Михаил Булгаков: Орусуң эл эмес, түркөй, макулук, жапайы, канкор...

  • 06.07.2023
  • 7109

Орус классиктеринин орустарды жана Орусияны жек көргөн бул учкул ойлорунун түпнускасы chudinovandrei булагынан алында.

«Орус духу оор, дем тартып, уча албайсың». – Александр Блок, орус акыны (1880–1921)

***

«Эл эмес, айбан, түркөй, макулук, байыркы жапайылар, канкор жана зулум» – Михаил Булгаков, орус жазуучусу, драматург (1891–1940)

***

«Орус элин олжолуу кылган эң башкы белгиси анын аёо билбес жырткычтыгы». – Максим Горький, орус жазуучусу (1868–1936)

«Жер үстүндө орустун ашынып турганы – жеткен калпычы». – Иван Тургенев, орус жазуучусу (1818–1883)

«Европаны кыдырган бул калктын издегени эле эмнени талкалап, эмнеден ыракат алып көңүл ачуу». – Федор Достоевский, орус жазуучусу (1821–1881)

***

«Орус – эркиндикти сүйбөгөн эл. Кудайындай көкөлөткөнү – кулчулук, колу-бутундагы кишен. Өздөрүнүн канкор төбөлдөрүн төбөгө көтөрүп сүйөт. Эч бир сулуулукту сезбейт, дене-турпаты, ыйманы да кирдеген. Жүздөгөн жылдар бою үңүрөйгөн караңгыда жашап, караңгылыкта келет. Адамзат үчүн кол жоорутуп, бел ооруткан да эмес. Качан болсо дүйнө жүзүндө бирин койбой туткундап, кыйратып, бүлүнтүүгө даяр. Булар калк эмес, адамзаттын тарыхый каргышы» – Иван Шмелёв, орус жазуучусу, публицист (1873–1950)

«Ох, Орусияда жашоонун өзү кандай оор, кандай азап, ушул былжып сасыган коомдогу ыпластык, адепсиздик, жалганчылык, кыянаттык, жакшылыксыз шылуундар, тузуңа сийгир жемкорлор, меймандос көрүнгөн шүмшүктөрбү – паракорлор менен кайрымдуулардын аталары!» – Иван Аксаков, орус акыны, публицист (1823–1886-ж.ж. И.С.Аксаковдун туугандарына жазган катынан)

«Орус пендеси жөнүндө кейиштүү пикир айтууга тийишмин – ал ушунчалык мажүрөө мээ системасынын кожосу, жадесе чындыкты чындыктай кабылдай албайт. Анын тили эле буудай кууруйт. Анын шарттуу туюму болмуш менен жуурулушпайт, бар күчү тилинде». –Иван Павлов, орус окумуштуусу, акaдeмик, физиолог (1849–1936-ж.ж. “Оорус акылы жөнүндө”. 1932-жыл.)

«Кенедей милдет, кенедей адилеттик, кымындай чындыкка да кайдыгер эл. Адамдын ариет, намысын тааныбайт. Адам эркиндиги менен эркин оюн да таптакыр тааныгысы жок». – Александр Пушкин, орус акыны, драматург (1799–1837)

«Орусия дүйнө тарыхындагы жеткен бузуку, жеткен жийиркеничтүү өлкө. Тандоо ыкмасы менен Жакшылык, Жамандыктын өзү эле сыртка бурулган ал жерден адеп-аклагы бузулган коркунучтуулар чыгарылган. Бүтүндөй өз тарыхында бул эл боктун ичине оонап, ошол эле бокко бүт дүйнөнү чөктүргүсү келет. – Иван Ильин, орус жазуучусу, философ, публицист (1883–1954)

«Эл эмес, тозоктун бир жиндиси». – Василий Розанов, орус философу, жазуучу, адабий сынчы (1856-1919)

«Орус эли өтө кейиштүү абалда: ал оорукчан, кыйрап, адеп-аклактан ажыраган. А интеллигенциянын олуттуу бөлүгүндө аны акылынан шарттуу түрдө айныган дешке болбойт, ошентсе да мегаломания менен чектеш жалган идеяларга, жалпы жана ар бир адамга карата кастык манияга берилип кеткенин билебиз. Өзүнүн чыныгы пайдасы, чыныгы зыянына кайдыгер карап, болбогон коркунучтарды элестетип, аларга эч эле акылга сыйгыс божомолдорду негиздейт. Кошуналардын баары аны таарынтып, анын улуулугунун алдында жетишээрлик кулдук урбай, түрдүү жол менен ага каршы кутум куруп жаткандай сезилет...» – Владимир Соловьев, орус акыны, философ, мистик (1853–1900)

«Орустун улуттук кулк-мүнөзүнүн негизги өзгөчөлүгү – таш боор, болгондо да садистик. Мен ырайымсыздыктын айрым жарылууларын эмес, калктын психикасын, жан дүйнөсүн айтып жаткандагым. Мен 1901–1910-жылдардагы бир соттун архивине үңүлүп, адамдарга болгон жеткен жырткычтык мамилени көрүп үрөйүм учту. Дегеле бизде, Орусияда баары эле башкаларды уруп-согуудан ыракат алат. 1917–1919-жылдары колго түшкөн кызыл гвардиячыларды дыйкандар ушунчалык тереңге тескери көмүп коюшкандыктан, алардын буттары жерден сырайып чыгып калып, анан тигилердин буттары кантип титирегенине күлүшкөнүчү. Же болбосо бийик даракка бир колу, бир бутунан мык менен аса кагып, жабырлануучунун азабынан ыракат алышканын айт. Кызыл гвардиячылар болсо колго түшкөн тирүү Деникин-контрреволюционерлердин терисин тескери сыйрып, башына мык кагып, жон терисин офицердик погондой кесип салышканычы» – Горький Максим. Орус крестьяни жөнүндө” (1922)

«Агер Орусия кыйрап калса, анда адамзатта эч кандай жоготуу же толкундоо болмок эмес». – Иван Тургенев, орус жазуучусу

«Бул дүйнөдө кацаптан[1] өткөн пас, бейбаш, карасанатай шүмшүк жок. Нацисттик өлкөдө төрөлүп, нацисттик пропагандага ууккан бул суук тумшуктар эч качан Адам болбойт. Анын өлкөсүнүн досу жок, кекчил душманы гана бар. Анын өлкөсү коркутуп, басынтып, өлтүргөнгө гана маш. Арийне, орустун бул статусун сактап калуу үчүн катардагы кацап өз жанын, өз ата-энесинин, балдарынын өмүрүн, өз элинин бакубат жашоосун курман кылууга даяр. Аныгында, кацаптар – айбан. Каардуу, канкор, бирок... өлгөндөр. – Александр Солженицын, орус жазуучусу (1918–2008)

«Орусияда ортозаар талант, жөнөкөй уста жок, бирок жалгыз-жарым генийлер менен колунан кокон келбегендери толтура. Генийлери да эч нерсе кылалбайт, анткени алардын жолун улар шакирттери жок, ал эми миллиондогондор менен эч нерсе кыла албайт, анткени алардын устаттары жок. Биринчилери жарамсыз, анткени алар өтө аз; экинчилери чабал, анткени алардын түмөн саны түгөбөйт». – Василий Ключевский, орус тарыхчысы (1841–1911)

«Орус карапайым кулпендеси – православ. Кимдир-бирөөнүн жанын сактоо үчүн өзүнө жүктөлгөн чиркөө милдети катары өз ишенимине кызмат кылат, бирок ошону да сактап калууга үйрөнгөн эмес, үйрөнгүсү да жок. Кандай гана дуба кылба, баары тозоктун иши. Мунун баары анын кудайтаанымы.» – Василий Ключевский

«Сыягы, Орус өкмөтү теңирден тескери камкордук көрөт, келечекке эмес, өткөнгө өнтөлөп кам көрөт». – Александр Герцен, орус жазуучусу, публицист, агартуучу, философ (1812–1870)

«Улуу Петрге чейинки Орусия тарыхы өңчөй – аш берүү, эскерүү, ал эми Улуу Пётрден кийин – өңчөй кылмыштуулук». Фёдор Тютчев, орус акыны, лирик (1803–1873)

«Оруска калп айтуу – чимкирип койгондой эле кеп. Алардын калпы кул мүнөзүнөн куюлуп турат. Эч качан чындыкты оозанбаган, сүйлөбөгөн руханий да, физикалык да кулдардын эли. Кудай урган эл». – Николай Карамзин, орус тарыхчысы, акын, адабиятчы (1766–1826)

«Орусуң анык чочко. Эмнеге эт, балык жебегенин сурасаң, каттамдар, байланыштар жогун айтып актанат. Ж.б... ж.б... ал эми арагычы, тээ түпкүрдөгү кыштактарында да каалашыңча жайнайт». – Антон Чехов, орус жазуучу, драматург, публицист, врач (1860–1904)

«Табият орус пендесинен өзгөдө жок ишенүү жөндөмүн, тубаса акылды, ой өрүштү аябаптыр, бирок мунун баары камаарабас, жалкоо, кыялкеч, жеңил ойлуулугунан чаң алдында жатат...» – Антон Чехов

«Орус ойронуң эскергенди жакшы көрөт, бирок жашоону сүйбөйт». – Антон Чехов

«Бүткүл Орусия кандайдыр ач көз, жалкоолор өлкөсү: апылдатып оголе көп жеп-ичет, күндүз да коңурукту кош тартып уктайт десең. Катынды үйдөгү ирээттүүлүк үчүн алышат, коомдо кадыр-барк күтүш үчүн ойнош күтүшөт. Психологиясында – ит эле калк: урсаң, кыңшылап, кепесине корголойт, эркелетсең, чалкасынан жата калып, буттарын өйдө сырайтып, куйрук шыйпаңдатат...» – Антон Павлович Чехов менен Максим Горькийдин маегинен.

«Биздин улуттук мүнөздө кулдук сезим менен чар жайыттык, уятсыздык менен канкордук, жырткычтык менен аракечтик өкүм сүрүп турат». Митрополит Илларион, орустардын православ черкөөсүнүн епискобу (1966)

«Улуттук аң-сезим – улуттук манчыркануу. Улут өзүн-өзү көкөлөткөнү – өзүн-өзү жок кылуусу». – Владимир Соловьев

«Орустар акылга, абийирге ээлик кылбайт, качан болсо акмактыгын коюшпайт». – Владимир Соловьев

«Биз, москвалыктар кыргыз, чемер, бурят жана башкаларды аракка тойгуздук. Армения, Грузияны тоноп, атүгүл грузин тилинде сыйынууга тыюу салып, байлыгы мол Украинаны тонодук. Европага биз анархисттерден П.Кропоткин, М.Бунинди, а апостолдордун калдыктары менен баш кесерлеринен Шигалев, Нечаев, Ленинди бердик ж.б. Московиянын адеп-аклагы бул – желмогуз жийиркенчү ыпластык, ал эмес аны тозок да жанына жуутпай, жерге кусмак. – Василий Розанов

«Орус пендеси олуя болуп көрүнө алат, бирок чынчыл боло албайт». Константин Леонтьев, орус философу (18311891)

«Орустун арасында акылдуусу чанда. Агер кайсы-бир жарамдуусун тапсаң да анысы же еврей, же еврейдин каны аралашкан болот...» В.И.Ленин (18701924)

«Байкуш эл, кулдардын улуту, өйдөдөн ылдыйга чейин баары кул». – Николай Чернышевский, орустун адабий сынчысы (1828–1889)

«Мен адамдардын айбандашкан пародиясын билгим да келбейт жана Орусияда төрөлгөн үчүн мен өзүмдү жеткен шордуу деп эсептейм. Анткени бүт Европа Орусияны киши жегичтей карайт. Мен далай мерте жапайы улуттан экениме уялам.» Михаил Боткин, орус сүрөтчүсү, академик (1839–1914-ж.ж. Некрасов менен болгон талаш-тартыш учурунан. Авдотья Панаева. "Эскерүүлөр")

Залкар композитор Михаил Глинка 1856-жылдын 27-апрелинде Орусиядан биротоло кетип атканда чегарада туруп жерге түкүрүнгөн экен: «Кудайым насип кылып, ушул ыплас өлкөнү да, элин да көзүм көрбөсүн!»

«Орус эли улуттук кулк-мүнөзү өтө жуурулушкан жамаатта жашайт, анда инсандын аң-сезими, кадыр-баркы, укуктары алигиче тамыр түптөй элек. Бул орус мамлекеттүүлүгү германизмге ушунчалык каныгып, көп учурда чет элдик үстөмдүк катары көрсөтүлгөндүгүн туюнтат.» – Николай Бердяев, философ, социолог (1874–1948)

«Кайсы бир асыл дандуу үрөн Орусиянын өзүндө жок. Орусия өзү жок, бирок ал бардай көрүнөт. Бул – агартуучулардын баарынын жан дүйнөсүн кысынткан коркунучтуу жаман көрүнүш, жаман балээ. Ушул балээден улам биз чет өлкөгө качабыз, эмигрант болобуз. Агер Орусияда өзүбүздү калтырууга макул болсок, анда бул фантомдун жакында жок болоруна толук ишенер бирден-бир себеп; биз үрөн себебиз да, бул үчүн Чыгыш Европанын ушул каргыштуу жеринде кала беребиз. Биз жалпысынан «Европа цивилизациясы» аталган бирдиктүү, универсалдуу жана акыркы чындыкты өзүнө кабыл алуу үчүн «чөйрө», «материал», «көрдүйнө» күткөн элбиз. Эч кандай «орус цивилизациясы» да, «орус маданияты» да жок». – Василий Розанов

«Орусияда аздек тутуп ардактап же туура деп тутунар эч нерсе болгон эмес. Кайда барба ар дайым сабатсыздык, адилетсиздик, каракчылык, козголоң-дүрбөлөң, жеке бирөөнү эзүү, жакырчылык, туруксуздук, караңгы-түркөйлүк, бузукулук. Элдин жашоосунда бир да жаркын мүнөтү көз карашка төп келбейт, бир да доору көңүл сооротпойт». – Алексей Хомяков, орус акыны, сүрөтчү, философ (1804–1860)

«Биз аёосуз жырткычпыз, кан-тенибизде дале каратүнөк, арам кулдун каны ойногон татар менен крепостной моюнтуруктун ууланган мурасыбыз. Орус адамын тилдей турган сөз да калган жок... Орустун ырайымсыздыгынан шайтандын кылдаттыгын сезүүгө болот, анда көзгө илээшпеген укмуштуу ичке нерсе бар... Касиети улуу шейиттердин өмүрүн окуудагы зулумдуктун өөрчүшүнө таасирин тийгизген деп божомолдоого болот... Ким көбүрөк мыкаачы: актарбы, кызылдарбы? Сыягы, бирдей эле болсо керек, анткени анысы деле, мунусу деле – орус». – Максим Горький (1868–1936)

«Эч кандай Орусиянын озуйпасысы болгон эмес жана жок! Орусия үчүн эч кандай улуттук идея издөөнүн кажети да жок, аны закым дейт. Улуттук идея менен жашоо – алгач чектөөлөргө алып келет, анан башка раса, башка эл, башка динге сабырсыздыкты жаратат. Сабырсыздык сөзсүз түрдө террорго алып келет. Орусия кандайдыр бир бирдиктүү идеологияга кайтып келишине жетишүү мүмкүн эмес, анткени бирдиктүү идеология эртеби-кечпи Орусияны фашизмге алып барат». – Дмитрий Лихачёв, орус академиги, филолог, культуролог,

«Орус менен дос болсоң, айбалтаңды ала жүр». – Кыргыз накылы

Булагы: https://chudinovandrei.livejournal.com/1288941.html

Орусчадан оодарган Олжобай ШАКИР

[1] Кацап – украиндер жек көргөн орус теги.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз