Интернеттен алынган экмет: Ийгилик ачкычы Аялзат колунда

  • 22.06.2022
  • 3121

“Эгерде эркек аялын сыйлабаса, ырыскы артын салып качат”.  А эмне үчүн? Ойлондуңуз беле?

Аялзатынын жан дүйнөсүнүн тартылуу күчү эркектердикине караганда миң мертебе күчтүү. Ошондуктан өз тагдырына да, жолдошунун тагдырына да таасирин тийгизүү жөндөмдүүлүгү өтө зор.

Аялы ортодогу мамиледен эргүү алып, ар дайым өзүн бактылуу сезсе, анда жолдошунун да жолу ачылат. Алдындагы баардык баш баккан каалгалар ачык болуп, баардык жайда ийгилик коштоп жүрөт.  Анткени  бакытка балкыган жана жашоосуна ыраазы аялзатынын жан дүйнөсүнүн, сезиминин күчү,  жолдошуна ар дайым ак батасын берип, анын жашоосуна ийгилик коштогон, баардык жакшылыктарды тартып турат.

Ийгилик, ырыскы, өнүгүү да, же болбосо кыйратуучу күч да, аялы аркылуу гана жолдошуна багыт алат.

Аялзаты бул ааламдын билинбеген, кубат берүү чөйрөсүнүн күчү менен тыгыз байланышта. Ошондуктан анын ойлору, анын жан дүйнөсүнүн абалы сырткы чөйрөгө таасирин тез тийгизет. Эгерде аял бактысыз, жолдошуна ар дайым нааразы, ыза болсо – жолдошу үчүн алдыга койгон максаттарын ишке ашыруу, ийгиликке жетүү алда канча кыйынчылык жаратат.

Эмнеге ийгиликтүү, даанышман эркектер  аялдарынын көңүлүн алуу үчүн белектен эч аянышпайт? Эмнеге алар аялзатынын көңүл назына төп келбеген жагымсыз оор иш менен алпурушуусуна жол беришпейт? Эмнеге ар дайым аялдарына көңүл толкуткан жагымдуу таасир калтырууга аракет жасашат? Анткени алар дүйнөдөгү ийгилик ырыкаты, үй бүлө бактысынын булагы бул – жашоосуна канааттанган аял экендигин мыкты билишет.

Которгон Бактыгүл ИМАНБЕК кызы

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз