Жусуп Абдрахманов жана анын дагы бир мурасы «Кыргызстан » китеби

  • 05.06.2021
  • 3770

Кыргызстандын биринчи Республикасынын биринчи Премьер-министри Жусуп Абдрахмановдун 1928-жылы Кыргызстан мамлекеттик басмасынан чыккан «Кыргызстан» деген китеби 2018-жылы кайрадан жарык көрдү. Китеп араб арибинде жазылган. Биз анын «Күндөлүктөрүнөн» жакшы билгендей, Жусуп Абдрахманов чыгармаларын, докладдарын өзү жазган. Ошол китепти азыркы кыргыз алфавитине оодарып, басмадан чыгаруу ишке ашырылды. Китеп тууралуу кепке өтөөрдөн мурда бир-эки жагдайга токтоло кетейин.

Биз бу жерде эки аныктаманы колдондук. Биринчи - бул «Биринчи Республика» жана экинчиси - «Азыркы кыргыз улуттук мамлекетин негиздөөчүлөр». Аталган терминдерди стилистикалык кооздук үчүн же ашынган патриотизмден улам эмес, болгону тарыхый, илимий, саясый тактык үчүн колдонуп жатабыз. «Адегенде терминдерди макулдашып алалы, ошондо гана адашуудан кутулабыз» - деп атактуу философ Дени Дидро айткандай, биз да эки түшүнүктү, эки аныктаманы макулдашып алалы. Сөз кезеги менен болсун.

Эмесе «Биринчи Республика». Кандайча? Республикалык башкаруу формасынын типтери, түрлөрү арбын. Тээ байыркы Греция менен Римден бери улам мазмуну өзгөрүп, бүгүн дээрлик көп өлкөлөрдө республикалык мамлекеттик башкаруу формасы үстөмдүк кылат. Бир гана Россия жана Борбор Азия гана эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүн өзгөрткөн Октябрь революциясынын натыйжасында оңтойлуу шарт түзүлүп, кыргыздар эңсеп келген мамлекеттүүлүгүн жаңы формада калыбына келтирүүгө жетише алышты.

Республикалык башкаруу мурдагылардан башкача формасында жана жаңы мазмунда Россияда 1917-жылдагы революциядан кийин Советтик Социалисттик Республика катары орногон. Андан тогуз жылдан кийин, кыргыз элинин тарыхый укугу - өз алдынча мамлекетин түзүү идеясы ишке ашып, элдин чыгаан уулдарынын тынымсыз аракетинин натыйжасында кеч да болсо башка айрым коңшу элдер сыяктуу эле республика болуп түзүлөт.

1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөшүндө жеңилүү ызасын тарткан, өтө оор сыноону баштан кечирген кайран элдин жаны канжыгада, каны көөкөрдө көйкашка уулдары жаңы тарыхый кырдаалда мамлекеттүүлүктү жаңы формада калыбына келтиришти. Катуу жеңилип, кыйноого, азап-тозокко туш болгон кыргыз эли буйдалып, эсине келгенче айланасында мамлекеттер куралып, укугу кемий түшкөн эле. Нечен мыктыларынан ажырап, бычакка сап эр-азаматтары али тороло электе азыркы Борбордук Азиянын конфигурациясы негизинен аяктап, картасы кыргыз мамлекети жок сызылып бүтүп калган эле.

Бактыга жараша, өз заманынын билимдүү, улуттук мамлекет түзүү улуттук идеясын эсинен чыгарбаган, тарыхый миссиясын эң сонун түшүнгөн жана аны аткарууга жөндөмдүү муун саясый аренага чыкты. Тарыхый акысы бар, ээлеп келген территориянын толук насили кыргыз экени же этникалык, маданий жактан кыргызга калгандарына караганда көбүрөөк жакын элдин баарын камтый албай калса да, азыраак аймакта чакан мамлекетти калыбына келтире алышты.

1922-жылы Тоолуу Кыргыз Республикасын түзүү ою оңунан чыкпай калып, адегенде Кара-кыргыз Автоном Облусу, эки жыл аралыгында - 1926-жылы Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасын түзүштү. Ал эми 1936-жылы Советтик Социалисттик Республикасы болуп түзүлдү. Жер талаш, эл талаш, журт талаш, мамлекет куроо үчүн акыл таймаш, билим таймаш, эрк кармашынын башында турган даңазалуу муун укугу чектелүү болсо да Республика түздү.

Ошолордун көрүнүктүү өкүлү Жусуп Абдрахманов өзү «Равный среди равных» деп жазгандай, байыркы Азиянын бир кездеги эгеси башкалардан кем эмес болууга тийиш деген ураан алар үчүн өмүр максаты болду. Миссиясын аткара алышты, көксөгөнүнө толук жетпесе да, пайдубалын түптөп кетишти. Демек, мамлекеттүүлүктүн жаңы формада, Республика катары калыбына келди. Анын биринчи, туңгуч премьер-министри Жусуп Абдрахманов.

Макул дейли, Европа мамлекеттеринин чен өлчөмү менен караган күндө деле, биринчи республика Франция башынан беш республиканы өткөргөн. Биринчи Француз Республикасы 1792-жылы буржуазиялык революциянын натыйжасында түзүлгөн. Президенттик башкарууга негизделген Бешинчи Республиканы Шарль де Голль түзгөн. Азыр да француз тарыхчылары, саясатчылары «Генерал де Голль түзгөн Бешинчи Республика» деп сыймыктанып айтышат. Демек, 1926-жылы кыргыздардын биринчи республикасы түзүлсө, Жусуп Абдрахмановду Биринчи Республиканын биринчи премьер-министри деп атаганыбыз тарыхый логикага туура келмекчи.

Экинчиси, мамлекеттүүлүктүн негизделиши. Адатта, өзүбүз мамлекеттүүлүгүбүз 20-кылымдын башында негизделген деп көп айтабыз, жазабыз, белгилейбиз. Ошондойбу? Кыргыздар өз тарыхында арааны күч кубаттуу империядан тартып, мамлекеттүүлүктүн ар кандай формасына ээ болуп, бирде мамлекети кулач жайып, кең аймакты ээлеп, бирде тарып, ал тургай башка мамлекеттерден көз каранды болуп, жүдөңкү тарткан кыйын мезгилдери да болгон.

Кээде тарыхый аренада, геосаясый айдыңда активдүү роль ойногон өз алдынча күч болсо, бирде тигил же бул окуялардын пассивдүү катышуучусу катары дымыган учурлары да бар. Азыркы тил менен айтканда, эл аралык мамилелердин активдүү жана таасирдүү субъектиси, же тескерисинче, пассивдүү объектисине айланган ар кандай кырдаалдарды баштан кечирген.

Байыркы мамлекетин, андан кийин Улуу кыргыз державасы деп аталган империяны колдон учургандан бери өз алдынча мамлекет куруу идеясы - бул кыргыздардын түбөлүк умтулуусу болуп келди.

Ал эми эркиндик жана азаттык үчүн күрөш улуттук идеяга айланып, тарыхый татаал жолун аныктап, аны алдыга сүйрөп келди. Ушул улуттук идея 20-кылымдын башына мамлекет курууга жөндөмдүүлүгүнөн ажыратпай, пассионардуулугун, жаратман энергиясын, жашоого эркин мокотпой жеткирген, элди эл кылган, эчен сыноолордон жок кылбай аман келишин шарттаган зор күч катары кызмат кылды. Ошондуктан тарыхый ар бир оңтойлуу учурда эркин мамлекет куруу идеясы кыргыз элинин аң-сезимин бийлеп, анын саясый турмушунун алдыңкы планына чыгып турган.

Кээде түпкү маңызын билбей туруп, «жаман алында хан көтөрүп, уруу-уруу болуп ар бири өзүнчө мамлекет болгусу келген дымагын карасаң» деп биз азыркы «илимий бийиктиктен» сын тагып келген тарыхый окуялар ошол мамлекеттүүлүк үчүн түбөлүк күрөштүн ар кандай шартка жараша көрүнүшү. Башка өлкөлөрдөгү султанаттар, халифаттар, хандыктар, эмираттар, княжестволор, вечелер, шаар-мамлекеттер, консулдуктар, монархиялар классикалык накта мамлекеттер экен да, кыргыздардын ар кандай тарыхый кырдаалдагы түзгөн мамлекеттик түзүлүштөрү бар болгону «проформа», «мамлекеттин прототиби», «примитивдүү уруу союздары» болуп эсептелеби.

Башка өлкөлөрдө ошол ар кандай типтеги, формадагы, табияты жана жашоосу, мүнөзү ар түрдүү мамлекеттик түзүлүштөрүн, ал тургай «бир сааттык халифат» же территориясы бир көчөдөн турса да мамлекет деп аташат, мамлекет деп жазышат жана ошол өз элинин мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы ордун танышпайт. Дал ошол бир сааттык халифаттар, бир көчөдөн же сепилден турган королдуктар азыркы айрым мамлекеттердин суверенитетинин тарыхый негиздемеси, эл аралык аренада саясый легитимдүүлүгүнүн зарыл шарты болуп эсептелет.

Европалык мамлекеттердин формасын гана туура деп тааныган окумуштуулардын пикирине баш ийип, кээ бирөөлөр примитивдүү деп эсептеген кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн дал ошол формалары - хандыктары, уруу союздары, бирикмелери, хан шайлап, аталык болуп, желек сайып, туу көтөрүү аракеттери биздин азыркы барчылыктын, мамлекеттүүлүктүн зарыл шарты, негизги өбөлгөсү болгон. Өзүбүз антип баркын кетирип, маанисин бурмалап жатсак, өзгөлөр карап турмак беле, кыргыз мамлекеттүүлүгү кечээ эле, мындан болгону ары кетсе 80 жыл, а чындыгы жыйырма беш жыл мурда пайда болгон, ал эми суверенитет бу кыргыздарга көктөн түшкөн белек болчу деп айтпаганда кантет эле.

Кээ бир чет өлкөлүк саясатчылар, окумуштуулар ыңгайы келген жерден ошол ойду биздин тарыхчыларды маңдайына коюп айтып келишет. Мисалы, Россиялык гуманитардык университеттин ректору Ефим Пивовар 2018-жылы 8-апрелдеги тегерек столдо «1917-жылдыгы революция доорунан тартып, советтик мезгилдин башатын иликтөө боюнча алдыбызда чоң иштер турат. Россия кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптануу тарыхынын башатында турган жана катышкан» деп белгиледи («Россия участвовала в предыстории и истории формирования Кыргызской государственности». АКИПРЕСС, 8-апрель). Орус окумуштуусу чагымчылдык кылган жок. Биз өзүбүз ошентип айтып, жазып жатсак, кандай деши керек. Мындай пикирди башкалар айтып келишкен, ыңгайы келгенде далай айтат. Анткени мындай аныктама аларга абдан пайдалуу. Азыр да керек, кийин да пайдасы тиет.

Терминдерге, аныктамаларга, түшүнүктөргө кылдат мамиле жасап, ала кушту атынан аташыбыз керек. Байкабай калып, молдокелер айткандай билип-билбей туура эмес атап, анан утулуп калган учурларыбыз да жок эмес, тилекке каршы. Ошол эле 20-жылдары азыркы кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөрү А.Сыдыков, И.Арабаев, И.Айдарбеков, Ж.Абрахманов жана башкалар өз алдынча кыргыз мамлекетин - Тоолуу Кыргыз республикасын түзүү зарылдыгын негиздегенде фактыларга таянып, «биз байыркы мамлекеттердин жана бай цивилизациялардын мураскерибиз, кең аймакты ээлеп келген элбиз, азыркы башка элдерге таандык деп бурмаланып жазылган жерлер бизге таандык» деген аргументтерге таянган.

Алар жер-суу аттарын бөлөк элдерди туурап, аларга ылайыктап туш келди атай беришкен эмес. Татынакай, түшүнүктүү, тарыхый жана кыргызча аты турса, аны орой бурмалап, башка тилге ылайыкташтырып атоо жер, суу, чек ара маселесинде бизге каршы аргумент болоорун Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов сыяктуу чыгаан муун жакшы билген. Тоону «тау» эмес, «тоо», «тепе» дебей «дөбө», «карасук» дебей «кара суу» деп аташкан. Мисалы Куттуу-Сайды «Кутессай», «Каттасай», Чүй суусун «Чу» ж. б. у. с. деген эмес.

Тарыхый мамлекеттүүлүгүбүздү танып, «кечээ эле пайда болгонбуз, мамлекет жөнүндө түшүнүгүбүз жок, ар кайсы кокту-колотто беймарал күн кечирген билимсиз, караңгы, бечара элбиз. Болгону уруу феодалдарынын - эзүүчүлөрдүн примитивдүү хандыктарды түзүү аракети болгон» деп арсыздык кылган эмес. Ошон үчүн ошол кездеги борбордук бийлик алардын оюна ынанып, адеп автоном түзүлүшү, кийин республика, андан кыйла кийин суверендүү, эркин Кыргыз Республикасы болуп отурабыз.

Дал ошондуктан Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 1920-жылдардагы доорунан кеп козгогондо дегеле кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн эмес, «азыркы кыргыз мамлекеттинин калыптануу» мезгили, анын негиздөөчүлөрүн «азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрү» деп атай жүргөнүбүз туура болмокчу.

Эми Жусуп Абдрахмановдун «Кыргызстан» китебине өтөлү. Китеп араб арибинде жазылып, Октябрь революциясынын он бир жылдыгына Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 3 жылдыгына арналган. Автор өзү белгилегендей, журнал макаласы катары даярдалып, көлөмү чаканыраак - 35-бет. Китепти тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова кыргыз алфавитине оодарып, текстеги айрым сөздөргө комментарийлерин даярдады.

Китеп окурмандардын колуна тийип, окуган ар ким өз жыйынтыгын чыгарып, кызыгуу багытына, түшүнүү деңгээлине жана масштабына мамиле кылаар.

Китепте Республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшү абдан терең анализге алынат. Ошол учурду изилдөөчүлөр үчүн документалдык баалуу булак катары чоң мааниге ээ. Ал эми жазылган айрым ойлор андан бетер маанилүү. Жаңы уюшулган биринчи республиканын өкмөт башчысы экономиканы, айыл чарбасын, социалдык-экономикалык инфраструктураны, транспорттук коммуникацияны өнүктүрүү боюнча азыр да актуалдуу, цифраларды бир аз оңдоп койсо эми деле куп жараша турган маселелерди айтат.

Малдын тукумун асылдандыруу жана которуштуруп айдоо системасын колдонуу менен айыл чарбасын өнүктүрүү иштери мисалга алынып, аны жайылтуу, кооперативдерди уюштуруу зарылчылыгын белгилейт. Төрттүлүк малды асылдандыруу пунктарын, туруктуу жана көчмө ветеринардык пунктарды уюштуруу, айыл чарба азыктарын сатып өткөрүүнү колго алуу тууралуу жазылат китепте.

Кыргызстанда 1960-80-жылдары абдан кирешелүү тармак катары дүркүрөп өнүгүп, кийин жоготуп алган кант кызылчасын жана башкаларды өстүрүүнүн милдеттери конкреттештирилет. «...720 миң пуд кант иштеп чыгара турган зоот (завод), 600 миң челек цемент иштеп чыгуучу зоот, Аламүдүндөгү гидроиликтр станциясын, Фрунзе, Токмок, Ысык-Көл темир жол булагын салынышын...» аяктоо милдеттерин белгилейт.

Жусуп Абдрахманов 25 жашында өзү түзгөн өкмөттү башкарып, кылымга тете иштерди жасап келген, 36 жашында улутчул катары атууга кетет. Андан бери 90 жыл өттү. Темир жол ошол Балыкчыга жеткен бойдон токтоду. «Кыргызстан» китебинде «Республика элинин көпчүлүгү түшүнбөгөн тилде иштөөчү аппарат ошол эл үчүн жат болбостон коё албайт, ошондуктан Кыргызстан өкмөтү аппаратты улутташтыруу иши үч жылда бүтүүгө тийиш деген токтомду кабыл алды. Өкмөт көргөзүлгөн токтому менен кыргыз кызматчыларынан башкасын баштан аяк кыргыз тилин жана жазуусун үйрөнүүгө милдеттүү кылды».

Мынакей, жаңы түзүлгөн союздук Республиканын Премьер-министри Жусуп Абдрахманов 1928-жылы расмий токтом кабыл алып, ал чечими тууралуу докладында жазып жатат. Кудайга шүгүр, кыргыз тили 1989-жылы гана барып, мамлекеттик тил статусун алды, бирок «аппарат кызматкерлери кыргыз тилинде сүйлөп, жазууга тийиш» деген Абдрахмановдун тапшырмасы актуалдуу бойдон калды. Айырмасы, ал мезгилде кыргыз эместер гана кыргызча билбей турган болсо, азыр кыргыз кызматкерлер билбейт. Ошон үчүн «Эсилим, эгер кайра жаралсаң, биздин элде, биздин жерде туула көр!» деп байыркы кыргыз бекеринен таш эстеликке жазбаса керек.

Ошентип Жусуп Абдрахмановдун баалуу мурастарына биз улам кайрылып келебиз. Кайрылган сайын элге-журтка кызмат кылуунун эң мыкты үлгүсү, масштабдуу, бийик инсан, чыныгы мамлекеттик ишмердин айжаркын образы менен кездешебиз. Кубана турган бир жагдай, азыркы кыргыз жаштары Жусуп Абдрахмановдун «Күндөлүктөрүн» окугандыгы.

Ал тургай Фейсбукта анын баракчасын ачып, ага жазып турушат экен. Мен атайы кызыгып көрдүм. Анын китебинен цитата келтиришип, тигил же бул окуяга карата мамилесин Абдрахмановдун сөзү менен билдиришип, айтор социалдык желенин заң-закүнүнө ылайык Абдрахмановго кайрылып турушат экен. Мунусу жакшы.

Абдрахмановдун «Дневники. 1916. Письма к Сталину» китеби эки ирет орусча басылып чыкты. Мындан мурда айрым авторлор тарабынан кыргыз тилине которулуп, үзүндүлөрү гезиттерге жарыяланып келген. Журналист Бакыт Орунбеков да которо баштаптыр, «Азаттык» радиосунун сайтына жарыялана баштады. Эми Жусуп Абдрахмановдун ошол чыгармалары жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн атайы курс катары, кур дегенде саясат таануу, мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо сыяктуу профилдик факультеттер үчүн кыскача курс катары киргизилсе ашыкча болмок эмес.

Жусуп Абдрахмановдун элге кылган баа жеткис кызматынын алдында буга окшогон кичинекей ишти аткарып коюуга каражат дегеле коробойт, анча эрдик деле талап кылынбайт.

Алмаз КУЛМАТОВ, коомдук ишмер

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз