Шатман САДЫБАКАСОВ: Жол

  • 23.05.2022
  • 2639

АҢГЕМЕ

– Мен баратам, апа, барам!

– Келбегин, уулум, келбе!

Жөнөдү: кашкайган узак жол анын көз алдына өттү. Төшөлө берди. Бардык дарбазалардын, бардык терезелердин, баарынын жанынан бараткан жагын жакшы көрчү да. Андан эч убакта, эч качан бурулчу эмес. Күндүз ал күн нурундай учу-кыйырсыз, а түн киргенде анын үстүнө бүт жылдыз түнөөчү.

Жер жадырап, гүлдөр ага жылмаят. Ал гүлдөрдү үзүп алып үрпөйгөн чачына саят. Ар бир гүл анын бутунун алдына берметин кулатат. Талаадагы жол боюна карапага куюп койгон сууга окшоп, анын көзү туптунук, маңдайы жарык.

* * *

Мына, адамдарды жолуктурду. Алардын баш-аягы билинбейт, тизесине чейин баткакка батып жыгылып турушат. Булганч, кир алакандары менен жүздөрүнүн терин сүртүп, кайра эле жер таянышат. Кубаты жок, суй жыгылышты алар, балдарын баса жыгылышат, бул тозокко чыдабай эчкиришет. Жыгылышат, кайра эле турушат. Ошол түн аларды таштан бетер катар тизип салды. Чалкасынан түшүп, дит багып карагыз өңдөрүн асманга үйрүп, жайнаган баштар, жайнаган жылдыздарга каршыгып жатышты. Алардын жүрөгүнүн сокконуна жер онтоду. А шамал аларды таштап тоонун ар жагына качты.

Ал алардын өңүнөн күрөштүн улуу ырын окуду. Алардын эриндеринен сөзүн укту, чекелеринен оюн билди. Жүрөктөрүнөн сезимдерин жыйнады. А күн кыпкызыл канга бөлөнүп чыгып, узун кирпиктери аларды көздөрүнөн өбө баштаганда, анын жүрөгүнө ыр төрөлдү. Ал ыр жан-дүйнөсүн бороондой алып учуп, эне эркелеткендей терметти.

Ал алдуу да, ардуу да боло түштү. Шамал гүлдүн баарын жүгүнтүп, аны көздөй айдады. Өз жолунда дагы арылап жөнөдү.

* * *

Жол анын алдына кездемедей бүктөлдү. Бардык дарбазалардын алдынан кетти – терезелер алыстай берди. Кайрадан адамдарды көрдү. Алар тирелип турушту. Алдыларында баш алган дан деңизи, аркы бооланган эгин үймөктөрүнүн көлөкөсүндө – балдар. От аларды кактады, колдорундагы темир эриди. Кубарган, мыдырсыз ачык асман алардын үстүндө салаңдайт. Майрамдагыдай баары ак көйнөкчөн. Аңгыча балдар көлөкөлөгөн боолор жоголуп, алардын ак саргыл чачтарына жалын жармашты.

Алар кайрадан жер тиштеп жыгылышты.

* * *

Үмүт үзүү ал-күчтөн мүңкүрөттү. Алардын маңдайындагы тырышка дагы бир тилим терең тырыш кошулду. Алардын эриндери кургады, жарылып-жарылып кетти. Жүрөктү зил каптады. Анын ыры чириген буудайга окшоп, тамагын кычыштырды. Көзү тумандады, карападагы сууну ылайлагандай маңдайы киргил тартты. Анын алы да, ыры да таш жолго чабылды. Ал ууланды.

Канатынын шапатын укпаган чымчыкка окшоп, жолдо баратты.

* * *

Кубулган нурдун алдындагы жаңы айдоодо анын сүйүүсү турат. Анын жаңы изине жер мээримин чачкан. Бейгам балакатка окшоп ага колун сунду:

– Кел!

– Барбайм...

Качан гана өзүнүн кайтпас оюн түшүнгөндө темтеңдеп кетти да, карарган айдоого бир үзүм ырын калтырып, андан ары жөнөдү. Күн батардын алдында, чириген дубдун көлөкөсүнө окшоп жөнөдү.

Жаңыдан көзү көрбөй калган сокурга окшоп жолу карарды.

* * *

Күндөрдүн биринде энесинин мүрзөсүнө жетти. Көзүнөн жаш чыкпай боздоп жыгылды. Мүрзө топурагына башын катып, андан: «Бала кезимдегидей атымды атачы, чакырып койчу» – деп суранды.

Үнүн эле угузуп койсочу. Көпкө чейин жалбарды. Анан мүрзөгө маңдайын жөлөдү, маңдайы муздап баратты. Калтырап кетти, мүрзөдөгү жападан жалгыз караансыз алма жыгачын аймалап өптү.

* * *

– Тагдыр, жолумду кыскарт, мен бүттүм!

Ал күзгү камгакка окшоп мүрзөдөн мүрзөгө сенделди.

Жүз мүрзөнү артына калтырды, а жүз биринчи аныкы эле. Качандыр бир убакта энесинин көкүрөгүнө жабышкандай жабышты.

1981-жыл

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз