Аман Саспаев: Кайнене

  • 20.06.2022
  • 8156

АҢГЕМЕ

Айылдагы жаштардын бири Саамый аскерлик милдетин өтөп келген соң, өз айлындагы Закеш деген кызды сүйүп калды. Кары-картаңдар буга көп кошулган жок. Анткени, куда-сөөктүн алыста болуп, алыстан сыйлашканы жакшы: «Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт!» дешет эмеспи. Бирок кыз да, жигит да өз сүйүүлөрүн, эски ишенимге моюн сундургусу келбеди. Кыздын туулгандагы аты Зайракан эле. Бойго жетип кадыр-баркы ашкан кезде аны бардыгы эле Закеш деп эркелетишчү болду. Закеш кечинде жасана баштаганда энеси да күзгүнүн тушуна келет:

– Кечинде жасанып кайда барганы жатасың? – дейт энеси кызынын эстүү көзүн карап.

– Күкүндүн үйүндө бүгүн кыздар жыйналып, бир аз отуралы дедик эле, – деп коёт Закеш. Кыпкызыл калп айтып жатканына күйүнбөйт. Эгер чынын айтып «баланча жерде мени Саамый күтүп турат. Ошого барам!» десе ал калп айтканынан да жаман көңүлсүздүк туудурат. Ошондо да эне жүрөгү сезет, бирок унчукпайт.

Ал эми Саамый күнү кечке жумушта болгону аз келгенсип, түн жарымы деген кезде гана үйгө кайтат.

– Кайда жүрдүң? – деп сурайт анын энеси. Ичинен бирдемени сезет, эмне айтаар экен деген кыяс билдирет.

– Балдар менен эле болдум, – деп кайпактайт Саамый – киного бардык.

– Киноңор жакшы бекен?

– Жакшы, – дейт да Саамый ыңгайсызданат. Энемдин: «тапкан кызың, жакшы бекен?» дегени го деп ойлонот.

Ортодо үч-төрт ай өттү. Саамый Закешке үйлөндү.

Биздин элдин салты боюнча, жаш келин түшкөндөн кайнене белгилүү убакытка чейин, кээде, бир-эки балалуу болгуча кармайт. Ушул убакыт ичинде үй ичинин иштери жөнүндө бардык жагынан сабак берет. Эгер энеси кызына үй оокатын начар үйрөткөн болсо, кайнененин колунан толукталат.

Саамыйдын ата-энеси уул-келинине оозгу үйдү көшөгөлөп, жатар үй кылып берди. Бирок жаш келиндин эркинирээк жүрүшүнө мүмкүндүк беришкен жок.

– Канча кылган менен илгерки кишилер эмеспизби, – деди кайненеси, – жаш келиндин сыпаараак болгону жакшы.

Закеш Саамыйды сүйө билгендиктен кайнененин каада сактаганын оор көргөн жок. Элден эрте туруп уй саады, самоор койду. Элден кеч жатып эшиктерди бекитип, жарыкты өчүрдү. Сакалдуулардын көзүнчө шарактап күлбөдү, катуу үн чыгарып жаткан сөздөргө да аралаша кетпеди. Ийменип, жол бошотуп, шыбырап сүйлөп, бардык оокатын бүтүрө берди.

Келинин ыйбалуу, ишкер экенин билип, Саамыйдын энеси башкалар алдында боюн көтөрүүчү болду. Теңтуш карыларга мактанып, келинин андан бетер ийиктей ийрилтүүнү ойлонду. Бирок жаш келиндин өзүнчө турмушка деген көз карашы, өзүнчө таламы бардыр деп ойлогон жок. Ойлосо да аны билмексенге салды. Өзү да өз кезинде келин болгон да. «Баланы жашынан, келинди башынан!» деген макал бар. Кийинчерээк, биз мындай карый түшкөндө, күнүбүз эмне болот. Азыртан тастаңдатып, эркелетип жиберсек, кийин көргүлүктү ошондо көрөбүз. Саамыйды ээрчитип алып, кээ бир келиндер өңдөнүп кете берсе биздин колдон эмне келет. Башынан сөз ашырбай бирдеме десе эле беттен алып турган тажаал келиндер – башынан башкарылбаган келиндер деп ойлончу кемпир.

Ал эми Закеш жагынан айта турган болсок, ал турмушка чыга электе кээ бир келиндер эски салтка канчалык баш ийип жүрсө да, кандайдыр ишти оңой бүтүрүп жүргөнсүгөн. Нары ошол жасалма кыймылы өзүнө жарашып турган. Бирок анын чындык эмес экенин Закеш өз башына келгенде толук түшүндү. Эмне үчүндүр, өзү ар качан кылмышкер өңдөнүп ал түгүл санда жок киши өңдөнүп бук боло баштаганын сезди.

Күйөөгө тийүү деген көзгө көрүнбөгөн бир торго чырмалуу деген сөз тура деп ойлоду Закеш. Дагы бир жагынан алганда, иш ушул бойдон кала берет деп ал ойлогон жок. Бир күнү Закештин кыз кезиндеги достору келишти. Закеш короодон эле чуркап барып аларды кучактап калды. Кыздар менен үйрүлүп, өткөн-кеткендер жөнүндө, сагынуулар жөнүндө сүйлөшүп, короодо бир нече минута туруп калышты. Закеш досторунун издеп келээрин билген. Бирок мынчалык кыябын таап, бук боло баштаганда келип көңүлүн көтөрүп кетээрин ойлогон эмес. Закештин кубанычы койнуна сыйбады.

– Жүргүлө, үйгө киребиз, – деди Закеш үй-жайлуу өңдөнүп.

Кыздар бирден эле макул болушту. Көрүү керек, ар жак, бер жагын байкоо керек. «Буудайдын барар жери тегирмен!» экенин кыздар билет эмеспи...

Закештин кайненеси ички үйдө жүн тытып отурган. Эшик ачылып кирип келген кыздарды көп деле жактырбады. Келинин жаңыдан жакшы салтка үйрөтүп келатканда, тастаңдап атасынын төрүндө жүргөн кыздар Закешти ээликтирип, аркы-беркини ойлонтуп кетиши мүмкүн да.

– Сен кимдин кызысың? – деди кемпир плащчан кара кызга.

– Жаңыл энемдин, – деп жооп берди кыз.

– Баса, – деп койду кемпир.– Энеңди тартып, эки колуңду чөнтөгүңөн чыгарбайт турбайсыңбы. Сенчи?

Костюм-юбка кийип, башына чарчы жоолук байланган ак жуумал кыз обдулду да жооп берди:

– Сартбайдын кызымын.

– Баса, – деди кемпир ага да, – атаңды тартып мурдуң кырдуу экен.

Кемпир келген эки кызды отура электе эле ушундай сөздөр менен «сындырып» коюп, жүнүн тытып отура берди. Башка сөз айткан жок. Кыздар экзамен бергенде да мынчалык кысылып көргөн эмес. Алар отурушкандан кийин бир-бири менен шыбырап сүйлөп калышты. Закеш кыздарды үйгө баштаганына өкүндү, нары кысылып, досторунун алдында уялып турду.

– Курбуларыңа чай кайнатып бербейсиңби? – деди кемпир бир оокумдан кийин Закешке.

Закеш кыздарга карады эле, алар «жок, ыракмат, ичпейбиз!» дегенсип чүйрүңдөшүп койду.

Ак жуумал кыз үйдөгү жасалгага тегерете карап келип, кийим жапкычтагы саймага көз токтотту:

– Тигини ким сайды? – деп шыбырады Закешке.

«Мен» дегенди билдирип ал ээгин өзүнө тартып койду. Плащчан кара кыз ээрдин чыгарып башын экчеди. «Сен кантип эле ушундай саймак элең?»

Бул кезде эшиктен кирип келаткан киши болсо, үйдө эч ким жок деп ойлогучалык эле. Ушунчалык тымтырс үйдө эмне өкүм сүрүп, эмне бийлик кылып жатканын кыздар ичтеринен түшүнүп отурду. Бир убакта кыздар «эми кетели» деп шыбырашты да орундарынан туруп өтө тездик менен короого чыгышты. Асманы бийик, тегереги ачык жерге чыкканда кыздар эмнегедир каткырып күлүп жиберишти. Кемпирди туурап сүйлөп, плащчан кара кыз берки экөөнү андан бетер күлдүрдү:

– Менин кайненем ушундай болсо, бир күн да турбас элем, – деп да жиберди.

Кыздардын короодо шарактап күлгөнү, бирдемелерди айтып жаткан үйдө отурган кемпирге даана угулуп турду. Закеш досторун жолго салгандан кийин үйгө кирип түшкү чайга кам урду. Ал самоорго суу куюп, чакмак даярдап жатканда эмнегедир көңүлсүз болду. Кийим, тамак, жасалгалуу үй, өзүнүн сүйгөн жигити – баары эле бар. Бирок бирдеме жетпейт. Закешти өксүтөт. Анысы мурда өз колунда бар болучу, турмушка чыкты да андан ажырады. Ал баарынан да кымбат, баарынан да жагымдуу эле!

Түшкү тамакка келген Саамый оозгу үйгө кирди эле, Закеш буфеттен бирдеме карап жатыптыр. Ички үйдүн эшиги кыйгач ачык болучу. Саамый кирип келээри менен ички үйдөн куру жөтөлүп үнү угулду. Кемпирдин мунусу: «Мында киши бар, үйгө кирген кимсиң?» дегени. Саамый өзүнө жалт караган Закештин муңайым көзүн көрүп эмнегедир аяп кетти. Сүйкүмдүү, нары эстүү жубайынын өңү сынык экенин Саамый бүгүн байкагансыды. Ал Закешке жакын барды да чайнек кармаган колунан кармай калып өңүнө тике карады. Закеш мындай текшерүүнү ичинен жактырган жок. «Коё бер, уят!» деген ишарат кылды. Бул кезде оозгу үйдө бирден эле тынчтык өкүм сүрүп калган.

Кандайдыр бир киши келип, Закештин жанына барганда бууга айланып кеткенсип, жымжырт боло калганынан улам, кыжым пальтосун жамынган кемпир эшик түбүндө пайда болду. Ал эшиктен баш бакты да жооткото жөтөлүп, «эчтеке билгеним жок» дегенсип короого чыгып кетти.

– Кармаба десе болбойсуң, энем чыга келээрин билгемин, – деди Закеш.

Саамый колун шилтеди.

Түшкү чайды ичип жатканда чай куюп отурган Закештин көзү Саамыйдын көзү менен кандайдыр айкалыша кетти. Саамый мурутунан күлдү да акырын көзүн кысып койду. Закеш күлүп жибере жаздап, кызара төмөн карады.

– Чыныны алып чай куй, жер тиктебей, – деди кайненеси. – Тузду мага жакын койчу, чайдын такыр эле даамы жок...

Закештин жүрөгүндө көңүлсүздүк пайда болду. «Чайды мындан артык дагы кандай куюш керек?» деп ойлонду ал, туз салган кутуну энесине жылдырып жатып.

Чайын ууртап отурган кемпир жаңкы кыздар жөнүндө сөз козгоп калды:

– Эмки кыздар эркек баладан да жаман. Ошолорду алган киши эмне болот?!

– Эне кайсы кыздарды айтып жатасыз? – деди Саамый.

– Закештин достору, короого чыгып алып шаңкылдашат эле шаңкылдашат...

Ичинен иренжип отурган Закеш бул сөздөрдү уккандан кийин андан бетер көңүлсүз болду. Сөздүн төркүнү өзүнө тийип жаткансыды. «Бирөөнүн кыздарында кемпирдин жумушу эмне?» Ал ушундай ойлоп отуруп, кайненесинин бошогон чынысын дагы көрбөй калды.

– Ботом, чай куйбайсыңбы!

Шашып калган Закеш чыныны ала коём деп сүтүн төгүп алды. Ушул бир көрүнүшкө Саамый ичинен кападар боло баштады. Акыл-эстүү келинин мындай каккылап отуруунун эмне кереги бар? Кемпирге эмне жетпейт? Көзүнүн кареги менен кошо тегеренип жүргөнү аз келгенсип, көңүлгө тие турган суук сөз угуу Закеш үчүн мүлдө кажетсиз эле нерсе!

Келин эстүү болсо, бул кайната, кайнене, үйдүн ырысы. Андай келинди башкаруу үчүн аны башкарган киши андан да акылдуу, эстүү болуш керек да! Салт-санаага, эски каадага камалай берүү, ысылуу-сууктуу сөз угузуп, ичинен кемирүү – бул ар кандай эстүү кишини да жолдон азгырат. Турмуштун мындай жөнөкөй сырларына азыр Саамый эмес, балдар да түшүнөт. Саамый азыр жаш бала эмес. Мындан мурда эле энесинин каада сактаганынан аздап чочулаган болучу. Азыр кыйытып болсо да чындыктын учун кылтыйтуу зарыл өңдөнүп турду:

– Эне, – деди Саамый, – кыздардын кандай жүргөнүн эмне кыласыз. Эмне болсо эле айта берет экенсиз. Бирөөнүн жаш баласын антүүгө болбойт да...

Кийинки сөздүн төркүнү Закеш жөнүндө экенин энеси да, Закеш да түшүндү.

– Мен эмне дептирмин? –деп сурады кемпир кайра.– Кыздардын ыйбалуу болгону жакшы да. Чопочоң, бойго жеткен кыздар «көчөнү башына көтөрө» шарактаганы эмне? Аялдарга адептүүлүк эле жарашат. Жаман болсун деп жатат дейсиңби!

Закеш унчукпай, «чатак ырбап кетпесе экен» деген ойдо отурду. Саамый каршы сүйлөп, талаша кеткен жок. Түшүнсө жаңкы сөз да жетерлик...

Энеси болсо Саамыйдын Закешке болушаарын ачык түшүндү. Муну ал мурда эле божомолдогон.

* * *

Ортодон дагы бир нече күн өттү. Закеш жаңы түшкөн келин болгону үчүн жумушка чыга элек болучу. Келгендин эртеси эле жумушка чыгуу кандайдыр ыңгайсыз эле. Бир ай, жарым ай убакыт өткөрүп барып, анан ишке чыгуу ылайыктуураак көрүнгөн. Азыр болсо ишке чыгуу Закеш үчүн эшикке чыгуу менен бирдей болду. Бир аз тышта эмгектенсе, башка келиндер менен эрмектешсе көңүлү да көтөрүлөт, бугу жазылат. Кайнененин басып турган каадасынан аздап болсо да кутулат. Ошон үчүн ал жумушка чыккысы келди. Бирок ага кайненеси мындай жооп берди:

– Элден-журттан уят, жок дегенде үч-төрт ай тура тур. Жетишпей жаткан эмне бар! «Баякынын келини бир ай боло электе эле кызылча отоп жүрөт» дебейби эл...

– Инилеримди сагындым. Үйгө барып келсемби дедим эле, – деди Закеш акырын гана.

– Инилериңди сагынсаң чакыртып ал. Уят болот жаңы түшкөн келин атасыныкына жетип барса...

Закеш дагы тим болду.

Саамыйдын атасы жоош киши болучу. Бала-чаканын ишине аралашчу эмес. Бирок ошол күнү кечинде кемпирине келини жөнүндө биринчи жолу сөз айтты:

– Азыркы жаштарды билбейсиңби? Закештин эркине койсоңчу. Мейли, барам деген жерине барсын. Эстүү бала көрүнөт...

– Тим жат, – деди кемпир абышкасын чыканагы менен укуп, – «жаман болсун» деп жатамбы?!

– Өзүң бил, баркыңды кетирип аласың го!

– Сен берген тамакты ичип жөнжүр. Болбосо куу баш каласың! Булар кетишчү болсо, мен да сенден кетем. Байка!

– Ал бизди сыйлаганы үчүн ыраазы болушуң керек. Ким билет, анын кетип калаарын?

– Унчукпа!

– Кап, саа кудай бардыр...– деди да чал ары оонады.

Маанилүү иштер жөнүндө, жаткандан кийинки сүйлөшүүнүн карттар жагындакысы ушуну менен тынды. Ал эми жаштар дал эле ушул маселенин өзүн эки түрдүү чечти. Саамый: «Биз деле башкалар өңдүүбүз. Туурасын бетке айтуубуз керек! Ага көнбөсө, бөлүнөм. Сүйгөн жарымды кылмышсыз эле, кажалай беришине жол койгум келбейт!» деди. Закеш болсо буга каршы: «Буларга катуу кетүүнүн кереги жок. Акырын-акырын түшүнөт» деген пикирде болду. Бул өңдүү принципсиз чиримпоздукка Саамый көнө койгон жок. «Ушул айылда көп эле келин бар, ошонун кайсынысы сенин күнүңдү көрүп жүрөт? Эгер ушул баштан энемдин терс жактарын айта жүрбөсөк, акыры түбү – ким билет, бир көңүлсүздүк туулуп калышы да мүмкүн. Ошон үчүн мен эртең эле ишти козгоймун», деген ойду Закешке каршы койду да ошол оюнда бекем турду.

Айтканындай эле эртеси Закеш эшикте жүргөндө Саамый өз пикирин ата-энесине айтып салды:

– Эне, сиз көп каада сактабаңыз. Мен өзүм теңдүү жолдошторумдан уялып жүрөм!

– Каада сактаганың эмне? Дайны жок сөздү козгобочу балам! –деди энеси.

– Мунунуз болбойт, Закеш жумушка чыксын. Үйүнө барам десе, барсын...

– Закеш эч кайда барбайт!– деп кесип айтты кемпир.– Ал сага арызданып жүрөбү? Катыныңа болушуп энеңе акыл айткандан уялсаң боло!

Эшиктен Закеш кирип келди. Ал кирип келээри менен үйдө бир көңүлсүздүк барын сезе койду.

– Чындыкты айтуу керек, минте берсеңиз бизден айрыласыз! – деп жиберди ачууланган Саамый.

Кемпир «ушундай болмок!» дегенсип уулуна катаал карап турду да:

– Сен кетсең биз өлүп калат бекенбиз, – деди. – Кет, сени тууп ушу даражага жеткизгеним үчүн кет. Беш мүнөт турбай жогол! – Бул сөздөр аз келгенсип, кемпир калчылдап ордунан туруп, алдастап жыйылуу турган жүккө жетип барды. – Ал, мына бул дүнүйөңдү да ал, баарын ал! – Заматтын ортосунда жаздык, жууркандар биринин артынан бири оозгу үйдүкөздөй учуп жатты.

Кемпиринин кыялын билген чал, күңкүлдөп эшикти көздөй жөнөдү:

– Кудай атты муну, желпинип албадыбы?!

Закеш эмне кыларын билбей эшик түбүндө турду да калды. Чатактын мынчалык ырбап кетишин ойлогон да эмес. «Эми элдин баары менден эле көрөт. Азезилдей азгырып Саамыйга тийип алган соң, карыган ата-энесинен бөлүп алып жолго түштү» - дешет. Закеш ушуну ойлоп сай сөөгү сыздап турду.

Саамый да муну күткөн эмес. Ал иштин чындыгын айтып энесин эпке келтирем деп ойлогон. Бирок өз колу менен айдаган эгиндин ордуна коко тикенек өнүп чыгаарын ким билиптир. Энеси карасанатайлык менен булардан кутулайын деп жаткансыды. Мейли, «жылан чакпай, жылкы теппей» өзүнчө эле эл-журтка күлкү болор ишти козгогон соң, менин эмнем коройт. Биз өлбөйбүз. «Кана, ишти байкаша жатарбыз» деп ойлогон Саамый бирден эле ачуунун кулуна айланды. Оозгу үйгө чуркап чыкты да «ыргытуу деген андай эмес, мындай болот» дегенсип, баягы жууркан-төшөктү короого ыргыта баштады.

– Мына кетсе, мына кетсе!

– Азыр жогол, экинчи көзүмө көрүнбө! – деп жатты энеси. – Ай, сен эмне кылып жатасың? – Кемпир Закешке карады. – Кылаарын кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп, эмне кылмыясың?! Бас, жогол! Сен эмес өз баламдан да жакшылык күтүп турганым жок…

Саамый ички үйгө энтигип кирип келди, өңү канталап кетиптир.

– Кий, кийимиңди, – деди ал Зекешке буйрук үн менен. – Биз артык баш экенбиз бул үйдө.

Закеш кыймылдабай ордунда тура берди. Анын акылдуу көздөрү жер тиктейт. Күтүлбөгөн бактысыздык анын айласын кетирип турган.

Саамый калып калган эки-үч китебин алып короого – өзүнө тиешелүү буюмдар чачылып жаткан жерге ыргытты. Полду оё-оё басып энесин жандап өтүп, дагы бирдемем калган жокпу дегенсип, үйдүн булуң-бурчтарына карап, кайра-кайра кирип-чыгып жатты.

Көчөдөн өтүп бараткан Саамыйлардын кошунасы, короодо чачылган жууркан-төшөктү көрүп, акырын басып, уруш-талаш болуп жаткан үйгө кирди. Саамый муну мүлдө жактырган жок. Эси жок бирөөнүн бактысыздыгын концерт көргөндөй кызыга карап, анысы аз келгенсип калп-чынын аралаштырып, элге жомоктой жүрмөсү бар эмеспи. Кошуна үйгө кирген соң.

– Ой, эмне болгон силер? Уят ко мунуңар, – деди, Саамый андан бетер кызып:

– Жүр дейм. Эмне кылып турасың? Же айланганы турасыңбы! – деп келип Закешти каруудан алып тышка сүйрөдү. Бирок Закеш чыкпай койду. Ал Саамыйдан кутулууга тырышканда алыша түшкөндөй көрүндү элге.

– Ой, балам, Саамый сен эмне болгонсуң? – деп кошунасы ага жакындады. Саамый андан бетер күчөп кошунасын да кагып таштады:

– Сиз аралашпаңыз! – деди ал. Өз жөнүңүзчө кете бериңиз!

Ал дагы Закешти алып кетмек болуп колдон алды эле, Закеш колун жулуп алып, Саамыйдын көзүнө тике карады:

– Мен эч кайда кетпейм! – Катуу айтты ал. – Силерди бөлүп-жарганы келди дейсиңерби мени?!

Саамый да, анын энеси да, кошунасы да Закештен мындай чечкиндүү сөз угабыз деп күткөн эмес. Саамый эмне дээрин билбей туруп калды.

– Оо, акылыңдан айланайын, Закеш! – деп жиберди кошунасы.

Ээ бербей өөрчүп бараткан өрттү ыгын таап, бир эле чака суу менен өчүрүү кандай гана кишинин колунан келет болду эккен! Саамыйдын энеси өзүнүн жаңылганын сезе коюп, ушунчалык жеңил-бааланганына өкүндү. Бирок тышынан аны билдирбестикке тырышты. Абдан карара күйгөн киши өңдөнүп, кара күчкө сүйлөнө берди.

– Кеткиле, бириң жакшы киши болуп күч көрсөтпөй. Акыры бир күнү кетесиңер. Ушул баштан жоголгула…

Мына ушул кезде Закеш зыпылдай басып барды да кайненесинин мойнун кучактап, өпкүлөп жиберди:

– Көлөкөм энеке, мен кетпеймин, мен кетпеймин. Муну баштаган да мен эмес…

Саамый эшикти көздөй жөнөдү.

Кишилер өмүрүндө кара ташты да эритип жибере турган мээрим үстөмдүк кылган минуталар сансыз эсиңе ал окуучум! Четте карап турган кошунасынын жүрөгү элжиреди.

Кемпирдин көзүнөн жаш томолонду.

Эртеси эртең менен Закеш тура электе кемпир самоор койду. Анын дабышын угуп Закеш тез турду да эшикке чыга берип далистеден кайненесине туш келди. Кемпир Закештин колунан кармап анын арыктап калган сүйкүмдүү өңүнө, акылдуу кездөрүнө бир нече секунда карап турду:

– Жакшы жүрчү, садага кетейин. Инилериңди көрүп кел. Киного бар... Мен өз энең эмесминби!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз