Өзбек жазуучусу Кучкар Наркабылдын кыска аңгемелери

  • 22.04.2022
  • 3575

ДИЛБАЯН

Бала тынчтык темасында дилбаян жазды; болгону алты катар.

«Апам уй саайт. Тандырда нан жабат. Мен жана инилерим ысык нанды сындырып, сүт куюлган чыныга салабыз. Бул — Тынчтык! Жакшы. Апам атама нан сындырып берет. Атам нанга сол колун сунат. Ооган согушунда оң колунан айрылган. Согуш — жаман! Биздин үйдө Тынчтык менен Согуш жанаша жашайт...»

... Мугалим бул катты окуп ыйлап жиберди.

МАҢЫЗ

– Вася, мейли, куруп калсын, сен агам айткан ок-дары заводуна ишке орношсоң болмок.

– Настя, келесоосуңбу? Кантсе да биздин балдарыбыз бар! Үчөө тең эркек балдар!

– Эмне болуптур?

– Ошол октор баары бир күнү атылат ко...

ЖООКЕРДИН ТУФЛИСИ

Анын бир буту жок болчу. Балдагын отургучтун четине коюп, сатуучу кыздан эң кымбат бут кийиминин бир даанасын беришин сурады.

Туфли ылайыктуу болду. Сатуучунун ыңгайсыз абалда калганын сезип, шашып-бушуп мындай деди:

– Кабатыр болбо, мен экинчисин да алам. Аны Воронеждеги досум Володяга жиберем...

Сатуучу кыз калтырап кетти.

Жоокер жылмайды. Ал дүкөндөрдөгү мындай жагдайларга көнүп калган.

ӨТҮКТӨР

Бул согушта өтүктөр ээсиз калды.

Аял өтүктөрдү бөлмөнүн бурчуна алып барып койду.

– Кана, терс бурул, – деп өтүктөр тумшугун дубалга такады.

Ээси жок өтүктөр чейрек саат дубалдын бурчунда турду.

Аялдын ичи ачып:

– Дагы бир тополоң чыгарба, макулбу? Ал өтүктү көкүрөгүнө басты. Анан аны отургучка алып келди:

– Эми тамагыңды же!

Аял өтүктөрдү көпкө тиктеп турду. Бир нерсе эсине келгендей болду.

Анан... анан... бакырып ыйлап жиберди.

Өтүктөрдүн ээси болгону алты жашта болчу.

ЖАЗУУ

Кыз алты жашта.

Таш боор эле.

Терезеден сыртка карады.

Көчөдө согуш.

Көшөгөнү жапты.

Ал жай басып үстөлдүн жанына барды. Тик туруп, ак кагазга: «Мен кеттим. Согуш бүткөндө мага кабар бергиле. Кайтып келем... "

Кызды апасы алыска алып кетти.

Убакыт өттү. Убакыт учту. Анан алыс жакта бир мүрзө пайда болду. Мүрзө ташында жөнөкөй тамгалар менен мындай жазылган эле: «Мен кеттим. Согуш бүткөндө мага кабарлап койгула. Мен кайра келем... "

СОГУШТУН СҮРӨТҮ

Досумдун аңгемеси

Жалгыз – жалгыз уул болчу. Гулам ата менен Айсара апанын жалгызы, артында калчу жарык изи.

Аскерге чакыруу келди.

Жалгызды ооган согушуна алып кетишти.

Апасы көп ыйлады. Көздөрү начар көрө баштады. Анан көрбөй калды. Апасы «Уулум келгенде көзүм ачылат», — деп калчу.

Сагынуунун жана коркунучтун азабы апанын ичин күйгүздү. Бир жылдан кийин апасы аманатын ээсине тапшырды.

Гулам ата чөгүп калды. Эки көзү эшикке кадалды. Жалаң гана эшикти көрдү. Жалгыздын жолун карады.

Дубалдагы жапыз эшик тык этсе чоң атанын жүрөгү чочуп, коркуп кетчү. Нурап, кулап кетем деп турган эски үйүнөн ыргып чыгып, жылаңаяк чуркачу.

Айылдаштары жана кошуналары: «Уулуңуз келет, ата, келет, Жалгызыңыз келет...» деп көңүлүн көтөрүшчү.

Жалгыз келген жок.

Темир табыты келди.

Эл ордунан калкып, ызы-чуу көтөрдү: «Эх, тагдыр, тагдыр, келип-келип, ушул чалдын Жалгызын өлтүрөсүңбү?..» 

Ата эмне кыларын билбей калды. Ал эсин жоготуп койду.

Бир жумадан кийин атанын алдына айылдагы мектептин директору келди.

— Мектепке уулуңуз Жалгыз Тураевдин ысымын беребиз. Анын мүрзөсүнө мрамор таш коюп, көңүл айтуу катын жазмакчыбыз.

Чал ага акырайып карады. Үйгө кирип кетти.

Ата эни жана бою жарым кулач болгон мрамор плитасын алып чыкты. Директор мрамор плитанын үстүндөгү сүрөттү – Жалгыздын сүрөтүн жана «Мен атамдан мурун өлдүм...» деген жазууну көрдү. Көздөрү караңгылап, ичинен өкүрүп жиберди. Ал өзүн араң кармап турду.

– Кечириңиз, чоң ата, кечириңиз.

– И-и... Кечээ... Кечээ район борборуна барып, өзүм жасаткам. Ушуну коём, — деди чоң ата.

Чоң атанын жаны таш экен. Чоң атанын башы таштан экен. Чоң ата узак, көп жашады. Бул жашоодон өч алуу менен жашады. Ал өткөн жылы жүз жашында каза болду.

Эскерүү жана кадырлоо майрамында[1] айылда болдум. Көрүстөндүн батыш тарабында Жалгыз жаткан мүрзөнүн башына келдим. Аскер кийимин кийген жылмайган баланын сүрөтүнүн астынан “Мен атамдан мурун өлдүм...” деген жазууну окудум. Мен өзүмдү кармадым.

— Мына, анын жанында Гулам атанын мүрзөсү бар, — деди кошунам.

Мүрзөнүн башындагы мрамор плитада:

«Мен баламдан кийин өлдүм...» деген жазууну көрдүм. Мен өзүмдү башкара албай калдым. Мен мүрзөнүн алдына чөгөлөп, алаканым менен бетимди жаптым. Ичимден көбүрүп чыккан азаптуу бороонду токтото албадым...

Өзбекчеден которгон Нодирбек ЮЛДАШЕВ


[1] Эскерүү жана кадырлоо майрамы Өзбекстанда Жеңиш майрамы.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз