Абдиламит Матисаков: Фараон

  • 28.08.2021
  • 4780

Досум Жусуп Тургунбаевдин жаркын элесине арнайм...

Кызуу уйкуда жаткан Бишкектен суурулуп түнкү үчтү туштай “Манас” аэропортуна жете келсек, бу жердин таңы небак сүрүлүп, күнү көтөрүлүп кеткендей алыс жолдун азабына кайыл болгон узун кезек чампайган чемодан, түйүлгөн сумке көтөрүнчөктөрүн сүйрөп, каттоодон өтүү камылгасында жүрүшөт.

А эрте келгендердин алды учак билеттерин текшертип, темир тосмонун нар жагында узатып келген жакындары менен кайырмазир жөрөлгөсүн кылып, кол булгалап турушат. Бир жылдан бери Египетке камданып, буйруса, Нил менен Пирамидаларды көрөбүз деп өпкөбүз көөп жүргөн, мына, бүгүн анын мөөрүтү келип аэропорттобуз. Жусуп досум Жанара аяшым экөө бизден мурдараак келишип, чемодандарын жанына коюп отурушкан экен, бизди көрүп тура калышты. Жусукем адатынча эки колун жогору булгалап, каткырып келип, кучакташып көрүштү. Жанара аяшымдын “аа, келдиңерби?” деген суроосунун нар жагында “кечиктиңер го...” деген камтамасы сезилип турду. Зирек досум аяшымдын сарсанаасын туйду окшойт: “Эч ким кечиккен жок, жүргүнчүлөрдү жаңы каттап башташты, – деп ортону жумшактап. Анан “кана, кезекке туралы, Айбийке каякта жүрөт?!” дегенде барып, Египетке жол тарткандар төртөө эмес бешөө экенибиз билинди.

Айбийке жаркылдаган, мектепти жаңы аяктаган Жусукемдин небереси. Ага чейин Айбийке да келип калды. Баары ошондо башталды.

– Айбийке, паспортторду чыгар, кызым, – деди Жанара аяш, – кире бериштен эле көрсөтүп, андан ары билеттер менен эле учакка кирет экенбиз.

Биздин тегерек-четти тиктеп, козголбой, беймарал турганыбызга Жусуп досум ойдолоктой:

– Абдыке, паспортторду даярдап ал, жакындаганда таппай каласың, – деди. Эй, билгендей айтыптыр! Мен колумду чөнтөгүмө салган бойдон турган жеримде несейдим. Колума паспорттор урунбайт. “Өлдү” дедим ичимден. Жаңылды карасам, ал мени бир кызыктай тиктеп калыптыр.

Паспорттор жарым ай мурун билеттер алынгандан кийин төркү үйдөгү серванттын тартмасында жаткан, ошо жаткан бойдон калыптыр да, кашайгыр! Дагы эле ишенгим келбей:

– Паспортторду алган эмес белең?! – деп Жаңылдан жортеки, кандай жооп болорун билип турсам да сурап коём.

– Жок, конечно, сен албадың беле, акыркы жолу!.. – Жаңыл бир нерсени сезгендей үнү көтөрүңкү чыкты.

Кулагыма эч нерсе угулбай көгүш түстөгү эки паспорт бизди сатып кеткен душманыбыздай көздү күйгүзүп, көкүрөктү куйкалап турду. Дароо Жусукеме бурулдум:

– Ээ-эй, иш чатак, досум, биз аппандилар паспортторубузду унутуп баса бериппиз! – дедим.

Кыйкырып айткан окшойм, алды-артыбызда кезекке тургандар бизди аягандай карап калышты. “Манаска” келер-келгиче алыскы Египет элестеп, ал жак мага (көп эле чет өлкөлөрдө болсом да) айрыкча бир сыйкырдуу көрүнө берген...

– Болору болду, эми кейигенде эмне!.. – дедим кайта өзүмдү өзүм сооротумуш болуп. Досум шашпай мени кыйлага карап калды да:

– Кана, шашпай айтчы, баары жайындабы?! – Бизди тамашалап атабы дегенсип, Жаңыл экөөбүзгө алмак-салмак карайт. Ушу турушунда бу жалганда мага андан өткөн бактылуу жан жоктой сезилип кетти.

– Эмне дейт, паспортторун үйгө таштап келе беришиппи?! – Жанара аяшым биздин жаныбызда турса да, бизден эмес Жусуптан сурады да, өзүнүн паспорту калып кеткендей өңгөчүн тартып ийди.

– Жо-ок, кантип эле, жаш баласыңарбы?! Шашпай, жакшылап карагыла, сумкеге салган жок белеңер?, – деди саякатты жанындай жакшы көргөн досум дагы эле ишенбей. Ма демектен тигишине чейин тинтип карасак да табылбай турганына көзүм жетип:

– Жусуке, айып өзүбүздө. Биз калдык, силер уча бергиле, артыңардан барсак барып каларбыз, болбосо келерки жылы деле барсак болот, – дегенимде, демим кайтып, үмүтүм үзүлө түшкөнүн иреңимен байкап түшүндү.

– Андай болсо көп трагедия кылба, досум! Такси турат, такси менен барып, такси менен кайра келесиң, керек болсо жарым саат, бир саат самолётту да токтотуп турам... Кана, досум, шалдайба, – деп Жусукем мени жаш баладай сыртка сүйрөдү.

– Жусуке, болбой калды. Бишкек каякта жатат, Бишкектен да нары барыш керек, үлгүрбөйбүз!..

– Көп сүйлөбөй, бас дегенде баса бербейсиңби! – Эч кимдин көңүлүнө бейчеки азар бербеген, айнектей тунук дүйнөсү бар досум мени кара күчкө жеме-жукага алды. Анан эмне кылат...

– Мүмкүн, жетип, келип каласың, – деди үмүтү дагы эле үлпүлдөгөн Жаңыл мусапырым.

Кимдир-бирөө бу турмушта жаза турган ушундай жагдайлар да болот десе түк ишенбейт элем... Эми башыма келгенде минтип мукурап...

– Эрте күндү кеч кылба! – дегенде Жусукемдин аркасынан ээрчибешке аргам калбады.

Алдыбыздан чыккан биринчи такси жүргүнчүсүн түшүрүп, эшигин жабаарда Жусукем каалгасын жаптырбады.

– Иничек, бир жакшылык кыл, бу агаң азыр Египетке учмак, паспортун үйүнө унутуп келе бериптир, самолёттун учаарына кырк мүнөттөй убакыт бар, жетесиңер, аласыңар, кайтасыңар, айткан жол киреңи ашырып беребиз, – деп досум колун чөнтөгүнө сала койду.

Таксист жолоткусу жок. “Мен жогорку ылдамдыкта жүргөндү жаман көрөм” деди да каалгасын тарс жаап, газды басты. Бер жакта турган мага: “унутчаак адамды жаман көрөм” дегендей угулду. “Чала” дедим өзүмө-өзүм. Жусукем экинчи келип токтогон таксини тороп, тизгинден алды.

– Эй, иним, бир жакшылык кыл, паспортту үйдө унутуп келе бериппиз (досум өзүн мен бейдабага кошуп койду). Бишкектен алабыз, кайтабыз, бизде кырк мүнөт убакыт бар, жол кирең сен айткандай болот.

Жаш жигит жол кирени укканда сөзгө келди. Сураганы бул болду. “Бишкектин берки четиби же аркы четиби?” Кариет, сөзгө келди окшойт, айнып кетпесин дедимби, оозума “орто четинде үйүбүз” деп ийдим. “Египетке барабыз деп көптөн бери дегдеп жүргөнбүз...” деп баштаганымда баягы жигит:

– Сөздү көбөйтпөй отуруңуз, – деп алдыңкы каалгасын ачты.

– Мына досум, жакшы адамга жолуктук, аман-эсен барып келип кал, биз күтөбүз! – дегенде мендеги үмүт оту чындап тутангандай болду.

Таксист ачкан алдыңкы эшикке эмес, эмнеси болсо да ушарлигимди карматып арткы орундукка боюмду таштадым. “Курду курчаныңыз!” Күнөөлүү адамга кайрылгандай мага буйрук берди. Француздар тарткан “Перевозчик” деген курч окуялуу тасма эсиме кылт этти. Ордунан ынтылганда эле билдим, эми учурат экен. Айткандай эле, машина ордунан атып кеткендей болду. “Бир жагына жыйырма беш гана мүнөт берилиптир эми кудай жалгап, жол ачык болгой эле, быякка келатканда гаи-паи көрүнбөдү эле, эми көрө жатабыз” деген гана сөзүн билем, башка эч нерсе угулган жок. Болушунча газды тебет. Мындай ылдамдыкта “Манастын” жолундагы ГАИ посту бир көрүнүп калып кетти. “Египеттин самолёту да мынча ылдамдыкта учпаса керек” деп коём өзүмчө. Бишкекке киргенде, таксист мага моюн буруп: “Он беш мүнөт өттү, кайсыл райондо турасыз?!” деп кыйкырып сурады. “Киргизия–1де” дедим мен да үнүмдү ошонукуна окшотуп.

Кариет, жигит кайтып унчукпады. Болбосо, Бишкектин ортосунда дегенсиз деп, ошо ортолукка түшүрүп койсо да, атын айры, изин ийри демек белем, нысаптуу неме окшойт. Курду бекем курчангам, жамбашыма өтүп кетсе да, эки колум карышып калса да бошотподум. Бишкектен чыгып, Нариман салган жол менен биздин көчөгө бурулганда “келип калдык” деген сөзүмө: “Байке, биздин жыйырма беш мүнөтүбүз калды, эми тездеңиз, үйүңүздөн чыгарда унутпай нан ооз тийип, күзгүгө бир каранып коюңуз. Өткөндө да бирөө шу сизге окшоп, үйүнө паспортун унутуп кетип, аны да сиздей кылып жеткирген элем, бирок а кишинин убактысы сиздикинен көбүрөөк болчу” деп күйгүзбөдүбү.

Үйгө атып кирдим, карасам бизди чаң-тополоңго салган көгүш паспорттор ар бири бирден билет кучактап жатат, кайрандар!!! Сыртка чыгып баратып, баягы жигиттин айтканын кылып, күзгүдөн өзүмдү карасам, өң-алеттен кеткен, мен тааныбаган бирөө аркаман карап кала берди... “Манасты” көздөй учтук. Ылдамдыкка көнө түшкөн жаным, боюмду түзөп, курумду көп мыкчыбай бош койдум. Таксист аэропорттун экинчи кабатына чыгып баратканда, “мен бүгүн рекорд койдум. Канча жыл “Манаска” каттайм, Бишкекке кырк мүнөттө барып келе элек экем” деп агынан жарылды бечара. Ал да мени менен каттоо залына кошо кирди. Баягы узун кезек небак солуп, эч ким калбаптыр. Берки бурчта бир нерсе карамыш болуп, Жаңылым жүгү менен калыптыр.

– Ушунча да кечигесиңерби?! – деди мөөрүн жыйнап, ордунан туруп кеткен кыз биз үчүн кайра келип отурду.

Жол киресин ашыгы менен алган айдоочу жигит чоң жеңишти багындыргандай күлүп-жайнап менин аркаман калбайт. Күтүү залына киргенде гана артыман: “Байке, эми болгон стрессти чыгарып, бир жакшылап эс алып кайтыңыз. Мындан кийин паспортту сиз деп жүрө турган болдуңуз” деди. Ушул тапта ага эмне деп айтса жарашмак. Мен “туура айтасың” дегенсип, биринчи жолу жылмайганга аракет кылдым. “Сага чоң ракмат, бала-чакаңдын күнүн көр, мындан кийин астараак жүр, үка” десем, “биз минтип жүрбөсөк оокатыбыз өтпөйт, байкеси!” деп кол булгалап калып калды.

Күтүү залында жалгызсырап отурган Жусуп досум мени көрөрү менен космостон кайткан космонавты тоскондой залды жаңырта каткырып келип кучактады. Мен дагы досумду боорума бекем кыстым. Ошондо гана Египетке учаарыма көзүм жетип, досумдун шардыгына, көзү ачыктай жасаган чечкиндүүлүгүнө жетине албай, өзүмө-өзүм батпай турдум.

– Айтпадым беле, үлгүрөсүң деп! Самолёту учам десе да учурмак эмесмин, – деп коёт аркасынан.

– Көрүшпөй калышканына бир саат боло элек сагыныша түшкөнүн кара! – деп бизди тиктеп, Жанара аяшым биринчи жолу кыткылыктап күлдү.

– Болду, эми бизге тийбегиле, жүр досум, – деп Жусукем күтүү залынын чыгыш жагын ээлеп жаткан кофеге карай басты. Түшүндүм да, үндөбөй ээрчидим. “Мынаны алып ий, жеңилдей түшөсүң” деди камкор досум.

Колундагы желим идишке мелткалт куюлган коньяк. Карап турамбы, шыпкап алдым. Демейде, “эй, булар баягысын башташты” деп чуу көтөрүп жиберишчү байбичелер бизди көрсө да, көрмөксөн болуп отурушту... Кийин байкадым, күтүү залынын төр жагында ортолук менен колду аркага алып, эки жердешибиз уйку качырып, аяк жазып басып жүрүшүптүр. Бири кадимки залкар жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков атабыздын калдайган караанын, төгүлгөн күмүш чачын элестеткен ары аалым, ары публицист Сулайман Каипов менен бою жагынан да, ою жагынан да сынчылдардын илгерки чыгааны Кымбатбек Укаевге окшош иним, кел-кели келип, китеп артынан китеп жазып кирген таланттуу жазуучу, “Жаңы Ордо” гезитинин кожоюну Бекен Назаралиев.

– “Оо, каякка жол алдыңар, баатырлар?!” – деген Сулайман аканын кулакка тааныш обондуу суроосуна:

– Египет тарапка буйруса, – дедим. “Буйруса” деген сөзгө негедир басым коюп айттым.

– Оо, анда силер алыс кетип атыпсыңар, Нил менен Пирамиданы көрүп бир кумардан чыгат турбайсыңарбы, а биз мынабу турган Стамбулга, – деп биз сурай элек өзү айжылдарды калтырбай каттап турчу Түркиянын чүрөк шаарын атап койду.

Ал-жай сурашып, бири-бирибизге ак жол каалап бөлүндүк. Бишкектин күнү чачырап чыкканда кыбыланы көздөй канат жайган самолётто стюардессанын “куруңуздарды курчанганды унутпаңыздар” деген жарыясына күлүп жибердим. Баягы Шумахер инимди эстеп алдым. Жанымда уйкуга көзү илинген Жусукем. Жолум буулуп калган жерден ажаат ачып, өзү менен алыс сапар ырыскысына кошуп алган айкөл досумдун олбурлуу денесин оң колум мени өзүмө тартып: “Сен болбосоң, салбырап Бишкекте калмак элем, “жандооч кийик аттырат” деген ушу да деп, ийининен кучактап, өзүмө кысып койдум.

Бир апта болду. Египетте эл катары эс алып жүрөбүз. Жусукем эрте мененки нанүштө үстүндө бир ачылыш жасап жиберди. “Билесиңер, бүгүн Абдиламит Мурзаевичтин туулган күнү. Кечээ күнү аста барып эс алуу жайынын чоңдору менен акылдашып көрсөм, досумдун өздүк майрамын өзгөчө кылып, болгондо да бекер, италиялык ресторанда өткөрүп бермек болушту. Булар бул кааданы башынан бери сакташат экен”, – десе болобу. “Бекер убара болупсуң да, Жусуке” дедим. “Убарасы болчу беле?! Андан көрө, сен туулган күнүңдү кайсы жерде өткөрүп жатасың, ыйык Египетте, мусулмандардын Мекке-Мединасына жакын жерде, мындай шыбага ар кимдин эле маңдайына жазыла бербейт, муну билип кой..,” деп Жусукем өзгөчө шаңдуу.

Адатынча дагы далымдан таптап коёт. Кечинде “Хилтон” эс алуу комплексинде, италиялык ресторанда атайын жазуусу бар үстөлгө келип жайгаштык. Беш адамды беш официант тейлеп жүрдү. Дасторкон үстү толгон дүйүм тамак. “Быякка келгенден бери араб достордун пивосуна курсак айрылгандай эле болду. Бүгүн досум, италиянын виносуна бир суусун кандыралы, кандай дейсиң?!” деди жаркылдаган Жусукем. Кечебиз көңүлдүү өтүп жатты. Тамак артынан тамак келет. Бу отуруштун күнөөкөрү мен экеними официанттарга көзүн ымдап көрсөтүп койгонбу, менин эле кашымдан кетишпейт... Ресторанда эл көп. Көп эл болсо да, сыбызгыган музыка ойноп, үндөрүн аста чыгарып, жаймажай сүйлөшүп отурушат. Жусукем “ушу отурган ар бир үстөлдө сендей болуп, туулган күнүн белгилеп отурган адамдар бар” деп күлдүрүп, биздин үстөлгө тамадалык кылып отурду.

Кечебиз ортолоп калганда, ордунан турду да: “Мен бүгүн досумдун туулган күнүнө арнап, бир ырдап бербесем болбойт” деди. Жанара аяшым эле эмес, биз да чочуп кеттик. Себеби, көп эл отурса да зал жымжырт, ал тургай, кокус кашык-вилкаң кагышып кетсе да өзүңдү ыңгайсыз сезип отурганда, биздин тамадабыз ырдайм деп чыкса чочубаганда... “Жусуп, кой, болбойт, отур, булар сени түшүнбөйт!” деп Жанара отурган жеринде ойдолоктоп ийди. Аркасынан дагы: “кызып алып ырдагандай бул жер сенин Бишкегиң эмес, сен Египетте отурасың, ону унутпа” деп бизге карап күлдү. “Жанарка, сен маанайды бузба, булар да ырдаган эл, ыр дегенди түшүнөт, сен үндөбөй тынч, ыр ук, алтыным” деди да төртөөбүзгө ырдай турган ырын аста “Ашыралы Айталиев, “Нарындан жазган салам кат” деп жарыялап койду. Жаңылга жага бербей калды, досума карап: “Жусуке бул ырын жылда досунун туулган күнүндө ырдайт, баарыбызга жагат” деп коштоп жибергенде Жусуке эки колун опера ырчысындай көкүрөгүнө кайчылаштыра башын чулгуп, көздөрүн жүлжүйтө ресторандын шыбына карап, бир саам тынч алып, анан баягы биз жактырган обонду созду дейсиң...

“Кылкылдап поезд баратса, кылгырып көздөн жаш тамган” деген Ашыкемдин классикасы мында отурган беш кошкон элдин көңүл кушун жазып жибергендей болду. Анын үстүнө, досум бул жолу бир башкача эргүү, шык алып созду дейсиң, Ашымкемдин айтылуу кайрымасын өзүндөй кылып кайрыганда көзүмө алыс калган тууган жер элестеп, кыргыз ыры Египетте, көп эл отурган сыйлуу жерде көпчүлүктү магниттей тартып алганына жетине албай көзүмө жаш келди. Жусукем ырдап жатканда аудитория өзүн кунт коюп угуп жатканын сездиби, бүтөрү менен айлана-тегерегине ийиле калганда, эми кол чапкан элди көрүп ал! Бизге коңшу отурган чет элдиктер ордуларынан туруп келип, Жусукем менен чөйчөк кагыштырып, “каяктан болосуздар?” дегенде жүзү нурданып, ырдын ыракатына бөлөнгөн досум “Кыргызстан! Айтматов!” деп кыйкырып айтканда “Оо-о, браво, браво!” дешип дагы кол чабышты. Мен да туруп келип досумду кучактап, “сенин ырдаганыңды Ашыкем өзү укса да, мендей келип сени кучагына кысмак, баракелде!” деп ушул мүнөттөрдө досума чексиз ыраазы болуп турдум.

– Жусуп Тургунбаевич, эми бул ресторандын ээлери сизди Кыргызстанга кетиришпей солист кылып алып калышпаса болду! – деп Жаңыл да аяшынын бүгүнкү сюрпризине жетине албай.

Досум ордуна отуруп жатып, жок дегенге бала кезинен көнбөгөн жоомартыгына салып башын ийкегилей, “боло берет, боло берет” деп койду. Ресторандан кеч чыктык. Керели-кечке деңиз боюнда кактанган эл көчө-көйдө жыкжыйма. Досум экөөбүз алдыга кетип, илгерки бала кездегидей моюндаша кучакташкан бойдон өзүбүз жашаган корпусту көздөй бет алдык. Толгон ай Кызыл деңизге кызгылтым нурун төгүп, төбөбүздө. “Ак булутту аралап, ай баратат” деп созгон Жусукемди мен коштоп кеттим. Чагымда экөөбүзгө тең Ала-Тоону аралап, сүттөй нурун төккөн ай элестеп кетти окшойт...

Эйфель мунарасы Париждин туш келген жеринен көрүнүп тургандай Пирамидалар да Каирдин кайсыл тарабында жүрбөңүз, анын аалам челген чокулары сизди таап алат. Туристтерди салган автобус Хеопс пирамидасынын маңдайына келип токтогондо элдин баары эстеликке буюм-тайым саткан жайма базарды аралап кетишти. Биз да кыя өтпөй бала-чакага деп белек-бечкек карап жүргөнбүз. Жусукем араб сатуучудан бир нерсе сурагандай болду эле, шыпылдаган жигит ошону эле күтүп тургансып, досумдун төбөсүнө арабдардын ала-була чарчычалмасын кийгизе койду.

Тегерек четте турган туристтер кол чаап жиберишти. Чын эле досума ушунчалык жараша түштү: “Жусуке, сага куп келишти, башыңан албай эле жүрө бер” десем, баягы араб да балээ экен, онун үстүнө орус тилин да анча-мынча билет окшойт, “Настоящий Фараон!” дебедиби, далысынан таптап. Чын эле Жусукем ушу турушунда цивилизация жараткан байыркы Фараондорго окшоп калган.

Ошол ошол болду, кийин төөлөр тарткан кош дөңгөлөк арабалар менен жарышканда да, Хеопс пирамидасынын бооруна чыгып, сүрөткө түшкөндө да досум аны төбөсүнөн түшүргөн жок. Мен Жусукемди эми Фараон дей баштадым. Өзүнө да жакты окшойт, кайрылган сайын, досум адатынча жүзүн жайнатып, каткырыгын салат. Чын эле досумдун Фараондон айырмасы жок эле. Биз билгенден, Фараондор айкөл, айтканынан кайтпаган өжөр, чечкиндүү, элди адилет, калыс башкаргандар болгон. Жусукем да миң сырдуу талант, тарыхты казып окуган, ой чабыты кенен, акыл куржуну чатырап, жаңы идеяларга, асыл ойлорго оргуштап турар эле.

Бизди артынан ээрчиткен гиддердин баянынын ала калган жерлерин түгөлдөп, толуктап, кошо жүргөндөргө “кыстырма” кыла коюп жүрдү. Ошентип көздүн жашындай болуп, Египетте жүргөн он эки күнүбүз аттап-буттап аягына чыгып, быссымылла деп турган жерге кайттык. Бизди салган самолёт Чүй боор менен сызып, “Манас” аэропорту көрүнгөндө “баягыларды” эстеп, Жусукем экөөбүз таза жыргап күлдүк. “Насип экен, сага кошулуп, Мисирди да көрүп келдим, сен болбосоң Бишкекте калып, туулган күндү өзүңсүз өткөрмөк экем” деп досумдун ак дилинен жасаган жакшылыгын дагы бир жолу эстесем. “Бу дүйнөң ошонусу менен кызык да...” деди Жусукем баягы сыпайылыгынан жазбай. Жүктөрүбүздү алып, сыртка чыксак, досум Сейит аяш уулумдун машинасында Жанара, Айбийке болуп, небак эле отурушуп, бизди күтүп калышыптыр.

Көрөрү менен: “Абдиламит Мурзаевич, үйгө болсо келдик, эми жолдон бир токтобосок болбой калат, не дедиңиз!? – деди досум. Учакта уктап келгенге бир топ сергек көрүндү. Токтой турган жер белгилүү, ал биздин айылдаш Мамат, Адыш агаларыбыз үй-бүлөсү менен көчүп келип туруп калышкан Лесное айылынын бир чекеси, бак-шактуу жер. Илгери кийин досум менен Ош тараптан бирге учканда ушул жерге токтоп, “казан асмай” адатыбыз бар эле. Ошол адатын карматып, сурап атпайбы.

– Жусуке, кайта берели, жолдон чарчадык. Буйруса, о жерге дагы далай жолу токтоп өтө турган күндөрүбүз болот, – десем баягы бирөөнүн көңүлүн калтырбаган жароокерим, “өзүң бил, анда. Үйгө аман-эсен жетип алалы” деп ат тизгинин шарт буруп, жөнөп берди.

Азыр ойлоп, “аттиң” деп өкүнө берем. Досумдун саздасын сындырбай жол четиндеги бакка токтоп, чөйчөк кагыштырып, Египеттеги сонун күндөрүбүздөн чала-була болсо да эстеп алмакпыз. Мүмкүн, Жусукем жакшы көргөн Сыймыктын “Күзгү жалбырагын” досумдун Египетте, ресторанда ырдаган ырына жооп кылып ырдап бермекмин, атаганат!.. Адам баласы эртең эмне болорун билбейт тура...

* * *

Жанара аяшымдын айтымында, досум ичээр суусу азайып баратканын билгендей акыркы күндөрү шашып жашаптыр... Усталарды шаштырып, жаңы түшкөн үйүнүн үстүн жаап, “ТЭЦтин түтүнүнө ышталып бүттүк, эми тоонун абасынан бир кере-кере жуталычы... Күздү күтүп эмне кылабыз, үйүбүзгө кире берели деп эми карап отура берчү заңгыраган имарат-тамга көчүп киргенден көп өтпөй: “Жанара, айылга баралы, көз көрсөтчү, куран окутчу жерлер көбөйүп кетиптир” деп аяшыбызды ээрчитип, айылда бир жумадан ашык жүрүшөт. Өзү чоңоюп-өскөн Алтын Казык, Уу-Төр тоолоруна, Котчан дарыясына карек кандырып, урук-тууган, айыл-апанын эшик-төрүн калтырбай шашпай сурашып (коштошуп!) кайткан экен, кайран досум, ай!

“Жусуп досуң мурун айылга барса эки-үч күн зорго турат, болбосо туйлап, кетеличи деп адамды шаштыра берчү, бу сапар кайра өзү мени этектеп, кайненемдикине бир күн жатып кетели, көптөн бери жакшы сурашып, сүйлөшө элекпиз деп, апам менен түндүн о бир оокумуна чейин отуруп, батасын алып кайтты эле... Айылдан Ошко машинада келатканда эми туш тарапка көзү чачырап, бир карайт дейсиң, келер-келгенче тууган жеринин көркөмүнө көзү тойбой келди. Коштошуп аткан экен, көрсө...”

* * *

Ковид элдин үшүн алып турса да, Жусукемдин тажиясына эл батпай келди. Кенен короого шыкалып, аягы тээ көчө-көйдө жүрдү. Доско туу, бейтаанышка бел болуп жүргөн Жусукем менен коштошууга келген алака-катышы бар көпчүлүк арасында министрлер, депутаттар, жал-куйруктуу ишкана-мекемелердин жетекчилери да жүрүштү. Алардын арасында турам, ойго чөгөм, Жусукем менен сүйлөшөм, күйүтү жок кубалашкан күндөрүбүздү эстейм. “Бирөөгө кылдай кыянаттык жасабаган сендей адамдар бу асман астында көп эмес досум, өлчөөлүү өмүр берген Кудуреттин күчү ушунда экен, кош дешээр убак келди окшойт, досум!.. Бешенеңе жазылган кандай иш, кандай кызмат болбосун, каниетчил кадырың менен адал жүрөгүңдү арнап, өзүңө кетпес дөөлөт оодардың, досум. Эгемен жылдары ооматтуу Ошто ишиң жүрүшүп, катары менен жети губернатор менен жигердүү иштештиң. Түштүк элинин каржы маселесин Ак-Буурадан агып чыккан тунук булактай таза кармап, күнүмдүгүн эмес түбөлүгүн ойлоп, эл алкышына татыдың. Ошо парасаттуу ишиңе карап, кийин өлкөнүн Кыргызпочтасына жетекчи болуп дайындалганыңда бул тармакты түп-тамырынан реформалап, тарыхта биринчи жолу кирешелүү тармакка жеткизбедиңби! Кыска өмүрдө эки тизгин, бир чылбырды колуңдан чыгарбай илим жаатында да суктанаарлык салым кошуп, экономика илимдеринин доктору, профессор, академик деген атак алдың, эл оозунда дагы далай мезгил санжыра болуп айтыларың бышык, досум!

Кайтып эле, Египетке барганыбыз эсиме түшөт. Улуу пирамидалардын маңдайына токтоп, “карачы, бу арабдар рассакам акылман эл болот экен, адамзат акылына сыйбаган анандай пирамидаларды тургузуп коюптур, булар кыламдар бою тура берет да!” деп тамшанган элең. Жусуке, сен дагы бу жашоодо өзүңө өлбөс-өчпөс пирамида тургузуп кеттиң! Алар сенин артыңда калган, эчен кылым аңыз болуп, эл оозунда айтылып калчу асыл эмгектериң, анан асман тиреген чынарларың: Руслан, Мелис, Сейит, Жылдыз, Акбермет жана убап-чубаган неберелериң! Ошо пирамидаңы кошо курган, жарым кылымга жакын жаныңда өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон, биз, достору дайыма “Курманжан датка аяшыбыз” деп терең урматтаган, жанда жок алпейим Жанара аяшыма Кудайдан узун өмүр тилейбиз!

Жусуке, алтын досум, адатта, адам жактырган адамдар көп, а бирок да, Кудай-Таалам жактырган адамдар аз болот дешет. Сен ошо Жаратканымдын жакшы көргөн пендеси элең, эми кайсы бирин айтайын!!! Өзөктү өрттөп, куса көрбөгөн жүрөктөрдү кусалыкка батырып, жарыкчылыкты таштап, акыретке узап баратасың, сенин жаркылдаган жанда жок жылдыздуу элесиң жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат! Жаның жаннаттан жай тапсын, кош эми, менин кыйбас жан досум!!. Аза күтүү зыйнаты аяктап, досумдун жаназасы окулгандан кийин кылкылдаган элдин катарында Ала-Арча көрүстөнүнө бет алдык.

* * *

Өгүнү үйдө отуруп, сөздөн сөз чыгып, оозума сала бергендей: “Египетке дагы бир барып келбейлиби.?.,” деп калдым. “Фараон досуңду сагынган окшойсуң..,” – деди Жаңыл дароо эле.

– Чындап эле Жусукем менен ойноп-күлгөн баягы жерлерди сагындым.., – деп, эртең эле жөнөп кетчүдөй агыман жарылсам, Жаңыл дагы жөн калбай:

– Буйруса, барып калсак, паспортторду унутпайлы.., – деп адамды күйгүзөт.

– Эми өзүбүзгө ушар бололу, жаныбызда баарын баягыдай жайгарып кетчү Фараон досубуз жок.., – деп сумсайыңкы айттым да, өмүр бүтөр-бүткүчө айтып жүрөр, Жусукем менен болгон күмүш сыргалуу күндөрүбүздү кайта баштан, шашпай эстеп кирдик...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз