Венера Жылдызча: Үшкүрүктүн сыры

  • 11.07.2022
  • 2260

АҢГЕМЕ

Ар кандай... Кээ бир ойлорумдун башталышы бар, аягы жок. Кээ биринин аягы бар, башы кайдан башталганын билбей калам. Бу башымдын ичи “кымгуут-кыйсыпыр", "ызы-чуу”...

Чарчап да калат окшойм, анан үшкүрүгүм башталат. “Мага окшоп үшкүрүгү токтобогон ким эле?” -- деп элесин да элестете албай, ысымын да таба албай, акыл-эсимди убарага салып келгем. Таптым! Алыбай ата экен!..

* * *

Алыбай ата биздикине дайыма келип турчу. Көрсө, чечилип сырдашары, тең-туш болуп тамашалашары тай атам менен тай энем болуптур. Келбей, ортодон көбүрөк убакыт өткөрүп жиберген учурлары да болгон. Анда биз кадимкидей зарыгып, сагынып калчубуз. Алыбай атаны биз менен кошо күтүп, жайкысын кургатылган эттер, кышкысын алма, алмурут ж.б. үйдө сакталып турчу.

- Бешөө келатат! Кокуй тосуп алалык! -- деп кубанып кабарлачу тай энем, Алыбай атанын келатканын тай атаман же менден биринчи көрүп калган күндөрү. Өзү чоң күзгүнүн алдына барып жоолугун түздөп салынып, көйнөктөрүн оңдоп, бети башын сылагылап сулуулана койчу.

Чын эле бешөө келчү: Алыбай ата өзү, минген аты, атынын артынан ээрчип алган Карагат, Мандалак аттуу тайган иттери жана колуна кондуруп алып келген кушу.

Өзүнчө эле бир “оркестрди” тосуп алгандай болчубуз. Алыбай атанын биз менен көрүшкөн бийик үнүн коштогонсуп, колундагы кушу да бутундагы томогосун шалдырттатып жиберчү.

Биздин “бешөө” келээр замат, дагы башка “бешөө” үйүбүздө пайда болуп калчу: кубанычтан башкача бир кубаныч, шаңдан башкача шаң, сыйдан башкача сый, күлкүдөн башкача күлкү, мамиледен башкача бир аяр мамиле...

Сагынып күткөн мейманыбызга арнап даамдуу тамагын жасаганга киришчү тай энем. Тай атам болсо жал-куйругу төгүлгөн жакшынакай атынын алдына дароо эле суу куюлган идишти алып барчу. Тай атам акылдуу, бүт тирүү жанга суу керек экенин, баары суусап калышарын билет! Анан алдына чөп алып келип таштачу. Андан кийин кушуна арнап бир тоогубузду “курмандыкка” чалчу. Карагат жана Мандалак аттуу тайган иттерине “сый тамак” жасоону талашып мен алып алгандыктан, тай энем мага өзүнчө казан, күрүч, картошка жана кичине май бөлүп берчү. Эми ойлосом, мени казан карматып, тамак жасоого түрткү беришкен жана эң биринчи менин колумдан даам сызган -- Карагат жана Мандалак аттуу тайган иттер болуптур. Алардын курсактарын тойгузганга камынып баштаганда Алыбай атанын мактоолоруна маарычумун: “Мандалак менен Карагаттын эжекеси”, “Биздин кара кызыбыз акылдуу!”... “Кара кызыбыз” дегени мага анча жакпаганы менен берки мактоолорун жактырчумун. Сүйүнгөнүмдөн  кыймылым ого бетер чамгарактап кетчү. Мени мактап бүткөндөн кийин Алыбай ата куудулданып, күлүмсүрөп тай энеме кайрылчу:

- Бир элдин накыл кеби бар эле... “Ээсин сыйласаң итине сөөк сал”, -- деген?

Антип айткан сайын тай энемдин колундагы жиликтердин биринин эттери шылынып алынып, сөөгү менин колумдагы казанга түшчү.

Ошондо Алыбай ата сүйлөсө деле, күлсө деле бат-бат үшкүрүнө берчү... “Эмне үчүн тай атам Алыбай атадай минтпейт?” -- деген оюм ичимде эле калчу. Анан дагы таңкалганым, тай атам дагы, тай энем дагы Алыбай атага бир башкача бөйпөңдөшүп мамиле кылышчу. Элден башкача!.. Кареги менен тең айланышкансып, мурунку, кийинки меймандарга жасабаган өтө жылуу мамилесин Алыбай атага гана (!) жасашчу. Келгенине укмуштуудай кубанып жатышканын билгизишип, даамдуу тамак, таттуу жер-жемиштердин баарынан алдына жайнатышып, андан кийин эч  нерсеге алагды болбой баарлашып олтурушуп, сөз арасында тай энем кыткылыктап, тай атам каткырып күлүп... Ким бирөөлөр сыйга чакырып келип калса “өзүбүзгө толтура меймандар келип калыптыр” деп Алыбай атанын ит-куштарын кошуп айтып, аларды жылуу узатып коюп...

* * *

Жер-жемиштер бышып, кээ бири түгөнө баштаган маалда Алыбай ата кайрадан дагы келип калды. Тай атам, тай энем жана мен үчөөбүз мурункудай эле “бешөөнүн” камылгасын көрүп баштадык. Эми кайрадан биздин үйдө бир башкача шаң, күлкүлөр башталат! Майрам!

Ошол саамда тай атамдар сыртта мейманды сыйлоо камылгасын көрүп жүрүшкөн. Алыбай ата мурда антип келээр менен үйгө кирип жатып алчу эмес, чарчап келгенин, бир аз эс алып кайра эле турарын айтып үйгө кирип жатып алды. Ал ата жаткан үйдөн кол аарчыгычты издеп таап, сыртка чыкканча эле беш-алты жолу үшкүрүп жиберди.

Алты жаштагы кичинекей кызмын. Үшкүрүктүн үнүн укканым менен “үшкүрүк” деген сөздү айтканды да билчү эмесмин, ал сөздүн маанисин деле түшүнмөк эмесмин.  Үйдөн чыгып баратып:

- Алыбай ата, сиз эмне үчүн үйдү дайыма “уф-ууф-ууф” деп үйлөй бересиз? -- деп суроо бере калдым, чыканактай болуп маңдайына туруп алып.

Үйдүн төбөсүн караган жанагыл калыбында дагы бир жолу унчукпай үшкүрүнүп (үйлөп) койду. Укпай калдыбы дедим, бала кезде суроону берип алып анан жооп укмай сайын жылмай жок да, карап тура бердим. Бир маалда Алыбай ата каткыра күлүп, жаткан жеринен туруп, мандаш токунуп олтуруп, башын өйдө көтөрүп мени мээримдүү карады.

- Кара кызым десе... Силердин үйүңөрдү үйлөп туруш үчүн келип жүрбөймүнбү... -- деди жүзүн кызаруу каптап.

- Үйдү үйлөш керекпи? -- ого бетер тостойдум.

- Ийи, Мандалак, Карагаттардын эжекеси болгон, аларга тамак жасап берген кызы бар үйдү үйлөш керек...

Мына! Терезеден кол сунуп эле булуттарды кармап алчу үйдө жашоону эңсечү элем. Бетимди булуттарга жууп, булуттардай аппак кыз болгум келчү... Эми каалаганым аткарылат!

- Биздин үйдү мындан да катуу-уу-уу үйлөй аласызбы, учуруп! -- деп кубанып, так секирип, тыпыйган алаканымды тыпылдата чапкыладым.

- Үйлөй алам! Үйлөй берейин, үйлөй берейин... Анан, эмне болуш керек кызым?

- Үйлөй берсеңиз, үйлөй берсеңиз... Асманга чейин үйүбүз чоюлса! Анан биздин үйдүн ичинде булуттар кошо жашашса! Мен аларды кармасам! Жылдыздар дагы жашаса, мен алар менен ойносом... -- дагы туйлап так секире баштадым.

- Кызым, үйдү ичинен үйлөсөм чоюлуп анан үзүлүп калат да. Мен сыртка чыгып чоң үйдүн өзүн эле үйлөп асманга учуруп ийем!

- Ошентип бериңизчи, ошентип... Ураа-а-а-а....

- Үйүңөр жок калса кайда жашайсыңар?

- А-а да... Үйүбүздүн кийин бизди да учурсаңыз болобу?

- Болот! Оозумдун күчү жетет! -- ишенимдүү айтты.

Оо сонун, ажайып кыялдар... Жаркырап заматта так маңдайыма пайда боло калдыңар! Силерден тез жаныма келген дагы башка кооздуктар, сулуулуктар бар болду бекен?  

... Абага жашыл, сары бак-шагыбыз менен кошо көтөрүлүп, үйүбүз жогору жакка жылып баратат. Артынан мен, менден кийин тай атам, тай энем акырын  каалгып көтөрүлдү. Мышыгым гана көтөрүлө элек... Бул сары мышыгым оңой эле пайда болуп калган эмес, мурунку жылдын кышында, тай энем менен тай атамдын “урушунан” кийин жанымда пайда болгон... "Айтып эле жатам, айтып эле жатам! Кичинекейибиз жалдырап зерикти го. Же бөбөгү жок, алып келип берсең боло кыбыратып..."  -- деп тай энем тай атамды катуу тилдегени эсимде.

Эртеси эртең менен тай атам бир жакка чыгып кетип, кечинде  келген. Мага такыр окшош эмес (!), сары жүндөрү бар, көздөрү төп-төгөрөк, кымындай, бирок кыбыраган жумшак жаныбарды колума карматкан. Жыргап-куунап сүйүнгөндүктөн, көкүрөгүмө кысып алып:

- Тай ата, эми бул бөбөгүм болот ээ?! -- деп чыйылдап чыңырып ийгем.

Тай энем:

- Каралдым ай, бул бөбөгүң эмес, мышыктын мыймыйы, тай атаң атайын сен үчүн алып келди, эми эрмектеп ойной бер, жакшы болду... -- деп мени менен кошо кубанган.

Оюнчуктарымдан айрымаланып, кыймылдаган, кээде качкан, кааласа коюнума келип жатып алган, мен кармаган, мен ойногон биринчи жаныбарым. Мышыгым да сөзсүз мени менен кошо учуп кетиши керек!

- Кызым дейм, оо кара кызым. Жооп берчи, эмнени ойлонуп калдың? Эч нерсе укпай... Мен деле силер менен учайынбы? Учсам болобу? -- деп сүйлөп жатканында гана кыялдарга кирип кеткенимди сездим.

- Учсаңыз болот. Жок, билбейм. Болбойт, ийи, ийи болот... -- түшүнүксүз жооп бердим. Кызык, чопо-чоң эле киши менден сурайбы...

- Аа-а жакшы, жакшы... -- башын ылдый кылып ойлонгонсуп калды.

- Атыңыз, кушуңуз, иттериңиз калып калабы? -- дедим.

- Аларды да үйлөп учурам... -- ошол калыбында жооп берди.

- А сизди ким үйлөп учурат? -- кызыга шашып сурадым.

- Мени жер үйлөп учурат! -- деп өйдө карап айтып алып, өз сөзүнөн өзү чочуп кеткенсип ийиндерин көтөрүп кайра ылдый түшүрдү. Мурда мындай абалын эч көргөн эмесмин. Чекесиндеги бырыштарына да башка бырыштар көбөйүп кошулду. Жүзүн ылдый кылып көздөрүн жумду. Ошол калыбында колдорун кармалап уңулдап ыйлап кирди...

Коркуп, чочуп кеттим! Мен ыйлатып койдум да!.. Сыртка чуркап чыгып, дүркүрөп өскөн калың багыбыздын чет жагын көздөй тызылдап чуркап жөнөдүм. Ал жерде бийик болуп, бутактары жайылып өскөн алмабыз бар. Ошол алмага чыгып, жогорурак жагындагы ичке бутагына титиреп-калтыраган буттарымды салаңдатып эки колум менен эки бутагын бекем кармап олтуруп алдым. Жалбырактардын арасынан шыкаалап “качып чыккан” жагымды карасам сыртта жүргөн тай атам менен тай энем үйгө кирип баратышат. А үйдө Алыбай ата...

Ыйлатып койгонум үчүн эми мени урушушат... Алманын башынан түшпөйм. Кокус, түбүнөн аралап жиберишсечи, анда кантем? Ушулардын баарын ойлоп, коркконумдан кирпиктерим сууланып, өзүм да бышактап ыйлай баштадым...

Көпкө жымжырт болду, мен коркуп, аңдып олтурган тарабым. Буттарым, колдорум уюп ооруй баштады. Баскым, чуркагым келди. Чыдамым кетти...

Көп убакыт өткөндөн кийин Алыбай ата, тай атам, тай энем үйдөн чыгышты, жай басышып мен жакты көздөй келатышат. Үчөөнү эшикте суналып уктап жаткан Карагат менен Мандалак да ээрчип алышты. Ана, эми мага дагы “бешөө келатат”! Көрүп калышыптыр, “бекинген” жайымды. Ыйламсырап дагы бир бутакка жогору көтөрүлдүм. Алар жакындаган сайын жогорку бутакка жылам. Үстүмдө мен дагы чыга турган бутак калбай калды. Башымды ары-бери буруп жалбырактардын арасындагы жылчыктардан алардын жүздөрүн аңдыдым. Мага ачуулангандары байкалбайт. Алыбай ата да жайдары келатат! Кантип сооротушту экен?

Алманын түбүнө жакындап келип калышты.

- Түшө-гой, Алыбай атаңдын да, сенин да курсагың ачты, - бышактаган ыйын токтотуп, дымын чыгарбай алайып, алманын бир бутагында кыймылдабай отурганымда ушинтип төмөндөн кайрылды, тай энем. Өзүм көрүнсөм да, көзүмдү көргөзбөй жалбырактарга жашырып алгам.

- Этиеттеп түш балапаным, жыгылып калба! -- бул тай атамдын Алыбай ата менен сүйлөшүп жатып мага кайрылганы. Тай атам “коёнум” деп эркелетчү эле, алманын бутагында олтурганым үчүн канаттуулардын балапанына теңеп салды окшойт.

- Кара кызым, мага бир алма ала кел... Эзилип бышканынан танда. Азыр көрөсүңөр! Кызыбыз эң ширин алма алып түшөт! -- Алыбай атанын ушул сөзү мага өтө жакты. Так маңдайымдагы бутакта бышып турган алманы үзүп алдым. Чырмалышкан бутактан бутакка бутумду коюп ылдый түшө баштадым. Алмамды Алыбай атага карматканча шашып түштүм.

Бир колу менен менин чачымдан сылап, бир колу менен мен берген алманы тиштеп, ырахаттана жеп баштады!

Тай атамдар алманын башына чыгып кеткенимдин, качканымдын себебин да сурашкан жок, урушушкан да жок. Дегеле мен жөнүндө сөз жок... Өздөрү болсо мурдагыдай эле жайдары сөздөрүн улантып кобурашып, жылмайышып...

Үйдү көздөй келаттык. Алдыда бою кыскалар: Мен, Карагат, Мандалак. Артта бою узундар: Алыбай ата, тай атам, тай энем.

* * *

Кийин-кийин карыса да созулуп сулуу келбетинен тайбаган, аз сүйлөп, көп уккан тай энемден сурап калдым.

- Эмнеге Алыбай ата үшкүрүнө берчү эле?

- Ым-мм... Сенин да эсиңде барбы?! Ал убакта кичинекей эмес белең?

- Эсимде... Баары эсимде...

- Чымынга да Кудай жалгыздык бербесин. Ал кезде Алыбай атаң жалгыз жашачу. Үйлөнүп, ажырашып...

- Ажырашса... Жаман эле киши болгон экен да...

- Антип айтпай жүр, кызым... -- тай энем башын чайкап, кабагын катуу түйдү. -- Ажырашкандардын баары эле жаман болбойт. Мейилкан менен перзент болбогону үчүн ажырашты. Кийинчерек дагы үйлөндү. Аны менен да... Акыркысын алганда биз теңтуштары кыйнап эле үйлөндүрүп салганбыз. Бир да жолу ымыркай жытын жыттаган жок. Ошондуктан го аялдары менен ширелишип жашай албай өмүрү өтүп кетти. Бала деген аял менен күйөөнүн ортосун бекемдейт экен да. Алыбай атаң  өзү жакшы адам болгон! Жакшы адамдар деле бул турмуштан ордун таппай калат экен... Ал кезде Алыбай атаң баласыз өмүрү өтүп жатканына, тагдырына, үшкүрүнсө керек эле... Жалгыздыктагы жашоосуна дагы...

* * *

Оо менин жарык, жаркын адамдарым! Боорукерлерим, аёокерлерим, кылдат-сыпааларым! Силер, Алыбай атанын жалгыздыгын, баласыздыгын ичтен аяп, сырттан билгизбей... Үйгө келгенден кайра эртеси кеткенге чейин алпештеп сыйлап, сүйлөгөн ар бир сөзүн кунт коюп угуп, ал келгенде бүт иштерди токтотуп, элден башкача эркелетип тосуп алып жүргөнүңөр азыр мага түшүнүктүү...

19-декабрь. 2004-жыл.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз