Абдиламит Матисаков: Тактектик кыз

  • 19.06.2021
  • 4129

АҢГЕМЕ

- Балам, Прунзаны алып берчи...— Жаймажай чыйбаркыт шымынын чөнтөгүнө кол сойлоткон Нарбай чалдын байланышта олтурган кызга айткан саламы да ошо. Издегени колуна урунбай, чөнтөгүн аңтар-теңтер кылган чал кыйлада боюн түзөп, көзөнөктүн кырына өбөк артты да, ширин өрүктүн данегиндей көздөрүн ирмегилеген кызга сонуркайт. Тиктегени кызык. Жымшык көздөрүн кадап тура берет, тура берет. Ушул жарык кабак кыз ага алыстагы бир боорун кайсы жактандыр таап, сагыныч күсөгөн дилдерин кошчуудай туюла берет. Күндөн-күнгө ага ичи элжиреп, «кызым» деп жакындаганы да ошондон.

Почто түйүнү жайгашкан эки кабат үйдүн босогосун аттай, өзүнүн ылык тамына киргендей («мүмкүн, калаада жүргөн уулум да ушундай тамда жашаар» деп өзүнчө чемелеп койчу) чекеси нымшып чыгат. Жылуу учурашчу кыздын жумушка чыкчу нөөмөтүн, келип жүрүп, билип алган. Адашпайт. Жумага келгенде баш бакмай, уулу менен ошол күнү сүйлөшмөй адат тапкан. Айтса-айтпаса, тиги тоо арасынан элүү чакырым жол жүрүп, райондун борборуна ат тезегин кургатпай каттаганга чамасы да чак. Байланышчы кыз да ага көнүп бүттү. Жума күнү элеңдеп, эшик тарапка кылчактап тынчы жок олтурат.

Бир жолу жайдын саратаны бекен, ак жегдечен[1], Мурза чөлдүн тордомо коонун колтуктаган чал почто түйүнүнө көңүлү шайдоот кирген. Күтүү залындагы улуу-кичүү зымга конгон чабалекейдей «зып-зып» учуп, орун бошотту.

- Келиңиз, ата. Ата, дем алыңыз!— Нарбай чал баш ийкегилей түз көзөнөктү беттей басты.

- Түзүксүңөрбү?!—Коңур үнү бөлмөдөгү тынчтыкты жарып, сыйра-сыйра жаңырыктады,— Дагы сүйлөшкөнү келдим. Жалгыз баланын сагынычын билген билет... Үнүн эшитсең эле канча кубат, каниет... Муну түшкү чайыңарда союп жегиле, ширин палек. Силерге деп атап алгам.— Коонун туура көтөрүп, көзөнөктөн ары узатты. Байланышчы кыз мындайды күткөн эмес. Кулагына чейин кызарып, тайсалдайт.

Ой, коюңуз, ыракмат. Убара болбоңуз. Үйгө алпарып, неберелериңизге союп бериңиз. Жесек, өзүбүз сатып жейбиз. Жеп жүргөн коон...— Ал миң чебелектеген менен келип-келип улуу адамдын колун суутканды туура көрбөдү. Ага болбой чал көгөрөт.

- Сунган оокатты кайтарган болбойт. Карынын бергени таберик деп, жей бергиле. Жашсыңар, эмне менен ишиңер бар. Ошо Прунзада жүргөн уулум да коонго ушундай бир куштар десеңиз, тим эле... Силерди ошол жаманымдан кем көрбөйм...

Ал күнү калаадагы уулу менен сүйлөшкөн Нарбай чалдын: «Оо жакта коон-дарбыз кеңириби?». «Мурза чөлдүн коону кем барабы?» «Кыймат болсо болоор, пулдун көзүнө карабай барында тоё-тоё жеп алыш керек!» деп бак-бак эткени байланышчы кыздарга шашпай угулуп турду.

*      *      *

- Буяк чөнтөгүмдө жүрүптүр, зорго таппадымбы. Карма, кызым. Чоңураак кагазга жаздырып албасам, колго оңой илинбей калыптыр.— Тумардай көрүп, керек учурда гана кызга көрсөтүп, кайра катып алчу эки эли кагазын сунду.

- Мунсуз о жактагылардын биз менен түк сүйлөшкүлөрү жок,— деп чал өзүнүн сөзүнө өзү ыраазы.

- Уулуңуздун телофон номерин ансыз деле билем. Тек эле коюңуз.— Байланышчы кыз биринчи жолу чалды таң калтырып, кагазга карабай заказ бере кетти.

- Узак сүйлөшөсүзбү?

- Мурда кандай сүйлөшсөм, ошондой эле бере бер. Иштеги адамдын колун кармаганды ким жакшы көрсүн. Намаз убактысы да зыктап турат.

Нарбай чал бери басканда орундуктагылар удургуй өйдө турду. Жайланышкандан кийин колундагы кагазга көз кыйыгын таштаган тестиерге ыктады.

- Мында эмне деп жазылыптыр?— Баланын айтканын көңүлгө түйүп кала албаса да, ал алыстагы уулуна таандык экенине сыймыктангансып койду.

- Фрунзе, Фрунзе, 5-бөлмөгө!— Байланышчынын үнү түпсүз санаага термелген Нарбай чалдын оюн үзөт. «Кайсынысына кирем?»— дегендей жан-жагына карбаластаган чалды олтургандар жаалап ийишти.

- Четкисине, берки четкисине кириңиз.

Бирдей ушул көчүгү айланбаган бөлмөгө кирерин-кирип алып, тегерегин кайсалаганын айтпа. Күңүрттөнгөн бөлмөгө көздөрү үйүр алганча телефонду сыйпалап жүрүп табат. Байланышчы кыз үйрөткөндөй тебетейин жанына коюп, телефондун туткасын кулак тушуна кармайт. Ошондо жүрөгүнүн лакылдаганы көөдөн-боюн солкулдатып жибергенсийт...

*      *      *

Бул жолу да калаада жумушу чачынан көп уулу беймаал шыңгыракты колду кармаган шылтоодой көрүп, трубканы тайсалдап жатып алды. Байланыштын аркы учунан ичке үн бир айтканын миң айтып, үн безейт.

- Фрунзе, Фрунзе, алоо, бул Фрунзеби?

- Ооба, угуп жатабыз, сүйлөй бериңиз?

- Нарбаев бекен?!—Маматкарим тактектик кыздын үнүн дароо тааныды.

- Ооба, Нарбаев деген бизбиз. Саламатсызбы?! Ноокат кандай?—Тактектик кыз кепке анча тартылбайт. Демейдеги сөзүн айтып, байланыштан чыгат. «Атаңыз менен сүйлөшүңүз!»

Маматкарим ошондо гана бүгүнкү күнгө жума экенин, басса-турса өзү жөнүндө ойлогон атасын эстей, бир заматта өрөпкүп чыгат. Байланыштын аркы учунда жарым саатпы, бир саатпы, дайыма эрте келип, ушу сүйлөшүүнү зарыга күткөн атасынын кабажык жүзү элестей, көздөрү каканактайт.

Атасынын телефон кармаганын бир да жолу көрө элек. Аны тактектик кыз үйрөткөн имиш. Атасы өзү айткан. Дагы бир күлдүрүп, сөз кылып калар кеби бар эле. Уулу менен алгачкы сүйлөшкөндө: «Балам, угуп атасыңбы, бул мен — атаңмын, атаңмын дейм — Нарбаймын!»—деп кыйкыра бериптир, пусурман. Эч нерсе уга албай кыжаалат болгон чал сыртка баш бага: «Кызым, тилпаның үндөбөйт ко, өчүрүп койдуңарбы?..» дейт. Ошондо тактектик кыз келип, боору эзилгенче күлгөн дейт. Көрсө, атасы телефондун сүйлөшчү жагын кулагына такап, кыйкыра бериптир...

Маматкерим айылга келген сайын атасы эбин таап сөзүнө тактектик кыз жөнүндө кошот. «Сага тилпан чалып турчу кызга ушундайда кирип кой. Колуңа — кол, бутуңа — бут болгон ыманы ысык, илбериңки неме. Чаглайын[2] келтирип, учураша кеткениң оң. Жетине албай калат. «Мен баягы жума сайын уулу менен сүйлөшчү бүкүрү чалдын уулу болом» де. Айта бер. Намыс кылба. Белим бүкүрү, эңкейип басам, карыганда киши абат боло беле. Атаңдан асти, намыстанба, балам. Ошо кыздын деле мендей атасы бардыр. Жакшылыгын көп көрдүм. Ошент, андан бир жериң кемип калбайт. Көңүл деген болот. Баары табылат. Бирок көңүл деген табылбайт... Бир сапар сени сураган. «Гезит чыгарат» десем, «кайсыл гезитти, гезит көп эмеспи» деген, «ушу эле, күндө силер окуп жүрбөйсүңөрбү» дептирмин. Биздин акыл ага жетсе гана, атаганат. «Ата,— дейт бир күнү дагы,— апта сайын эле сүйлөшүп убара болбой, уулуңузду кат жаз дебейсизби. Канча пулуңуз короп атат...» «Кат жазганга чолоосу болбойт окшойт. Жазган күндө да аны окуп бергенге үйдө бирөө болсо экен. Өзүм кат тааныбайм. Тилпан чалсам, үнүн эшитем, чыйралам, белим да өйдөлөгөнсүп калат, кызым» деп ачыгын айттым. Андан жашыргандай эмнем бар... Ошондон бери кайрылып сени сурай элек. Ошо Гүлзат кызымды газетаңа чыгара аласыңбы? Чаглап көр, татый турган кыз. Иши жеңил эмес. Күндө алдына канча адам келип, канча адам кетет. Жакшылык кабар, жамандык кабар деген бар. Баарына үзүлүп түшкөн жароокерлигин айт...»

Маматкеримдин үйгө келгенинен кеткени бат. «Аякка барам, быякка жолугам» дейт да, күндүн көзү көрүнө электе турат. Нарбай чалга баары бир. Кайра «көп мага алаксыба, соңунда жүргөн ишиңди өөдүк-сөөдүк кылбай бүткөр. Жанымда бир күн болосуңбу, эки күн болосуңбу, санааң тынч жүргөндөй болсун» деген сөзү оозунан түшпөйт. Уулу келген күнү өзгөн күрүчүнө палоо басат. Бул адаты Маматкеримге ого бетер жагат. От боюнда көп туруп, боору ыш алган чайнектен чай ичип, атасына өрүк комузун черттирип, «Бекарстан» менен «Саринжи Бөкөйдү» угат. Эси-дарты ушул күүгүм чалган сокмо тамда өткөн балалыгын көңүлүнөн бир сыдырып алуу. Атасын ойлойт. Жалгыздыкка шериктеш жүргөн Нарбай чал бүгүн этегин баса олтурган уулуна жетине албай, көңүл сүйүнүчүн күүгө айлантып төгөт...

*      *      *

- Ата, демдүүсүзбү?— Бирдей телефондо кебин ушул сөз менен баштарын бүгүн сезген Маматкерим уялып кетти.

- Шүгүрчүлүк, оокатым жаман эмес, эл катары...— Атасы сабырдуу кебинен жазбайт.

- Айыл-апа, коңшу-колоңчу?..

- Тынччылык. Бардыгы өз-өз дарди менен. Өткөн-кеткен кирип, абалымды сурап турганына миң эсе шүгүрчүлүк. Көбүнчө сени сурашат. «Балаңыз окуусун жакындаттыбы? Көздөн далдаа жүргөнүнө кыйла жыл болду, каякта?» — дешип түкшөмөлдөшкөндөр да бар. Иштеп атканың менен иштери жок...— Чал сумсая түшкөндөй болду. Ортого сөз түшпөй ата-бала дардисаар тынымга кабылды.. Алыста жүргөн менен эки оюнун бири бул жакта болуп, жегени жегендей болбой кусалыкка малынып жүргөн уулунун көңүлүн ачкысы келди.

- Ии, эмне үндөбөйсүң, соргогум? Курсагың кантип атат?

Калаадан келе калганда ушу суроосуна уулу жыргап жатып күлөр эле. Шаардагы көп тамактын түрүн айтса «суук» деп чал бирин да жактырчу эмес. «Пулдан кантип атасың?— деп мыйыгынан күлүп койчу,— Шаар жерин билебиз, суусунан өйдө сатып ичесиңер?»

Нарбай чалдын Маматкеримге кападар болгон себеби бар. Ал ушуга чейин атасынан байланышчы кыздын жөн-жайын бир да жолу сурап койбогону. Жок дегенде «сизге канат-бутак болгон кыз каерлик экен? Аты-жөнү ким?» деп койсо оозунун жели коройбу? Бала да, башына түшкөндө билер.

- Чөп-чарыңыз кандай? Кышта кыйналбайсызбы?

- Менден камтама болбо, эл катары тың элемин. Директир бир телешка мака пая түшүрүп берген. «Мартабаң аша берсин» деп батамды берсем, «шаарда иштеген уулуңуз жалгыз болсо да түзүк чыгыптыр. Аны-мунудан кем-карчмын деп көңүлүн алагды кыла көрбөңүз. Укту, колунан иши түшөт. Жок болсо, жетишинче кайрылышып турарбыз» дейт. Иш билги атанын уулу да. Сөзүн кара...

- Алардын эшигин көп эле сагалай бербеңиз...— Уулунун намысына тийгенин айылдык чал сезип калды.

- Ушул бергенине да шүгүрчүлүк, уулум. Ким барат дейсиң аякка. Үч-төрт карайкыны багалбай имне болупмун. Атаңы дагы жакшы биле элексиң, ашына... Чалдар чогулуп, запхоздун кырманында мака башын кайрып атабыз. Башыбыз кошулганга карылык эстен чыгып, жыргап калдык. Каруудан али кубат кете элек экен...

- Күз келип, бир жактан той көбөйгөндүр...

- Элди береке-кут басып, ким болсун колундагысын бергиси келет экен. Чакырган жерлер түзүк эле. Катардан калбайм. Эшегиң түшкүр, кашаң. Көргөн белең? Бозоргон бир мада эмес беле. Арык аттай албайт. Куруп бүткөн да. Жакшысы чыкпай жүрөт. Пулдун көзүнө карабай туруп, сатып албасамбы. Баягы салган пулуңдун чети оюлбай турат.

—Белиңиздин оорусу кандай, догдурларга көрүнүп турасызбы?— Маматкарим үшкүрүп койду.

- Көрүнмөк түгүл, сүрөтүн дагы алышкан. Суук түшөрдө белимде жүргөн доңуз копкондун темирине жан киргенсип козголчу болду. Уюп, бастырбайт. «Операцияга жаткызган менен дарманыңыз жетеби-жетпейби...» дешип доктурларың өздөрү күмөндөр. Көбүрөөк басып койсом, белиме бирөө минип алгансып оордошом, демигем...

Жанатан бери экөөнүн сөзүн тыңшап олтургансып, ортодон байланышчы кошулат.

- Сөзүңөрдү бүткүлө! Убактыңар аяктап калды.

Чал чочуйт.

- Эмне дейт!

- Ата, бизге айтып атат, убактыбыз бүтүп калыптыр, жакшы калыңыз...

Чал шашат. Сөздөрү чалды-куйду.

- Жакшы бол, балам. Жаманга кошулба, ичкен немелерден алыс бол. Караңгылап баспа, кечкирди үйдө ишиңди иштеп отур...

*      *      *

Байланыш бөлүмүнөн чыгып, тепкич ылдый биринчи кабатка түшөөрдө Нарбай чал чалгы менен чапкандай капталынан жыгылса болобу. Бөйрөк тушунан өйдө «болк» этип, көзүнөн от чагылды да, кадам шилтей албай ордунда чөктү. Көздөрү жалдырап, кыңкыстайт. Козголсо эле кабырга алдындагы доңуз копкондун темири кыса чеңгелдөөчүдөй былк этпейт. Жандай салып, экинчи кабатка көтөрүлгөндөрдүн «алы-күчү кеткенин билип турушуп, үйүнөн алыс чыккандарын коюшпайт...» дешкенин угуп калып жатты.

Гүлзат тепкичте жамбаштаган чалды көргөндө кыйкырып жиберди.

- Ата, сизге эмне болду? Табыңыз айнып турабы?

Кары үндөбөйт. Көздөрү эле жалдырайт. Кеп айтты дегиче капталындагы желмогуз жанын чыркыратып, чеңгелге алчуудай окчорулат. «Алыс узап кеткенимде кана, алысыраак чыгып алганымда кармаса эмне... Чыйраксынып жүргөн жаным кыздарга уят эле болдум. Жаш баладай эмгектеп... Ох, жан дегендин шириндигин кара, жанараакта эле ажайып тартылган тегеректин бир заматта кунары учуп кеткенин кара...»

Тез жардам келгенче Гүлзат кыздары менен макулдашып, Нарбай чалды ооруканага жеткирип, эмне болот, кантет, баарын көрүп келем деп чечти. Врач келгенде чалдын көзүндөгү боз туман саал тарап жүзүнө кан жүгүргөнсүдү.

- Чоң арыштап алдым окшойт. Карыганда кайда шашам десең. Анын үстүнө бөйрөк тушумда көтөрүп жүргөн «темирим» бар эле.

- Көп сүйлөбөңүз,— ак халатчан аял кол учу менен чалдын колтугун басып, көрүп жатты.— Ооруганда айтыңыз.

- Кызым, оорум эски. Кез-кез кармап, эсимди оодарат. Азыр түзүкмүн.

- Жакшылап оңолгуча ооруканада болосуз.

- Ошо балнисаңды кой, балам. Эшик-үйүм ач-жылаңач. Карай турган эч кимим жок. Мал-салым бар. Чачылып калат.

- Об-бо мусурман адам эй! Өзүнүн кандай абалда экени эсинен чыгып, малын айтканын. Кана, аста өйдө туруңуз. Угуп атасызбы?— Аял колтугунан жөлөй берди.

- Эшитпей анан... Тек эле койгулачы мени. Гүлзат дагы кичине олтурсам, аттай туруп, басып кетем, балнисага өмүрү жатып көргөн жан эмесмин. Мага болбойт.

Гүлзат ортого түштү. Чалдын көңүл кыжаалатын сезип, кыя албады.

- Эски оору болсо, саалдан кийин тынып кетер. Мен жанында болом. Үйгө барганыбыз түзүк болоор...

- Сиз, эмне, кызы болосузбу?— Врач аял Гүлзатты эми көргөнсүп, сынаакы карады.

- Ооба... — Айтарын айтып алып, жалган сөзү бетин дуулдатып кулагына өтө чыкты. Чал Гүлзаттын кучагына жыгылып түшпөсөм экен дегендей чебеленип, тепкичтерге дарманы качкан аяктарын этият коюп ылдыйлайт.

*      *      *

Автобус айылдан суурулуп, озондой, өр тарткан жолдон жаңы чыгып, күү алып ылдый жортуп жөнөгөндө Нарбай чал козголду.

- Шопур балам, шундай токтоп кой! Түшүп калалы,— дегенде автобустагы чоң-кичүү туш-туштан чыкты.

- Эшигинин алдына токтомой адатын качан калтырар экен бу киши...

- Өкмөттүн машинасын өзүнүкүндөй көрөт...

- Көпчүлүккө кошулуп, дүкөндүн оозунан түшүп калбайбы. Астанасына келгенде машинаны башына кийип кыйкырбай...

Шофёр жигит акылдуулук кылды:

- Көнүп калыптыр, кантебиз. Койгула, силердин да ээгиңерге сакал бүтүп, карып-арыйсыңар. Ошондо он метриң чакырымдай көрүнөт. Ага күлүп болбойт. Нарбай аба, буларга кулак салбай, түшө бериңиз.

Чалдын ооруган жери кайра сыздап чыкты. Эмелеки акааратчыларга үндөгөн жок. Болбосо, кайрылып айтчу эки ооз сөзү даяр эле. «Сен дагы бөйрөк тушуңа кырк экинчи жылдын осколкосун салып жүрсөң, менин алдымда өкмөттүн машинеси турса, куду төшөгүңдүн гана үстүнө кумалатып салып жүрө берет элем» демек кире бериште чууну көбөйтүп олтурган сымбаттуу жигитке.

- Гүлзат балам, кана жол башта, түшөлүк,— деди шагы сына түшкөн кары.

*      *      *

Жарымы шифер менен жабылган, жайпак там алты көчөнүн бүткөн жерин билдирип, окчун турат. Гүлзат эски, кулагы сынык казандын алдынан ачкычты тапты. Кары үй-тиричиликке тың экен. Идиш-аяктардын алдына жаңы газеталар төшөлүп, үй ичи тукумдай акталган. Жүзүнчү электр лампасы бөлмөнүн так ортосунда салаңдайт. Жууркан-төшөк жыйылган төрдө өрүк комуздун катарында илинген алкакка чоңойтулган түстүү кош сүрөт Гүлзаттын көңүлүн бурду. Пахталуу жоолугун арчына салынган, жүзүндө али карылыктын чийими жок чырайлуу аял менен маңдайында бир тутам көкүлү сербейген «Тынч океан флоту» деген жазуусу бар суучулдардын баш кийимин чекесине кыйшайта кондурган тестиер бала жаңы мейманга ызааттуу тигилет. Бул чалдын Фрунзедеги уулу, ал эми карегине ой тундурган аял болсо үй ээсинин маркум байбичеси экенин боолгоду.

Нарбай чал келгенден быякка тынбады. Оорусу бая эле эстен чыккан. Гүлзаттын эки-үч жолку эскерүүсүнө кулак каккан жок. Бара-бара ээн жаткан короо жанданды. Жөжө ээрчиткен тоок, казыгы менен жибин сүйрөгөн кашка торпок короо ичин кезип жүрдү. Чаркар ичинен эшек үнүн баспайт. Кайдан-жайдан пайда болду. Ала мышык Гүлзаттын буттарына оролуп, айтчу нерсеси бардай улам тегеренет. Эски тандырдын алдынан боюн керип, ээсинин келгенин билген шалпаң кулак, сары машке суурулду. Жаңы келген адамга түсүн үйрүп, айвандын алдынан кетпейт.. Алар Гүлзатка азыр-азыр сүйлөп жиберишчүдөй туюлат...

Гүлзат очоктун күлүн тазалап, тезек калап, от жакты.. Айвандын алдына суу сээп, мизилдете шыпырып чыкканча абдестедеги суу атып кайнап чыкты. Чай демделди. Нарбай чал менен Гүлзат жыгач сөрүдө чайга олтурушканда күндүн кызгылт нуру Алтын Казыктын шиш чокусун чалды.

Гүлзаттын сөзүн баш ийкей уккан чал ага суктанып да олтурду. Кези-кези менен сөзүн суроо бергенден баштап, бирок ага жооп күтпөй кебин улантат.

- Буякка биринчи келишиң да?.. Тактектиктер бизге тага болот. Базар-учардан учурашсак «кандай, тоолуктар, качан мал алып түшөсүңөр?» дешип калат. Буяктын чөбү мал үчүн май эле. Биз алып түшкөн малды базарда бир мүнөткө тургузбайт...— Гүлзат кепке кулак төшөгөндөй болгон менен ою эки анжы. «Үйдөгүлөр эмне деп калышты? Калпыс ойго жоорушуп, эртеңкиге чейин жарылып кетишер бекен. Көрөсүң, сааркы автобус менен апам түз эле иштеген жериме келет. Болгонун болгондой айтам да... Алар мынабы чалдын ордунда болсо, кантишээр эле...» Кичүү инисин эстеди. «Коруп жүргөн кызыңарды бирөө ала качты, ажеп болду. Тойдун даярдыгын көрө бергиле! Анан кайда кетти дейсиңер?» — деп оюн-чыны бир нерсе десе, араң жүргөн немелер түп көтөрө тополоңго түшпөс бекен...

- Уулуңуз кийинки сапар качан келди эле,— деп коюп Гүлзат карынын жүзүнө тик багалбай, бүткөн боюн жылуу илеп каптады.

- Келип-кеткенине бүгүн...— Нарбай чал көздөрүн жумду да, ошол күндү акылга салып, тактап жаткан өңдүү,— бүгүн туура эки кем токсон күн болот. Үч айга кетиптир го. Тобба, көз ирмемге токтобой үч ай дегениң зуу өтүптүр аа. Күн кыскарды...— Бир демге үндөбөй калат да, чочугандай эле:

- Кечээ күнү коңшум Артыктын үчүнчү класста окуган уулу келиптир. Мынабы эле тумшугу көрүнүп турган үйдө турушат. Жагжаңдап сөзүнүн баш-аягы жок. «Маматкарим акамы көрдүк. Телевизорго чыкты. Биздин айыл, чалдар жөнүндө кө-өп сүйлөдү. Сулайманкул, Ишенбай, Ботобай, Таабалды абаларды «ветерандар» деди. Сиз жөнүндө унчуккан жок. Атам да көрүп отурган. «Өзүнүн атасын айтпаганы ырас болду. Ал кишини ансыз деле жакшы билебиз» дейт. «Сиздин медалыңыз бар эмес беле. Ошону айтат экен деп эки көзүбүз төрт болду» деп бозорот. Ичим ачышты. Жо-ок, баланын атасы жөнүндө эки ооз сөз табалбаганына эмес. Айылы жөнүндөгү баянын угуп, ыраңын телевизордон бир көрүп калбаганыма, кээде өзүмчө олтурганда кемий берем...

Гүлзат сүрөттөр жөнүндө билип туруп сурагандан тартынды. Кечки иңир коюуланып, жыгач сөрүнүн төрүндө көлөкөсүн арбаңдаткан чал ширелүү сүйлөйт.

- Балам, ти тооктордун бирин тутушуп бер. Үйүмдө айда, жылда келбеген азиз мейманым бар. Куттуу үйдөн кур чыкпайт. Шорпо болсо да ичип кет, насибиң билет, бүгүн бул жердесиң, эртең каяктасың...

- Оокатка убара болбоңуз, ата. Чай ичпедикпи, кобурашып олтурганга келбейт.— Меймандос кары сөз бербейт!

Тооктор өрүк шактарын конорго көрүп, кечкисин бак ичинде түнөшөт экен. Нарбай чал эңкейе калып, жыртык көзүн ачып-жумуп мерчемдүүсүн издегенсийт.

- Карылык элден мурда көздүн курчун алат экен. Аксагы бар эле туубай калган. Семиз. Чылкылдаган эле май. Сага буйруган экен. Көзүң курч, карасаң. Четирээк, коомай кончу эле. Аста басып, түз шыйрактан ал, шамаралаш бокту да көрбөйт.

Гүлзаттын күлкүсү кыстады, пиаласына эңкейимиш болуп, тишин-тишине басты. Тамак желгенден кийин да сүйлөшүп узакка олтурушту. Калаадагы уулу келгендей Нарбай чалдын көңүл ичтейи бүгүнкүдөй ачылбас. Сөзгө дегеле март.

- Эртең, түштөн кийин Алмалыга жөнөйм,— деди ал пиаласындагы чайды шыпкай ууртап,— Аякта Жээнбек деген тагабыз бар. Үйү куду көмүр кендин өзүндө. Көмүр терет. Топудай, топудай кылып ар, ар жерге үйө берет, үйө берет. Келген-кеткен түзүк эле. Чогултуп сатат. Анча-мынча пул түшөт. Кичине ичет. Ичсе да колунда берекеси бар, үйгө кайрымдуу неме. Балалуу. Аялы эки-үч эрден чыгып, ушуга токтоп, такымы канап удаасы менен кызын кыздай, уулун уулдай төрттү тууду. Тагабыздын багы кең ачылып, эми балдары жаш. Мага жылда көмүр үйүп берген да ошо. Көз чамеси таразакечтин баамын басат. «Бул үймөк эки жарым, мунусу үч тонна десе эле талашып, мазесин алба. Айтканы айткандай чыгат. Кылган иши ошо болуп калды да. Аялы балалуудай эмес. Зыкымдыгын айта көрбө. Тагамын колуна зыгыр тыйын карматпайт. Болсо шыпыра шак-шак алып тынат. Саарлап туруп, билгизбей кокту этектеп, көмүр үймөктөрдү эсептеп келет да, бечара тагамды жакалап: «Кечээ күнү үч үймөк сатыпсыз пулу каякта»— деп кактабай канын алат тура. Ошондойдон сактасын, балам. Ичкени — ирим, жегени — желим болгон адам кызылга имерилбей анан. Көңүлүн көтөргөн, дене-боюн балкыткан ошол болсо, ага кызылдан артык эмне жакын... Бара калганда көп отура албайм үйүндө. Кайткыча шашам. Аялы өзүнөн-өзү кагынып-силкинип, кармаган нерсесин кагыштырганга өтөт. Үйүнө кирген адамды душманындай көргөн адамды биринчи көрүшүм. Эки чайкам чай куйса да, жадыраган ачык маанай менен отурса, жаш козунун шорпосун ичкендей болосуң го.

Өткөн жолу барганымда «көмүрүм кантип атат?» дедим. Тагам суроомо баш көтөрбөйт. Далымда аны жеп жиберчүдөй тиктеген аялынын заардуу көздөрүн сезип турдум. «Болот, болот...»— деп тим болду. Узатып чыкканда жарылды. «Жанагынын көзүнчө тилим байланып калат... «Чаң жутуп, кан түкүрүп жүрүп ар жерден чогулткан көмүрүңдү бекерге эле кармата бересиңби?»— деп киши кеткенден кийин жаныңды сууруйт. Көмүрүңүз даяр, жээн. Машина таап келе бериңиз. Ага чамаңыз жетпесе, өзүм унаа таап, жүктөп берип жиберем. Тааныш шопурлар бар... Жол киреси деп колуна беш-он сом берип койсоңуз болду» дегенде чыдай албадым.

- Тага, тажеңе менен отуңар күйүшкүдөй эмес. Бириңин сөзүң бириңе жакпайт.

- Э-э,— ал көңүлү жок кол шилтей, кырлары сөгүлүп, саргайган кагазы баш баккан тажик топусун желкесине жылдырып койду,— Эски кесел да. Бу жокто да турмушум кылдырап түзүк эле. Бешенең түшкүрдүн бешенесин караңыз. Көздөн учкан наристелерди чуурутуп, тууп бергенде төбөмө көтөргүдөй болуп, бу дүйнөгө батпай жүрдүм. Ээ, кайсы бирин айтасыз, барып-келип эле өзүмө-өзүм ыраазы. Кашымда балдарым турса, кем-карчым да билинбейт. Апасына таарынган менен ананайындарымдын кыял-жоругуна жазылып кетем. Бу дүйнөдө ошолор үчүн жашап, ошолор үчүн күн өткөрүп калат окшойсуң...

Коштошоордо көмүрдүн кылоосу сиңген колунда беш сомдук пулу жүрөт, андайы жок эле.

- Муну жол кире кылып кетиңиз жээн. Мээнет менен табылган нерсе,— десе болобу.

- Кой, Жээнбек, мен ыраазы. Куру эмесмин. Пенсиям менен келгем,— деп жакын жолотподум. Болбой жармашат..

- Жолго жакшы, алып коюңуз. Болбосо магазинге кирип, ичип алам да, үйгө барып, баягынын эсесин чыгарам,— деп тиштенип алыптыр.

Бири-бирине ынтылып, ооздорунан ак ит кирип, көк ит чыккан ата-эненин ортосунда үрпөйүп, ары-бери жапырылган балдарды эстей албай койгонго болбоду. Ошондой бири-бирине ылыгы жок үй-бүлөдөн сактасын. Бейкүнөө балдардын эле шору. Жер көз болуп, бирөөгө тике карап, оюндагысын айта албагандан өткөн азап барбы... Эртең Алмалыга көмүргө жөнөйм.

Гүлзат короз чакыра электе турду. Сыртка чыкканда Нарбай чал булоолонуп, муздак сууга даарат алып жүргөн. Доошу таңкы жымжырттыкты жарып, шаңкыды.

- Жакшы жатып, жай турдуңбу, кызым?!

Чал көрдүбү, көрбөдүбү, Гүлзат баш ийкеди.

*      *      *

Мындай болуп кабар угарын Нарбай чал күткөн эмес. Жумадан чыгып, Гүлзатка учурап, калаадагы уулунан кабар эшитмекке байланыш бөлүмүнө баш баккан. Көзөнөккө баш салып, ичкериден тааныш адамын учурата албады.

- Гүлзат, ишке келди беле?— деди бош орунга баш жаңсап, сумсайган чал. Далысын салып, каяккадыр жооп берип жаткан эки кыздын бири бурулуп, чалды көргөндө иймене түштү.

- Келиңиз. Гүлзаттын бүгүн табы жок. Чоңдордон жооп сурап, үйүнө кетти. Сизди келсе, сүйүнчү сурагыла деген, сүйүнчүсүн бербесеңиз айтпайбыз.— Аркы кашына осмо койгон татар кыз да моюн буруп, чалдын сүйүнүчүнөн кабары бардай тыңшагычын шыпырып маанилүү турду. Чалдын оюн дүмөйүл кылган Гүлзаттын абалы болду.

- Гүлзаттын табы айнып кетти дейсиңерби? Тынччылык элеби? Дайынын ачык айткылачы, олдо балам-ай...— Жалгыз ую кезүүдөн кайтпай эки-үч күн жоголгондо да мынчалык кейиген эмес.

- Башы ооруп...— Эки кыз бири-бирин кыйгач тиктешип алды,— шакыйнасы бар. Ошонусу кармап...

- Шакыйнасы болсо, ал эски оору. Эртең эле так секирип кетет. Сүйүнчүңөр мынаке, кыздарым! Кабарыңарды угайынчы. — Нарбай чалдын салаасында уйпаланган үч сомдук жүргөн.

- Жоок, сизди тамашалап, кантет экен десе. Сизден сүйүнчү алып эмне... Кечээ уулуңуз сүйлөшүптүр. Келмей болуптур. Бүржолу ишинен бошоп...

- Ал имнеси ыраңы сууктун, тынччылык бекен. Иштен бошойм деген сөздү оозуна алчу эмес. Бир адиса болгон го.

Кыздар астыртан бири-бирине тиктешип, заказ кагаздарын сунган клиенттеринин көзүнчө эңкейе калып, кыткылыкташат.

- Кейигенди коюп, тойго камылга көрүңүз.— Кашына осмо койгон кыз шыңкылдайт,— Уулуңуз келин алып келмек болуптур. Ошо тараптан болот имиш. Институтту бүтүптүр. Эртеңкиге, самолётко билет алышыптыр. «Түшкө жетпей Ошто болобуз. Кабар эртерээк жетсе, Орозалы таганын «Жигулиси» менен аэропортко келип турушсун» деп Гүлзат менен сүйлөшүптүр...

Нарбай чал чыпылдап чыккан чекесин жеңи менен сүртүп, кубанычка балкыйт.

— Ананайындар десе, мунуңар башка кеп. Ушундайда сүйүнбөсөм качан сүйүнөм. Тойго даяр тургула! Өзүм келип чакырып кетем!..

Ал эки аттаган жерин бир аттап, почто түйүнүнөн чыкты. Желеткесинин этек-жеңи туш келди учат. «Бешенесине жазган жылдызын тапкан экен. Карыган чагымда колумду узарткан экен. Утуру эле түшүмө кирип туруп алган... Ою, тилеги жакшы десе...» Бүкүрү бели түзөлүп, баспай эле каалгый учуп алгансыйт өзүнө. Базар-учарда көрүп, таанып калгандар жоргологон карынын башкача басыгын эмнеге жорушаарын билбей, соңунан узата карашат.

«Бул кабарды Гүлзатымдын оозунан эшитсем кана. Угуп сүйүндү бекен. Карап гана тургула, тойду өзү башкарат. Карындашы да. Же Гүлзатым кичүү бекен. Жо-ок, экөө тең курактуу эле го. Эсиң менен түшкүр, ушуга чейин жашын бир сурап койбопмун. Өздөрү табышып алышаар. Батамды берем. Андан бөлөк эмнем бар...»

Эки аттачу жерин бир аттап, чал автостанцияга шашат...

*      *      *

Ошол ченде бизге тааныш тактектик кыз үй-бүлөсүн таң калтырып, чырак күйгүзбөй, үй бурчунда үн-сөзсүз отурган...

[1] Жегде — алды ачык көйнөк.

[2] Чаглайын — мүмкүнчүлүгүн.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз