Абдиламит Матисаков: «Тапанча» палван таржымалы

  • 17.05.2022
  • 2753

... Абакеңиз эр Кошой
Артылып колун салыптыр...
Тоодой Жолой балбанды
Томкоруп жерден алганы,
Көтөрүп жерге уруптур,
Көпчүлүк карап туруптур,
Жолойду кудай уруптур...

("Манастан")

Узун-туурабыздан түшүп, о илгерки базардын ордосун ээлеген чайканада  суусун кандырып отурганбыз. Эл көбөйсө бечара чайкананын курсагы чыга түшөт, терезесинен нымшып, “тер” куюлат... Конушу сөрүдө шу чайканада “чоңойгон” ыманы ысык, мойсопут адам алдындагы бир нанды сындырып коюп отурат. Ушундай үйрөнүппүз ага, бир-ар күн сөрүсүнөн көрүнбөй калса, чайыбыздын даамы, дүйнөбүздүн бир жери кемип турат. Шаардын кайсыл четинен болсун, түш боло элек унаа-сунаага жармашып, чайканага жетип жыгылат. Эл шашса да бу киши шашпайт. Акыркы кактам чайы куюлган төөнүн көзүндөй пиаласынан бүт ааламды көрүп отурат. Чайнегин түгөткөндөн кийин бу дүйнөнүн калба-ташпиши кызыл ашыгынан келбей “кырт” кекирип, аркасынан “аш болсун” деп өзүнө-өзү тоопчулук келтирип отурчу чайкорубуз биздин сөрүгө басып келиптир. Макала жазып күн көрөрүбүздү каяктан билип алган:

- А дегиле, журналисттер! – деди колун бооруна алып. Ашкан нандын сындырымдарын чөнтөгүнө салып алыптыр.

- А дедик, кана чайга келиң! – Бир-экөөбүз тура калдык ордубуздан. Минтип биринчи келиши, бизге дагы биринчи сүйлөшү.

- Чайды ичтик. Ошону аш кылсын. Бүгүн чайканада чоң палван отурат. Далысы жерге тийбеген сузактык “Тапанча” палванды эшиткениң барбы?! – деди. Бирибиз угуппуз, бирибиз укпаппыз. Анын чайга саргайган арсак тиштерин тиктеп калганбыз, анан мойнубузду кайрып, баарыбыз палван көчүк баскан сөрүнү издедик. Көпчүлүк менен күндө келип, бир чайнек чайын түгөтүп кетип жүргөн адамдардын бири бизге далысын салып отурган...

- Анау Ибраим палван! Бу ончо-мунчаңа учурай бербейт, араңарда шу палванды жазчуңар барбы? – деп калды. Анын сөзү мага “араңарда шу палванды жыкчууңар барбы?” дегендей угулду. Пиала тегеретип отурган тели-теңтушум “билсе палван сырын ушу билет, бир жыкса ушул жыгат” дегенсип баары эле мени тиктеп калышыптыр.

- Бол, эмесе, туруп кете электе учурайлы. Илгери өзүм эки-үч сапар сүйлөштүм эле, унутуп эле калбаса тааныр, - деп бир жактан ал кыстады. Бөлөк-бөтөн бирөө айтса тайсалдап көрөт элем, бирок күн сайын чыканагын тийиштирип, чай ичип кетип жүргөн адамдын жүзүнөн ысык нерсе жок экен:

- Басың эмесе, - дедим. Экөөбүз эл турган сөрүлөрдү аралап, Ибраим палванга жөнөдүк. Эл көбөйүп, чайкананын курсагы чыгып келаткан...

*     *     *

Ошо күнү кар өчү бардай жааган. Бармактай, бармактай... “Тапанча” палвандын кирпиктеринен өйдө кар. Шаардыктардын мындай карды көрө элегине көп жыл болгон. Жай басып жүрөбүз. Бармактай, бармактай кар кебибизди тыңшап, экөөбүздү ээрчип алган...

- Кечээги күнү шу жерде бир кызык иш болду. (“Кыргызстан” мейманканасынын алдынан өтүп баратканбыз). Иңир кирип, көз байланган маал. Оокат кылып, “жатаарга да кыйла бар, кичине аба жутайын” деп мейманкананын алдында турсам бирөө басып келип, биринчи орусча сурады. “Байке, эмне проблемаңыз бар, орундатабыз” дейт. Тааныбайм. “Кем-карчым жок эле, үка. Ыракмат!” – десем, “Киши керекпи?” дейт аркаман. Кып-кыргызча! Оозум ачылып калды. Нооча бой, жүда келишкен жигит экен. Үстүнө кийбегенди кийиптир. Колунда бир боо күлүч жүрөт. Чала укту дедиби “аял киши керекпи?!” дейт дагы кайтып. Уккан кулагыма ишенбей мен турам, маңдайымда бажырайып наркы турат. Ошо маймылдыкындай куник күлкүнү, селейген муздак жүздү өмүрүмдө унутпасмын. Просто, күйүп кетет экенсиң. Уруп ийсемби деп, кайтып муштумду бу көтөрөбү-көтөрбөйбү деп аяп коём дагы. Сөгөйүн десем жака-белим толгон эл. “Ак мокогондо “жакшылыкча” кет нары, кысталак! Ушинтип күн көргүчө, өлбөйсүңбү!” дедим. Бетинин бир жери кызарбады. Үндөбөйт. Бышып бүтүптүр да. Уятын түшүрүп салыптыр деп коёт мындайларды. Дагы мага карап “жинди неме турбайсыңбы” дегенсип башын чайкап кетпаратат. “Ээн жерден жолугуп, ушинтчү болсоң го кубалап жүрүп, анаңды үч коргондон көрсөтөт элем” деп ичимден бир кыжырым келет. Мурдалары дагы келип-кетип жүрчү элек, мындай сөздү уккан эмеспиз, имне болуп баратат бу шаар?..

- Э-ээ, “Тапанча” ака, ондойлорго башыңызды оорутпаң, беш кол барабар эмес. Ким алдайм десе, өзүн алдайт, элди алдай албайт... – дедим да Ибраим палванды опера-балет театры жакка алып өтүп кеттим.

*     *     *

Азиз окурманым, эми палван экөөбүздүн ортобуздагы болгон сөздүн сынын кемитпей, каарманымдын кебин кыраатынан бузбай сизге жеткирүүгө далбас урайын. Анда эмесе, палвандын аңызына кулак төшөңүз.

- Атадан алтообуз. Жалаң эркекпиз. Чекеден күрөшөбүз. Атам дагы бу дүйнөдөн күрөшүп жүрүп өттү. Илгери Таш палван деген бабабыз болуптур. Кокон хандыгынын чеңгелинде адам чыдагыс кордук тартып, эптеп тирлигин кылдыраткан бечара экен. Бизге жеткен сөзгө караганда, бир журттун найзачысы атыгып, сайышканын алып түшчү имиш. Бир жолу катуу састымоолоп жаткан жеринен туруп, түшкөндүн баарын катарма-катар сайып, элдин шаштысын алган найзачыга чыгыптыр. Төшүнө мис табак тарттырып, Койдобоз деген атын туйлатып, намыска күүлөнгөн бойдон эч ким тең келбеген баатырдын алкымына найза малган имиш. А кезде намыс дегенде башын кылычка тутуп берчү турбайбы. Бул сөздүн кунун азыр учуруп ийип отурбайбызбы... Сузактын Кара Дарыя деген кыштагында бой жеттим. Бармактайыман майрам, тойлордон калбай боюма барабар балдарга чыгып, нечен калыстардын калтасынан сөлкөбай алдык! Атам ыраматылык жанына алып, жол үстүндө болобу, бейтааныш кыштакта болобу, алдыбыздан чыккан баланы токтотуп, бою-башына карабай күрөштүрчү. Жыксам, кайтып дагы, иши кылып жыгылганча бел алыштыра берчү. Тууган-туушкандыкына барганда ар кыл балдар менен тоорушуп турганым турган эле. “Менин уулумду ким жыкса, байгесин өзүм берем” деп күүлөп туш келгенине сала берчү. Бел катыгыча, билек кубат жыйгыча көрүнгөн жерде күрөштүм.

Кыргыз күрөшүнүн көп амалына, кылт эткен ыкмаларына түлөк кезден быштык го. Онду бүттүм дагы, ошол кезде эл көп окуган Жалал-Абаддагы ДОСААФка, шопурлукка кирдим. Спорттук мелдештерден кур калбайм. Той-пой чыкса, издетип, чакырып кетишет. Күрөштүн аркасынан катуу түштүм. Жалал-Абаддагы зооветеринардык техникумдан Абдыманап деген жаш палван күрөшүп жүрөт, облус боюнча эч кимге жыгыла элек деген сөздү андан-мындан угам, көрсөм дейм, күрөшсөм дейм, такыр оң келбей жүрдү. Ал барган тойго мен барбай калам, мен барсам өзү келбей калат. Ушинтип, учурашмагыбыз кыйын болду. Көзүң менен көрмөйүнчө, палван сага табышмак.

Ошентип жүрсөм, Абдыманап окуган техникумдун студенттерин коңшу айылга пахта теримге алып келип калышты. Кийинки базар үйгө суранып келдим. Атайы барып, Абдыманапка учурашайын деген оюм бар. Ошо маалда зор агам үй салып аткан, ал дагы кычагандай о күнү келериме саздап ылай жаткызып коёт. Ылай айып болбосун деп, керели-кечке эки-үч бала болуп көптөшүп кыш куйдук дагы, кечкурун айдын жарыгына салып, Абдыманаптар жаткан шыйпанга өтүп бардык. Жатып алышыптыр. Бирөөдөн айттырсак эле, Абдыманап өзү чыга калды. Бадан-бою чымыр, орто бойлуу жигит менен пахта кырмандын боюнда туруп сүйлөшүп атабыз, ай жаныбар сүттөй жарык. Мени билет экен. Ошо жерден эле сөздү узартпай “күрөшпөйлүбү, атайын аркаңдан издеп келдим” дедим. Тайсалдаган жок. “Азырбы, түндөсүбү?” деп бир ооз сурады. “Бөлөк маалда чоло тийбейт экен, сен пахтада, мен окушта жүрөм” дедим. “Давай” деди, катуу ишенет экен өзүнө, эмеле эки пүктөп таштайм деди бейм.

Ай сүттөй жарык. Айдын жарыгында кырман пиалага куюлган айран... Бел алыштык. Анын кошо чыккан эки-үч баласына кошулуп, мени ээрчип баргандар калыстык кылып карап турушат. Сүйлөшкөнүбүздөн күрөшкөнүбүз тез болду. Эки сапар күрөштүк, кырмандын четинде эки сапар тең жыгылды. Кайтып сүйүнүп жүрөт, “тең табалбай жүрдүм эле, ырас учурадың, дос бололу” деп барбалаңдайт. Пейили кең, жыгылса да өчөшпөй өнөгүн баалай билген жигит менен “мынан кийин бирге жүрүп, бир күрөшөлү” деп убада бекитишип кайттык.

Көп өтпөй эле Кара-Сууда (чоң күрөштөр ушул жерде өтөт) Коргонтөбөлүк баягы менин досум Абдыманап менен дагы бир өзгөндүк Абдымалик деген экөө палвандан палван койбой чекеден жыгып атат деген сөздү эшитип, базар күнү а жерге өтүп барбаймынбы... Тааныгандар дароо эле тегеректеп, баскан жагыма кошо басып “күрөшөсүз”деп туруп алышты. “Койгула бу сапар күрөштү. Тамаша кылганы келдим” десем бура бастырбай коюшту. “Палван дагы тамаша кылабы, палван деген күрөшөт, тамаша кылчы эл мына, биз” деп туш-тушуман чыкканда, ошо күрөштү башкарган калыстар Максым, Маматжан деген аксакалдар дагы “бир күрөшүп бериң, көпчүлүктү битта курсант кылың” дешкенинен алардын саздасын сындыра албадым. Анын үстүнө бу чөлкөмдө бу экөөнөн өтүп аския айткан, күрөшкө калыстык кылган адамдар чыга элек. Дамалбай алмак-салмак тогуз палванды жыктым.

Эреже мындай, палвандардын бирин койбой жыкмайынча же өзүң жыгылмайынча ортодо чөк түшкөнүң чөк түшкөн. Качан сага чыкчу палван калбай көпчүлүк калыстарга карап “соорун бергиле” деп сурашканда барып байге сеники. Тогузунчусунан кийин баягы аксакалдар “эми сен Абдыманапка түшөсүң” дешип калды. А дагы наржакта күрөшүп, жыгып аткан. Ынабадым. “Биз дос болобуз, досум менен күрөшкөнүм болбойт. Бири-бирибизге чыкпайбыз деп сөз бекиткенбиз” деп экөөбүз тең эки жакка туйладык. “Ондой боло турган болсо, Абдыманап өзгөндүк Абдымаликке түшсүн, жыкканына сен саздан, ушуга кайылсыңбы?” дешти.

Бир маалда эле Абдыманабым өзгөндүк палвандын жамбашына түшүп берсе болобу!.. Абдымалик мага он экинчи болуп түштү. Күчүнө куп ишенген, аткыган жерди үзүп алчудай карылуу, бир жери ыкма иштеткенге саал бошураак экен, курду колуна орогон жерден эле мени так көтөрүп алды. “Мейли, каалашынча айлантсын” дедим дагы, эки тиземди жоон санына такап, ага кошулуп тегирмендин ташындай тегерене бердим. Таза пырпыратты, пырпыратып келип жамбашка таштаарда андан көз ирмемчелик озундум да, бутум жерге тиер замат өзүн кайрый чаптым. Бу иш көз ачып жумганча болду. Абдымалик жыгылган жеринде кыйлага соолуп жатты. Эл ороп кетти мени.

Максым менен Маматжан аксакалдар мага көпчүлүктүн дубасын алып берди. “Бу жаш палван илгерки жамбашы эзели жер жыттабай өткөн “Тапанча” палвандын күрөш арпин куп үйрөнгөн экен. Алышканын көрдүңүздөр, кумардан чыктыңыздар! Мындан ары “Тапанчанын” наамын ушу балага бербейлиби, не дейсиңер?!” дегенде эл ордунда чурулдап батасын берген. Ошондон тартып, Ибраим деген атым калып, мени “Тапанча” палван дешип кетти. Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүткөндөн кийин Фрунзедеги дене-тарбия институтунун 2-курсунда жүрүп эле улуттук күрөш боюнча кандидаттыктын өлчөмүн толтурдум. Оо-уу, андан бери канча суулар акты. Күрөшпөгөн палвандарым азыр кемде-кем. Кыргызстандан чыгып Россиянын бир катар шаарларында өткөн мелдештерге катышып, Ленинабаддын, Өзбекстандын чоң күрөштөрүнө чыгып, мактангандык эмес шу күнгө чейин бирөөдөн жыгыла элекмин...

Күрөштүн аркасы менен эмнелерди көрбөдүк! Көбү айран-таң. “Машыгып жатканыңызда сизди жыгып алган палвандар бар. Элдин кашына, килемге чыкканда эле алар оңой эле алдыңызда калат, имнеге мындай?” деп сурашат. Чындыгында машыккан кез бир бөлөк. Өнөгүңдүн кайсыл ыкмага чакан экенин билиш үчүн өзүңдү тобокелге салып жортеки сүрүшө бересиң, өзүң туруп да бересиң, шонтип анын бек жерин, бош жерин билесиң. Ал эми килемге күрөшөм деп чыгасың да. Кыргыз күрөштө таза жыксаң эсеп, а жыгылсаң үндөбөй чыга бер.

Эсимде, Ноокаттын Сайыл деген жеринде, чоң күрөш өтүп (азыр дагы болот) мени 147 килалик Аюу палванга чыгарышты (“Тапанча” палван ошондо 82 кила экен). Калп айтпасам, менден эки келет. Илгертен түптөлгөн эреже ошо, “кыңк” этпейсиң, чыдасаң күрөшөсүң. Аюу палван бою менен эле басып салчудай жамбашыма үйдөй болуп жатып алды. Атасы эл-журтка таанымал Дыйкан палван дагы ушуерде, калыстардын тобунда отурган. Нары-бери чайкашып турам, тобокелге салганда болбойт, секинден сырын тартыш керек эле. Бою оор неме бир кезде курду оңдой кармайм деп өбөгүн кичине тартканда боюн бошотту. Шып ичине кирип, так көтөрүп эки-үч пырпыратып келип жамбашка салдым. Дыйкан палван өзү туруп келип: “Тапанча” палван, бу сиз Аюу палвандын өзүнүн күчүн өзүнө жумшап, чаптыңыз го” деди. Ошо сөз дагы бир четинен туура. Күрөштүн ийне-жибине чейин айтыш эми кыйын. Аны күрөшкөн билет... Ошо жерде ноокаттык Амат палванга түштүм. Бу дагы ошол жердин көзгө басар палваны экен. Кирген суудай жулкунган неме менен биринчи эле силкишкенде, ыкмама өзү түшүп берди.

Сыр-Дарыя өрөөнүнө, бир чоң күрөшкө чакырышты. Күрөштүн аягында ортотөбөлүк Мурсеит палван экөөбүз калдык. Мурда эле билчүмүн аны. Өзү биринчи аракет кылбай өнөгүн пайлап, адашкан жерин издеп, амал менен күрөшчү. Атаандашы жүдөп, бою чайпалып, жонунан кара тер кеткиче жүрө берчү дагы, мерчемине келтирип бир силкип салчу. Оюна коюп, мен дагы шашканым жок. Ыгына жараша “өлүгүмдү” артып коюп турам. Мындай күрөштүн кызыгы кетет. Эл чыдабайт. Айткандай эле, көпчүлүктү күдүң-күдүң кеп аралады. Калыстар болсо утуру “болгула, күрөшкүлө, болбосо экөөңө тең соорун жок” дешип далыбыздан домдоп кетишет. Узун нерсе уз-ун болуп жатып алса, белиңдеги курду катуураак тартсаң, моюнтурук болуп желкесине кетет. Боюн эле качырат.

- Сөздүн ачыгы жакшы, Мирсаид палван, барабар аракет кылалы, элди зериктирип ийдик, - десем унчукпайт.

- “Тапанча” палван, - деди бир маалда, - бир жолу жыгылсаңыз өлбөйсүз. Канча зор палванды жактыңыз, башкаларды да ойлобойсузбу. Жыгып жүрүп, чекеңизге мүйүз чыкканын көрө элекпиз го!

- Мирсаид ашына, о түлкү кебиңизди коюуңуз, күрөшсөңүз эркекче күрөшөлү. Ушунан ушуга күрөшөм деп келип, анан айтканыңызга эле “хоп таксыр” деп күлдөбөңүзгө оонап берчү мен эмес, - дедим ачуум менен.

Бири-бирибизге өбөк таштап, жатып алганбыз. Көзү жетип турат, ынтылды дегиче алдымда каларын. Мындай сагызгандай сак палванды көрө элек элем. Ошо айтканы менен эле тим калбай кулагымын так түбүнө кышылдап, сүйлөп атат.

- “Тапанча” палван, бу жерге эшигим жакын. Катын-балам, урук-тууганым күрөшүмө келип, тамаша кылып турушат. Беш жылдан бери жыгыла элекмин. Сооруңду бүтүн сиз алың, анан тышкары оозуңузга баткыдай пулду да айтың. Кечкурун чөнтөгүңүздө болот. Тизелеп коюп чыгып кете бериңиз... – деп өлүп-талып суранат. Жиниме тийди. “Сооданы коюп, өмгөктү өдө кылың, барабар аракет кылалы!” – дедим.

- Бир марта жыгылсаңыз имне болот, “жыгылганды жер көтөрөт”. Эртең Кабаста (а жер дагы Сыр-Дарыя өрөөнүндө) чоң той болот. Ошо жерде туруп берейин, каалаганыңыздай чаап алың, - дейт. Карачы, соодалашканын! Күрөштү бу базар көрөт окшойт. Буга сөз өтпөйт экен дедим да өзүм кирдим. Боюн качырып, жологусу жок. Ошондо “ма, чапсаң чаап ал, сенден келгенди көрөйүн” дегенсип, ыктыярым менен боюмду боюна жакын алып барсам (ооба, тобокелчилик. Эмне кыласың анан, эл карап турса...), муну кара, зорго эле туруптур, шап көтөрүп кетти. Мага башканын кереги жок эле, жамбашына аларда өзү “коронкама” (Ибраим палвандын мыкты өздөштүргөн ыкмасы) түшүп берди. Күрөштүн аркасы менен турмушту куп эле көрдүк! Мен сага бир жагын эле айттым... Күрөшкө мен кылчалык кара санабадым.

Абдырахманды сурап атасыңбы? Абдырахман эми Абдырахман палван дегенчелик бар эле. Лейлектен чыкты, чыкканда дагы катуу чыкты. Арык чырай шаптай жигит барган жерин жыгып жүрдү. 1974-жылдары буга эч ким тең келбей калды. Чыкканы жыгылат. Кыргызстандын биринчилигинде жеңди. Бирок экөөбүз күрөшпөй жүрдүк. Ага караганда мен саал улуураак да элем. Өзү айтып калчу. “Тапанча” ака, мен күрөшкөндө сиз тамаша гана кылып туруң. Агар жыгылып-нетип калсам, ордума чыгасыз. Аркамда турганыңыз мага кубат болот. Сиз барда жакшы күрөшөм” деп калчу.

Күрөшкөнүн көрсөңүз эми, нечен-нечен өзбек, тажик палвандар алдында калып: “Ушуну бир жыксам, күрөшүн дагы токтотот элем, бул дүйнөдө армансыз өтөт элем” деп жер муштагандарды да көрдүк. Бир жери, Абдырахмандын саал ала көөдөндүгү бар эле. Даңкка жараша жүк болот деген ырас экен. Ал атак-даңкты, ооматты көтөрө албады... Көзүм менен көрбөдүм го, аны жандаган “токумун жеп, аргамжысын үзгөндөр”, бирөөнүн эсебинен күн көргөн шылуундар (каза болоруна жакын күрөшпөй да, көрүнбөй да кеткен) көңүлчөөк палванды алагды кылып, күрөштөн кумарга азгырып, жолунан чыгарышыптыр.

Эми андай палван Кыргызстандан дагы чыгабы, чыкпайбы ким билет... Шилбийген тулкусун көргөн адам палван деп айтпас эле. Күрөшкөндө эми эки жамбашына бап-барабар алчу. Тубаса палвандар ошондой болот экен. Ушу Фрунзеге келип, шаардын ипподромунда Таластан келген 130 килалык палванга чыкты. Көпчүлүк өңгөчүн тартып, кээ бирлери “нары алып кеткиле, бу Абдырахманды эки бурдап бир жутат” дешип ийди. Бел алышкандан кийин эки мүнөт не өттү, не өтпөдү, Абдырахман алги үйдөй палванды чимирик кылып чапканда, эки аягы асманга көтөрүлүп жыгылганын көргөн эл тура калды.

Көбү ушу сенчилеп сурай беришет. “Абдырахман менен күрөшкөн белеңиз?” деп. Эл билет, ал экөөбүз көп жылдар бою бирге жүрдүк. Бири-бирибизге чыкпадык. Муну калыстар дагы билишчү. “Буларды күрөштүрөм деп убара болбогула” дешчү. Экөөбүздүн кылыч кеспес шертибизди Абдырахман өзү бузду. Өзгөндүн жолунда машинадан авария болуп, бутумду кайрытып алып, ошонун айынан бир жылча күрөштөн алыстай түшкөм. 1977-жылы Ошто, пединституттун спорт залында областтын биринчилиги өтүп калды. Кичине түзөлүп калгамын. Оң келсе күрөшсөмбү деген ойдо келген элем. Ошол жерде экөөбүздү илгертен бири-бирибизге сала албай жүрүшкөн адамдар Абдырахманды күүлөшөт. “Тапанча” азыр баягысындай эмес (мен аны кийин уктум). Жыксаң азыр жыгып кетесиң. “Тапанча” Абдырахмандан жыгылган” деген сөз өмүр бою элдин оозунда калат, бүгүн чыкпасаң ага өмүрү чыкпайсың” дешет коюн-колтугунда жүргөндөр.

Калыстар мага саласал салганда эле кесе айттым. “Эл билет, биз бири-бирибизге чыкпайбыз”. Абдырахман жанымда эле, а дагы укту айтканымды, бирок үн катпады эле. О кыйладан кийин ооз учунан: “Эл суранып атпайбы, мен күрөшөм, “Тапанча” ака”, - деп турат. Көзүнөн эле билгемин, тиктесем эле ала качып аткан. “Жүда жакшы экен, бая эле ошентпейсиңби” дедим. Мен да намысыма келдим. Ана таза көкүтүшкөн экен. Студенттер бир “Тапанча” деп, бир Абдырахман деп залды башына чейин кыйкырышат. Эл батпайт. Карасам Абдырахман шымаланып, чечинип кирди. Жанымдан бирөө: “Акыры күрөшмөксүңөр да...” дейт. Ошо күрөштү көргөндөр да арманда, көрбөгөндөр да арманда. Катуу сүрүштүк. Күрөштүн биз билген ыкмаларын алмак-салмак колдонуп, бири-бирибизди алалбайбыз. Бир маалда Абдырахман мени сол жамбашына алды эле, көтөрүлүп барып, каршылык ыкмасын учурунда пайдаланганым сактап калды. Ошо замат өзүмдүн кезегимди кетирбедим. “Алалбадың досум, эми өзүңдөн көр” дедим дагы жамбашка таза алдым.

Кечкурун студенттердин бөлмөсүндө чай ичип отурсак, ошолор айтат. “Канча жылдан бери студенттердин ортосунда талаш-тартыш болуп келген. Бирибиз “Тапанча” палван жыгат” десек, бирибиз “жок Абдырахман жыгат” деген талашыбыз эми бир жаңсыл болду” дешти. Кийин Беловодскиде өткөн Кыргызстандын биринчилигинде дагы Абдырахман менден (орус күрөшү боюнча) упай менен утулду. Экөөбүз бир өмүрдө, чоң күрөштө болгону эки марта бел алыштык. Басар жолу кыска, ичер суусу ченелүү экен, канча палвандарды чаап, элдин көңүлүн курсантчылыкка бөлөп, жапжаш туруп кете берди...

Күрөш садагасы кетейин, менменсинүүнү, көпөлөк мактоону көтөрбөйт. Ал дагы палвандардын мүнөзүнө карап ылгап коёт. Жөнөкөйлүү, ооматты көтөрө билген карапайымдууга тагынан түшүп берет. “Бу жыйында мага тең келер палваныңар жок” деп көпчүлүккө далысын салгандарды дагы көрдүк. Барып-барып алар кумга сиңген суудай дайыны угулбай кетишти го! Бели-боюңа жараша бөлөктөрдөн айырмалуу ыкмаларга эге болбосоң алыскы узай албайсың же бир күрөштүн аягына чыгышың кыйын.Жалаң күч менен ашып барса, үчтү жыгытарсың, анан тамам...

Жалал-Абадда окуп жүрөм. Тогуз-Тородо Токон деген палван ат арытып мени издеп келиптир. Күз айы эле, бир тойдун үстүнөн жолуктук. Савлат деп ошонун савлатын айтыш керек, булчуңдары таш, жумуру денесине колуң токтобойт. Өгүздүн күчү эми ошондо экен, бөйрөктү бүржөлү эзип жиберди. Сүрүшүп тура берейин дейм, боло турган эмес. Шап ичине кирип, бир-ар карыш көтөрүп сол жамбашка таштадым. Дагы күрөшөм деп тура калды. Калыстар алдын тороп, “башка дагы палвандар бар, ошолор менен күрөшүңүз” десе болбойт. “Атайын Тогуз-Торону ашып келсем, бир жолу күрөшүп “Тапанчадан” жыгылып келдим деп барсам, эли-журтум ишенбес” деп күрөштү баштатпай, ортолукта “дагы күрөшөм” деп тегеренип жүрдү. Кайра күрөштүк, кайта жыгылды. “Дагы күрөшөсүзбү?” дедим. Үчүнчү жолу жыгылганда өйдө туруп айтты: “Тапанча” палван, үч жолу күрөштүм, үч мерте тең кантип алдырганымды билбейм, бел тамырды билет окшойсуз” деди. Кийин бирөөлөр айтты: “Тапанчаны” жыкчу палвандарды даярдаш керек экен” деп барыптыр Тогуз-Торого. Көп өтпөй эле, трактор минчү экен, авария болуптур бечара... Көп палвандарыбыз анантип эле болбогон жерлерден кетип калды... Ошо Токон палван туура айтыптыр, кыргыз күрөшүнө күйгөн, анын эртеңине камтама болгондор азыр аз, кеч калганыбыз ошо да... Көп жерлерде күрөш унутулуп калды...

Күрөштө деген жаш-кары деген болбойт. Мына мени да ал, кырк бирге кадам койдум. Азыр бу куракта күрөшкөн палвандар калбады. Жаш палвандар а жерден, бу жерден чыгып жатат. Таластан чыккан Чаткан деген жаш палван жыйырма үчтө, эсеби менин балам. Фрунзе шаарынын 110 жылдыгында “Спартак” стадионунда күрөштүк. Утулуп калды. “Сиз менен дагы күрөшөм” деп Кара-Балтага чейин эрегишип барбадыбы. Жаштык намысты карабайсыңбы. Өсө турган өзү, ошондой өжөр болот. Азыр менин болжолумда, ошо Чаткал палван, андижандык Дилмурат, Равшан, Хамид, Ош областынан Митал, Базар деген, биздин Кара-Дарыя айылынан Талып деген жаш палвандар бир куракта, кадыресе таанылып калышты. Талып солдатта жүрөт, ошо жактан үйүнө кат жазат экен. “Барган күнүм “Тапанча” палван менен күрөшөм” деп, кудай тилегин берсин о баланын.

Айтып коюш керек, о бизге караганда Өзбекстанда күрөш десе жантыгынан кетишет. Бизди биякка кой, күйөрмандык кылса эми ошолор кылсын. Көңүлүнө туура келдиби, болду ошол палвандын күрөшүн көрөбүз деп автобус, автобус болуп, шаарма-шаар кыдырып, Кыргызстанга чейин кете беришет. Алардын ар бир районунда, шаарында улуттук күрөш боюнча атайын мектептер бар. Республиканын аймагында жыл сайын 27 байгеге арналган мелдештер уюштурулат. Мектептерде Өзбек ССРинин спортуна эмгек сиңирген чеберлер жаш палвандарга сабак өтөт. Бизде жок дегенде райондук спорт мектептерде (ал дагы болсо) улуттук күрөш боюнча атайын класстарды ачыш керек. Күрөштүн “А” тамгасынан баштап үйрөткөндө гана келечектеги палвандардын камын көргөн болобуз.

Илгерки майрамдар күрөшсүз өтпөй турган. Азыр жаштарды карасаң, алар билектин күчүн сынагандан көрө, топ-топ болуп ичкилик “уулаганды” артык көрүшөт. Күрөштүн эл билген кадырын ылдыйлатып алдык.

- Эл билет, сиздин далыңыз жерге тие элек. Той дагы, тойдун эртеси дагы болот дегендей качан эми курду чечип, чапаныңызды шакиртиңизге жабасыз? Кубат-күчтү сүрүп, курагыңыз дагы өйдөлөп баратат...

- “Бөрү карыса да бир койлук алы бар”, ончо-мунчага моюн бербейбиз. Жакында эле бир тойдо күрөшүп болгонуман кийин аксакалдар (калыстар) ортого алып, “Тапанча” палван, нечен жылдардан бери күрөшүңүздү көрүп, тамаша кылып келдик. Өмүрүң узун, мартабаң дагы ашсын! Чындыктан эч ким кутулган эмес, ушинтип эле жыгып турбайсың, жашың дагы кыйлага барып калды. Күрөштөн жыгылбай кетсең, эл оозунда атың улук, жүзүң жарык жүрөт. Ойлон, биз аягы Өзбекстан, Тажикстандын, өзүбүздүн күчтүү деген палвандарын чакырып, сенин Кара-Дарыяңда чоң күрөш уюштуруп берели, ошо менен узаталы сени. Жаш палвандарга таалимиңди үйрөтүп жүрөсүң, эми саяпкердик кыл” деп ата-баладай отуруп масилет салышты. “Ойлонуп көрөйүн” дедим. Аксакалдардыкы да туура. Эртеби-кечпи күрөштөн кетээриң бышык. Бирок билегим, белим кармашты күсөй берет... Эки адамдын бел алышканын көрдүм дегиче каяктан чыгат билбейм, бадан-боюмдан кубат ташканын сезем...

Жалал-Абад шаарындагы балдардын спорт мектебинин машыктыруучусу, улуттук күрөш боюнча узак жылдар бою Кыргызстандын биринчилигин колдон чыгарбаган Ибраим Узаков (“Тапанча” палван) күрөштүн эки түрүнөн спорт чебери. Ал классикалык күрөш боюнча 2, улуттук күрөштөн 15 спорт чеберин жана 15 кандидатын даярдады. Дадаев, Сулайманов деген жаш палвандар Кыргызстан курама командасынын мүчөлөрү.

*     *     *

Палвандын пиаланын сыныгындай сүрөтүн очеркке кыстарып берсекпи деген үмүт утуру кытыгылай бергенден (сөзгө жыгылам деп ким ойлоптур):

- Ибраим ака, мынчалык болду, күрөшүп аткан сүрөтүңүздү да алып калалы. Жеңил эле, өзүңүзгө окшогон бакыбат бирөө-жарымды ушу ортодон табабыз. Экөөң алышып, сүрөтчүнүн маңдайына туруп бергиле, бир мүнөттө иш тамам... – дедим оюмда эч нерсе жок. “Тапанча” палван кызык болду, башын чайкап күлдү. Айтар сөзүн ичинен иреттеп, шу баланын көңүлүнө азар бербейин дедиби, секин гана “бовойт, үка” деди.

- Сүрөтү болбосо имне болот эле? – деди дагы.

- Бир чекесине берип койсок дегемин, сизди уккан көп, көргөн эл аз...

- Үйдө болуш керек, бирөө-жарымын салып жиберейин, - деп калды палван.

... Сүрөт келбеди. Баягы бейгараз менен бел алышып, сүрөткө түшүңүз деген осол сөзүбүз палванга катык тийген окшойт, сүрөт келбеди...

*     *     *

Чайканага кирип келатып, баягы “Тапанча” палван отурган сөрүгө кылчактап алам. Курган үмүт, бир күнү болбосо бир күнү кайтып отуруп калабы дейт ко... Бир ордунан жылбаган эле баягы “Тапанчаны” тааныштырган, алакандай пиаласынан ааламды көргөн чайкор. Эми көргөн сайын кол булгачу болду. “Тезирээк жазбайсың” дегениби, “Палванды желимдей кылып жаман чойдуң го?!” деп бааз-бааз таш ыргытып коёт. Бир күнү аркаман кыйкырат, “онун темасын “Тапанча” палвандын таржымалы” деп кой, көпчүлүк окуп жатсын!”

- Шашпаң, палван дагы жыга түшсүн, - десем.

- “Тапанчаң” жыгылбайт, аны жыга турган энесинин курсагынан түшө элек, - дейт о дабасы жок.

Ошо пиаласынан ааламды көргөн, күн сайын бир нанга залал кылып, анын ушагынан өйдө таштабай ала кеткен мойсопутка окшоп, отурган жеримде илгерки дуван бузган, жамбашы жерге тийбей өткөн нечен-нечен палвандар тууралуу ширин-ширин кеп салсам дейм. Ошо аңыз кеп, насыйкат кеп чөөт суудай соолубай сөрүдөн-сөрүгө кубалашып ооздон-оозго көчүп, ата-бабабыздын каны-жанынан бүткөн КҮРӨШ билектерден-билектерге жалгашып, кылым аттап, күчөп кете берсе экен деп тилейм...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз