Жылкычы Жапиев: Каргыш

  • 18.07.2022
  • 2199

АҢГЕМЕ

Вертолёт деңиздеги акуладай шаардын үстүнөн абада сүрдүү сүзүп баратты. Ичинде учкучтан бөлөк төрт адам: бирөө чет элдик фармацевт компаниясынын ээси, ал мейман, бүгүнкү иш чара анын катышуусунда өтөт; бири аскер адамы, полковник, калган экөө токой чарбасы менен жаратылышты коргоо коомунун жетекчилери.

Вертолёт жазды жаңы тоскон шаардан бат эле өтүп кетти. Үстүнөн караганда жерди каптап уюлгуган кара боз түтүн бара-бара суюлуп барып, тоо этекке жеткенде шоп этип ачык абага чыга түштү. Вертолёт токой чарбасына тийиштүү болгондуктан, учкуч бул катар-катар тоолорду нечен ирет кыдырган, көзү канык, ой-чуңкурунан бери жакшы билет. Учкучтун жумушу ушул: токой чарбасынын чоңдорунун, инспекторлорунун көрсөтмөлөрү менен тоо-түздөрдү кыдырмай. Анан бул чарбага тиешеси бар, жок болсо деле чет элден келген үлкөн кызматкерлердин, компания ээлеринин айрымдарын жогорку жактагылардын тапшырмасы менен аңчылыкка алып чыгып, тоо кыдыртып, көңүлүн ачат.

Чет өлкөдөн келген фармацевт компаниясынын ээси аңчылык дегенде үзүлүп түшөт экен. Өз жеринде мындай тоолор жок, жапайы жаныбарлар атайын багылган корук токоюна достору менен мергенчиликке барчу. Бул жактын мүмкүнчүлүктөрүн билгенден кийин жаратылышты коргоо коому менен биргелешип, чакан өндүрүш ишканасын түзүүнү макулдашып, буерде бир күнү мейман болуп, экинчи күнү аңчылыкка чыккан.

Жаратылышты коргоо коомунун жетекчиси Жумаш, Капар болсо башкы токойчу, бул кызматта иштегенине үч жылга аяк басты.

Бүгүн Жумаштын туулган күнү. Эртеден бери бир топ куттуктоолорду укту, тууган-туушкандары, бирге иштегендер, жоро-жолдоштору кырк жашка толушун куттукташты.

Кырк жаш биздин шартта узак жашаган адамдын жарым өмүрү. Ал эми өмүр деген шамалдан тез өтүп кетчү өтө кымбат, бирок көзгө көрүнбөгөн, дени сак кезде анча баркталбаган нерсе. Ошол өмүрдү ар ким ар кандай пайдаланат. Кырк жашта адам турмушуна чыйыр салып, орун-очок алып кала турган курак. Тестиер жаштагы балдарга  кырктагы адам бир топ картаң көрүнөт, себеби, балдар башкаларды өз курагынын деңгээлинде баа берет, кары адамдарга өзүнөн кичүүлөрдүн жаш көрүнгөнү булардын билбестигинен эмес, ага карылыгы күнөөлүү.

Жумаш ушул кырк жашында тоо томкоруп, көл чайпап эрдик жасаган жок, көпчүлүктүн бири катары өстү. Мектепте окуду, институтту бүттү, анан ишке орношту. Иштеп жүрүп, атайын көзгө көрүнөйүн деп жанталашпады, мойнуна тагылган ишти эл катары аткарды. Үй-жай күттү. Бир кыз, бир эркек баласы бар. Анан экономика илими боюнча кандадаттыгын коргогондо окумуштуулардын көңүлүн буруп калды. Ошондон баштап кызматтан улам өйдөлөп, былтыртан бери жаратылышты коргоо коомунун төрагасы. Эми докторлукту жактоого аракет этип жүрөт.

Үй-бүлө туулган күндү белгилөө үчүн эки үч-күндөн бери даярдык көрө баштаган. Бүгүн чоң дасторкон жайылып, конокторду күтүп калышты. Келүүчү меймандары ѳтѳ көп деле эмес, теңтуштары, бирге иштегендерден, туугандары, анан чет өлкөдөн келген алиги фармацевт. Бардыгы болуп ончакты адам.

Жумаш туулган күнүнө мейман чакырып, шаан-шөкөт жасачу эмес, үй-бүлөнүн чегинде бирин бири куттукташып коё турган. Жаратылыш коомуна төрага болгон эки жылдан бери мейман чакырып калышты, чакырбаса деле белек-бечкектерин көтөрүп алып, үйгө кирип келишчү болду. Мындай куттуктоо, белек тартуулоо сыяктуу кѳрүнүштѳр кызмат даражасына байланыштуу болот экен, бул түйшүк жаңы кызматка олтурганда кошо башталды.

Үй шартында мейман күтүү кыйла убара, тамак-аш даярдоо, ийдиш-аяктарды улам тазалап, жаңыртып туруу оңой жумуш эмес. Андан калса Жумаштын үйү чакан, көп кабаттуу үйлөрдө эки бөлмө. Бул үйлөр илгери, элүү-алтымыш жыл мурда мамлекет ар бир үй-бүлөнү турак жай менен акысыз камсыздайбыз деген ишке ашпас чакырыгы учурунда  курулуш материалдарын колдон келишинче үнөмдөп, кыргыз айтмакчы, чоң аялдын көчүгү айланбастай тар салынып калган. Жумаштын оюнда шаардын жайлуу жерине эки кабат чоң үй салуу бар.

Ушул тар үйгө чоң шашкеге чукул меймандар келе баштады. Адегенде кайнатасы менен кайненеси келди. Экөө тең жетимиштен өтүп калышса да алдуу, күчтүү, бир көргөн адам кайнатасын жетимиштен өткөн абышка деп ойлобойт, жаш кезинде гимнастика менен машыгып, шаардын биринчилигинде байге алып жүрүп, республиканын курама командасына киргенде бир мелдеште турник кулап кетип, колун сындырып, ошо менен токтогон. Кайненеси филолог, тилчи, илимдин кандидаты, докторлугун жазган эмес, ушул билимим мага жетет деп койгон.

Кайнатасынын кесиби геолог, адистиги боюнча аз эле иштеп, эс алууга чыккыча бир чоң курулуш уюмун башкарып турган.

Экөө кирип келер замат күйөө баласына бир кучак гүл карматышты. Алардан соң Жумаштын агасы, таякеси аялдары менен келишти. Өз ата-энеси катуу оорудан бир топ жыл мурда удаа-удаа дүйнө салышкан. Анан дагы бир-эки туугандары, андан соң достору, бирге иштегендери келишти куттук айтышып. Акыркыдан болуп чет элдик фармацевт досу келгенде үйдөгүлөрдүн улуу-кичүүлөрү ордуларынан жапырт туруп, кабыл алышты. Баш-аягы ондон ашык адам чогулду. Келгендер Жумаш менен өбүшүп көрүштү, үстөлгө олтурбай туруп белектерин тапшырышты.

- Ушу, үйүбүз тар, эми эптешип олтургула, эмдиги жылы буюрса кенен үй салам деген оюм бар, аны ишке ашырсам келгениңерде кенен олтуруп каласыңар,- деди Жумаш  меймандарына. 

- Батышып олтурдук, баттык,- деди төрдө олтурган кайнатасы.- Буга да кудай деш керек, ден соолук болсо аны да кѳрѳрбүз. Кудайдан амандык тилейли.

- Анда жаңы үйүңдү да куттуктайт экенбиз кудай буюрса,- деди олтургандардын бири.

- Ошо, жер алыбатам, керилтип үй салайын кенен-чонон. Балдар да чоңоюп келатышат. Куда күтсѳк бул үйдүн каерине батабыз,- деди Жумаш үй ичин айланта карап.

- Аның жакшы экен, - дешти олтургандар.- Деги жакшылык боло берсинчи... Бул үйүңѳр акжолтой, ушерден бала-чакалуу болуп... мынтип той ѳткѳрүп...

- Аныңар туура, акжолтой үй, кырсыктардан тышкары... Билбейм, мага айтор ашканасы кенен болсо болду,- деди Жумаштын аялы чай сунуп атып.- Менин андан бөлөк...- деп токтоп калып, анан сөзүнүн аягын таап кетти.- Өмүрдүн көбү ашканада өтөт экен... тар, батпайбыз...

- Ырас, ушундай үйлѳрдүн ашканасы аябай эле тар салыныптыр. Биздики да ушунун эле ѳзү, Жумаштыкы эки бѳлмѳ го, меники бир эле бѳлмѳ, тар. Бардыгы тар,- деп шаардын түштүк тарабынан келген досу күлүп койду.- Шартым келсе чоңойтуп алабыз го... үч кишибиз... тебелешип...

- Аман болгула эл-журтуңар менен, аманчылык болсо бардыгына жетесиңер, жашсыңар, -деди Жумаштын кайнатасы тигилерди жубатып.

- “Жамандыгы калбаса жаштыгы калган жок” дечү беле?- деп досу дагы күлүп алды.- Ошол менмин го...

Бардыгы унчукпай калышты. Ар кимдин оюнда ар нерселер келди: үйү тарлар Жумаштын досу туура айтты дешти, үйү-жайы кенендер ѳздѳрүнүн бѳлѳк кѳйгѳйлѳрүн эстешти.

- Анда бүгүнкү үлпөттү өзүңүз баштап берсеңиз,-деди Жумаш кайнатысына.

Ал киши олтургандарга Жумаштын кайнатасы болорун адегенде айтты, анан күйөө баласын өз уулунан кем эмес көрөрүн, жакшы тилектерин билдирип, узак өмүр каалап, стакандарда куюлган ичкиликти алдырып жиберди.

Андан соң Жумаш олтургандардан кечирим сурап, меймандарды тааныштырды. Адегенде тааныштыруудан баштасам болмок экен деп дагы кечирим сурады. Олтургандардын бири:

- Жаңы эле келбедикпи, таанышабыз, убакыт бар,- деп койду тамагын кырып.

Жумаш бардыгын четинен атын атап, жѳнүн жѳндѳп тааныштырып чыкты. Аты аталгандар ордунан козголуп, башын ийкеп, жылмайып, анан кайра ордуларына олтурушту.

- Буерде чоочун эч ким жок, бардыгыгыңар тең тууган-туушкандарым, досторум, коллегаларымсыңар,- деп Жумаш четтеги ордуна олтурду.

Таанышканыбыз үчүн деп меймандар стакандагыны дагы алып жиберишти. Меймандардын ичтери жибип, кыймыл кире баштады.

Экинчи болуп сѳз таякесине тийди. Ал ордунан ѳйдѳ туруп томпок хрусталь стаканда колуна уучтай кармап, жээнине каалоо-тилектерин айтып келип:

- Жумашты мен жээн эмес эле бир тууганымдан артык кѳрѳм, ага-инидейбиз. Биздин кѳз алдыбызда чоңоюп, окуп, иштеп, ушул даражага жетти. Ѳзү ак ниет, жаракѳр. Абадан дем алып, суу ичкени болбосо, башка нерселерге таптакыр зыяны жок. Колунан жакшылык гана келет, бирѳѳгѳ кылайган арамдыгы жок. Мындай караганда эле маңдайы жарык болуп турбайбы. Мен аны жээним болгону үчүн мактап аткан жерим жок, баарыңар жакшы билесиңер. Ѳкмѳт да Жумаштын иштермандыгын, ак жүрѳктүгүн кѳрүп, баалап, бакандай болгон кызматка кѳтѳрүп отурат....

Олтургандардын бардыгы таякени жабыла карап, сүйлѳмүнүн аягына чыккан сайын баш ийкешип, коштоп турушту.

- Ошол, анда жээнге, жок, иниме ден соолук, ишине ийгиликтерди каалаймын. Кызмат даражаң мындан да жогоруласын. Бар бол, бай бол!- деп сѳзүн аяктады.

- Ыракмат. Айтканың келсин. Ийгилик баарыбызда болсун,- деди Жумаш ыраазылыгын айтып.

- Анда менин тосумду аппак алып койгула,- деп таяке олтургандарды сыдыра карады.

- Тост ээси менен болсун,- деди Жумаштын бир досу. Ал үйгѳ келгенде эле кызымтал болучу.

Таяке стаканда куюлган аракты аягына чейин алып:

- Мына, момундай “зонтик” алгыла,- деп стаканды кѳмкѳрүп койду.

Бири-экѳѳ стакандын жарымына чейин алып, жүздѳрүн жыйрып олтуруп калышты.

- Болбойт, Жумаш иним жарым эмес да, толук алгыла. Ким толук албаса, анда ал Жумаш иниме ийгилик менен ден соолук каалабайт экен,- деп таяке бурк этти. Бурк этип алып, кайра аягында күлүп койду.

Ошентип, олтуруш уланды.

- Чайдан ичсеңер, дасторкондогудан жеп олтурсаңар,- деп Жумаштын келинчеги улам ѳтүнүп, бошогон тарелкаларга дасторкондогулардан салып берип, чай сунуп атты.

Бир кезде Жумашка телефон чалышты. Ал сүйлөшүп бүтүп, меймандарына кайрылып:

- Кечиресиздер, мени бир саатка сейилдеп келели дебатышат. Вертолёт даярдап коюшуптур, чет элден келген бул досту ала келгин дешти... Уруксат болсо...

- Баргыла, уруксат,- дешти олтургандар.

- Анда мен тост айтып коёюн уруксат болсо,- деди фармацевт мейман.

- Айт, айтсын,- дешти олтургандар бир ооздон

Четтен келген мейман адегенде бул элдин меймандостугуна ыраазылык билдирип, буерде олтургандар менен таанышканына курсант экенин айтып, анан Жумашка чың ден соолук, ийгиликтерди каалап тост көтөрткөндө меймандар ага сый көргөзүп, бардыгы жапырт ордуларынан туруп, стакандарын кагыштырышты.

Ошо менен экөө бир саатта келебиз деп чыгып кетишти. Кетип баратышканда Жумаштын аялы:

- Тияктан канча киши кошулуп келесиңер?- деп сурады.

- Үчөө, балким экөө,- деди. – Айтор ким кааласа келээр...

- Шыралга бересиңер келгенде,- деди досторунун бири.

- Сѳзсүз беребиз. Эмне апкелсек силердики, ортого коёбуз.- Жумаш кетип баратып, меймандарынан дагы кечирим сурады.

Вертолёт эски аэропортто экен.

- Туулган күнүңдү куттуктайбыз!- деп күтүп тургандар Жумаш менен кучакташып көрүштү.

- Бир саатта келип калабыз,- деди Капар.

Полковникти Жумаш мурдатан тааный турган. Ал Ульяновск шаарынан авиациалык аскер окуу жайын бүткөн. Коргоо министрлигинде жакшы кызматта. Мыкты адис.

Ошентип, учкуч менен беш адам ак мөңгүлүү тоо үстүндө учуп баратышты. Жердеги адамдарга бул тоолор асман тирегендей көрүнгөнү менен асман андан ары, булуттардан да ары экен. Вертолёт өйдө көтөрүлгөн сайын көмкөрүлгөн көк асман алыстай берди.

Тоо үстүндө кылайган булут жок, шаңкайып ачык, тогуз катар тоонун ары жагынан бери даана көрүнөт. Бийик зоолордун боорлору гана карайбаса, тоо да, түз да чылк кар. Быйыл кар өчү бардай жаады. Кыш мурдагыдан катуу болду. Жер үстүн бара-бара жылуулук каптайт деген божомолду төгүнгө чыгарды.

- Өткөндөгүдөй Көл-Төргө барабызбы?-деди Жумаш.

- Андан ары кетели улуу тоолорго,- деди Капар.

Вертолёт улуу тоолордун үстүндө көпкөк мухитти жиреп сүзгөн акула сымал түссүз абада алга жүткүнүп баратты. Полковник төш чөнтөгүнөн бѳтѳлкѳсү жалпак конъяк алып чыгып:

- Көз кайкыган Улуу Тоонун үстүнөн, чеги жок көк асмандын алдынан досубузду куттуктап коюуга уруксат эткейсиңер,- деди.

- Ого!- дешти учкучтан бөлөгү бир ооздон.

- Жумаш досубузга узун өмүр, баарыбызга ден соолук,- деп полковник каалоо айтып, анан чет элдик мейманга баш ийкеп,- сиз менен таанышканыма курсантмын,- деди.- Бүгүнкү аңчылыгыбыз шыралгалуу болсун,- деп кошумчалады.

Чет элдик мейман алкышын айтты. Ал мындай ак мөңгүлүү тоолорду көргөнүнө, көрмөк тургай аралап жүргөнүнө кубанганын жашырган жок, ушул тоолуу өлкөнүн меймандос, пикирлеш адамдары менен достоштурган тагдырына ыраазылыгын кайталады.

- Бул биздин Ала-Тообуз, Теңир-Тообуз,- деп Жумаш мейманына тоолордун, чокулардын, өрөөндөрдүн аттарын атап баратты.

- Баары эле окшош, буларды кантип ажыратасыңар?- деди мейман таң калып.

- Тоолор адамдар сыяктуу эле эч качан окшош болбойт. Таптакыр окшошпойт,- деди Жумаш башын чайкап.

- Биз ушул тоолордо өсүп, чоңойдук. Анан иш боюнча да ушул кезге чейин аралап жүрөбүз, буердин коёндун жатагынан бери билебиз, бизге ар бир ташы кымбат,- деп Капар жалпак шише конъякты мейманга сунду. Сунуп атып:

- Бул тоолордо канча бир миңдеген карагайлар, арчалар, толгон жыгачтар, таштар, кайберендер бар, булардын баары бири бирине окшобойт, таптакыр окшобойт,- деп кошумчалап койду сөзүн.

- Ушуну оюма албаптырмын, чын эле, бир карагайга бири окшобойт, сыртанын бирдей көрүнгөнү менен,- деди полковник жылмайып күлүп.

- Тигине Көл-Төр!- деди Жумаш терезеден сөөмөйү менен сыртты көрсөтүп.

- Аерде Көл барбы?- деп сурады полковник.

- Көл жок, баары тоо, бийик зоокалар. Илгери атамзаманда көл болсо керек,-деп айтты Жумаш.

- Буерде аркар, кулжалар бар,- деди Капар.

- Кадимки Марко Полонун тукумубу? – деп сурады мейман кѳзү жайнап.

- Ооба,- деди Жумаш,- бирок аз калды, жапайы аңчылар жайлап салышты, анан Көл Төрдүн ашуусунан ары Таластын башы Караколго ооп кетишет, ал жактан октон аман калгандары кайра буерге качып келишет, бизде аларды аркар, кулжа дейт. Аркары ургаачысы, кулжасы эркеги. Азыр ошол Марко Полого барабыз...

Мейман ичинен сүйүнүп алды. Ал тирүү аркарды кинодон бөлөк көрө элек болучу. Аркарга аңчылыкка чыгам деп эч качан оюна келген эмес. “Бул досторго эмкиде аялым менен уулумду ала келбесем. Марко Полону алар да көрсүн”,- деп ойлоду.

- Буерди илимде, картада Тянь-Шань тоо кыркасы деп аталат, бизче Теңир-Тоо дейт,- деди Капар.

Мейман түшүнүктүү дегендей башын ийкеп койду.

- Карышкыр!- деди полковник дүрбүсүн көзүнөн албай.- Үч, төрт, алты... Алтоо экен!

Бардыгы көздөрүнө дүрбү такап калышты.

- Бешөө... беш экен,- деди Жумаш.

- Мен көрбөй атам, каерде?- деп мейман дүрбүсүн көзүнөн алып сурады.

- Тигине, тээтиги эң бийик чокуну көрдүңбү?- деди полковник.

- Чокусу жылаңачпы, көрдүм,- деп мейман көзүнө дүрбүсүн кайра такады.

- Ошол кара зоодон ылдый, төмөндө, жайыктан бизден качып баратышат, бешөө!- деп полковник сөөмөйү менен терезени сайып көрсөттү.

- А көрдүм!- деп мейман кыйкырып жиберди. – Көрдүм! Ушулар карышкырбы?

- Азыр үстүнөн атабыз!- деди Жумаш.- Бирден теребеиз. Бардыгы биздики болот...

Үйүр карышкырлар вертолёттон качып баратты, үстүнөн келаткан балакетти улам бири бурулуп карап коёт. Тоонун ичин жаңыртып дүрүлдөгөн бул желмогуздан кутулуш кыйын. Ал балакет асманда пайда болгондо тоону мекендеген жан-жаныбарладын баары кыйсыпыр түшүп, туш-тушка качат. Коңулга кирип кеткендер аман калбаса, кыпкызыл болгон ысык чок асмандан учуп келип, качып бараткандардын денесин жарып өтөт. Бул балакеттен кутулуп болбойт. Келди дегиче жерде жүргѳндѳрдү кырып-жоюп жиберет. Кайберендер, жырткычтар ѳз жандарын туш келди ала качып, кырдан кыр ашып, тоо айланып, баш калакалар жай таппай калышат. 

- Кызыл-Зоого кама!- деди Жумаш учкучка.- Ошер оң. Эч жакка кача алышпайт, үстүнѳн жайлайбыз...

Вертолёттун добушу күркүрөп, карышкырлардан өтүп барганда үйүр уюлгуп, сол жакка бурулду. Бурулганда булактаган куйруктары менен кошо кар бурганактап көтөрүлдү. Калың карга карышкырлардын буттары кирип кетип, анан каргып жанталашканда кызыл тилдери салаңдап, ооздорунан шилекейи куюлуп, моюндары алга созулуп, бөрү деген сүрүнөн дайын жок, кароосуз калган жалтак жолбун топ иттер сыяктуу бир кайрат кылганга жарабай, качкандан башканы билишпеди. Алар бул тоо жаңырта күрүлдөп учуп жүргөн нерседен мурда анын ичиндеги денени жарып өткөн ысык чок ыргыткан адамдардан коркуп баратышкан. Ошол коркунучтуу адамдар ушул вертолётто.

 Карышкырларга бөлөк жол жок болгондуктан Кызыл-Зоого такалып, куюн сыяктуу уюлгуп, бир ордунда тегеренип айланкөчөк болгондон бөлөк айла калбады. Вертолёт Кызыл-Зоонун үстүндө айбаттуу дүрүлдѳп, абада калкып турду.

- Бирден терип атабыз!,- деди полковник автоматты бирден атмай абалга келтирип.- Бүгүнкү салтанаттын ээси өзүң, эми аңчылыкты да өзүң баштап бергин,- деп автоматты Жумашка сунду.

Вертолётто эки автомат бар болучу, бирин Капар кармап келаткан.

Үстүнөн караганда карышкырлар баштарын жерге катып, чоң үйдүн ордундай жерде куйрук улаш тегеренишип жандалбастап, жердин жаракасын издеп жаткандай, ал жаракадан вертолёттогу адамдардан чыккан ысык чогу жетпеген төмөн, түпкүргө түшүп, жандарын аман алып калуунун айласын издегендей.

Тарс! Автоматтын огу башына тийди окшойт, карышкырлардын бири жер сүзүп жыгылды. Беркилери чалды-куйду айланкөчөк атып бирине бири корголоп, Кызыл-Зоокага жетип, андан туюкка кептелип, кайра артка секиришет.

- Көзгө атар турбайсыңбы, келе бешти!- деп Капар эңкейип, Жумаштын колун кармады. Беркилер да олжолууга куттук айтышып, алакан кысышты.

Полковник автоматты мээлеп калганда:

- Кезекти мейманга берели, мейман атсын,- деди Капар.

Мейман автоматты колуна алганда Жумаш:

- Топтошкондун ортосун мээле...

Тарс! Карышкырлардын бири оңкобаш атып барып, жыгылып, ошо бойдон турган жок.

Мейман менен беркилер алакан чыбыштырып куттукташты. Мейман аябай кубангандан көзү күлмүңдөп, өзү жылмайып, баш бармагын чычайта көтөрүп:

- Мыкты!- деп койду.

Мейман мурда вертолётто көп эле учкан, бирок азыркыдай аңчылыкка чыккан эмес, атүгүл жапайы тирүү карышкырды көрбөгөн. Булар зоопарктагы жүдѳмүш бѳрүлѳргѳ окшобойт, жондору каралжын-кѳгүш тартып, ѳздѳрү да сѳѳк-саактуу, чоң. Жомоктордо карышкырлар жѳнүндѳ алардын амалкѳйлүгү, зѳѳкүрлүгү, тайманбас эр жүрѳктүүлүгү жѳнүндѳ кѳп айтылат, ал эми азыр болсо, томуктай жанына жай табылбай, кызыл аскага барып урулуп, кайра артка тартышат. Булар вертолёттун тоо жаңырткан дүркүрѳгү гана болбосо карышкырларга эч зыяны жок учуп жүргѳн темир экенин түшүнүшѳт, алардын коркуп качканы дүркүрѳп учкан ошол темирдин ичиндеги адамдар автоматтан атканда денени тешип ѳткѳн кыпкызыл, ысык оттору.

Карышкырлар мурдагысынан катуулап тегерене уюлгуп, аппак карда кызыл ала канга боёлуп сулап жаткан экөө вертолёттогу адамдардын кыпкызыл чогунан жанталашып качкан тирүү карышкырлардын тепсендисинде калды. Карышкырлар айланган сайын апапак кардын мала кызылы улам көбөйүп, үстүдөн караганда жер жайнаган жоогазынга окшоп кетти.

Быйыл бул чөлкөмгө кар оор түшкөн, тоодогу жапайы айбанаттар буерден жер жутуп кеткендей жоголду, тоо кыркалап олтуруп, Казакстанга өтүп кетсе керек. Карышкырлар да улуу тоолордон төмөн, бөксө тоолорго ооду, айрымдары бөлөк тоолорго кетишти. Ал эми карышкырлардын бул үйүрү бөксө тоолорду мекен тутуп калышкан, ал бөксөлөрдү этектей кыштактар жайгашат. Түндөсү кыштактагы мал короолорго кирип, кой-козуларды алкымдап, жеп, көтөрө качып кетишет. Өзгөчө, кыштактардан четтеги ээн талаадагы кашарларды чаап жүрүштү. Аердегилер аңдууга алып, бул үйүрдүн бир бөрүсүн атып алышкандан кийин ошол кашарларга көпкө жолобой калышкан, бирок бөлөк айылдагы кашарларга тынчтык бербеди. Анан ал кашарлардагы малчылар асма шам жагышып, мылтык атып, ысык чоктон карышкырлардын бири-экөө жаракат алып, буердин малчылары кашабаңдарга кыл жылдырбай калгандан кийин үйүр кайра бөксө тоолорго оогон. Азыр буердин оттуу жерлеринде эликтер бар, алардын туут учуру, бооздору менен чаарчыктары калың карда кача алышпай, үйүрдүн бѳрүлѳрүнѳ жем болушат. Кээде караган-чердин түбүндө жаңы тууп, чарайнасына чалынып жаткан чаарчык менен энесин карышкырлар ошерден лып баса калып жеп салышат. Энесинин ичинен жаңы түшкөн чаарчык бул жарык, бирок катаал дүйнөнү билип-билбей, көрүп-көрбөй жок болот. Азап-тозоктордон өтүп, нечен айлап ичине көтөрүп, эми көз жарып, дене-боюнун, отуз омурткасынын сыздап ооруганына кайыл болуп, эне болуу бактысы балкып турганда жырткычтарга оңой жем болуп калуу табияттын өтө катаал экендигин эне элик туят. Ал эми көзүн ачып-ачпай жок болгон чаарчык бул татаал, жарык дүйнөдө жунгли мыйзамы үстөмдүк этерин кайдан билсин!

Үйүр карышкырдан тирүү үчөө калды. Эмки кезек Капардыкы. Капар атат. Үч карышкыр тилдерин салаңдатып, бири бирине баштарын катып жөөлөшүп, жин ургандай токтобой жүгүрүп, үстүдө абада калкып турган күркүрөгөн желмогуз менен анын ичиндеги денени жарып кеткен ысык чок ыргыткан ырайымы жок адамдардан кутулуунун жолун издейт. Бөрүлөрдүн сыйынган кудайы болсо да ал канча айлакер болбосун буерден үчөөнү аман куткарып кала тургандай эмес.

Тарс! Ок асканын бооруна тийип, ташты жарып кетти.

- Тигилер зооканын түбүнөн артка кайрылганда буйдалып, жайлай түшөт, ошондо ат,- деди полковник.

Тарс! Ок кайра аскага тийди.

- Нниңңди...- Капар мылтыкты тилдеди.

Эч ким унчуккан жок.

- Бир аз артка,-деди Капар учкучка.

- Анда коридор ачылып калат!- деди полковник.

- Ачылбайт!- деди Капар тиштенип.

Вертолёт кийиндеп, артка жылды. Кызыл-Зоого карышкырларды айдап кирген жол ачылып, тирүү калган үчөө артка бурулуп, кууш коктуга түштү.

- Качырба!- деди полковник.

Тарс! Тарс!

Карышкырлардын биринин арткы бутуна ок тийди окшойт, бурала түшүп барып, кылчайып бир “арс” этип алып, кайра жүгүрдү.

- Ат! Автоматка коюп ат, кутулуп кетишет!.- Полковник көнгөн адатынча буйрук бере кыйкырды.

Тарс! Тра-тра-та-та-та-та...

Карышкырлар буйткага кирип, көрүнбөй калды. Вертолёттогулар дүрбү салышып, тикирейип издешти, карышкырлар жердин жаракасына түшүп кеткендей ың-жың.

- Балким ок жеп үчөө тең өлүп жаткандыр,- деди Жумаш.

- Балким,- деп койду полковник Капардын көңүлүн улап, карышкырлардын тирүү кутулуп кеткендерин ал сопсонун билип турду.

Аткан карышкырлардын терисин кайра келатышканда алмай болушту.

- Убакытты үнөмдөйлү, үйдөгүлөр күтүп калышты,- деди Жумаш колундагы саатын карап. Бардыгы саатарын карап калышты.

- О, убакыт жетишерлик экен,- деди полковник.- Араң жырым саат болуптур.

Вертолёт Теӊир Тоонун үстүндө баратты. Учкуч булардын барар жерин айттырбай билет, мурда да аңчылыкка келишкен, буерди кайберендер мекендейт. Бир курдай илбирс атышкан. Жапайы жырткыч мышыктын тукуму учу-кыйрына көз жетпеген тоолордун ушеринде гана аз калган, булар тукум курут болуп баратат.

Бардыгы көздөрүнөн дүрбүнү албай, ой-чуңкурлардан бери тикирейип карай берип, аскалардын урчуктары, жылаңач таштар буларга кайберендей, жандуудай  сезилип кетип атты.

Вертолёт болжолдуу чөлкөмдү бир айланды, кайберендер көрүнбөдү, мындан ары өтө алышпайт, бул тоонун артынан бөлөк мамлекеттин жери башталат. Анан вертолёт өз чегиндеги тоону кыркалай салды. Тоолор селейип катып, сүрөттөй жансыз. Ушул селейген жансыз тоодон жандуу нерсени издеп жүрүшөт. Азыр алар кыбыр эткенди көрүүгө зар болуп олтурушат, кыбыр эткен жандык буларга өз ажалына көрүнөрү анык. Капар карышкырларга кекенип калды, кайра бир күнү келип, бул үч карышкырды кууп жүрүп өчүн алмай болду, аттырбай качып кеткен немелер өздөрүнөн көрсүн!

Полковник болсо ок чыгарбай калганына арманда, кезекти өзү алганда кырышкырларды тырайтып салары анык болучу. Капар аларды качырып жиберерин кайдан билсин!

- Тигине аркарлар!- деди полковник бул жолу да биринчи болуп. Эң акырында Капар көрдү. “Капырай, мен бүгүн эмне болуп турам?”- деди ал оюнда.

- Марко Поло,- деди мейманга Жумаш.

- Ого, Марко Поло,- деп койду мейман кубанган үн менен.

Алар ончакты экен. Чоңдору, кичинелери аралаш. Вертолёттун тоо жарган күркүрөгүнөн качып калышыптыр созулуп. Алдыңкылары кар токтобогон кара зоокага илинип, артындагылар ойдуңдагы карда каргып баратты. Эң арткылардан экөө качып баратып терең карга сүрдүгүп жыгылышты.

- Бооз экен, ичтерин көтөрө албай калышты. Эми эч жакка кача алышпайт, биздики болот,- деди Капар.

Сүрдүгүп жыгылган экөө калың карда улам обдулуп каргып туруп кетишип, тигилердин артынан кар малтап жөнөштү.

Тарс! Тарс! Экөө тең жерге сулады.

- Эки ок менен ичтериндеги козуларын кошкондо төрттү аттым! - деп Капар өзүнчө ыраазы.- Карышкырды аталбай калганым мылтык кыйшык экен, бул бир атканда эле тийди.- Автоматтын кундагын сылап, ыржая күлүп койду. Мурдагы өчүн алгандай өзүнө ыраазы болуп турду.

Жанындагылар Капардын колун кысып куттукташты.

- Сен чоң мерген экенсиң,- деди Жумаш.- Эки ок менен экѳѳнү бирдей жайладың.

- Капар керек болсо экѳѳнү бир ок менен жайламак,- деди полковник күлүп, анан тѳш чѳнтѳгүнѳн дагы бир жалпак конъяк алып чыгып, оозун ачып, адегенде мейманга сунду. Мейман башын ийкеп, ыраазылыгын билдирип, бир ууртап, кайра полковникке сунду.

- Аркарлар борчукту айланса кутулуп кетишет!- деп Жумаш кыйкырып жиберди.- Анан ичкиле...

- Качып баратышат,- деди мейман сырттан кѳзүн албай.

- Аткыла, качырбагыла!- деп кыйкырды полковник буйрук берген үн менен.

Тарс! Тарс! Тра-та-та-та...

Бул жолу эки автомат эки колго өтүп, иретсиз аткылаган үндөр тоону жаңыртып жиберди.

Аркарлардын бири-экөөсү гана борчукту айланып кутулуп кетпесе, жалама асканын боорунда аска менен аска болуп тырмышып өйдө бараткандар зоодон төмөн көздөй таш кулагандай биринин артынан бири учуп, коктудагы карга аралашып сулк жатышты. Кулап келатып, аска боорундагы арчанын түптөрүнө илинип калгандар да болду.

- Эй, бирөө тирүү калыптыр, жалдырап бизди карап турат, тигине, качпайт,- деди мейман.

- Кана?

- Каерде?

- А, көрдүм,- деди полковник.- Аркардын козусу экен, энесин күтүп турса керек...- Бышш этип жасалма күлүп койду.

 Жумаш мээлеп калды.

- Токто, атпа!- деди Капар.- Аны тирүү кармап алабыз. Ал эч жакка качпайт. Сенин туулган күнүңө сонун белек болот.

- Туура! Идея!- деп бул сѳзгѳ мейман менен полковник экөө тең кошулду.

Аркардын жаңы туулган козусу жалдырап, вертолёттон көзүн албайт. Кыймылдабайт, кылт этсе жилбик, алсыз шыйрактары таканчык бере албай, жалама зоодон төмөн карай кулап кетчүдөй. Козу бул жарык дүйнөнүн эчтемесине түшүнбөй нес.

- Адегенде бул козуну тирүүлөй кармайбыз, анан аткан аркарлардын баштарын алабыз мүйүздөрү менен. Өздөрү азыр арык, туут маалы, эти жашык, даамсыз,- деди Капар.

- Үйдө калган меймандарды бир таң калтыралы аркардын козусун тирүү кармап барып,- деди полковник.

- О, мындай белекти королдор гана алса керек,- деп койду мейман полковниктин сөзүн коштоп.

Вертолёт тоонун үстүнө көтөрүлүп, анан асканын кычыгында турган аркардын козусуна туштап, кайра ылдыйлай баштады. Аркардын козусу турган жеринде катып калгансып, мойнун созуп, асмандан көзүн албайт. Ага улам ылдыйлап келаткан вертолёттон башка эчтеме көрүнгөн жок, бул күркүрөгөн нерседен эч жакшылык жок экенин туюп турду. Качып кетүүгѳ козунун дарманы келбеди. Ал турган жерге эч бир жырткыч жете алмак эмес, буер бүркүттѳр уя салып, куштардын мекендеген жай эле. Бул жерге жандуудан учкан куштар, жансыздан шымал менен күркүрѳгѳн добуштуу вертолёт гана жетмек. Бирок козу күркүрѳгѳн каралжын жашыл түстѳгү эбегейсиз бул чоң темирдин жаны бар, жогу менен иши болбос, бир билгени андан жакшылык жок экендигин туюп туру.

- Козу бизге буюрган экен,- деди Капар жанындагыларды бир сыйра кыдырата карап.- Үйгѳ барганда Жумаш досубузга бул белегин жуудурабыз. Козуну ортого алып, баарыбыз сүрѳткѳ түшѳбүз, эстелик болот. Кийин, бир канча жыл ѳткѳндѳн кийин ушул бүгүнкү күндү эстейбиз.

- Ого, жакшы эстелик болот анда,- деди мейман.

Вертолёт улам аз-аздан ылдыйлап, козу экѳѳнүн ортосу жыйырма метрдей калды.

- Кимибиз козуга түшүп, алып келебиз?- деп сурады полковник.

- Кимибиз болсо да,- деди Капар. Анан бир паска ойлонуп туруп: - Ким кааласа… чүчүкулак кармашайлыбы...

- Эмне, коркуп атасыңбы?- деди полковник адатынча мыйыгынан күлүп.

- Эмнеден коркмок элем? Ѳзүң коркуп атасыңбы?- деди Капар жасалма жылмайып.

- Аркарды баккандар бар, колго көндүрүп алышат экен. Мен аны телевизордогу кайсы бир  берүүдѳн кѳргѳм. Ээсинин колунан жем-чѳп жеп, артынан калбай ээрчип жүрѳт экен. Азыр бул кичекей, бат эле кѳнүп кетээр колго. Киного тартса болот, бакма аркар деп интернетке жайгаштырса, кызыккандар кѳп болот. Анда ал кандай шартта чоңоюп аткандыгын сурашат кызыккандар. Ошентип, кѳп жерге атың чыгат, жаңы тааныштарды, досторду табасың. Балким азыр багып жүргѳндѳр бардыр, ошолор менен таанышасың, - деди мейман.

- Анүчүн өзүнчө жер там керек, менин үйүмдүн шарты жок, ѳзүңѳр билесиңер,- деди Жумаш.

- Эки кабат үй салам деп жүрбѳйсүңбү,- деди полковник.

- Азыр сала элекмин да, буюрса быйыл жайда баштайм го.- Жумаш алаканын жайып койду.

- Ошол үй салганыңча бул да чоңоюп калат, буга да ѳзүнчѳ бир бѳлмѳ кошуп коёсуң кудаа кааласа,- деп айтты мейман.

- Биз сага аркардын тирүү козусун белекке беребиз, аны эмне кылсаң өз эркиң; сатасыңбы, бирөөгө бересиңби, союп жейсиңби, чоңойгончо багып туруп, кайра тоого алып келип коё бересиңби, эрк өзүңдө.- Капар сөзүнүн аягын “ыхылап” калп күлкү менен бүтүрдү.

Аркардын козусу кулак жарып күркүрөп үстүнөн келаткан жалаңкычтан кутулууга аргасы жок жыланга арбалган бакадай дене бою титиреп, эки көзүн тостойтуп кайдандыр белгисиз тараптан ырайым күткөндөй асманды жалдырап карагандан бөлөк эч айласы калбады. Бирок ага асмандан эч жардам болбоду. Жаңы эле тууган энесине автоматтын чоктой болгон ысык огу ооз омурткасын талкалап ѳтүп, эне аркар ѳзүнүн кыпкызыл канына боёлуп, тунарган кѳзү ачык бойдон тѳмѳндѳ сулап жатат. Козу энесинин антип калганын кайдан билсин, инстникт боюнча бир коргоочуну күтүп турат. Асманды акыйып, кѳзү ѳтүп кетти.

Вертолёт улам акырындан ылдыйлай берип,  козу менен ортосу он беш метрдей калды. Козу дагы эле асманды тиктейт. Эми вертолёттун кубаттуу калактарынан чыккан шамал козуну теңселтип жиберди. Ал асканын боорунан кулап кетпес үчүн ташты бекем такандап, желим сымал жупжумушак туяктары кара ташка чып жабышып калды.

Вертолёт дагы бир аз ылдыйлады. Аркардын козусунун эки көзү чанагынан чыгып кетмей болду, денеси эч нерсе сезбей өлүп, калтырабай-титиребей калды.  Бул жарык дүйнө жалаң ушундай шамалы күч күркүрөгөн коркунучтан куралгандай туюлду. Вертолёттогуларга эми козу жапжакындан даана кѳрүндү. Баарынан да бакырайган эки кѳзү кайдандыр бирѳѳлѳрдѳн, тирүү жандардан кайрымдуулук күтүп турду. Күркүрѳгѳн добуш бечаранын кулагын жарып жибермей болду. Козу ташка сийип жиберди. Ургаачы экен. Туулбай жатып тукум курут болот деген ушул. Мындан кѳрѳ энесинин ичинде кала бергени дурус эмес беле, вертолётчулар жарым саатча мурда келгенде бул козу жарык дүйнѳнүн мынчалык катаалдыгын, коркунучтуу экендигин туйбай калмак. Эми тагдыры ушу болсо, андан эч ким, мындай жапайы жандыктар түгүл акылы ашкан адам да ѳтѳ качып кете албайт. Адам баласы канчалык акылман болгону менен тагдырдын алдында алсыз, бечера, бечел. Тагдыры жетелеген жакка кетпеске чарасы жок. Адам атадан бери тагдырына кѳз каранды. Ага кайрат кѳрсѳтүп такаат этүүгѳ чамасы келбейт. Адамзаттын менменсиген баатырлары, хандары-бектери, канкорлору, шумдары да тагдырга моюн сунуп келет, аны менен арбашканга, кармашканга алсыз. Айга тишин бүлѳгѳн адам ушинтип турганда бул жаңы туулган жилбик козу эмне болуп калыптыр!

- Жакындап келдик,- деди вертолётчу салондогуларга.

- Шатыны ташта, мен түшөм,- деди полковник.

- Абайла,- деди Жумаш,- кереги деле жок болучу... бекер убара...

- Чүчүкулак кармашабыз дебедик беле,- деди Капар.

- Жок, ѳзүм барам, ѳзүм,- деп полковник үстүндѳгү жаркырак топчулуу, ар бир ийниинде авиаторлордун эки кѳк тилкелүү, үч чоң жылдыздуу катуу погондор тагылган мундирин чечип таштап, аскер кѳйнѳкчѳн болуп, эки жеңин билегине ѳткѳрѳ түрүндү.

- Кереги деле жок болучу,- деди Жумаш.

- Тез эле... Кол сунса жетчүдѳй аралыкта турат. Бала кезде кѳкбѳрүнү далай тартпадыкпы, атты чаап баратып улакты илип кетип... Бул жаңы туулган козу жепжеңил, мындайдан үчѳѳ бириксе араң кѳкбѳрүнүн улагындай болор. Килейген серкени тартып жүрбѳдүкпү убагында.- Полковник башына малакайын баса кийди.

- Эми ал бѳлѳк мезгил, алдуу-күчтүү курагың...- Жумаш сѳзүнүн аягына чыккан жок.

- “Бѳрү карыса бир койлук алы бар” дейт.- Капар күлүп койду.

- Ошону айтсаң,- деп полковник Капарды коштоп сүйлѳдү.- Күч-кубат ошол кездегиден кем эмес. Биз дайым формабызда болобуз, антпесек аскер кызматына жарабай калабыз.

- Аның чын,- деди мейман.- Дени чың, алдуу-күчтүү, балбан экени кѳрүнүп турат.

- Эркин күрѳш боюнча спорттун эл аралык чебери. Кѳп медалдары бар, чемпион болгон убагында. Ушул чинге, кызматка жеттим деп күрѳштү таштап салбай азыр да машыгып жүрѳт ѳзү үчүн. Биздин полковник ушундай,- деп Капар кѳтѳрѳ чалып айтты.

- Анча кѳп мактай бербе,- деди да полковник учкучка кайрылды:- Шатына ташта!

Учкуч шатыны таштады. Полковник карылуу колдору менен эшилген аркан шатыны орой кармап, буттары тепкичтерди тең салмактап такандап, өтө сак жана шамдагай кыймыл менен төмөн түшүп, козуга колун сунду эле кере карыштай жетпей калды. Бутун ыңгайлатып жылдырып, бир аз эңкейди, дале жетпеди. Аркардын козусу экѳѳнүн көздөрү чагылыша түштү.  Жаныбардын эки көзүндө тең коркунуч менен муңайым толо экен. Муну полковник даана кѳрдү. Ал эми козунун кѳзүнѳ күркүрѳгѳн коркунучу кѳп добуштуу шамал үйлѳгѳн нерсенин ичинен түшкѳн бул жан ага жардамга келгендей сезилди. Чынында эле ушул жалама кара зоонун боорунда жалгыз калган козуну жылуу-жумушак жакка алып барып асырап алышса буга жаман болмок беле. Мейман айткандай колго кѳнүп кеткенден кийин телевизорго чыгып, дайыны далайга кетсе ал деле жакшы нерсе эмеспи. Полковниктин оюна ушул келди. Анан кайра эле козуга жетүүнүн амалын жасап, колун созуп кирди. Канчалык чоюлуп аракет эткени менен дагы бир нукум аралык жетпеди.

Полковник вертолётту дагы төмөндөткөнгө белги берди.

- Бир аз төмөнгө,- деди Капар учкучка.

- Бир нукумдай жетпей турат,- деди Жумаш салондогуларга.

Бардыгы демдерин ичине тартып, полковник менен козудан көздөрүн албай дымм. Мына эми колун бир созсо жетип, козунун жонунан аткый кармайт. Жаңы туулган али жилбик неме каршылык жасай албас, кыйын болсо аяктарын тыбыратар. Полковниктин балбан колуна бир илинген неме кайра чыгып кетпес.

Полковник колун тѳмѳнгѳ созгон бойдон вертолёттун тѳмѳндѳшүн күтүп калды. Козу дагы эле колдору тарбаңдаган адамдын шамдай жанган эки кѳзүн тиктейт. Дагы эле экѳѳнүн кѳздѳрү чагылышып турду. Бири корккон кѳздѳр, бири айбаттуу, коркуткан кѳздѳр. Мына, мына, ошол кѳздѳрүнѳ коркунуч толгон козуну эми тарбаңдаган беш манжалуу балбан билек кол илип алып кетет. Бир, эки... 

Вертолёт бир кыймыл жасап-жасабай куйругу козу корголоп турган жалама кара зоокага такала түшүп, улам  бир жак капталы аскага урулуп, төмөн жакка, кайберендер канга бѳлѳнүп ѳлүп жаткан коктуга кулап баштады.

- О, кудай сактайгөр!- деди Капар. – О, жараткан, өзүң колдо! О, кудай!- Оозуна башка сөз келген жок. Келмени улам кайталай берди.

- О, кудай, колдойгөр!- деди Жумаш олтургучтун темирин мыкчый кармап. Анан кайберендерди туут убагында касиеттүү Кайберен ата колдоп турат деп чоң энесинин небак жадынан чыгып кеткен бир кезде айткан сөзү кайдан-жайдан эсине түшүп кетти. - О, Кайберен ата, кечир! О, Кайберен ата...- Мындан башка сөз оозуна кирбеди.

Мейман болсо ал да жыгылып кетпеске сол колу менен темирди бекем кармап, оң колу менен улам-улам, тез-тез чокуна берди үнүн чыгарууга алы келбей оозун кыбыратып.  

Учкуч вертолётту коктунун түз жерине кондурууга жанталашып аракет жасап атты.

Вертолёт кулаган таштай улам асканын урчуктарына тийип барып, бийик, жалама кара зооканын орто жерине жеткенде жалбырттап өрт чыкты. Көз ачып-жумгуча коктуда сулап жаткан кайберендердин катарына түшүп, алоолоп күйүп жатып, бир кезде тоону дүңгүрөтүп жарылган үн жаңырды. Ал жаңырык алда кайда кетти. Алыс-жууктагы жырткычтар, кайберендер, канаттуулар бул кулак тундурган үндөн туш келди качып жүрүштү.

Вертолёт далайга күйдү. Чоң үйдүн ордундай жердин кары бир заматта эрип, карайып, ыш, кѳѳ басып калды. Тоону жарып күрүлдөгөн сүрдүү вертолёттон майышып-чоюшкан бир үймөк капкара темир калды.

Бул окуя болгон жерди жок издешкен эки аскер вертолёту эртеси күнү түштөн кийин тапты.  Полковниктин колу-буту үзүлүп, үч-төрткө бөлүнгөн денесин зооканын түбүнөн жыйнашты. Денесинин жарымын канча издешкен менен такыр таппай коюшту. Аны сулап жаткан аркарлардын даяр этин майкандаган карышкырлар жеп кетсе керек. Ал эми берки төрт адамдан чала күйгөн беш-алты шыйрак сөөктөрүн таап алып кетишти да, ошолорду табытка салып, жерге көмүшүп, үй-бүлѳсү мүрзөлөрүнө гарнит таштан айкелдерин чегип, эстелик тургузушту. Фармацевт меймандын отко күйбөс кымбат сааты убакытты эсептеп чыкылдап жүрүп жатыптыр. Анын аялы менен уулу келип, шыйрактын бир сөөгүн ошол кымбат саатка кошуп, самолёт менен өз мекенине алып кетишти. Муну уккандардын кээ бирѳѳлѳрү кырсык дешти. Айрымдары кайберендерге туут маалында аңчылык жасашпайт, алардын колдоочулары болот, аткандар кырсыкка кабылат, каргышы тийип, барды-келди тукумуна зыян болот деп айтышты.

Булардын бала-бакыралары, тукумдары кийин кандай тагдырга туш болгонун билбейм. Ага кызыкканым жок. Болгону ушул окуяны укканда, кийин жазып жатканда да  учкучка аябай боорум ооруду, ал тирүү калса жакшы болмок деп ойлодум. Ал совет-афган согушунда да асманга атылган ракеталардан, асмандан аткан истребителдердин огун тийгизбей буйтап, аскер вертолётун айдап жүрүп, эч жапа чекпей үйүнѳ аман-эсен келген. Бирок тагдыры ушул экен, ажалы кайберендер мекендеген кара зоокада асылып турса керек, андан буйтап качып кутулууга болбоду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз