Эки айылга каттаган бийик асканын ортосунда чоң капчыгай болуптур. Өрөөндө жашаган эки айылдын тургундары жоондугу билектей төрт кендирге асылган көпүрө курушат. Кендирдин төмөнкү экөөсүнө жыгач такталар бекилип, андан адамдар каттап, ал эмес мал айдап өтүшчү экен. А жогорку эки кендир жипти капчыгайдан ары-бери өткөндөр жыгылып кетпес үчүн кармап өтүшчү дейт.
Жергиликтүү тургундардын асма көпүрөдөн каттаганы көндүмгө айланып калгандыктан, алар чочулоосуз эле жоон кендирди кармабай өтчү экен. Кенедей балдары да төмөнкү эки кендирге бекилген тактайды тарсылдатып, эч коркпостон чуркап өтүшкөнүчү.
Бир курдай жогорку эки жоон кендир негедир жок дейт. Таң эрте келген адамдардын эч биринин көпүрөдөн өтүүгө жүрөгү даабайт. Мурда колго тутар кендир жип барында кенебей өтүшчү эле да, эмичи. Эми ал жер анык кырсык тооруп тургансып көрүнөт.
Аныгында, ата-эненин орду да көпүрө сыяктуу. Алар тирүүсүндө, биз аларга таянып-сүйөнбөчүдөй сезебиз өзүбүздү. Анан эле алардын көзү өтүп кеткен соң, жашообуз оорлошуп баштайт.
Которгон Олжобай ШАКИР
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR