Дооронбек Садырбаев: Күтүү

  • 28.07.2021
  • 3435

АҢГЕМЕ

Түн. Терезеден лапылдап кардын жааганы көрүнөт. Аялым жанымда жатат, анын таттуу уйкусуна сугумду артып карап коём. Анткени, өзүмдүн көз ирмемегим азап... Кыялым уйгу-туйгу түнкү ойлор, дагы жетелеп жөнөдү...

*     *     *

... Жакшынакайым!

Шок көздөрүңдүн каканактаган каректерин кадаганыңда сезимим дүрт эле дей түштү. Сен кайра-кайра ошенте бердиң. О жараткан өңүмбү же түшүмбү? Мындай махабат сепкен көз карашты өмүр бою издеп келатпаймынбы? Бүткөн боюм ымыр-чымыр болуп, оозума сүйүүнүн даамы келди. Кыялымда билектей болгон эки өрүм чачыңан сылагылап, балкыган алкымыңдан жыттадым. Кулагыма жүрөгүңдүн түрсүлдөп какканы угулса, бүткүл денем менен сенин демиңди сезип турдум. Дагы эле тигилгениң тигилген. Обдулуп ордуман тура берээрде...

Ка-ап, тагдыр мынчалык таш боор болбосо не?

...Обдулуп ордуман тура берээрде. Туш-туштан карсылдаган кол чабуулар, көзүмдү умачтай ачып, ордума кайра отургузуп, жүрөгүмө ийне матырып койгонсуп «тыз» дей түштү. Элеңдеп эки жагымды карандым. Залда отурушкандар: «бис, бис» дешип, сенин дагы бир жолу ырдап беришиңди сурап жатышыптыр...

Жакшынакайым!..

Ошондогу кан тамырымдын кагуусун чак-челекей түшүрүп, заматтын ортосунда махабат отуна жалындатып жиберген жароокер көз карашыңды жалгыз мага арнагансыңбы, же ошо залда отурган баарыбызга аз-аздан бөлүп бердиң беле?..

*     *     *

Тентегим!

Өзүңдү ушинтип койчу эмес белем. Мына эми, көрүшпөгөнүбүзгө миң жыл болду. Жо-жок, андан да ашып кетти өңдөнөт. Атаганат, баягы жароокер мүнөзүңдү мезгилге алдатып койдуң бекен? Же эркектерге кыйгач караган кылыктуу аял болдуңбу?

Билбейм.

Менин дилимде баягы эле бойдонсуң... Экөөбүз ынак мезгилдер, анда лапылдап кар жаап турса да аалам бүт бойдон жашыл түскө боёлгонсуп жаш көрүнчү эмес беле, ошол мезгилдер улам нары жылып, өзүң жактырган кара чачым боз кыроо тартып, көзүмдүн алдындагы ырайымсыз бырыштар даана көрүнө баштаган сайын сен:

МҮНӨЗҮ БИР БАШКАЧА,

ЖҮЗҮ АЖАРЛУУ,

АЯЛ ЗАТЫНЫН АСЫЛЫ болуп элестей бересиң.

Сени жанымдай көрчүмүн. Сен да мени анча-мынча жактырсаң керек эле. Болбосо баягыда жаандан корголоп, сай жээгиндеги жалгыз кара жыгачтын түбүндө кучагыма толуп турбайт элең да. Эсиңдеби, чагылган «жарк-журк» эткенде бири бирибиздин жүзүбүздөн жабыркаган муңаюуну көргөнбүз... Бечара жүрөктөр, ошондо эле алдыдагы кусалыкты туюшкан турбайбы... Анда мен каңырыгым түтөп:

— О, Жараткан! Мурда сенин кудуретиңе шек келтирип жүрдүм эле, эми такыр антпейин... Ушул жашка келгени сенден эчтеке сурай элек болчумун. Бар экениң ырас болсо, жалгыз өтүнөөрүм: ырысымды кыйба? Тентегим экөөбүз такалган туңгуюктан, жарык шоолаңды жиберип алып чыга көр? — десем, сен дагы көзүңө жаш алып, кошо тилешпедиң беле...

Ошондо экөөбүз тең тилегенбиз.

Бирок биз тилегендей болбоду. Жолубуз эки башка чыкты. Көрсө жараткан-маратканың деле бир кем экен.

Эми минтип, кыялыңды сагынам, көктөм жыттанган чачыңан искегим келет. Кантейин, ал жытты башканын энчисине берип, мага болсо карааныңды да көрсөтпөй кетпедиңби... Бир эсептен ошенткениң да дурус окшойт. Антпесе, күнүгө кызматтан чаалыгып келгенимде: «Ушул убакка чейин каякта жүрдүң?» — деп босогодон үтүрөйүп тосуп алганыңан көрө, жолубуз эми кайчылашпай, бири бирибизди эңсеп жүрө берели, тентегим.

Мезгил өтөт. Баягы кара жыгач картаят. Экөөбүз да эскиребиз. Бирок көөдөндөгү сагынычтар көөнөрбөй, өмүрүбүздүн акырына чейин кырчын бойдон кала берет өңдөнөт.

Тентегим, тентегим, тентегим...

*     *     *

- Ааламда «кадыр түн» деген бар дечү чоң энем, от боюнда отурганыбызда. — Ар бир адамдын өзүнүн «Кадыр түнү» болот. Ал адамга өмүрүндө бир ирет көрүнбөй койбойт. Катуу уйкуда жатып эле чочуп ойгонуп кетесиң. Түн күндүзгүдөй жаркырап, айланаң нурга бөлөнүп көрүнөт. Ошондо, өзүңдү токтотуп, келме келтирип, не тилегиң бар экенин айтсаң, баары аткарылат. Таш кармасаң, алтынга айланат.

- А танкегечи?

- Ал эмнең?

- Мисалы мен чапанымды кармап туруп, «ушул танкеге айлансын!» десем болобу?

- Болбогондочу, болот.

- Аа... Көп танке болсун десемчи?

- Антсең да болот. Бирок анчаны эмне кыласың?

- Баарын тең, тиги, «Тегирмен-Башыдан» биздин үйгө чейин катар тизип коюп туруп, өгүңкү кинодогу фашисттерди тебелетпейминби.

- Ок, айланайын андай дебе! Алар деле адам да. Тебеленчүүлөрүнүн сазайын өкмөт бербедиби. Эми андайдын бетин ары кылсын. Сен андан көрө, «алтынга айлан» деп талды, теректи же үйдү карма, алтын сарайлуу болуп калалы.

- А кокустан, апамды же сизди кармап алсамчы?

- Анда мен дагы сокудай болгон алтынга айланып калам! — деп чоң энем карс-карс күлдү. — Сен мурда колумдан баштап кичине-кичинеден сындырып сатып отуруп, ааламдагы адамдардын баарынан бай болосуң.

- Бай болбойм! — дедим мен, кокус караңгыда адашып кетип атамды кармап албайын деп чочуганыман. — Мага алтындын да, андай «кадыр түндүн» да кереги жок.

Чоң энем өзүн аяп жаткан экен деп ойлоп, бетимен чопулдатып өөп:

- Боорукерлигиңен энең айлансын, энең. Аянбай мени эле кармай бер. 102ге чыктым. Эми менин эмне көрөрүм бар дейсиң. Мага эми атаңан, сенден топурак буюрсун. Ылайым менин өмүрүмдү силерге, атаң экөөңөргө берсе экен!

- Чоң эне, тиги Караш акеге да кадыр түн көрүнөбү?

- Көрүнөт.

- Көрүнсө анда эмне үчүн эски тамын жаңылап албады?

- Өзү сурабаган да. А жамандын акылы ошондо да, бир шише арак сурагандан башка эчтекеге жеткен эмес го.

- А сизге да көрүндү беле?

- Көрүнгөн.

- Анда эмне үчүн биздин үй алтын сарай эмес?

- Мен алтын сарайдан да кымбат нерсени: силерди, атаң экөөңөрдү сурагам. Мына, тилегим кабыл болуп, минтип чулдурап жанымда отурасың.

- Менин да кадыр түнүм барбы?

- Бар эмей айланайын, бар.

- Мага качан көрүнөт?

- Көрүнөт, сөзсүз көрүнөт. Күтө бергин, көрүнбөй койбойт. Ошондо жанагинтип «таңке-саңке» деп тантырабай жакшы нерсени сурагын, макулбу?

- Макул.

*     *     *

Андан бери кыйла жыл өттү. Чоң энеме атаман топурак буюрбаптыр. Ал энесинин ошондогу эле жарым жашына да жете алган жок. А чоң энемди болсо 116га чыкканда биз, неберелери жерге койдук.

Азыр, анын үчтөн бир жашына жакындап калдым. Алиге чейин чоң энем айткан «кадыр түнүмдү» күтүп жүрөм...

*     *     *

Түн. Сыртта лапылдап кар жаап турат. Кирпиктерим бири бирине чапталыша баштады. Бир оокумда чочуп ойгоном, бөлмөнүн ичи күндүзгүдөй жапжарык экен. Терезеден түшкөн нурлуу шоолалар аялымдын бетине тийип, анын жүзүн дегеле чырайлуу кылып көрсөтүп туруптур...

Бала кезимдеги күтүп жүргөн «кадыр түн» акыры келген экен деген ойдо, байкоосуздан аялымды же өзүмдү кармап албайын деп муштумдарымды түйдүм. Кулагыма чоң энемдин:

- «Айтпадым беле, акыркы бир күнү келет деп... Мына, келди, эми сура каалаганыңды!» деген үнү угулду.

- Мага эми эчтекенин кереги жок, чоң эне,— деп алып, кайра шашып,— жалгыз гана өтүнөөрүм, жүрөгүм эңсеген адамды бир эле көрсөм болгону, башка эчтеке сурабайм! — деп жибердим.

Чоң энемден жооп болбоду. Акырын туруп терезеге келсем, лапылдап жааган кар басылып, аалам ак шейшеп жамынып уктап жатыптыр, терезенин тушунда шооласын биздин үйгө каратып коюп, ай токтоп турат... Чылым тутандырып, жазуу столума барып отурдум.

*     *     *

Мындай түндүн далайын көргөм. «Али кадыр түнүм келе элек экен» деген ойдо, эртеси эл катары кызматыма жөнөдүм.

Түш ченде, серүүндөп келгени көчөгө чыксам, капысынан «СЕН» көрүндүң. Каректерибиз бири бирине кадала түштү. Муундарым калчылдап, ошол турган жеримде катып калыптырмын... Биздин жолугушуубуздан үмүттү үзүп койгон элем. Көрсө, «кадыр түн» чындап эле мага көрүнгөн турбайбы... Ка-ап, эмне үчүн ошондо көбүрөөктү сурабай, өзүңдү бир жолу гана көрсөм болот дедим экен, атаганат! Анткени, сен учурашып койгонго жарабай, менден көзүңдү ала качып, жаныңдагы зуңкуйган кызыл жүздүү эркектен жалтактап, анын артынан ээрчип жөнөбөдүңбү...

Акыры жүрүп, мага да «кадыр түн» бир корүнөрүн чоң энем кайдан билди экен?

*     *     *

...Анда он беште элем. Ошо жылкы орозо айтта биздин айылдын балдары менен төмөнкү «Кайырманын» балдары чогулуп ойноп келгени райондун борборуна жөнөдүк. Чоң базардын кире беришинде, эскилиги жетип калган кара шалы жоолукту ээгине түшүрө байлаган цыган кемпир колун сунуп кайыр сурап туруптур. Мен аны мындан мурда далай ирет көрсөм да анчалык этибарга алган эмес экенмин, эмнегедир кемпирдин азыркы кейпи аянычтуу көрүнүп кетти.

- Айтыңар маарек болсун балдарым!.. — деди кемпир. — Кайыр садакаңар болсо калтырып кеткиле.

- Мына, кайыр садага!

- «Кайырмалыктардын» мыкчыгери Болотбек уучундагы бирдемени кемпирге узатты эле, анын нуру өчүп бараткан каректери бир аз жанданып, бирок Болотбектин ортону менен сөөмөйүнүн ортосунан бармагын чыгарып койгонун көргөндө, эсепсиз бырыш баскан жүзү мостоё түштү.

- О, уятсыз десе, бербесең да кишини кордобо, жубарымбек!

- Эмне?.. Оо, ээей! Муну кара! — деди Болотбек ого бетер эрдемсинип. — Мындан көрө колхозго барып иштесең өлөсүңбү?

Бул Болотбектин чоңдордон укканы болуш керек, болгон менен азыр ыксыз айтылып калды.

- Сага эмес өзүмө жок, тур нары, сасыган албарсты! — деп Болотбек муштумун кезегенде, кемпир жазгана түштү эле эки-үч бала күлүп ийишти.

- Акмак! — дедим заматта Болотбектин жанына жетип, көөдөн тирештире тура калып. — Акмак, энеңдей болгон неме экенин көрбөй турасыңбы?

- Ай, сага эмне болду, соосуңбу? — деди чындап эле таңгалган Болотбек. — Бул менин энемен айланабы, бул деген лөлү да...

- Лөлү адам эмес бекен?.. Эптеп оокатын өткөзүп жүргөн эмени эмне кордойсуң?

- А сенин ишиң эмне?

- Ишимдин кандай экенин көргөзүп коём!

- Көргөзө албасаңчы?

- Коркот деп турасыңбы?

- Кыйын болсоң тийип көрчү!

- Тийбегендей сен ким элең?

Өзүмдү биздин айылдын балдарынын «чыйрагымын» деп жүрсөм, алардын көзүнчө Болотбектин минтип ороңдошунан тим эле башка чапкандай боло түштүм да, тайманбай жакадан алып, жаактан ары тартып жибердим. А да карап турган жок. Заматтын ортосунда экөөбүз тең чаңга булганып жатып калдык. Анан кимдир бирөө далыман тарткылаганынан мунун да акесин таанытайын деп бурула калсам, цыган кемпир экен.

- Эчтеке бербесеңер да мейли, урушпагылачы, айланайындар? — деп жалбарып жүрөт. — Урба, урба, кагылайын бетине!

Урбасам да: «Мындан ары мага тике карагыс кылайын» деп өйдө туруп баратып, чаңга куланып жаткан Болотбектин башынан аттап кеттим эле, ал ачуу чаңырып жиберип, жерден анделектей болгон ташты ала коюп, мени көздөй качырып сала бергенде, айылдаш балдары кармап калышты.

- Шашпа! — деди Болотбек ууртунан аккан канын жеңи менен сүртүп. — Сенин эле мурдуңду эзбесемби?

Биз жактын балдары мени тегеректешип, эми чыр ырбаса алар да карап турушпасын билгизгенсишип, үрпөйүшүп, дароо эки топко бөлүнө түштүк. Кемпир да биз тарапта калды. Менин бети-башымды тазалап, чаң болгон киймимди күбүп:

- Кой, айланайын, «ачуу душман, акыл дос, акылыңа акыл кош» деген бир жолку ачууну мага берчи! — деп кадыр салып мени жоошутуп жүрөт.

- Ачууланганым жок! — дедим, акыр аягына чейин өзүмдү токтоо көргөзгүм келип,— көрбөйсүңбү өзүнүн кылганын...

Анан калчылдаган колум менен чөнтөгүмөн атам: «Айттап кел» — деп берген ошол кездеги жүз сомдун он сомун кемпирге узаттым.

- Мынаңыз, бул сизге, алыңыз...

- Рахмат, айланайын, өмүрлүү бол! - деп алкады кемпир акчаны алып. — Мынча болуп калды, эми мен сага бир бал ачайын. Келечегиңди, тагдырыңды төкпөй-чачпай айтып берем...

- Баары бир мен ишенбеймин да,— дедим күлүп.

- Ал өз эркиң, бирок болоорун болоордой кылып айтыш мен үчүн парз. Кел айланайын, ага акы албайм.

- Ачтыра бер, эмне дээр экен, акча албайм дебедиби! — дешип балдар да мени кыстап жиберишти...

- Колуңду бери бер,— деди кемпир.

Анан алаканыма кичинекей таш күзгүнү карматып чарчаңкы каректерин көпкө чейин менин жүзүмө кадап турду да. — Боорукер балам,— деп бат-бат сүйлөй баштады. — Бактыңды айтайынбы, тактыңды айтайынбы, ырысыңды айтайынбы, кайгыңды айтайынбы, кубанычыңды айтайынбы, өмүрүңдү айтайынбы же ата-энеңди, укум-тукумуңду айтайынбы?..

- Баарын айтыңыз, баарын!

Биз чурулдап жибердик.

- Анда мына бул колума он сом салгын,— деди кемпир. — Коркпо, кайра берем, колдо бирдеме турганы жакшы.

Айтканын аткардым.

- Эмесе балам, өзүң түзүк тарбия көргөн, тектүү жердин баласы экенсиң,— деди кемпир. — Бирок кантейин, жыл айланбай зор кайгыга кириптер болуп, бир нерсеңди жоготосуң. Көңүлүңө алба балам, мен күзгүдөн көрүп турганымды гана айтып жатам. Бирок ошого карабастан, алдыңда узун жол турат, ал өтө алыс жана мүшкүлдүү жол! Тигине, тигине... Жолуңдун түпкүрүнөн нурдун шооласы көрүндү. Мына, казынанын эсебинен бир олжого тундуң, башыңа бакыт конуп, мартабаң көтөрүлгөндөн көтөрүлүп отуруп, журт ичинде кадырлуу адамдардын бири болосуң. Ылайым ошондой болсун десең, түкүр, мына бул акчага, үч жолу түкүр.

Кемпир колундагы он сомду үч жолу башыман тегеретип туруп оозума кармады эле «тү-тү-тү» деп ишаратын кылдым.

Ал он сомду лып дедире биринчисинин барган жерине жөнөттү. Бирок колумду коё бербестем:

- Аттиң ай, ушунусун айтпай эле койсом болот эле, кантейин, анте албайм... Мына, мына... Айдан ачык, күндөн жарык болуп бүт тагдырың көрүнүп турат, ка-ап...

- Айта бериңиз...

- Айта берейинби?.. Мейли анда, айтса айтайын, келе, колума бирдеме сал...

- Эмне салайын?

— Акча, жыйырма сом.

- Улам элеби!..

- Коркпо, баарын тең кайра берем.

Эми жыйырма сом карматтым. Кемпир дагы бир тоңко тагдырымдын негизинен телегейи тегиз жактарын айтып келип, сөзүн минтип бүтүрдү:

- Бирок балам, эл ичинде канчалык кадыр-баркка ээ болбогун, мал-мүлкүң ашып-ташып, мартабаң көтөрүлүп турса да бир нерсеге жетпейсиң... Анткени, таалайыңа жалгыздык жазылып турат.

- Эмне?

- Жалгыздык дейм... Албетте, жоро-жолдошсуз, бала-чака, тууган-уруксуз калбайсың дечи, бирок кыял эңсөөңдө, ниеттешиңди такыр таба албайсың.

- А, мейли, эң башкысы аялым, тогуз же он балам болсо бактылуу болгонум ошол мага, башка эчтекенин кереги жок! — десем, бизди тегеректеп турган балдар дуу күлүп ийишти.

- Ылайым ошондой эле болсун, азыр күлгөнүң менен кийин, кийин лөлү энемдин айтканы деп эстээрсиң. Ага чейин ойноп-күлүп жүрө бер. Өмүрүң узун болсун, оомийин,— деп бата кылып, жыйырма сомго үч жолу түкүртүп, мурдагыларга кошту.

- Эй, мунун куусун көр, — деди балдардын бирөө. — Акчаны кайра берем дебедиңиз беле?

- Э, койгула балдарым, кайыр-садаганы да кайра алчу беле? — деп кемпир биз тарапка карап да койбостон кудуңдап качып жөнөдү...

Лөлү кемпирге алдатканымды ошондо түшүндүм.

*     *     *

Лөлү кемпирдин айтканы келдиби же тагдырдын кырсыгынын ирети ошондойбу, айтор көп узабай, ааламдагы бардык адамдан жакыным, атасыз калдым. Башкалар үчүн айылдагы бир мыкты адам өлдү, мен үчүн бүтүндөй бир дүйнө апат болду. Анан көпкө чейин, о, көпкө чейин бирде аркы жээгине урунсам, бирде берки жээгине чабылып, турмуш дайрасында агып жүрдүм. Акыры бир жээкке жармашып, тамыр таратып, бутак-шак байладым... Эми:

АЯЛЫМ БАР. ЖАКШЫ НЕМЕ.

-- Ушундай ургаачыга туш болгон таалайлуусуң дешет теңтуштарым.

КЫЗМАТЫМ БАР. ЧОҢ ЖЕРДЕ.

- Деги сен жолдуусуң, таланттуусуң, бактылуу көйнөктүн этегинен чыккан экенсиң дешет тааныштарым.

ҮЙҮМ БАР. ӨЗ ООКАТЫБЫЗГА ТЫҢБЫЗ.

- Ушуга каниет. Башка эчтекенин кереги жок. Ааламда тынчтык болуп, бала-бакыранын убайын көрсөк экен деп калат аялым... Тирүү жандын бакиси: эмгектенет. Эс алат, кайгырат-кубанат, күлөт-ыйлайт. Күтөт-күттүрөт, иши кылып, тынбаган тиричилик жышаанасын кылышат.

МЕН: чачым буурул тартып келатса да, мүдөөм бөксө. Эңсегенине жетпеген жүрөгүм, дайыма жетимсирейт. Эми эч качан самаганым орундалбасын ойлогондо өңгөчүм өрттөнөт.

САГЫНЫП, КУСА БОЛОМ!

ДАМАМАТ ЖАЛГЫЗСЫРАЙМ!

ҮМҮТТҮН ОТУ КҮЙБӨС БОЛДУ!

*     *     *

Түн. Терезеден кылаалап кардын жааганы көрүнөт. Аялым жанымда жатат. Балким, а да мага окшоп санаасы менен алпурушуп, өзүңдөн бир дарек күтүп жаткандыр. А сенден болсо алиге кабар жок.

Согушта каза болгондор кайтышпайт.

Ичээр суусу түгөнүп, өлгөндөр да ушинтишет.

А сага эмне болду?

Канча жыл, канча ай, канча күндөн бери күттүргөнүң күттүргөн.

Ар айдын 25 миллиои 92 миң 0,01 секундасынын арбиринде — ойлогонум сен.

Жакшы түш көрсөм сага жоруйм.

Жылуу-жумшак сөз уксак, а да сенсиң?

Жытыңа кусабыз!

Үнүңдү угууга зарбыз, сагындык, кантип ушуну сезбейсиң?

Мейли, мектепти чогуу бүткөн курдашыма, мейли бейтааныш кишиге жолукпайын, учурашаарыбыз менен менин жүрөгүмдү барчалап, сайсөөгүмдү сыздатып жатканын ойлобой, алгачкы сураганы сен.

Мен байкуш, «жок» дегенден жүрөкзаада болуп бүттүм го. Ошону үчүн эки адамдын башы бириккен жерге баруудан заарканып турам.

Ушинтип жүрүп өтүп кетебизби? Жазыгыбыз кайсы? Биздин жарык жүзүбүздү томсортуп өмүр отубузду үлбүрттөтүп өчүргүң келбесе, батыраак келгин. Бизде, сага деп жүргөн, жылуу мээрим, чоң сүйүү бар. Биз сени күтөбүз. Күткөндөн чарчабайбыз, кел!

ЭРТЕҢ ДАГЫ, КҮН ЧЫГАТ

ЭРТЕҢ ДАГЫ, КЫЗМАТЫБЫЗГА БАРАБЫЗ.

ЭРТЕҢ ДАГЫ АРКЫЛ АДАМДАРГА ЖОЛУГАБЫЗ. ЭРТЕҢ КИМДИР БИРӨӨ ӨЗҮҢДҮ СУРАП КАЛСА, ЭМНЕ ДЕЙЙН!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз