Нежип Фазыл Кысакүрек: Өлүк каткан имам

  • 02.06.2022
  • 2075

Исламист жазуучу жана ойчул. 1904-жылы 26-майда Стамбулда жарык дүйнөгө келген. 1934-жылга чейин акын катары таанылган. Түрк басмасынын борбору эсептелген Баб-ы Алинин алдыңкы жазмакерлеринен болгон. “Жөргөмүш желеси”, “Тротуарлар”, “Мен жана кийинкиси”, “Күйүт” ыр жыйнактарынын, “Аңгемелер” китепчесинин, “Күзгүдөгү жалган” романынын, “Урук”, “Акча”, “Реис мырза”, “Абдүлхамит хан” пьесаларынын автору.  1983-жылы Стамбулда каза болгон.  

АҢГЕМЕ

Катардагы аңгемемди жазуу үчүн ар дайым бара жүргөн чайканага баш бактым. Бул чайкана – үстүңкү кабаты муңдуу жандын мойнунан бетер бир тарабына эңкейген эки кабаттуу үйдүн астыңкы кабаты. Ар дайым сыртындагы чаң толгон, майда-барат тактары бар терезесинен ич жагы көзгө жакшы уруна бербейт. Эшигин убара болуп ачып, кирип келгендер көчөнүн жолунан бир тепкич ылдый түшөт.

Төрт бурчтуу чакан жай... Жерге жылмакайынан келген төрт бурчтуу сары таштар төшөлгөн... Кичинекей, тоголок, кызылга боёлгон үстөлдөр... Айланасында арка жөлөнгүчү бар жыгач отургучтар... Оң жакта сатуучунун узун үстөлү... Ал үстөлдүн так ортосунда араң бир баш батар үч бурчтуу тешикче... Айланасы тор менен тосулган... Тордун ичи кара, жашыл, кызыл, кызгылтым түстөгү мектеп окуучуларынын колунан чыккан ар түркүн эмгектер менен кооздолгон... Чайчы мына ушул узун үстөлдүн ичинде отурат, башында бир тал чачы жок, алмуруттун төмөнкү тарабы кейиптенип тогологунан келген, кочкор мурун, кичинекей көздөрү жана тартынчаак күлүшү бар албан[1]...  

Мен ичкери кирип-кирбей алдагы килейген сөөк башын кантип көтөрүп жүргөнү белгисиз ичке мойну үстөлүнүн тешигинен сыртка баш бакты. Күлмүңдөөсү жан кейитет. Бул адам ыйлаш үчүн күлүп жатабы?.. Титиреген үнүн уктум:

- Каалоосун айтсын мырзабыз!..

Бош үстөлдөрдүн бирөөнө көчүк бастым. Чайым астыма келгенде айланама көз жүгүрттүм: чайканада беш киши бар. Экөөсү мандаш токунуп тапчанда отурат. Бирөөсү толук, экинчиси арыкчырай... Жакасыз, галстуксуз ошол аймактын аксакалдары өңдөнөт...

Үчүнчүсү алыскы бурчта, бетине такаган газетасынан көзүн албайт, үстүндө аскер кийими бар эски забит[2]. Калган экөө ортороок жерде, шыпка илинген лампочканын астында алтымыш алты (эки адам ойной турган карта оюну) ойноп отурат...

Тапчанда мандаш токунуп кальяндарын боркулдатып отурган эки аксакал менен колдорун улам үстөлгө койгулаган оюнчулардан башка үн угулбайт.

Чөнтөгүмдөн кагаздарымды жана калемимди алып чыктым. Үстөл үстүнө жая салдым. Калемимди дароо жазып ийчүдөй кагаздын баш жагына кармап, ойлоно баштадым.

Эмнени жазам?

Аңгемем эки саатка чейин бүтүшү керек. Бирок кандайдыр бир ой, кыймыл-аракет жок... Боп-бош...

Калемим жараксыз буюмдай колумдан түшүп, башым шал оруусуна кабылгандай, жалдырап айланамды каранам.

Алтымыш алты ойноп отургандардын кара көйнөкчөнү кыйкырды:

- Элүү сегиз болду. Жыйырмасы да мынакей. Жетиштүү. Байрам, ага эки лукум алып кел.

Алар каткырыша экинчи партиясына өтүштү. Мен дагы эле ойлонуп отурам.

Тапчандагы кара көйнөкчөн адам кальянына көмүр сурады.

Мен дагы эле ойлонуп отурам.

Чын-чынында ойлонуп жатам го деймин. Бардык көңүл буруум айланамда. Бүгүн ушул чайкана мага башкача таасир калтырууда.

Забит газетасынын сегизинчи бетинде жүрөт.

Мен дагы эле ойлонуп отурам.

Чыгып кетип калсамбы?

Ооба, бүгүн бул чайкана мага бир кызыктай таасир берди. Тегерегимдеги адамдардан керектүү маалымат алчуудай болгон көңүлүмдү аларга багыттайм.

Байрам аганын үч бурчтуу тешиктен чыгып келаткан башын байкадым: ак жуумал эриндери кыймылдоосуз бир нерселерди күңгүрөндү:

- Өлүк канча күндөн бери үйдө экен?

Калчылдап чыктым.

Бул сөз менден башкаларга таасир бербегендей.

Тапчандагылар, оюнчулар, газетасын окуп жаткан забит, баары эске калыбында.

Жооп бергени болгон жок.

Билбейм, бала чагыңарда башыңардан өттү беле? Бир үй-бүлө кечке маал баары чогулуп, тамак үстүндө ар нерсени кеп кылып отурганда кокусунан бир үн угулат. Сөздөр жым токтойт. Бирөөсү:

- Сыртта ууру жүрөбү? – деген суроосун узатат.

Түшүнө калганы коркпойт. Кайрадан сөздөрүн уланта беришет.

Түшүнбөгөндөр айланасын карап элеңдейт. Мына мен дагы ошондой абалдамын. Коркуумду жеңгим келет.

- Өлүк канча күндөн бери үйдө экен?

Жөнөкөй бир суроо. Бирөө өлгөн экен жана жаназасы окулбай үйүндө жатыптыр. Болушу мүмкүн. Бирок өзүмдү алдай албай койдум. Суроонун таасириби? Балким ушул окуянын түпкүрүнөн кабардар болбогонум үчүнбү, мен үчүн терең сыр катылып жатса керек.

Өлгөн ким?

Эмнеге көмүлбөй үйүндө жатыптыр? Ушул суроолорго жооп табылмайынча бул жөнөкөй суроонун уусу төгүлбөйт.

Бир убакта ачуу үн угулду:

- Өлүктү каткан имам. Ишенбесең кой. Боло турчу иш эмес...

Ойноп отургандар оордуларынан эч козголбойт. Забит газетасынын учунан сөздү айткан тапчанда отурган адамды карады. Байрам аганын мойну тешиктен чыгып, үзүлөйүн деп баратат.

Бир-эки секунддук жымжырттык... Чайкананы сырдуу туман каптады. Айланамдагылар менден алыстап, жашырылган чындыкка айланып баратты. Ким айтып жатканы белгисиз, чоочун үндөр кулагыма жаңыра баштады:

- Беш күн жатыптыр. Ойлонсоң, беш күн... Эч кимдин кабары жок...

- Имамдын үйүндө беш күн, өзүнөн башка жан кирип чыкпаган үйгө кириптир дечи!

- Жанагы балдар азамат.

- Чын эле...балдардын тобу имамдын бакчасына тоголонуп кетип, топту алабыз деп кирип барганда, эшиктин терезесинен өлүктү көрүшүптүр.

- Кандай гана сулуу кыз эле, ээ?

- Айтпа, айтпа...

Беш күн... Имамда башкалар кирбеген үй... Топ ойногон балдар... Терезелүү эшик... Жерде жаткан өлүк... Кандай гана сулуу кыз... Айтпа, айтпа...

Акылымдан адашайын деп калдым. Бардыгы бөлөк-бөлөк сөздөр, окуяны түшүндүрмөк түгүл акыл жетпеген чечилгис түйүнгө айланып барат.

Имам, сулуу кыздын өлүгүн беш күн үйүнө катат, эмнеге? Муну айткандар сөзсүз себебин билишет.

Жасай турчу иш ортодо. Бир гана суроо: - Өлүк катканды имам дейсиңерби? Эмнеге беш күн катып жатыптыр?

Ушуну сураш үчүн өйдө болдум. Үстөлгө жакындап, чайымдын акчасын төлөдүм. Кийин жүзүмдү тапчанда отурган толмоч адамга бурдум. Аны көздөрү жерде, кальянын боркулдатып соруп отурат.

Сурайм. Сурайын дедим. Баш тарттым. Ойлонуп көрсөм, суроом эмнеге жарамак эле? Бул суроого бериле турчу жооп бардык кызыгуумду таратып жибермек.

Мындай же ушуга окшой жооп. Мындай же ушундай себептен улам болгон... Мага эмне? Болсо болду да. Себебин билбей эле коёюн, ушул окуя маанисин жоготпосун.

Оюм өзүмө дароо жакты. Эч нерсе сурабастан сыртка жөнөдүм. Чайкананын эшигин ачканымда ичиндеги адам думуктурган аба мени менен жылаан сымал сойлой таза абага аралашып кетти.

Ээй, белгисиздик! Мен сага ашыкмын... 

Түркчөдөн которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

[1] Албан – албаниялык.

[2] Забит – аркердик даражасы лейтенанттан миң башына чейинки аскер кызматкери.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз