Динара Бейшеналиева: Там башында

  • 11.05.2022
  • 2273

АҢГЕМЕ

Кошунанын корозу кыйкырды. Ушул үндү күтүп жаткам да, “өх” дедим. Таң атты, Кудай буйруса. “Бу дүйнөнүн ишин жасаганда  дегеле өлбөчүдөй болуп жаса, тиги дүйнөнүн ишине келгенде бүгүн өлүп калчудай болуп жаса” деп бир аалымдын  айтканын кулагым чалды эле.  Мен болсо бу дүйнөнүн да, тиги дүйнөнүн да эсеби менен эсептеше албаган, агып бараткан  көпөлөк сыяктуумун....

Башын сууга салаңдаткан бутактар: “Жээкке чык” деп айкайлашат. Агым күүлдөгөнүнөн жанбайт... Толкундар токтолбойт...Айлуу түн...Айсыз түн....Алсыз көпөлөк...

“Ку-каре-ку-у!”

Айланайын үнүңдөн! Менин куткаруучум! Түндүн узактыгын кырчып үзүп, кыйкырып турсуңбу, короз?  Сен дагы мен сыяктуу уктабайсың. Каяктан уктайт элең  муздак таякта конуп отурсаң.  Мен да төшөгүмдө чечилип, чечинип жатпайм. Эптеп кыйшайган болом. Кичине көзүм илинет да кайра эле ойгонуп алам.  Ары оонайм, бери оонайм. Ойлор келе берет. Ошондо, чердактын башына эмнеге чыга калдым экен?...

Карачы, эл-журт сыртта жаңы  жыл тосуп, жыргап жүрүшөт. Сен болсо үйүңдү ичинен кулпулап алып отурасың. Жылына ушул... Ошондо, сени үшүк алып кеткен. Жылыбайсың. Жалгыз жатасың... Жалгыз жашайсың... Чердактын башына эмнеге чыгып кеттиң эле?

Кой, жуунуп алып  жумушка барайын. Кечке компьютер чукулап иштейбиз төрт киши дудуктай. Шырт-шырт деп басылган клавищалардын үнү, кофе куюп келип шорулдатып ичкен добуш, кагаз чыгарган үндөр...

 Жумуш бүткөндө кеч кирет. Үйгө кайтмай. Кааласаң, каалабасаң да кайтасың. Үйгө келгенде тамак кыласың. Ичкиң келбесе да бирдекени чыз-пыз этесиң. Анын үстүнө жашап жаткандай кыймылдап  да турушуң керек.  Токтоп калсаң эле жүрөк эзилет. Даңылдатып телевизорду коюп коём. Тамак ичип атып тиктейм, бирок кино эмне жөнүндө болуп жатат түшүнбөйм. Себеби, укпайм. Жарык болуп, жалт-жулт болуп,  бу да болсо коколой баш жалгыз турмушума шарпа болот. Кээде таң аткыча иштейт. Түнкү сериалдар боло берет экен, а мен көрбөйм....

Ушул.  Өмүр өтүп жатыры. Агымга каршы сүзө албайм. Каршы сүзгөндөр кимдер? Ооба, алар балалуулар, үй-бүлөлүүлөр, алар бир максат менен жашап жаткандар....

“Ку-каре-ку-у!”

– Оо, менин куткаруучум, үнүң өчпөсүн!

*     *     *

Бүгүн жумуштан эрте чыктым. Айланбаштанып “Айчүрөк” дүр дүйнө дүкөнүнө кирип калдым. Ишим деле жок. Телевизорго жакшыраак пульт издеп көрөйүн дегем. “Тиги байкуш эмне күндү көрүп жатыры?”–  деп апам келатыптыр. Бат-бат келет. Келген сайын көтөрүнүп келет. Энем ай, мени сен гана аяйсың го!..

Эскалатор менен өйдөгө көтөрүлүп баратып, тааныш бирөөнү көрүп, жалт карадым. Ал да көрдү. Мен аны  ойлобогон бир да  күнүм болбойт. Турат экен. Ал ылдый түшүп баратыптыр.Мени көрө коюп жылып бараткан тепкичтен чуркап түшүп, өйдө жылып бараткан тепкичке  чыкты. Мен шашкалактап үстүнкү кабатка чыгар замат баш ооган жакка чуркап жөнөдүм.

– Эй, Алтынай, каякка? Дагы каякка качып баратасың?

Артыман жете келген Турат колуман кармап калды.

– Эч жакка качкан жокмун.

– Кечээ иштеген жериңе барсам жок дедиртип койдуң. Жумушуңдун дарегин араң таптым эле.

– Хи, он үч жылдабы?

– Айылдан келгениме бир жума болду. Майрамга карата чай-пай ичип отурсакпы дегем.

– Ыракмат, ачка калган жокмун.

– Жүр, сыртка.

– Жок, ишим бар, кете бер.

– Жүрчү энди, жок дегенде гүл сатып берейин.

–  Эмнеге сатып бересиң, айтсаң? Жалгыз калган неменин көңүлүн бир оорутуп коёюн деппи? Мен ошол сен үшүткөн декабрдын суугунда  эле жок болгом.  Эч жылыбай койдум. Үйүм ысып турса да, жаным ысыбай койду. Денемди калчылдак басып, таң аткыча титиреп чыгам. А сен бу маалда аялың, бала-чакаң менен жылуу жумшак жатасың. Ушуну уккуң келди беле?

Канчалык карманайын десем да болбой көзүмдөн жаш чыгып кетти. Шурудай жылтылдай төмөн жылды. Турат элейип эле катып калды. Мынчалык болот деп ойлобосо керек. Балким, чын эле сүйлөшүп чай-пай ичели, ал-жайын билейин дегендир, ким билсин. Жайбаракат иштеп жаткан мээмдин бүтүндүгүнө доо кетирип, алма жеген курттай болуп ичине сойлоп кирип мүлжүп атканын өзү билбейби? Таң. Билсе он үч жылдан кийин келбейт эле да. Келгенге даабайт эле да. Же ошончо жыл өткөзбөй келмек да. Чалмак да. Жазмак да...

Турат колун өйдө көтөрүп көз жашымды аарчымакчы болду эле тетири бурулдум.

– Тийбечи!

Дүкөндүн ичинде нары-бери өткөндөр бизди карап өтүп атты. Бир-эки жигит кайрылып да калды.

– Карындашым, жардам керекпи?

– Жок, ыракмат.

– Жүр, сырт жакка барып сүйлөшөлүчү.

– Эмнени сүйлөшөбүз? Ошондогу мени үшүткөн чердак жөнүндө сүйлөшөлүбү? Отуз-кыркыңар жүрүп, бирөөңөрдүн башыңарга чердакка чыгып кетпеди бекен деген ой келген жокпу? Сүйрөп түшүп алып кетпейт белең, жерге житип кеткен жокмун да акыры. Таап чыгып алып кетпейт белең. Алып кетпейт белең мени!..

Жашым куюлуп атты.

– Сыйпалап, таппай калдык.

–  Ордума классташымды бөктөрүп салып кете бердиң анан. Сен болбосоң башкасы деп.

– Мен эмес.

– Анан ким?

– Мен эмес, досторум салышты. Аяш атам урушат кур барсак дешти. Мени анда эч ким уккан жок. Мени да машинеге сүйрөп салып кетишти. Мал да бекер союлуп калмак да чын эле.

– Эмне? Мал союлуп калат деп адамды адамга алмаштырып жибердиңби?

Жашымды аарчый Тураттын жүзүнө тигилдим. Эми көрдүм, анын жүзүндө эч бир кыйналуунун изи жок экен. Анын жүзүндө сүйүүнүн изи жок экен! Экөөбүз катар турганыбыз менен ал төмөндөп баратты эмнегедир. Жаным жай ала түшкөнсүдү. Ошону гана баамдадым.

Артыма кылчайбай түптүз жолго түштүм...

*     *     *

Үйгө келгенде күүгүм кирип калган. Душка кирип сууну агызып койдум. Жанга жагым жылымык тамчылар бүт денемден шорголоп куюлуп атты. Жер чийген чачымдан, кирпигимден тамчылашат. Мен ыйлаган жокмун, суу өзү эле куюлуп ыйлап атты...

Күн аркан бою көтөрүлүп калыптыр мен ойгонгондо. Тырп этпей уктаптырмын го. Кечээ күнкү окуя эске түштү. Мурдагыдай кабак-кашым кашайган жок  бу саам. Эски бир сүрөттөр көз алдыман өтүп жаткансыды.

Мен аны... Мен аны мени сүйөт, мендей кыйналып жүрөт, мага жетпей калганына өкүнүп жүрөт деп өзүмчө эле романдарды токуп алганымды кантейин, курган жаным ай десең!

Эркек, деги сен кимсиң? Билем, аялды алсыз дейсиң. Бирок ошол алсыздыгым – менин  күчүм. Анткени, сенин бир көз караш сүйүүңдү да жүрөгүмө сүртүп алып, ошо менен эле бир өмүрдү өткөзүп жибере алам. Сатпайм. Соодалашпайм. Сүйүүмө акы  доолабайм... А сен кимсиң?...

*     *     *

Иңир кирип, көз байланып калган маал. Жанараакта таежем келген үйгө. Апам экөө чай ичип отурушту.

– Алтынай, үйгө барып жездеңди чакырып келчи, тамак ичип кетсин. Мен барда жумуштан келе элек эле, – деди.

Мен бурулушка жеткенде он чакты бала көрүндү. Көрүнүшү шойкомдуу. Булар кечээ да топтолуп жүрүшкөн. Жүрөгүм “шуу” дей түштү. Баягүнү  Досмамбет деген классташ балам:  “Алтынай, абайла. Сени Турат ала качканы жүрөт” деп бирдемелерди айтып аткансыды эле.

Бутума чоң көлөч сүйрөп чыга калгам, чечип ыргытып жиберип эле жылаңайлак кар кечип чуркадым. Киши корккондо күлүк болуп кетет экен, балдар караандабай калышты. Энтигип дем алган боюнча үйгө  кирип келсем таежем астыман чыкты. Акшыйып бир карап коюп, өз бөлмөмө кирип кеттим.

Аңгыча, балдар да шагырап короого киришти. Карасаң буларды, сүйлөшүп алышкан да, өз үйүндө жүргөндөй жүрүшкөнүн. Өткөндө  ушул таежем “Күйөөгө кет, быйыл окууга да өтпөй калдың. Жаман-жуман немелер ала качып кетпесин”,–  деп аткан.

– Турат жакшы бала. Атасы Актан бир жумадан бери туугандарын жыйнап, союш, калың-палыңын даярдап отуруптур, –  дейт бөлмөмө кирген куйту жеңем жылмаңдап. Унчуккан жокмун. Аны үйдөгүлөр киргизишкен окшойт.

Турат бизден эки жаш чоң. Быйыл армиядан келген. Ошол армиядан келчүдө үйгө кириптир учурашканы. Узун боюна аскер кийими чыкыйып жарашып, келишимдүү жигит турду бет алдымда. Жүрөгүм болк этти. Өзүмдөн өзүм албырып,  кызарып чыктым. Анын жумшак тиктеген көгүш көздөрү мага мээримдүү тигилет.

– Кандайсың, Алтынай?

– Жакшы.

– Үйдө эч ким жокпу?

– Тойго кетишкен.

– Аа, ошо, эже биздикинде жүрөт, түлөө берип атканбыз да.

Ал уурусун карматкандай  бир кызыктай боло түштү.

– Мен элдин баары менен учурашып жүргөм, кайрылып калдым эле. Мейли анда...

– ...

– Мен чыгайын.

– ...

– Баса, окууга тапшырганы барасың да?

– Ооба.

– Кайсыга?

– Врач болсом дегем... Мединститутка тапшырам го.

– Мм... Мейли анда, жакшы кал, –  деген ал  үйдөн чыгып баратып.

Ошо менен кездешпедик.

– Турат сени тээ сегизинчи класс окуп жүргөнүңдө эле жактырчу экен, мага жеңеси айтпадыбы. Ал сени баарыбир алып кетет, кийинип алчы. Карачы, байпактарың, көйнөгүңө чейин суу болуптур, –  дейт куйту жеңем.

– Ой, жеңе, жактырса менин өзүмө айтып, адамча сүйлөшпөйт беле?

– Макул болбой коёт деп коркуптур, жеңеси айтпадыбы. Ал байкуш да сураптыр жакшы эле, “сүйлөштүңөр беле”–  деп. “Ооба”–  деп коюптур да.

– Койчу жеңе, сүйлөшсөм ушул ахыбалда болот белем.

– Кийин энди, азыр кирип келишет.

– Чыгып туруңузчу.

– Кийинип атат дейинби?

– Ооба, чыга бериңизчи.

Жеңемди уккум келбеди. Дегеле эч кимди көргүм жок. Кудай ай, каякка качам? Кантем?

Жүрөгүм кабынан чыкчудай түрсүлдөйт.

Ар бир  терезеге үчтөн-төрттөн жабышып алгандарын кара тигилердин. Мен эмне форточкадан учуп чыгып кете турган  чымчык белем?

Көктү карадым. Шыптагы чердактын төрт бурч тешиги көзгө урунду. Сүйүнүп эле кеттим. Шап ордуман туруп эшиктин туткасын таканчыктап тээп, чердакка  чыгып кеттим да, эшигин  жымсалдап кайра жаап койдум. Мен жабаар замат эшик ачылды. Куйту жеңем кирди окшойт. Башталды тапыр-тупур. Тинтип издеп жүрүшөт жер-сууну бузуп, кыйкырышып. Сырттагылар сыртта тапырашат өздөрүнчө. Суу байпагым муз болуп катып, таманыман өткөн суук мээме чыкты. Тиш-тишиме тийбей калчылдайм. 31-декабрь болчу. Жука көйнөкчөн өлдүм го. Жаңы жыл тосом деп тигип алган көйнөгүм эле. Чатырдын тосулбаган жагынан урган шамал өпкөмдү көзөп, ичимде аркырайт. Тоңгонумдан акыл-эсим жоготчудай абалга келип калдым бул эки саат аралыгында. Мен анда он жетиге эми толгом. Ошол балалык көзүмдө чердактын башынан башка жердин баары коркунучтуу көрүнгөн. Тоңуп өлсөм да ушул жерден жылбайын деп көшөрдүм. Оюма башка эч нерсе келген жок.

“Сен качырдың, мен качырдым” болуп эки-экиден урушуп киришти. Бир убакта машинелери от алып тапырап калышты. Көрсө, классташ кызым Анара “Байкуш Алтынай эмне болду экен?” деп абалымды сураганы кириптир. Кечээ ага “коркуп жатам, балдар жүрөт” дегем да. Өзү деле укту болуш керек. Алар Анараны ала качып кетишти...

Мен катуу ооруп төшөктө бир ай жаттым.  “Баланчанын кызы ушинтип эрге тийбей калды” деген сөз жаман экен, шаарга кеттим. Бирөөлөр менен сүйлөшмөк каякта, топтолушкан эркектерди көрсөм жүрөгүм түшөт. Коркуп калыптырмын.

Күндөр өтө берди. Жалгыз көңүлүмдү жылыткан Тураттын мээримдүү көздөрү болчу. Жалгыздык жанга батканда жанталашып ошол көздөрдү эстечүмүн. Ал мени сүйөт дечүмүн... Бу ааламда сени кимдир-бирөөнүн сүйгөнү жетиштүү  дечүмүн...

*     *     *

Кошунамдын корозу кыйкырбай калды эмнегедир. Же Рахат байке өзү союп жеп алды бекен? “Тоокторум сен жакка кирген жокпу?” деп кире берет бул байке. Жооп бергендин ордуна баш чайкап койчумун. Жалгыз бой. Эмнеге жалгыз бой экенин билбейм. Эми кирсе сурабасамбы. Корозун айтам. Байке, корозуңузду  жеп алдыңызбы деп сурабасамбы...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз