Жазуучунун бактысы – өз чыгармачылыгында

  • 11.07.2022
  • 2663

ЮБИЛЕЙ КУТ БОЛСУН!

Бул юбилейлик макаланы жазууга камданып жатып, өткөн-кеткен окуяларды, жаш кезде окулган, жүрөктө из калтырган жакшы чыгармалардын баарын эстеп олтуруп, өзүнчө эле бир идиллиялуу доорду баштан кечиргенсидим...

Андан бери кырк жылга жакын убакыт зымырап, эч байкалбай өтүп кетиптир. Бир тележурналист “убакыт деген учкан куш экен” деп, ар бир берүүсү сайын кайталагандай, артка бир азга кылчайып карап, айрым бир эсте калган эпизоддорго азыркы мезгилдин жана жаш курактын бийиктигинен кайрадан баа берүү зарылдыгы жаралгандай болду...

Абдиламит Матисаков экөөбүздү 1983-жылдын жай айларынын күндөрүнүн биринде Бишкектин (ал кезде али Фрунзе эле!) Главпочтамтынын жанында таланттуу сынчы жана адабиятчы, кийин чоң саясатка аралашып, адабияттан алыстап кеткен Абдыганы Эркебаев тааныштырган эле. Биз Эркебаев экөөбүз жогору карай баратсак, Матисаков жер түбүндөгү өтмөктөн көчөнүн каршы бетине карай шыпылдай басып, шашылып келе жаткан экен.

Буга чейин деле ал экөөбүз тең бири-бирибизди сыртыбыздан билип, угуп жүрсөк деле, ошентип, көзмө-көз кол алышып, таанышканыбыз дал ошол күндөн башталган. Арадан бир жума өтүп-өтпөй эле, ал кезде жаш журналисттер, чыгармачыл адамдар кээде жолуга калып жүргөн “Бакир акенин чайканасы” деп аталчу, азыркы Жеңиш аянтынын маңдайында жайгашкан борбордогу жалгыз чайканадан кездешип калдык.

Дароо эле эски тааныштай болуп сүйлөгөн, бул өтө адамгерчиликтүү, таланттуу жаш журналист ошол кезде адабият босогосундагы эң алгачкы кадамдарын жасап жаткан учур эле. Көркөм адабият жана анын тегерегиндеги маселелер жөнүндө такай пикир алмашып жүрдүк. Мага Абдиламит Матисаковдун окуган китептери жөнүндө, сүйүктүү жазуучулары жөнүндө маашырлана сүйлөгөнү, дегеле, адабиятка олуттуу мамиле жасаганы жаккан... “Как молоды мы были, как искренне любили, и как верили в себя!” – деп бир популярдуу ырда айтылгандай, мезгил өтүп, Абдиламит Матисаков таланттуу жаш прозачы катары таанылып, өз муунундагы калемгерлердин лидерлеринин бирине да айланды. Анын алгачкы жарыяланган аңгемелери коомчулукта жылуу пикирлерди жаратып, келечегинен көптү үмүттөндүргөн автор катары атала баштады.

Бирок көп узабай эле жалпы коомубуздагы глобалдуу өзгөрүүлөр, доор алмашкан окуялар башталып, социалдык-экономикалык кризистен улам көркөм адабият жана раханий баалуулуктар артка сүрүлүп, мурдагы жоон топ калемгерлердин көбү өз жашоосундагы жеке көйгөйлөрү менен алышууга өтүшкөн учур келди. Адабият, маданият терең кризиске батып, китептер чыкпай, газета-журналдар жалаң гана саясий жана бульвардык-коммерциялык жеңил баа темаларга ыктап, туруктуу калыптанган адабий чөйрө талкаланып жок болгондугуна карабастан, чыныгы таланттар жана көкүрөгүндө табиятынан чыгармачыл ышкынын оту бар адамдар гана өз жандүйнөлөрүнө каршы чыккынчылык кылышкан жок.

Мурдагыдай жакшы төлөнчү калемакы алмак тургай, күтүсүздөн эле байып кеткен “жаңы көпөстөрдүн” жардамына муктаж болуп калышса да, баштарын жерге салбай, ар кимиси ар кайсыл багыттарда иштешип, эми убактылары бир азга бош боло калганда гана, өз чыгармаларын жазууга көнө башташты... Кыскасы, жаңы шарттарда ар кимиси өз ордуларын таап, ыңгайлашууга умтулушту. Абдиламит Матисаков жакшы жазуучу гана эмес, мыкты редактор да боло алды. Жакшы нерселерди дароо көрө билген, жандүйнөсү таза инсан катары, ал бирөөлөрдүн ийгилигине өзүнүн жеке ийгилигинен да аша кубанып, бирөөлөр жакшы макала, ыр, же башка чыгарма жазып келсе, буга жетине албай сүйүнүп, “Кыргыз Туусу” газетасынын редакциясына баргандардын баарынан, “баланчанын ырын, аңгемесин, же очеркин окдуңбу?!” – деп дайыма кызыгып сурап турчу...

Дал ошондуктан улам, “Кыргыз Туусу” эгемен өлкөнүн эң башкы газетасы деген расмий аталышын иш жүзүндө да тастыктап, эң окумдуу басылмага айланды. Бул үчүн, албетте, редакторлук чоң талант жана да талбас изденүү талап кылынгандыгы эч шек туудурбайт. Өкмөттүк-расмий газета мурдатан эле эбак калыптанып, жедеп өзгөртүүгө болбой тургандай катып калган, мажес рамкалардан бошонуп чыгып, тематикалык жактан ар түркүндүгү, мазмунунун тереңдиги жана да кызыктуулугу менен коомдук аудиториянын бардык чөйрөлөрүн өзүнө жапырт тарта баштаганда, кайрадан жаңыдан жаралгандай эле таанылды.

Массалык популярдуулук газетаны тиражы боюнча эң көп басылмага айлантып гана тим болбой, коомдогу эң орчундуу, көйгөйлүү маселелердин чордонуна айлантты. Абдиламит Матисаковдун башкы редакторлугу андан адам катары да, жетекчи катары да, чыгармачылык кухнядан сырткары дагы, демейде сырттан байкалбаган, абдан зор ийкемдүүлүктү талап кылгандыгы түшүнүктүү. Себеби, жаш, жаңыдан гана телчигип келе жаткан демократиялуу, эгемен өлкөнүн башкы идеологиясын ырааттуу жүргүзүү, жана да ошону менен бирге рыноктук жаңы шарттарга ыңгайлаша билүү талабы оңой эмес болчу!..

Ушундай чоң күчтү жана көп убакытты талап кылган кызматта иштеп жүрүп да, ал өз жеке чыгармачылыгын унутта калтырбай, дайыма улантып келди. Мурдагыдан кыйла азыраак жазып калса да, мурдагысындай эле саз жазып, эмки болгон айрымасы – ал көркөм публицистикага көбүрөк басым жасай баштады. Анын Сүймөнкул Чокморов жөнүндө жазылган “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” аттуу документалдуу китеби – азыркы кезде кыргыз публицистикасындагы классикага айланган чыгармалардын бири. Бул чыгарманын орус тилдүү жана орус тили аркылуу мурдагы союздагы Сүймөнкул Чокморовду жакшы билген жана сүйгөн окурмандарга жетишине, жеке мен дагы, котормочу катары, аз да болсо жупуну салымымды кошконумду айта кетсем, балким, эч ашыкчалык кылбас?..  Автор мага которомчу катары ишенип, толук эркиндик берген соң, чыгарма тез эле которулду. Адегенде бул документалдуу повесттен чакан үзүндү “Слово Кыргызстана – В конце недели” жумалыгында жарык көрдү. Бир-эки айга жетпей эле, китеп чыгаруу иштери солгундап, басмалар кризиске батканына карабастан, бул чыгарма иллюстрацияланган, көптөгөн кинокадрлары менен кошо, түстүү мукаба менен китеп болып чыкты.

Абдиламит Матисаков көптөгөн чыгармачыл адамдардын портреттерин жазып, ар кандай жанрларда иштеген инсандардын жеке адамдык бейнелерин жалпы окурман журтуна ачып, жакындан тааныштырган учурлар көп. Ал эми чыгаан акын Жолон Мамытовдун “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” деген сабы – эл арасында учкул кепке айланып калды. Кийинчерээк Абдиламит Матисаков президенттик администрацияда бөлүм башчы, Кыргызстандын башкы телеканалында генералдык директор да болуп иштеп жүрдү. Ал бул кызматтарда да майын чыгара, жемиштүү иштей билгендиги көрүнүп, коомчулукта жашкы пикирлер арбый баштаган. Бирок жеке менин оюмча, Абдиламит Матисаковдун ал жакта узак убакыт иштебей эле, мурдагы чыгармачыл чөйрөгө кайра кетип калгандыгы абдан туура кабыл алынган чечим жана келечектүү кадам болгон. Анткени, жеке чыгармачылыгын өз өмүрүнүн эң башкы максаты деп эсептеген жазуучу эч убакта өзү үчүн чоочун болгон чөйрөдө көпкө кармалбашы керек. Ал чөйрөнүн табиятын, өз ара мамиле түзүүдөгү ички сырларын жана өзгөчөлүктөрүн өздөштүүнүн өзү эле жазуучу үчүн жетиштүү жана түгөнгүс бай “материал” болуп саналат. Бир эле учурда эки стулда (бийликте жана чыгармачылыкта!) олтурууга аракет кылуунун өзү абдан “коркунучтуу” жана анын кийинки кесепети чыгармачылык толук деградацияга дуушар кылат!..

Англиялык таанымал жазуучу Чарльз Перси Сноу “Коридоры власти” деп атап, бул түшүнүк көп элдерде учкул сөзгө айлангандай, Абдиламит Матисаков дайыма коомдук маселелердин кайнаган жеринде жүрсө да, чыгармачылыктан эч качан алыстап кеткен жок. Бул анын ширелүү, курч жана терең мазмундуу публицистикалык чыгармаларынан көрүнүп жүрдү. Дегеле, көркөм чыгарма жазабы, же газетага күнүмдүк макала жазабы, же абдан актуалдуу публицистикалык маселени казабы – Абдиламит Матисаков үчүн ийине жеткире иштей билүү демейки жана көнүмүш адат.

Дал ошон үчүн Абдиламит Матисаков өзүнүн алгачкы чыгармаларынан тартып, өз почерки, тили, стили бар жазуучу катары таанылды. Чыгармачылыктын бардык түрлөрүндө мындай сейрек өзгөчөлүккө чанда гана авторлор ээ болушат. Айталык, кайсыл бир чыгармасынын кааалаган жеринен, эч тандабай туруп, “үзүп” алсаң да, ал “үзүндүнү” алып көрсөтсөң эле, ал кайсыл автордуку экени ачык таанылып турат. Маселен, чыгаан кинорежиссёрлордо (Федерико Феллини, Анджей Вайда, Никита Михалков сыяктуу) музыканын коштоосунда, эч үнсүз-сөзсүз берилген пейзаждан эле, бул фильмди ким тартканы билинип турат. Дал ошол сымал эле чыгаан музыкант, композиторлордун (Бах, Бетховен, же Рысбай Абдыкадыров сымал) айрым ыргактарынан эле, бул кимдин чыгармасы экени дароо билинет!

Кыргыз адабиятында тили абдан бай жана да лексикалык байлыгы өз жеке стилине куюп койгондой гармониялуу болуп, шайкеш келип турган жазуучулар саналуу эле кездешет. Бул өңүттөн алып караганда, өз чыгармачылыгында түштүк диалектизмдерин чебер колдонушкан Мурза Гапаров менен Абдиламит Матисаковдун, же тарыхый-архаикалык бай тилдери менен өзгөчөлөнүшкөн Төлөгөн Касымбеков менен Качкынбай Осмоналиевдин чыгармалары бекеринен окурмандар аздектеп окушкан чыгармалар эмес. Мына, эми баягы эле популярдуу ырда, “первый тайм мы уже отыграли” демекчи, Абдиламит Матисаков да чыгармачылыгында жемиштүү белестерди ашып өтүп, алтымыш бештин кырына келген учур. Чыгармачылык жетилүү, турмуштук-инсандык көз караштардын биротоло калыптанышы менен мүнөздөлгөн бул курак, азыркы чен-өлчөмдөр менен алып караганда, али жетишерлик “жаш курак” деп айтсак деле орунсуз угулбас?! Анын үстүнө, алдыда чечүүчү жана эң маанилүү “экинчи тайм” турат!

Бир кезде ыраматылык акын Алик Акималиев “Адабияттын мен бир жаш лейтененты... Адабиятта болбойт эч отставка...” деген оригиналдуу саптары менен көңүл бурган эле. Анын сыңарындай, эмнегедир Абдиламит Матисаков мен үчүн өзүнүн чыгармачыл потенциалын али толук ача элек жазуучудай сезилет. Ошондуктан, анын чыгармаларын аздектеп сүйүп окушуп, жаңы чыгармаларын күтүп жүрүшкөн окурмандарына айта турган сөзү али көп деп ойлоймун...

Чыгармачылыктын улуу табияты ушул – ал ышкы оту эс тарткан бала кезден адам менен кошо ойгонуп, ошол жүрөгүндө жаралган ээсин өмүр бою дайыма коштоп жүрүп олтурат. Ал “ээси” башка бир экинчи баскычтагы иштерге алаксып, же ал убактылуу башка чөйрөгө кетүүгө мажбур болгон учурларда деле, ага тынчтык бербей, түн уйкусун дагы бузуп, ойготуп, улам өзүнө азгырып, “чакыра” берет...

Жогоруда Абдиламит Матисаков мамлекеттик маанидеги коомдук өтө маанилүү иштерге аралашып, чыгармачылык ишине бүт жан-оту менен кирише албай калган учурлар да болгондугун кыйытып өттүк. Ал алтымыш бештин ашуусунда турган кезинде, мурдагысындай эле жигердүү иштеп, мурдагы анча-мынча чыгармачылык кенемтелердин ордун толтурчу оңтойлуу учурдун кыябы, ал үчүн мына эми гана келгендей сезилет.

...Улуу Иоганн Вольфганг Гёте 83 (сексен үч) жаш курагына келгенде, өзү өмүр бою жазган жана өзүнүн эң башкы чыгармасы деп эсептелген, ыр менен жазылган гениалдуу, эң көлөмдүү чыгармасы -  философиялык трагедиясы “Фаустту” аяктаган соң, “О Кудай, мага бул чыгармамды бүтүргөнгө мүмкүндүк бергениң үчүн  сага ыраазымын. Эми жашоодогу калган күндөрүмдү тек гана сенден алган белек катары кабыл аламын!” – деп жазганы бар... Чындыгында эле чыгармачыл адам үчүн, арийне, жазуучу үчүн, өзүнүн эң башкы чыгармасын жазып, өз оюн, идеясын кагазга толук түшүрүп, жашоодогу негизги максатына жетүүдөн ашкан бакыт болбос. Мен бүгүнкү юбиляр Абдиламит Матисаковго дайыма чың ден-соолукта болуп, узак өмүр сүрүп, чыгармачылыктын туу чокусуна чыгышын каалаймын. Ал эми жазуучу катары – тек гана узун өмүр эмес – бактылуу, байсалдуу чыгармачылык узун өмүр сүрүшүнө тилектешмин.

Мамасалы АПЫШЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз