Эсенбай Нурушев: Бизге курултайдын зарылдыгы канча?

  • 26.05.2022
  • 3660

Окумуштуулардын айтымында, адам эс тутуму өзгөчө бир касиетке ээ – ал өткөндү идеалдаштыруу. Ошол мезгилге кайтып барууга ылаажы болсо, анда жагдай такыр башкача болмок.

Бул айтым эң байыркы демократия институттарын, анын ичинде курултайды мифтештирүүгө да тиешелүү. Бул көпчүлүккө көчмөн цивилизациясынын маданий-саясый белгиси, элдин бийликти натыйжалуу көзөмөлдөө ыкмасы болуп көрүнөт.

Бирок элдик жыйын же курултай илгертен эле чыныгы эл бийлигинин институту болгон эмес. Бул дегеле азыркы криптотарыхчылар ырастагандай, Чыгыштын, төтөн байыркы кыргыздардын эксклюзивдүү ойлоп табуусу эмес, болгону бул жалпы адамзат тажрыйбасы жана андан идеалдуудан алыс болсо дагы, ар кыл варианттагы учурдагы демократия келип чыкты. Муну далилдөө үчүн карт тарыхка бир аз саресеп салууга туура келет.

Эзелки вариант

Адегенде бир флешбэк, башкача айтканда, тескери кадр же ретроспективдүү долбоорду сунуштайбыз.

...Маанилүү мамлекеттик кызмат орунду ээлегиси келген бардык эркин жарандарга шайлоо өткөрүлбөйт, болгону чүчүкулак кармашат. Ал эми саясаттан баш тарткандар элдик жыйындарга катышпайт же жарандыгынан ажыратылат, же болбосо өлкөдөн чыгарылат.

Бойго жеткендин бардыгы дароо турмуш жолуна аттанууга тийиш, бойдок жашагандарды ири өлчөмдөгү айыппул күтүп турат. Саякатка чыга турган кыз-келиндер атайын органдарга кайрылууга тийиш, алар саякатка канча баш кийим кийе турганын аныктап беришет. Мурут койгусу же көсөө болгусу келген эркектер ушул атайын органдардын уруксатын алууга туура келет.

Эгерде кимдир-бирөө өз ыктыяры менен акка моюн сунгусу келсе, ал үчүн атайын адамдарга арыз жазышы керек, ошондо анын өмүрү коомго канчалык баалуу экенин алар чечет. Ал сейрек кездешкен зарыл кесиптин ээси болсо, уруксат берүүдөн баш тартышат, болбосо ага уруксат берилет. Жана дагы бир нерсе: эч ким жакшылыктын үлгүсүн көрсөтпөөгө тийиш, антпесе ал коомдун эң коркунучтуу душманына айланат, анткени мындай таасирден пайдаланып, ал учурдагы системаны өзгөртө алат...

Ушундай коомдо жашагыӊыз келеби? Кайдан? Ошол эле учурда бул система Афины демократиясы аталган – эркин жарандардын жыйыны, алардын көпчүлүгү кул ээлөөчүлөр болгон. Дагы бир антикалык демократия болгон – Рим. Гректерден айырмаланып, өлкө тургундары шайлоо укугуна ээ болушкан, бирок буту менен басып, мурду менен тынгандын баары жемкорлуктун сазына баткан. Шайлоо учурунда аларга оюн-тамаша, тамак гана жетиштүү болгон. Жогорку кызмат орунга талапкерлер шайлоочуларды сатып алууга аргасыз болушкан.

Сөз эркиндигине келсек, Афины демократиясында жаран оюна келгенди оозунан чыгара алчу эмес. “Менин укугум бар...” деген сөз “адаттан тыш” саясый лексика катары кабылданган. Кадыр-барктуу аталык кудайларга карата кымындай эле бейызатка жол берилген кандай билдирүү болбосун өлүм жазасына тартылчу. Адилеттүү Аристид, Протагор, Сократ, Алкибиад жана башка көптөгөн инсандар эркин ой-пикири, иш-аракети үчүн өлүм жазасына өкүм кылынган. Ал тургай Аристотель да демократияга каршы болгондугу үчүн кечирилген эмес: Александр Македонский өлгөндөн кийин улуу философ тарбиячысы  шаардан куулуп, жакырчылыкта өлүүгө мажбурлашкан.

Бир сөз менен айтканда, антикалык элдик жыйындардын эрежелери, үрп-адаттары өтө катаал, ал тургай ырайымсыз болгондугу айгине. Баштапкы демократия түз маанисинде өзүнүн “эркин жарандарын” кул кылган. Француз тарыхчысы Пол Гуйро 1890–1893-жылдардагы эмгектеринде: “Адамзат байыркы жарандык коомдордо адам эркиндигинен ыракат алган деп катуу жаңылат. Ал бул тууралуу түшүнүгү да жок болгон” деп жазган. Анда байыркы гректер менен римдиктердин жеке, коомдук жашоосу кеӊири талдоого алынат.

Европадагы курултайлар

Алгач жогорку бийлик таандык болгон элдик жыйын бардык байыркы урууларда болгон. Мисалы: Тацит жазгандай германдар менен скандинавиялыктарда бул “тинг” же “таг” деп аталган.

Бул жыйындарга уруунун бардык эркектери аскердик курал-жарак менен келип, чабуул жана коргонуу согушуна башчы шайлашкан. Башчылар уруу мүчөлөрүнүн ыктыярдуу тартууларынын эсебинен кармалып турган. Бул элдик жыйындар көп өтпөй өкмөттүк жыйындарга айланган. Алар мыйзам чыгаруу ыйгарым укугуна ээ болуп, падышадан тышкары аймак-кыштактарда сот адилеттигин жүргүзгөн аксакалдарды да шайлашкан, алардын ар бирине карапайым элден жүз адамдан кароол бөлүнгөн. “Тинг” жана “таг” деген сөздөр азыркы бир катар парламенттердин – Германия Бундестагы, Дания Фолькетинги, Норвегия Стортинги, Исландия Альтингинин ж.б. аталышында сакталып калган.

Тарыхчылардын айтымында, англосаксон витенагемоту дагы байыркы герман уруулар жыйыны институтунан келип чыккан, ал “акылдуу адамдар жыйыны” дегенди билдирген (байыркы англис тилинде witan – акылман, кеңешчи; gemot – жыйын). Ал да көп өтпөй өлкөдөгү эӊ таасирдүү адамдардын жыйынына айланган. Көпчүлүк учурда витенагемот падышанын чечимдерин тастыктаган, бирок анын курамында падышанын эркине аз көз каранды болгон көп сандагы аймактык аскер дворяндарынын өкүлдөрүнүн болушу сөз эркиндигин сактоого мүмкүндүк берди. Ал эми кийинчерээк витенагемот Англия парламентинин башаты болуп берген.

Байыркы Римде элдик жыйын – комицийдин үч түрү болгон. Алардын баары биздин заманга чейинки VIII–VI кылымдарда уруу түзүлүшүнө келип такалган. Адегенде алар жоокерлер жыйыны болуп, согуш, тынчтык маселелерин чечип, падышаларды шайлашкан. Ошондой эле элдик трибуналар жана плебей эдилдери шайланган плебдер жыйындарынан өсүп чыккан аймактык округдарда бүткүл жарандардын жыйындары болгон. Биздин заманга чейинки I кылымда Рим жарандыгы бүткүл Италиянын эркин калкына жайылганда, комиций системасы кыйрай баштаган.

Март айында чогулган франктардын жалпы элдик жыйыны “март талаалары” аталып калды. Ал эми байыркы герман мыйзамдарына ылайык мамлекеттик бийликтин эки тизгин, бир чылбыры анын колунда болгон. Франк мамлекетинин кеңейиши менен жыйын өз маанисинин көбүн жоготуп, такыба Людовиктин тушунда толугу менен токтогон.

Акырында орустун вечесин эске салалы. Тарыхчылар арасында бул маселе боюнча бирдиктүү көз караш жок. Эң кеңири тараган көз карашка ылайык байыркы жана орто кылымдардагы Россиядагы вече чыныгы эл бийлиги болгон эмес.

Жадесе баарынан узакка жүз жылдан ашык өкүм сүргөн Новгород вечеси тез эле өкмөттүк кеӊештин таасирине тушуккан, анын курамына жергиликтүү бояр аристократиясы кирген. Вечеде посадниктер бояр үй-бүлөлөрүнөн гана шайланчу, айрымдары өмүр бою башкаруу укугуна ээ болгон. Ошондуктан тарыхчылар вечени “феодалдык демократиянын бояр варианты” катары бекеринен аташпаса керек.

Чыгыш эл жыйындары

Эми Чыгышты көздөй жылалы. Азия көчмөн урууларынын арасында элдик жыйындар да өтө байыркы мезгилде пайда болгон. Динлиндердин тарыхын алалы, алардын айрымдары тарыхчылар айткандай кийин кыргыздардын курамына кирген. Саны көп болгонуна карабастан, алар борборлоштурулган бийлик түзбөстөн, айрым учурда сырттан коркунуч жаралганда жалпы жыйын уюштурушкан.

Ал эми гунндарга (сюнну) келсек, Лев Гумилёвдун айтымында алардын тарыхында элдик жыйын эч жерде кездешпейт, ал эми уруу княздарынын, вельможалардын жыйыны жылына эки жолу үзгүлтүксүз өтүп турган. Бүт бийликти өз колуна алган уруу ак сөөктөрү элдик жыйынды уруу княздарынын съездине алмаштырышкан. Ал эми Моде доорунда үч ак сөөк уруу болгон: хуян, лань жана суйбу. Бийликти ушул уруулардын өкүлдөрү бөлүшкөн, мисалы: мамлекеттик казы дайыма сюйбу тукумунан болгон. “Ак сөөк уруулардын консолидациясы, албетте, ушунчалык жогорку деңгээлде болгон, ошондуктан биз гунн  мамлекетин уруу империясы катары аныктоого укуктуубуз”, – деп жазат тарыхчы “Гунн элинин тарыхы” китебинин “Ышкырык жебелер” аттуу бөлүгүндө.

Ушул эле салтты түрк династиясы уланткан, анын негиздөөчүлөрү кытай булактары боюнча гунн элинин ашина уруусунан чыккан. Ал эми бардык жогорку атка минер кызматтарды бийликтеги уруунун өкүлдөрү – каган, ябгу – вице-каган, так мураскерлери – тегин, шад ж.б. ээлеген. Каратып алынган урууларга, анын ичинде толук эгемендик үчүн күрөшкөн Енисей кыргыздарына каршы согуш жортуулдарын уюштурушкан. Алар эч кандай эл менен кеңешпегенин Орхон эпитафиялары, атап айтканда, Тонүкөктүн урматына жазылган жазуу далилдейт. Династия мүчөлөрү бардык чечимди эч кимдин катышуусуз кабыл алган.

Монголия курултайы тарыхта абдан белгилүү. Алардын биринчиси 1206-жылы Онон дарыясынын башатында болуп, ага 31 уруунун ак сөөктөрү чакырылган, алардын көбү – 23ү монгол болгон. Улуу Улусту (мамлекет) түзүүдө бөтөнчөлөнгөн 88 адамдын 72си да жалаң монгол болгон. Анан алар Темучинди шайлабастан “улуу хан” деп жарыялап, ага “Чыңгыз хан” титулун ыйгарышат. Төртүнчү курултай 1246-жылы болуп, анда Чыңгыз хандын небереси Гүюк улуу хан болуп жарыяланган.

Бул курултайга анын душманы Батый келген эмес, анын айынан курултай үч жылдан кийин барып чогулган.

Биздин ата-бабаларыбыз да элдик жыйындарды уюштурушкан. Белгилүү болгондой, Атаке баатыр 1785-жылдын жаз айларында кайсы бир жерде кыргыздардын оң канатынын аксакалдар кеңешин чогултуп, кыргыз өкүлдөрүн Россия империясынын борборуна жиберүү чечими кабыл алынганы маалым, алар ошол эле жылдын декабрь айында Санк-Петербургга жетишкен.

Орус жарандыгын кабыл алуу маселеси XIX кылымдын биринчи чейрегиндеги элдик жыйында да талкууланган.

Кийинчерээк башка жыйындар болуп турду, аларга уруу тыӊчыкмалары жана башка ак сөөктөр катышкан.

Термин тууралуу чындык

Биздин бир катар “билермандар” кыргыздын “курултай” – “курул” жана “той” деген эзелки сөзүнөн келип чыккандыгын айтышат. Бирок Енисей кыргыздары жыйынды “чыын”, азыр “жыйын” деп аташканы маалым.  

Дээрлик энциклопедиялык сөздүк корго ээ болгон белгилүү жомокчу Сагымбай Орозбаков “курултай” деген сөздү такыр колдонгон эмес. Манас хан жарыяланган бүткүл кыргыз жыйыны эпостун бардык классикалык варианттарында – Саякбай Каралаев, Тоголок Молдо, Жусуп Мамайдын варианттарында “мажилис” деп аталат. В.Радлов да “курултай” деген сөздү кыргыздын оозунан уккан эмес, К.Юдахиндин сөздүгүнө да кирген эмес.

“Курултай” Орхон-Енисей жазууларында кездешпейт, Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө да таптакыр жок. Анда “тырнак” деген бар – эл кандайдыр бир чечим кабыл алган жыйын. Элдик жыйындар “авлаш”, “аклиш”, “жуглан” деп аталат.

Орус тилинде “курултай” монгол тилиндеги “хурал” сөзүнөн келип чыккан. 1910-жылы жарык көргөн “Орус тилине кирген чет тилиндеги сөздөрдүн сөздүгүндө” бул сөздүн этимону катары калмакча “курул” көрсөтүлгөн. Алтай тилдеринин этимологиялык сөздүгүнө (2003) ылайык “хуралдай” протомонгол тилиндеги “чогулуу, эл жыйыны, коом” дегенди билдирген c^ig|ul сөзүнө барып такалат.

Ноопатиябы же ноократиябы?

Демек, элдик жыйындар тээ мурунку мезгилде пайда болгон. Мамлекеттин алгачкы түйүлдүктөрү пайда болору менен өкмөттүк институттарга айланып, андан парламент бөлүнүп чыккан. Мына ушинтип, үч элементтен – аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинен турган азыркы мамлекеттер калыптанган.

Бүгүнкү күндө мамлекетибизде бардык бийлик бутактары начар иштеп жатат, баары жемкорлуктун сазына малынган. Ушундан улам элде бийликтин бардык бутактарын көзөмөлдөй турган жалпы элдик курултай түрүндөгү көзөмөл органын түзүү ниети пайда болгон.

Каалоо – толугу менен табигый көрүнүш экендигин айтып коюу ылазым. Бирок бул таптакыр ишке ашпай турган, азыркы шартта зыяндуу ниет. Курултайга мамлекетти көзөмөлдөө органы макамын берсе, анын вертикалдуу түзүмдөрү сөзсүз түрдө пайда болот. Өлкө кош бийликке, эки мамлекетке ээ болот, алардын “тынчтыкта жанаша жашаганы” иш жүзүндө мүмкүн эмес. Аларды эл өз эсебинен баккысы келбейт. Бул сөзсүз түрдө мамлекеттин толук кыйрашы менен аяктайт.

Буга кошумча бул идея демократияга түп тамырынан каршы келет, бирок анын аркасында ашынган демократтар далдаланганын танууга болбойт. Бул чындыгында демократиядан айырмаланып, мамлекеттин бар экенин толугу менен танган анархиялык идея. Бул алардын жалгыз, бирден бир айырмасы. Бул жерде таза адамдык фактор да жок эмес. Курултайга шайлангандардын бардыгын ал “ыйык папаларга” айландырбайт, бийликтин бардык бутактарын элдин атынан көзөмөлдөөнү колго алат.

Адамзаттын кумары менен дымагы бардык жерде өз ишин жасаган жана кылып жатат. Кандай гана саясый жыйын болбосун, адатта жаат-жаатка бөлүнүү, ажырым менен аяктайт, муну биздин тажрыйбабыз, тагыраак айтканда, жаңы оппозициялык күчтөрдүн курултайы да көрсөтүп турат.

Курултайды жарандык бийликтин институту катары кароодо эч кандай маселе жок жана болбоого тийиш. Эл мандатына ээ болгон курултайчылар таасирдүү, кадыр-барктуу инсандардан болуп, чет өлкө гранттарына ар кыл коалицияларды, бирикмелерди түзө коюп, айрым учурда элдин атынан тыш кызыкчылыкты коргогонго аракет кылган бейөкмөт уюмдарын, укук коргоочуларды, башка активисттерди коомдук-саясый турмуштан обочого сүрүп чыгарса, эӊ эле сонун болгону турат.

“Ноопатия” деген бейрасмий термин бар, “акылга сыйбастык” маанисин берет. Аны демократиядан мамлекеттик башкаруунун бир кыйла кемчиликсиз формасына өтүүнүн эволюциялык зарылдыгын негиздеген акыркы теориялык философиялык концепциялардын жактоочулары ойлоп табышкан. Алар сапатсыз чечим кабыл алган адамдарды “ноопат” деп коюшат. Бул жагынан алганда, ноопатчылар зыяндуу адамдар, ал тургай коомдогу ар кандай кыйынчылыктардын башаты.

Бизде ноопатчылар оголе көп, алар бардык бийлик түзүмдөрүндө жашоо кечирип келет. Коомду демократиянын байыркы жыгач велосипедине отургуза турган болсок, алар дароо жок болуп кетпейт.

Ноопатчыларды жөн гана жамааттык акылга негизделген жети өлчөп, бир кесилген чечим кабыл алганды билген адамдарга алмаштыруу зарыл.

Бир сөз менен айтканда, кыргыз демократиясы ноократтык башкаруу элементтерине, башкача айтканда, акыл сыйымдуу бийликке абдан муктаж. Бул биздин көз карашта, кыргыз коомунун өнүгүшүнүн азыркы этабынын өзөк-тамырлуу маселеси.

Вечерний Бишкек, 2013-жылдын 25-январы

Орусчадан оодарган Erma Reach

Эскертүү: макалада айтылган пикирлер котормочунун пикирин билдирбейт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз