Эгемен Кыргызстан – элдик улуу мурас

  • 04.02.2023
  • 3055

Таабалды Эгембердиев атындагы «Эркиндик – эл энчиси» аталышындагы конкурста 1-байгенин жеңүүчүсү деп табылган Айида Кубатованын макаласын окурмандарга кайрадан сунуштайбыз.

Конкурстун башкы демөөрчүсү тарабынан Айида Кубатовага 100 000 сом байге тапшырылды жана маркумдун жубайы Жаңылсынзат Турганбаева жеңүүчүлөрдүн ар бирине “Чуңкурчак” этно-комплексинде эс алып келүүгө эки кишилик атайы сертификаттарды ыйгарды.

Өз алдынча мамлекеттүүлүк үчүн күрөштөр. Дүйнөдөгү 266 өлкөнүн, алардын ичиндеги 193 БУУнун мүчө-өлкөлөрүнүн катарында Кыргыз Республикасынын да болушу – кыргыз элинин ХХI кылымдагы тарыхынын баа жеткис, өтө олуттуу окуяларынын бири. Кылым карыткан карт тарых барактарын карап көргөн учурда кыргыз элинин мамлекеттүүлүк үчүн байыртадан күрөшүп келе жаткандыгына күбө болобуз. ХХ кылымдын маанилүү окуяларына кайрылсак, кылымга тете тарыхка эгедер Кара-Кыргыз автономиялык облусу карама-каршылыктуу, татаал доордогу далай эр азаматтардын тынымсыз иш-аракеттеринин, кажыбаган кайратынын натыйжасында түзүлүп, элдин эзелтен эңсеп келген мүдөө-тилеги ишке ашкан. Бүгүнкү күндөгү көз карандысыз өлкөбүздүн, кыргыздын улут катары калыптануусу дал ушул улуу бурулуштан башталат.

Октябрь революциясы жеңишке жеткен учурда Кыргызстандын түндүк аймагы Түркстан крайынын (азыркы Борбордук Азия) Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облустарынын, ал эми түштүгү Фергана жана Самарканд облустарынын курамында болгон. Кыргыздар Түркстан АССРнин көп улуттуу калкынын саны 809 524 адам же болбосо, аймактын калкынын 13,5%ын түзгөн (1917–1920-жж.).[1]

Бийликке келген Кеңеш бийлиги 1917-жылы 3-ноябрда Россия курамындагы элдердин тең укуктуулугун жана көз карандысыздыгын, өз алдынча эркин бөлүнүп чыгуу, ал турсун өз алдынча мамлекет түзүү укуктарын жарыялаган “Россия элдеринин укугунун декларациясын” кабыл алган. Бул документте Кеңеш бийлигинин улут маселелери боюнча иш-аракеттеринин негиздери чагылдырылган: 1) Россия элдеринин теңдиги жана суверендүүлүгү; 2) Россия элдеринин өз алдынча эркин бөлүнүшү жана өз алдынча мамлекет түзүү укугу; 3) бардык улуттук жана улуттук-диний артыкчылыктар менен чектөөлөрдү жок кылуу ж.б.[2] Бул Декларациянын негизинде, ошол эле жылы 20-ноябрда Эл комиссарлар кеңеши “Россия жана Чыгыштын бардык эмгекчи мусулмандарына” кайрылуусун жарыялаган.

Аймактын эли адегенде Кеңеш бийлигинин бул иш чараларын жактырып жана колдошуп, өз мамлекеттүүлүгүн түзүүнүн маанилүү шарттары экендигин кубануу менен кабыл алышат. Анткени ХХ кылымдын баш ченинен эле Россия империясынын колониялык мыйзамдарына каршы турган Түркстан аймагынын улуттук лидерлери (казак, кыргыз, өзбек, түркмөн, тажик ж.б.) биргелешип, күрөш жүргүзүп келишкен. Алар жер-жерлерде колунда бар адамдардын тикелей жардамы аркасында жаңы ыкма менен окутуучу (жадид) мектеп, медреселерди ачышып, элдин сабатсыздыгын жоюуга чоң аракеттерди жасашкан. Алардын катарында кыргыздын мыкты инсандары – Шабдан Жантай уулу, Канат Ыбыке уулу, Саке манап, Дүр Сооромбаев, Калпа ажы, Мырзакул болуш ж.б. болгон. Ушул сыяктуу агартуучулук же жадидчилик кыймылынын натыйжасында эл ичинде билимдүү адамдардын саны арбыган жана улуттук аң-сезимдин калыптанышы, улуттук баалуулуктарды сактоо менен прогресске, илим-билимге, техникалык жетишкендиктерди өздөштүрүүгө, алдыңкы өлкөлөрдүн, Россия эле эмес, Европага багыт алууга умтулуусу күч болгон. Татар агартуучулары жана коомдук ишмерлери Исмаил Гаспралы, Каюм Насыри, Сабир Габдельманов, өзбек элинин агартуучулары Махмудкожа Бехбуди, Абдулло Авлони, Абдурашидханов, казак агартуучулары Ахмет Байтурсунов, Магжан Жумабаев, Миржакып Дулатов ж.б. көптөгөн агартуучу жана коомдук-саясий ишмерлер менен кыргыздын агартуучулары Э.Арабаев, А.Сыдыков, К.Тыныстанов, Б.Данияров ж.б. байланышта болушуп, алардын идеялары, көз караштары, эмгектери менен таанышып, эл арасына кеңири таралышына зор салым кошушкан.

Ошондой эле кыргыздын арасынан да Осмонаалы Сыдыков, Молдо Кылыч, Эшенаалы Арабаев, Белек Солтоноев, Алдаяр Жээнике уулу сыяктуу китеп жазып, эл оозуна алына баштагандар болгон. Мындай фактылар аркылуу улуттук интеллигенциянын түптөлүшү айтылып жүргөндөй, Кеңештик доордо эмес ага чейин эле болгондугун тастыктап турат.

Совет бийлиги орногондон кийин алгачкы жылдары алар менен кызматташып, бирок бара-бара алардын биримдигинен же болбосо бирдиктүү Түркстан мамлекетинин түзүлүшүнөн чочулаган бийлик улуттук аймактык бөлүштүрүү саясатын баштаган. Албетте, бул саясаттын жүрүшүндө элдин жана саясий лидерлердин арасында карама-каршылыктар күч алып, биримдикке доо кеткен. Буга карабастан, жыйынтыгында бул ССР Союзундагы формалдуу жана чектелген болсо да автономия жана федерация улуттук-аймактык саясий уюмдар катары пайда болуп, улуттук мамилелердин жаңыча өңүттө өнүгүүсүнө алып келген.

Топтордун (группировка) пайда болушу. Ушундай шартта жаңыдан түзүлүп жаткан партиялык, советтик органдардагы кыргыздардын жетекчи кызматкерлеринин ортосунда ич ара күрөш башталат. А.Сыдыков, Э.Арабаев, Ж.Абдрахманов, И.Айдарбеков, С.Чонбашев башында турган “сыдыковчулар”, экинчиси Р.Худайкулов жетектеген Дүйшөналы Бабаханов, Ибрай Тойчинов, И.Худайбергенов, К.Сарыбаев, К.Бапанов, М.Сарыбатыров ж.б., ошондой эле татар элинин өкүлдөрү Бурнашев жана Суханов кирген “худайкуловчулар” деп аталган топтор пайда болгон. Худайкуловчуларды кедей-кембагалдардын кызыкчылыгын колдоп жатышат деп эсептеген коммунисттер М.Каменский, И.Невлер, В.Буров-Петров, Н.Покровский ж.б. колдоо көрсөтүшкөн.

Чындыгында, топтордун курамы жана саны ар кандай болгон. Алардын күрөшүн сындап, Данаке Иманов мындай деген: “Эки топто тең байы да, малайы да, кедейи да бар... Эгер текшерип көрсөк, экинчи топтон (Худайкулов) 80% бай-манаптарды табууга болот. Бул жерде тап күрөшү жүрүп жатат деген – туура эмес. Бул топтор бийлик үчүн, портфель үчүн күрөшкө негизделген. Тап күрөшү деген шилтемени кыргыз элин билген адамдар үчүн эмес, европалыктардын көзүн бурмалоо үчүн айтса болот”.[3]

Бирок белгилей кетчү нерсе, топтордун ортосунда бийлик үчүн эле күрөш жүрбөстөн, мамлекеттик ишмердүүлүккө, саясатты ишке ашыруу жолдоруна ж.б. байланыштуу да маселелер болгон.

А.Сыдыковдун тобу менен Р.Худайкуловдун тобунун күрөшү Февраль революциясынан эле башталган. Худайкуловчулар 1917-жылы май айында негизделген “Букара” союзунан чыгышкан. “Букара” союзунун эл арасында кадыр-баркы жогору болуп, Жети-Сууда аймагындагы башка саясий күчтөр, мисалы, Верныйдан О.Шкапский, Чүй курулушунун начальниги П.И.Шебарин, алашчылар – М.Тынышпаев, А.Сыдыков жана болуш Дардайыл Абдулин да кызматташкан. 1921-жылы декабрда Ташкентте “Кошчу” союзунун биринчи уюштуруу жыйыны өтүп, ал Түркстандагы кедей-кембагалдардын бардык союздарын бириктирип, саясий аренадан зор абройлуу “Букара” союзу жок болгон. “Кошчу” союзунун Жети-Суу бөлүмүн Р.Худайкулов жетектеп калат. Бул союздун Жети-Суудагы бөлүмүнө 40 миңден ашык адам мүчө болгон, 1922-жылы анын саны эки эсеге өскөн.[4] Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда да мүчөлөрүнүн саны арбып, “Кошчу” союзунун эл арасында кадыр-баркы жогорулаган. Кыргызстандагы бөлүмүн да Р.Худайкулов жетектеп калат. “Кошчу” союзунун эл арасындагы аброюн эске алышкан сыдыковчулар союзга өз таасирин тийгизүүнү көздөшкөн. Бирок бул аракетке “калк атасы” болгусу келген Худайкулов катуу каршылык көрсөткөн.

Эки чоң топтон башка да аларды колдобогон жана күрөшүнө катышпаган нейтралдар болгон. Алардын катарында Ж.Садаев, К.Тыныстанов, С.Карачев, О.Алиев, Т.Айтматов, С.Кулматов, Э.Эсенаманов, Т.Жолдошев ж.б. сыяктуу кыргыз жетекчилеринин жаңы мууну болгон. Бул көрүнүш топтордун күрөшү деп аталып, уруулук каршылыктардын калдыгы катары да каралып келген.

Ал учурда Кыргызстандын түндүгү Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облустарынын курамына кирип, кыргыздар улуттук азчылыкты түзүп, алардын социалдык-саясий, экономикалык жана маданий талаптары айрым учурда гана аткарылгандыктан, ал маселелерди жоюу максатында, жогорудагы топтор биригүүгө аргасыз болушкан. Анын башында А.Сыдыков туруп, Орто Азиянын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшүнө чейин ал топто 20дай көрүнүктүү кызматкерлер активдүү иштерди жүргүзүшкөн.[5]

Кыргыз Тоолуу облус түзүү долбоору. 1920-жылы Кыргыз (Казак) АССРинин (1924-жылга чейин Кыргыз АССРи деп аталып келген) түзүлүшү менен (борбору – Оренбург) казак жерлерин, калкын бириктирүү жана бирдиктүү мамлекеттин чегинде Түркстандын курамынан бөлүнүп чыгуу маселеси курч мүнөзгө ээ болгон. Бул мезгилде Борбордо (Москвада) кыргыз жана казак элдери бир эл деген туура эмес пикир өкүм сүрүп, калкынын саны миллионго жетпеген аз сандагы кыргыздардын башка элдердин арасына ассимиляция болуп кетүү коркунучу жаралган. Ошондуктан көп өтпөй эле 1921–1922-жылдары кыргыз интеллигенциясынын тобу тарабынан Кыргыз тоолуу облусун түзүү менен өз алдынча бөлүнүп чыгуу укугун ишке ашырууга аракеттер башталган. Кеңеш мезгилинде бул долбоор “буржуазиялык-улуттук”, “бай-манаптык”, “антисоветтик” жана “элге каршы” иш чаралар катары сындалып келген. Мындай шартта кыргыздардын Казакстанга кошулуп кетишин алдын алуу максатында, Жети-Суу обкомунда иштеген кыргыз кызматкерлери чара көрө башташкан. Жети-Суу облустук аткаруу комитетинин төрагасы А.Сыдыков жана бөлүм башчысы Э.Арабаев кыргыз элинин өз алдынча бөлүнүү жана анын Түркстан АССРнин чегинде өз территориясына ээ болуу укугу жөнүндөгү маселени көтөрүп чыгышып, 1922-жылы мартта Түркстандын жогорку бийлик органдары тарабынан кийинчерээк анын курамына “Фергананын тоолуу бөлүгүн” кошуу менен Тоолуу облус түзүү жөнүндөгү декретке уруксат алууга жетишет.

1922-жылы 4-июлда Пишпекте өз алдынча Тоолуу облусту түзүү боюнча даярдык көрүүчү биринчи тарыхый съезди 425 делегаттын катышуусу менен салтанаттуу ачылган. Съезд өтө катуу талкуулар менен коштолуп, сүйлөгөндөр автономиялык облус, ал турсун Кара-Кыргыздардын республикасын түзүү идеяларын жактап чыгышкан. Бирок 1922-жылы 13-июлда партиянын Борбордук комитетинин Түркбюросуна И.В.Сталинден төмөндөгүдөй маанидеги телеграмма келген: “...Съезд өткөрүүгө ким тарабынан уруксат берилген, уюштуруучулар кимдер, съезддин мүнөзүн билдирүүнү суранабыз”.

Пишпекке тез арада Жети-Суу обкомунан съезддин социалдык курамын текшерүүгө комиссия келип, алардын маалымкаты боюнча, “съезддин 90%ын кара-кыргыз бай-манаптары, ал эми кедей-кембагалдардын бир бөлүгү байлар тарабынан жалданып келгендер түзөт” деп берилген. Натыйжада, Түркстан КП БК 1922-жылы 25-сентябрда Кара-кыргыз Тоолуу облусун түзүү маселеси жетишсиз иштелип чыккандыгына байланыштуу токтотуу жөнүндө токтом кабыл алган. Ал эми А.Сыдыков, Т.Худайбергенов, Ж.Абдрахманов, И.Айдарбеков, Э.Арабаев, С.Чоңбашев ж.б. партиялык жана администрациялык жазаларды алышкан. Бирок мамлекеттик, саясий кызматта иштеп жүргөндөрүнө карабастан, мындай жазалар алардын аракеттерин токтото алган эмес.

Борборго жазылган Докладдык кат. 1924-жылы январда өткөн Кеңештердин Бүткүлтүркстандык ХII съездинен кийин Орто Азияны улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүүнү ишке ашыруу боюнча иштер башталган. Съездге катышкан кара-кыргыз депутаттары: Абаев, Баялинов, Абдрахманов, Ачакеев, Тойчинов, Айдарбеков, Садаев ж.б. Россия Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине жана СССРдин БАК Улуттар кеңешине Докладдык кат менен кайрылышат. Анда Түркстандагы өзбек, тажик жана кайсак-кыргыздардын катарында дагы бир саны миллионго жакын улут – кара-кыргыздардын абалы түшүнүксүз деп белгиленип, анын себеби катары, биринчиден, кайсак-кыргыздар (казактар) менен кара-кыргыздардын тилинин, жашоо-турмушу жана чарбасынын бир кыйла окшоштугу европалыктар тарабынан бул эки элди бир улут катары кабыл алып келгендигин; экинчиден, Түркстандын айрым жетекчи кызматкерлери аларды бир улутка бириктирүүгө аракет жасашкандыгын көрсөтүшкөн. Катта ошондой эле кара-кыргыздардын өз алдынчалыгын сактоо укугун жакташып, тилинин жана жашоо турмушунун бир аз окшоштугун эске алып эле, бир тарыхый улуттун экинчи улутка баш ийип калуусу (алардын арасында мурдатан карама-каршылыктардын бар экендигин эске алганда) кеңеш бийлигинин улут саясатына каршы акт экендиги белгиленген.

Докладдык каттын авторлору Кыргызстандын аймагын, табиятын жана чарбалык потенциалын сүрөттөп келишип, “Биз компартиядан төмөндөгүлөрдү: 1) Кара-кыргыз элин башка улуттар (өзбектер, түркмөндөр, кайсак-кыргыздар) менен катар эле өз алдынча улут катары таанууну; 2) Түркстандын партиялык жана мамлекеттик жетектөөчү органдарында кара-кыргыз эмгекчилер массасынын өкүлдөрүнүн жоктугуна байланыштуу, жогорудагы органдарга аларды киргизүүнү; 3) Кара-кыргыз эмгекчилеринин маданий-агартуу иштерин жүргүзүү үчүн, биринчи кезекте өз эне тилинде окуу китептерин ж.б. материалдарды чыгарууга мамлекеттин эсебинен каражат бөлүүнү талап кылууну зарыл деп эсептейбиз”, деп жазышат.[6] Алар өз алдынча Кыргыз облусун түзүү маселесин койбогону менен (Тоолуу облус түзүү аракети унутта калган эмес), алар кыргыз улутунун жана анын территориясын таануу талабын коюшкандыгы менен белгилүү болгон.

Акыркы дайын болгон документтер боюнча көп узабай эле ошол эле 6-июнда Жусуп Абдрахманов Сталинге кат жолдогон. Каттын мааниси Докладдык каттыкына окшош, бирок дагы бир кыйла тактоолор менен, Өзбек же Кыргыз (Казак) Республикаларына кошулса туура эмес болуп калаарын далилдер менен көрсөтүп, өнүгүүсү бир кыйла алдыдагы Россия Федерециясына кошуу керектигин жазган. Ошону менен бирге эле Кара-Кыргыз Автономия облусу түзүлсө Батыш Кытай үчүн Памирден тартып Синзянь округуна чейин дарбаза болуп калаары тууралуу да жазган. [7]

Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлүшү. Орто Азияны улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүүгө даярдык көрүү боюнча Түркстан КП БКнын Аткаруу бюросу 1924-жылы 10-мартта жыйын өткөргөн. Жыйында башкы докладчы А.Рахимбаев (өзбек саясий ишмери) кыргыз, түркмөн элдеринин өкүлдөрүнүн “автономия берүү жөнүндөгү” сунуштарын “ар кандай туура эмес жана пикир келишпөөчү” маселелер катары күн тартибинен чыгарып салууну сунуштаган. Докладда кара-кыргыз, каракалпак жана тажиктердин тагдыры жөнүндө эч нерсе айтылган эмес, жыйынтыгында ал Өзбек, Түркмөн, Кыргыз (Казак АССРи) республикаларын түзүү вариантын киргизген. Залдан берилген суроого Фергана облусунун кара-кыргыздары Жети-Суу менен биригишип, Кыргыз (Казак) республикасынын курамында автономиялык облус болуп түзүлөт деп жооп берген. Жарыш сөзгө чыккан С.Ходжанов (казак саясий ишмери) Түркстандын калыптанып калган бүтүндүгүн кара-кыргыздардын өзбек үстөмдүгүнөн кутулуу жүйөсү менен бузууга болбойт, алар экономикалык шарттарга байланыштуу, өз эрки менен бул үстөмдүккө кириптер болууда. Фергана облусунан кара-кыргыздардын бөлүнүүгө умтулганы, аларга автономия эмес, мектептер керек деп билдирген. Андан кийин чыгып сүйлөгөн С.Асфендияров (казак мамлекеттик ишмери) да кара-кыргыздарды Ферганадан бөлүүгө болбойт деп С.Ходжановду колдогон.

Жыйында сүйлөгөн 12 адамдын ичинен жалгыз гана Э.Арабаев нааразылыгын билдирип, айрыкча кыргыздардын (кара-кыргыздардын) кызыкчылыгы тепселип, саны көптүгүнө жана казактардан (кайсак-казактар) кескин айырмалангандыгына карабастан, өз алдынча республика түзүү укугуна ээ эмес. Фергана жана Жети-Суу кыргыздарынын экономикалык байланышы жок деген пикирге каршы экендигин билдирип, Жети-Суу облусу Кыргыз (Казак) АССРинин курамына киргенине же Түркстандын курамында калганына карабастан, автономиялык облус түзүү маселесин киргизген. Муну менен катар эле Э.Арабаев кыргыз элине Түркстанга, Кыргыз (Казак) АССРине же РСФСРдын курамына кирүү маселесин чечүү укугу ыйгарылышын талап кылган.[8]

1924-жылы 12-июнда РКП(б) Борбордук комитетинин саясий бюросу “Орто Азия (Түркстан, Бухара, Хорезм) республикаларынын улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүү жөнүндө” токтом кабыл алган. Улуттук бөлүштүрүү боюнча борбордук комиссия уюштурулуп, анын курамына жаңыдан түзүлгөн республика жана автономиялык облустардан үчтөн өкүл кирген. Борбордук комиссия курамында Н.Айтаков, К.Атабаев, Ж.Абдрахманов, И.Айдарбеков, И.М.Варейкис, Р.Исламов, Д.И.Манжара, И.И.Межлаук, Х.Сахомурадов, Ф.Ходжаев ж.б. болгон.[9]

15–16-сентябрда Түркстан АССРинин БАКнын кезексиз өткөрүлгөн сессиясы Улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүү жөнүндө токтом кабыл алган. Анын чечиминде кара-кыргыз элинин жумушчу жана дыйкандарынын талаптарын эске алынып, анын Түркстан Советтик республикасынын курамынан чыгууга жана Кара-Кыргыз автономиялык облусун түзүүгө укук берүү жөнүндө айтылган.[10]

Ошол эле жылы РКП(б) БК Орто Азия бюросу убактылуу улуттук бюролордон Москвага делегацияларды жөнөткөн. Кара-Кыргыз бюросунан Ж.Абдрахманов, Д.Зульфибаев, М.Янгулатов барышып, алар Москвада келечектеги автономиялык облустун уюштуруу жана чарба маселелери, ошондой эле географиялык орду, мүмкүнчүлүгү жана перспективасы менен союздук эл комиссариатын тааныштырышкан.[11] Бул чоң милдетти аткаруу вазийпасы аларга ыйгарылганы да кокусунан болгон эмес, анткени үчөө тең – Жусуп Абдрахманов (1901–1938) 23, Дали Зульфибаев (1896–1938) 28, ал эми Мустафа Янгулатов (1894) 30 жашта болсо да ошол мезгилде бардык тарабынан, билими, активдүүлүгү, чечкиндүүлүгү менен таанылып калышкан жаш азаматтардан эле.

1924-жылы 14-октябрда Кеңештердин Бүткүлсоюздук Борбордук аткаруу комитетинин II сессиясында Түркстан АССРинин БАКнын республикалардын улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүлүшү жөнүндөгү токтому бекитилип, Өзбек ССРинин курамында Тажик АССРи; Кара-Калпак автономия облусу Кыргыз (Казак) АССРнин курамында; ал эми РСФСРдын курамында Кара-Кыргыз (1925-жылдан Кыргыз АО деп аталат) автономиялык облусу түзүлгөн.[12] Ошентип, кыргыз улуттук интеллигенция өкүлдөрү элдин келечеги үчүн Орто Азия аймагындагы белгилүү саясий ишмерлер менен теңата сүйлөшүп, өз пикирлерин Борборго (Москвага) тартынбай билдиришип, карьерасын, ал турсун өмүрлөрүн тобокелге салышып, кыргыз советтик улуттук мамлекеттүүлүктү түптөп кетишти.

Улуттук автономиянын жарыяланышы кыргыз элинин тарыхындагы улуу бурулуш болуп калган: а) кыргыздардын админстрациялык барьерлер аркылуу бөлүнгөн байыркы аймактары биринчи жолу автономиялык облусунун чегинде бириктирилип, аныкталган; б) Түркстан АССРинин облустарына бөлүнгөн кыргыз эли бир бүтүн Кыргыз автономиялык облусуна бириктирилген; в) Кыргызстан элине мамлекеттик бийликтин жана мамлекеттик башкаруу системасын түзүү укугу ыйгарылган; в) Кыргыз Автономиялык облусу кыргыз элинин саясий, улуттук-аймактык түзүмү катары таанылган.

Э.Арабаев бул олуттуу маселе тууралуу “Ак жол” (1920-жылдан Түркстан КП БК менен Түркстан БАК органы катары жумасына эки жолу чыгып турган) гезитине “Биздин кыргыздар кандай орун алат” деген макала жарыялаган. Макалада Орто Азияда ар бир улуттун өз алдынча республика болгондугун, өзбектердин маданияты бир кыйла өнүккөн, калаалары көп, тиричиликке бышкан журт, ал эми түркмөндөрдү кумда туулуп, жолдо өскөн кайраттуу, өкүмөт адамдары бар, келечеги кең, тажиктер болсо маданияты өзбектерге жакын деп сүрөттөйт. Ал эми кыргыздар, келечеги белгисиз, кармаар талсыз дегендей, же карарган белгилүү калаасы жок, же саргарган жайык талаасы жок, тоо-таштын арасында саясаттан, маданияттан алыс, окуусуз караңгыда калган кыргыз калкы бүгүнкү күнү казак менен өзбек агайындардан бөлүнүп, эрктүү облус болуп, туура Москвага карап отурат. Бирок чарбасы менен саясий байланышы Орто Азияда барыныкы бирге болмокчу. Чабырды мактап, белге салып сүрөп, алдыңкы катарга кошом деп отурат, деп жазып келип, автор чочулайт: Сүрөнчү сүрөгөндө, сүрүп отуруп чылбыр чоюп, бай катарга кошулабызбы же болбосо бүткөн бойдон тер кетип, калтырап орто жолдо туруп калабызбы?

...кыргыз калкы жалгыз гана туяктуу мал эмес, дыйканчылыкта үлүшү бар, ошондуктан жаңы курула турган өкмөт арабанын эки огунун бирин аяктуу малга, экинчисин дыйканчылыкка сүйөөсү тийиш. Эгерде кыргыз жерлериндеги байлыктардын чын мааниси менен жолго коюп, уюштуруп, кен тапсак, кыргыз облусунан чыга турган байлык калкынын санына караганда, башкалардан балким артык болуу мүмкүн деп, кыскасын айтканда, дыйканчылык, чарбачылык, аңчылык, балчылык менен токойчулук, кен байлыктарды табуу жолго коюлса, кыргыз калкынын келечеги жарык, кең болушуна шек жок деп божомолдойт.

Мына жаңы курулган өкмөт жатка жалчы салбай, жаштарга мектеп салсак, ошондо гана коңшу республикалар менен эсептеше алабыз. Колунда бар бала – сүйгүнчүк.

Алдыбызда чече турган маселе бар:

Биринчиси, борбору баарыбыздын серкезибиз болгон Ташкенде болуу.

Экинчиси, кыргыздын эки канаты болуп турган энчилеш Фергана менен Жети-Суудагы оболош байлыктарын бөлгөндө, артта калган кенже улуттардын камын ойлогон азаматтар, айрыкча өзбек, казак азаматтары боорлорунун ар нерседен куру алакан экенин эскерип, муктажына карап, энчини артык берүүлөрү тийиш экендигин адамкерчилик парзы деп билем. Ушундан соң кыргыз азаматтары да мезгилин өткөзбөй ойлонушу керек деп жазат[13].

Мындай фактыларды берип жатканыбыздын себеби, бүгүнкү күндө эгемендүү Кыргыз Республикасы оңой эле жаралып калгандай караган мекендештерибизге, кечээ жакында эле мамлекеттүүлүктү түптөө кандай гана жогорку акыл-парасаттуу, жөндөмдүү, өткүр мекенчил инсандардын үркөрдөй тобунун аракети аркасында ишке ашырылгандыгына, кийин алардын ошол эле тоталитардык бийликтин курмандыгына айлангандыгына дагы бир ирет көңүлдөрүн буруу болду. Улутун сүйгөн, келечегин күчтүү мамлекеттердин сабында болушун эңсеген улуу инсандарыбыз “улутчул”, “конрреволюционер”, “чыкккынчы”, “шпион” деген жалган жалаа, дооматтар менен күнөөсүз күнөөлүүгө айланып, ошондо да акыр-аягына чейин ишенбей “мен өмүрүмдү элиме, совет бийлигине арнадым эле” деп жатышып, ак жерден атууга кетишти го.

Алардын бизге калтырып кеткен улуу мурасы – бул бүгүнкү күндөгү эгемендүү өлкөбүз. Эгемендикти туу тутуп, анын баркын-баасын аңдап, эл тагдырына өтө аяр жоопкерчиликтүү мамиле, айрыкча бүгүнкү глобалдашуу, атаандашуу шартында ар бир кадамды терең ойлонуп жасоо милдети, Кыргызстан деген улуу, ыйык өлкөбүздү келечектеги урпактарыбызга өткөрүп берүү – ар бирибиздин, айрыкча бийлик башындагылардын эң негизги олуттуу вазийпасы!

Сөзүмдүн акырында, Жусуп Абдрахмановдун 1928-жылы жарык көргөн “Кыргызстан” деген эмгегинде “Кыргызстан – келечекте Швейцария болууга толук мүмкүнчүлүгү бар, анын Чыгыштын алдыңкы өлкөсү болооруна толук ишенем” деген терең ишеничи, ал эми Эшенаалы Арабаевдин 1924-жылы жарык көргөн “Эркин Тоо” гезитинин биринчи санындагы баш макаласында “...саргая сагынып, кан какшаган тооң эми эркиндик менен кошо колуңа тийди. Тооң үчүн, эркиндик үчүн күрөштө төгүлгөн каның, салынган башың, элдери кул, катындары тул болгон кыргыздын эңсеген “Эркин тоосу” ушул. Эми муну бек карма кыргыз, бек карма!”, деген осуяты менен аяктагым келет. ХХ кылымдагы ар бир улуттун агартуучулары кайрылгандай, Ойгон кыргыз, ойлон кыргыз!

[1] Турсунов Х.Т. Национальная политика Коммунистической партии в Туркестане. – Ташкент, 1971. – С.18.

[2] Декреты Советской власти. – Москва, 1957. – С.39-41; 113–115.

[3] О первой областной партийной конференции Киргизии (23–26 марта 1925 г.)// Коммунист Кыргызстана. – 1990. – №1. – С.68.

[4] Макаров Е.Л., Миртов В.В. Из истории партийного строительства в Киргизии (1918–1924). – Фрунзе, 1988. – С.90–91.

[5] Джунушалиев Д.Время созидания и трагедий 20–30-е годы ХХ в. – Бишкек, 2003.– С.92.

[6] Казакстан БМА СД, ф.391, оп.3, д.68, л. 71–72, 76-77//Китепте: Джунушалиев Д.Время созидания и трагедий 20–30-е годы ХХ в. – Бишкек, 2003.– С.29–30.

[7] РГАНИ, ф.3, оп.61, д. 686, л. 116–117.

[8] Казакстан БМА СД, ф.391, оп.3, д.68, л. 27; 31–32// Китепте: Джунушалиев Д.Время созидания и трагедий 20–30-е годы ХХ в. – Бишкек, 2003.– С.31. .

[9] Турсунов Х.Т. Национальная политика Коммунистической партии Туркестана (1917–1924 гг.).– Ташкент, 1971. – С.349

[10] КР БМА, ф.21, оп.2, д.1, л.211.

[11] Янгулатов М. Киргизия от национального размежевания до Автономной социалистической республики//За власть Советов: Сб.воспоминаний. – Фрунзе, 1966. – С.250–252.

[12] История Советской Конституции: Сб. Документов. 1917–1957. – М., 1957. – С.238–239.

[13] Арабай уулу “Ак жол” гезитинин №477 саны. 1924.

Айида Кубатова, КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун илимий кызматкери.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз