийлейбиз,  чачабыз,
Мүмкүн башты дарга ошондо асабыз.

*     *     *

Бир жолу  Искендер өзүнүн колбашчы, жан-жөөкөрлөрү менен келатса, капысынан жакын жүргөн акыл кошчуларынын бири:

- Кудай сага зор байлык жана бардык башкаруучулардын жеңилишин белек кылды.  Эми көбүрөк аял ал, алар сага көп бала төрөп берип, сенин тукумуңду улантсын. Сенин мураскерлериң сенден кийин  башка өлкөлөрдүн ханбийкелерине үйлөнүп, сенин жериңди кеңейтет, – дейт.

 - Адам балдарынын көптүгү  менен элдин эсинде калбайт, адам өзүнүн  бийик абройу менен эсте калат. Көп аялдын эри болуу – эрдик эмес. Бул, демек сени аялдар бийлейт дегендик, – деп жооп бериптир Искендер.

*     *     *

Искендер Дарийдин жерине кол саларда, Дарий аны коркутуш үчүн:

«Дарийди сексен миң кол коргоп тургандыгы анык» – деп жазып, кат жөнөтөт. Дарий  бул катына: «Койдун көптүгүнөн касапчы коркпойт» – деген жоопту алат.

*     *     *

Искендер, Дарий менен  согушуп жаткан кезде, аскерин карап чыгууга жөнөйт. Анын мингени атырылган аргымак эле. Капысынан Искендер  жанынан арык, аксак ат менен өтүп бараткан жоокерди көрүп калат. Искендер каарданып, тигини аттан түшүрүп салууну буйурат. Жоокер күлөт. Анын күлкүсү Искендерди таң калтырат. Ал жоокерди чакыртып алып, ал эмне үчүн күлгөнүн сурайт.

- Сенин каарданганың жана буйругуң менин күлкүмдү келтирди. Сен качып кутулуучу атты минип  турасың, мен болсо чыдамкай, туруштук берчү атта отурам. Ошого карабай мага жиниң келип жана мени уяткарып жатасың.

Искендерге жоокердин жообу жагып, жөнөкөй жоокерди аскербашы кылып дайындайт.                                                                                                     

*     *     *

Бир жолу Хосров Парвиз ордого жеңип алган  өлкөсүнүн бир чиновнигин келсин дейт. Тиги болсо убара болуп барып жүрөмбү деп, ар нерсени шылтоолоп келбейт. Ошондо Парвиз ал өлкөнүн башчысына кат жөнөтүптүр.

«Эгер ага өзү  басып келүү оор болсо,  анда анын денесинин эң жеңил бир бөлүгүн – башын жөнөт».

*     *     *

Хабаштын падышасы Йеменден анын падышасы Сайфи Зиязанды Йеменден кууп чыкканда, Сайфи Зиязан Ануширвандан баш калка жана жардам  сурайт. Ануширван ага үч миң аскер берет.  Анда падыша мындай дейт.

- Эй, Кисра*, ( Ирандын Сасаниддер  династиясынын падышасы Хосров I Ануширвандын орто кылымдагы Орто Азиядагы адабиятта аталышы) үч  миң аскер элүү миң аскерге каршы тура алмак беле?

 -  Үйүлгөн отун  үчүн тырмактай эле от тамызгы жетиштүү, – деп жооп берет Кисра.

*     *     *

Кисра Ануширванга анын букараларынын биринин байлыгы ушунча, андай байлык керек болсо падышанын казынасында да жок деп жазышат.

Кисра ага жооп кылып:

- Кудайга миң мертебе ыракмат,  биздин адилет болгонубуздан букараларыбыз ошончо байып жатат.

Ал эми тоголок арызчыны жазалоого буйрук берет.

*     *     *

Бир жолу Кисра үлпөт үстүндө,  кеңешчилеринин бири алтын чөйчөктү отургандарга байкатпай чөнтөгүнө салганын көрүп калат. Бирок эч нерсе көрбөгөндөй түр көрсөтөт. Салтанат бүткөндө тамак-ашты тейлеген башкаруучу, алтын чөйчөк жоголгонун, ар ким өз ордунда калуусун, азыр баарынын чөнтөгүн карап чыгарын айтат.

- Жөн кой, баары кете беришсин. Чөйчөктү алган киши  кайтарып бербейт, ким алганын көргөн киши айтпайт,– дейт Кисра.

Бир топ күндөн кийин Кисра баягы чөйчөктү алган кишиге кездешип калат. Башындагы  бөркү, чалмасы, бутундагы өтүгү, үстү-башы жаңырып, чепкенин кур менен курчанып, кылыч байланып алыптыр.

Кисра кийимди көрсөтүп:

- Алтын чөйчөктү сатып  бу кийимдерди алдыңбы?

Кеңешчиси чепкендин бүчүлүгүн чечип жиберип:

- Бул көйнөк, шым, өтүктү да ошого алдым – дейт.

Анда Кисра күлүп мындай дейт:

- Бар, казыначыдан барып миң алтын дилде алып, керегиңе жумша да, түгөнгөндө кайра кел.

Кеңешчи барып, айтылган алтынды алып, кийин Кисранын эң жакын адамдарынан болуп калат.

*     *     *

Кайсардын (Рим императорунун  лакап аты)   эки каардуу душманы  бар эле.  Бир жолу ошо эки душманы бири-бири  менен  согушуп жаткандыгы тууралуу кабар алат.  Рим державасынын бүт атактуулары чогулуп мындай ой айтышат:

- Биздин душмандарыбыз өз борборлорун таштап кетишти, азыр кол салып кирип барып, алардын  талпагын ташка жайалы.

- Ал кечирилгис ката болот. Алар биздин максатыбызды билери менен күчтөрүн бириктире салып, кайра бизди талкалайт. Мен силер үчүн анда  алысты көрө албаган бир алаңгазардын мисалы  болуп калам, – дейт император.

Анан ал  аңчылыкка ээрчиткен эки итти алдырып, экөөнү бири-бирине  айдактатат. Эки ит талашта бири-бирин катуу жаралап салат. Анан император иттерге эликтерди көрсөттүрөт. Иттер ошол замат талашын токтотуп, экөө тең  эликтерди качырат. Бүт атактуулар императордун көрсөтмө мисалын  жактырышат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз