жана алардын антка бекемдиги жөнүндөгү италия элинин акылман икаясы
Бир падышалыкта эки эр жигит дос болгон экен: бири акылдуу, экинчиси келесоо. Алар кандай эбегейсиз зор кыйынчылыктар чыкса да, баштарына кандай чоң бакыт консо да, бирге болобуз, бири-бирибизди эч качан таштабайбыз, тапканыбызды тең бөлүшөбүз, деп антташат.
Бул падышачылыкта эки шаар бар эле. Элдин айтымында, биринчи шаарга баргандарды көп байлык, бактылуу жашоо күтөт, ал эми экинчи шаарга баргандар өлүмгө дуушар болот.
Биринчи шаарга алып барчу жол башталганда эле татаал, кооптуу болчу. Шаарга баруу үчүн жолду тоскон көптөгөн жоокерлер менен согушуп, жеңип чыгуу керек эле.
Саякатчылар үчүн ыңгайлуу түз жол экинчи шаарга алып барчу жана саякаттын башында саякатчыларды жылуу тосуп алып, тамак-аш, шарап менен сыйлашчу.
Акылдуу жигит досун биринчи шаарга белгисиз байлыкка барчу татаал жол менен барууга үндөдү, бирок досу эки жолдун кантип башталарын көрүп, ушак-айыңдарга караганда өз көзүнө ишенгенди артык көрөрүн жана ал экинчи жол менен кете турганын айтты.
Акыл-эстуу жигит өзүнүн берген антын эстеп, мындай деди:
-- Мен сени жалгыз калтыра албайм, мен сени менен кетем.
Жолдон жанга да, денеге да жагымдуу ар кандай ыракаттарды көрүп олтуруп, эки дос экинчи шаарга жетишти. Ал жерден аларды колдорун байлап, казыга алып келишти. Аларга өзүн актоо үчүн сөз беришти.
Ошондо акылдуу жигит досун айыптай баштады, ал ар кандай эскертүүлөргө карабастан туура эмес жолду тандап алганын, ошондуктан ал берилген анттын бузбай досун ээрчигенге аргасыз болгонун айтты.
Акылсызга сөз берилгенде ал да эстүү досун айыптай баштады:
- Эгерде менин акылдуу досум артымдан ээрчибей, алгач баргысы келген жол менен жүргөндө, мен ага берген антымды бузбай сөзсүз кооптуу жолдон кайтып, аны менен бирге кетмекмин!
Экөөнө тең өлүм жазасын өкүм чыкты. Акылдуу – досунун акылсыздыгына оңой эле көнүп, туура жолдон адашканы үчүн, ал эми келесоо – акылдуу досунун сөзүнө ишенбегени үчүн.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ