Падышанын бакма баласы
Туяк көрбөгөн падыша болуптур дейт. Артында дүйнөсүн калтырар мураскор издемекке вазирлерин чакырып:
– Мага акылдуу уул таап келгиле, – дейт.
Вазирлери өлкөнү түрө кыдыдып, түрдүү балдарга кезигип, бирок бирин да жактырышпайт. Бир гана падышага таандык алыскы кенедей айыл калат кыдырбаган. Ошол айылга барышса, жепирейген кепенин босогосунда турган баланы көрүшөт.
– Атаң кайда? – дешет вазирлер.
– Жашоо сээп жүрөт, – дейт бала.
– “Жашоо сээп” дегениң кандай? – вазирлер аң-таң.
– Талаага үрөн сепкени да. Үрөн эгилсе – жашоо уланат!
– А апаң кайда? – дешет.
– Көз жашын карызга бергени кеткен.
– “Көз жашын карызга бергени” дегени эмнеси? – вазирлердин ооздору ачылат.
– Кошунабыз өлүп, апам ошого кошок айтканы кеткен. А апам өлгөндө, аны кошуналар жоктойт.
– Анда бизге шам-шум жедирип, шараптан куйбайсыңбы, – дешет вазирлер.
– Адегенде ат-көлүгүңөрдү жүзүм сөңгөгүнө байлагыла, анан шараптан куйайын, – дейт бала.
Вазирлер тегеректи айланып келишет, бир да түп жүзүм сөңгөгү көрүнбөйт. Келип баладан сурашат:
– Кайдагы жүзүм сөңгөк? Жок ко!
– Анан кайдагы шарапты сурайсыңар? – дейт тиги чечек.
Зирек баланын жөндүү кеби вазирлерге жагып калат.
– Ушул бала мураскорлукка жарачудай, – дешип, баланы падышага алып жөнөшкөн экен.
Жоктон чыккан чыр
Окшошкон эки кембагал кедей жашыл чөптө жамбаштап, ар нерсени кобурашып жатат. Күн батып, көктө жылдыздар жайнаган кезде кедейдин бири кеп баштайт:
– Эх аттиң, ушул талаа меники болгондобу, жайылган эшектерге ээлик кылмакмын!
– А менинчи, асмандагы жылдыздай жайнаган койлорум болмок! – деп кыялданат жанындагы.
– А сен караңгы асманда койлоруңду кайда жаймаксың? Менин жайытымабы? А менин эшектерим кайда оттойт?! – чыртыңдайт шериги.
– Муну кара эй, сенин эшектериң оттосо болот, а менин койлорума болбойбу? – тигиниси тиртеңдейт.
– Менин жайытыма койлоруңду жолотпойм! – мунусу да калчылдайт.
– Жолотпойм дечи! Эшектериңе кошуп жоготом сени!
Сөздөн сөз ырбап, чатакка айланат. Мушташып, бирин бири аёосуз сабайт.
Өтүп бараткан жолоочу сурайт:
– Токтоткула чырды! Талашыңар эмне?
Тиги экөө чырдын себебин түшүндүрөт.
– Жеткен кокуй турбайсыңарбы! – Жолоочу каткырат. – Жок нерсени талашып, соо жериңер калбаптыр го.
Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР