Лейлектин коңур үндүү акыны

Акын, журналист Абдилаат Дооров аяк оонанын биринде 69 жашка чыкты. "Мыштан" өтүп "миш" болоруна аз калды - 70 жашка... Анын өмүрү өзү туулган Лейлек жерине темирдей ширелген. Жалал-Абаддагы зооветтехникумду бүтүп келген бойдон Лейлекте: райондук асыл тукум станциясынын веттехниги, Кулунду колхозунун малдоктуру, комсомол комитетинин секретары, райагроөндүрүш комплексинин профкомунун жооптуу катчысы.

Чаралык жана бюрократтык ишке бышкан. КПССтин иерархиялык шатысы менен өскөнгө даяр кадр. Бирок А.Дооровдун ыр жандуу табияты чиновниктик кызмат-мансапты эмес, журналистиканы тандады: 1988-жылы КМУнун журфагын бүткөнү – киндиги райондун “Алга”, бүгүнкү “Ата Журт” гезити менен бир. Обол бөлүм башчы, а акыркы 30 жылдан бери башкы редактор. Эркин экономика деп өкмөттүк каржылоо токтотулуп, төбөлсүздүк жылдары райондук, шаарлык түгүл, эченедеген республикалык басылмалар жабылды. Абдилаат аке амалын таап, “Ата Журтту” сактап жүрү. Чыгырмачылыгын да таштабады.  

Үч ыр жыйнактын: “Гүл-гүл” (2010), “Ак булут” (2014), “Мөл тунук” (2018) жана “Исхак Разаков – аруулук асманы” (2020) деген биографиялык китептин автору. Менин Прагадагы өздүк китепканамда Абдилаат акенин кыялкеч мүнөзүн, жайыл дастаркон пейилин, өжөр изденүүлөрүнүн туундусу – үч ыр жыйнагы бар. Аларды мага кымбат башка акындардын китептериндей эле маал-маал барактап, көңүлүм түшкөн ырларын окуп, поэзия дүйнөсүн кыдырам; турмуштун, жаратылыштын, адамдардын мен байкабаган түркүн мүнөздөрүн, сулуулардын авторлорго кымбат сапаттарын билем, сөз кенчи, чеберчилиги менен таанышам.

Акындын салттуу стилде жазылган ырларын лаззат менен окуймун, а жаңычыл ырларынын ачкычын акырындап табуудамын... Абдилаат Дооров, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов жазгандай, “балкабынан чыккан добушка магдырап, андан тоодой топук алып, эртеден кечке эрикпей күнүнкү ишин күнүн бүтүрүп күлүңдөп турган зергерге, жел менен суунун ырын тыңшап, чөптүн ташка айткан сырын уккан, өсүмдүгүн өспүрүмдөй алпештеп, аянбай билек түрүп жайдар мүнөз дыйкан” сыңары күнү-түнү поэзия толкунунда сүзгөн издемчил, мээнеткеч инсан. Непада, Лейлек тарапка барып калып Абдилаат акеге жолуга өтсөңүз, Анатай аганын жогорудагы сөзү куру мактоо эмес, чындык экенине куп ишенесиз.

Мен акын-журналист менен алгач 30 жыл мурда Бишкекте, кийин бир нече ирет Лейлекте, бир мертебе Прагада жолуктум. Ушул жолугушуулардын баарында акын түйшүгү, поэзия, акын-жазуучулар жөнүндө суктанып да, ыразаттанып да, эскерип да узак-узак сүйлөштүк. Ошон үчүн Абдилаат аке поэзия уюгуна өмүрүн арнаган бал аарыдай кызмат кылат деп тайманбай айта алам.

Ал өмүрүн поэзияга арнап чектелбестен поэзия үчүн жан үрөп кызмат кылган адам. Быйыл жазда Лейлекте 31-чи жолу Кубаналы Сабыровдун атындагы ыр майрам өттү. Жыл сайын өтчү бул ыр майрамга Акбар Рыскулов баш болгон кыргыз акындары, ошондой эле өзбекстандык акындар катышты. Бул майрам Абдилаат Дооровдун талыбаган эмгегинин, кажыбаган уюштуруучулук жөндөмүнүн натыйжасы. Ал ушинтип бал аары сыяктуу поэзияга жан аябай кызмат кылып келет. Акын менен бет келгенде жүзмө жүз отуруп сүйлөшүүдөн жана кат жазышып пикир алмашуудан жаралган төмөнкү интервью, сиздерди 70 жаш курагын эми гана белгилеген акындын чыгармачылык лабораториясына бир саамга болсо да кирип, ыр жазуунун, поэзиянын которуунун түйшүгү менен учкай да болсо тааныштырат деп ойлойм.

Эки бутту бир кончко тыкканды каалабайм...

Амирбек Азам уулу: Сиздин "Ак булут" деген 2014-жылы чыккан жыйнагыңыздын кириш сөзүндө белгилүү публицист, адабиятчы Эсенбай Нурушев ырларыңызда Лейлек говору же чагатай тили арбын колдонулганын белгилептир. Бул сиз үчүн зарылчылыкпы же эзелтен Лейлек жеринин байырлаган элдин говорлук өзгөчөлүгүн чагылдыруу ыкмасыбы?

Абдилаат Дооров: Биз түркий тилде жазабыз да чыгармарыбызды. Мен тилдин "эки бутту бир кончко тыккан" жагдайын каалабайм. Тилибиз бара-бара байып турушу абзел. Анткени биздин эл ал сөздөрдү жашоосунда колдонуп сүйлөп жатат. Ал – Таластын тили же Нарындын тили, ал – Оштун тили деп бөлбөшүбүз керек. Ал кандай тилде болсо да элдин тили. Түркий тилди биз канчалык өзүбүзгө сиңирсек, ошончолук тилибиз кубаттуу болот. Булагы көп дарыянын жолу океанга жетет. Ошондуктан тилди дагы байытуудан коркпошубуз керек, коркпошубуз керек, элибиз сүйлөйбү, ошол тилде жазганыбызда жазык жок. Кыргыз тили чалкыган океан болуп турушу керек. Мен чагатай тилин көп колдоном, себеби бизге коңшу Чыгыш элдеринин адабиятын көп окуйм. Эл ичиндеги ушунчалык ийкемдүү, ушунчалык ширин сөздөрүбүздү биз адабиятка киргизе албай жатабыз. Кеңири коомчулукка эл оозундагы ошол сөздөрдү жайылтуу биздин милдетибиз. Ошон үчүн бизди, жазма акын, жазма адабияттын өкүлдөрү деп аташат эмеспи.

Амирбек Азам уулу: Сиздин ырларыңызды окуган адам сиздин өтө көп эксперимент жасаганыңызды байкайт. "Күн чыгыш поэзиясынын каадасына салып туюнтканды умтулат..." деп Э.Нурушев туура баамдаган. Мисалы, үч саптык ырларыңыз алдыңкы үч саптан же кийинки саптардан мазмуну жагынан таптакыр айрымаланып турат. Мындай ыкмада ыр жазайын деген ойго кандайча келдиңиз?

Абдилаат Дооров: Жапон, кытай акындары Басёну, Сайкону, Ли Бону жана башка көптөгөн акындарды окудум. Алар дагы поэзиянын сырдуулугуна, тереңдигине, жыйырма же отуз куплет жазбай эле ойду кыска саптар менен берүүгө умтулушканын так ушундай табылга, мүмкүнчүлктүн чоң мейкиндиги жаткандыгын туюндум да. Баштап өзүбүздүн эле төрт саптык жана узун-узун ырлар жазчумун. Кийинки мезгилде поэзиянын ушул чоң дүйнөсү өзүнө азгырып туруп алды. Алгачкы жолу "Гүл-гүл" китебимде ушул үчтүктөргө багыт алдым.

Кайсы бир жылы ыраматылык Сооронбай Жусуевдин үйүнө барсам айтып калды. «Менин иш үстөлүмдү карачы»… Карасам, үстөл бетинде Кураны Карим, "Манас" эпосу, адамзат адабиятынын эң бийик чокусу Ч.Айтматовдун “Кыяматы” жана кипкичине гана болуп, менин "Гүл-гүлүм" туруптур. Биз, Акбар Рыскулов экөөбүз бир жылча үчтүк жаздык. Бирок өзүбүздүн үчтүгүбүзгө өзүбүз канааттанбадык. Мен жумуштан чарчап калсам, сенин үчтүктөрүңдү окуп дем алам," – деди.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл акынынын бул сөзү мени толкундантты, кубантты... Ошондой эле мен дагы бир үлкөн жоопкерчиликтин алдында турганымды туюнтту. Мен Сокеме өз ыраазычылыгымды билдирдим. Ушу киши "Гүл-гүлүмө" ак жол каалап, мага өзүнүн ак тилегин жазган эле. Кийин Мидин, Байдылда жана башка бир нече акындарга арноо ырларын, мага болсо өзүмдүн үчтүк вариантымда ыр жазып, аларды "Кыргыз Туусуна" жарыялады. Сокемдин мунусуна жан дүйнөм жаркып кетти... Ал кишинин назарына түшүш, көңүлүнөн орун алыш, бизге окшогон акындар жана инсандар үчүн орден алгандай чоң сыймык деп түшүнөм.

Мен Басёнун чыгармачылыгын, өмүр жолун казып окудум. Ал дербиш сымал өмүр сүрүптүр. Ырлары менин жан дүйнөмө шайкеш келди, жаңы илеп берди.

Ыр которуунун азабы

Амирбек Азам уулу: Басёден которгон ырларыңыздан жадыңызда сакталган бирөөсүн таштап койбойсузбу?

Абдилаат Дооров: Алыскы өлкө жолоочусу/Сага көрсөтөмүн/Аяй-аяй гүлдөрдү./Бастым жүз ири/Алыскы булуттардын арасында/

Күз келди/Кулагыма шыбырайт шамал/Ичтим вино, дале менде жай бербеген уйкусуздук./Оо, такыр жок/ мен сага теңдеш таппадым/ Үч күндүк ай./

Амирбек Азам уулу: Үч сап ыр бүтүндөй бир чыгарма болууда. Муну которгондун азабы канчалык? Бир чыгарма жазгандайбы же тез эле которуп саласызбы?

Абдилаат Дооров: Ар бир сөздүн тереңин издөөгө аракет кылам: кандай маани берип атат ошол сөз деп. Ошондо ошол сөздүн артына дагы бир көрүнүштү, дагы бир элести, өзгөчөлүктү батырганына таң каласыз да. Ар бир сабында башкача, башкача дүрмөттөр бар. "Тамам, жалгыздыкта ойлоном. Тамам," - дейт. Муну караң. Бул ыр бир эле кошунасы жөнүндө эмес, жалпы адамзаттык ойду айтууда. Басё ушундай өзгөчө акын.

Амирбек Азам уулу: Сиздин чыгармачылыгыңыз жана ишмердигиңиз тууралуу республикада белгилүү акындар көп эле сөз кылып жүргөнү маалым. Ал эми Лейлектин эли сизди акын катары билгени шексиз, алар чыгармаларыңыз менен да жакшы таанышпы?

Абдилаат Дооров: Лейлектиктер ырларымды жакшы билет деп айта албаймын. Мени тамашалап менин үчтүгүмдөн көп айтышат. Бир агам бар эле. Илгери "Гүл-гүлүм" чыкканда: "Карегиң деңиз/Кайыкчан бирөө бардай/Турам тааныбай, – деп, – Мына, жеңеңди тургузуп койгом. Карегин карап жатам: Кандай кайыкчан бар экен", - деп тамашалап телефон чалды. Бир досум: "Чөл ысыгын шимирген жүзүм,/ Калыптыр карегиң коюлуп./ Көрбөпмүн көзүм оюлуп!" – деп окуп болуп: "Сен эле көр эмес, баарыбыз эле көр экенбиз. Жакшы кыздарды көрбөй, аяшыңа үйлөнүп алыпмын. Күнүгө жеме угамын" – деп аския аралаштырып, жазылып сүйлөшкөндө тим эле кубанамын да.

“Колумду кыса кармадың, /Бир нерсе айтты бармагың/Бирок мен сага барбадым./” деген ырыма бир классташым айтат: "Өл-аа, шонтип да жазабы?" деп. Алардын сезимдерин козгоп, кичине да болсо ыракат берип, ошондон улам мага кайрылып жатса керек деген ойдомун да. Биз бардыгын турмуштан, өзүбүздүн жашоонун өйдө-ылдыйынан, мезгилдин музыкасынан, кыймыл-аракетинен алып, аны кайра кайтара билишибиздин жемиши болсо керек да.

Жолон Мамытовдун сабагы

Амирбек Азам уулу: Сиздин жана сиздерден жаш муундагы акындардын Жолон Мамытовго кеминде бирден ыр арнаганын байкадым. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Абдилаат Дооров: Мен Жолон аке менен 16 жашымдан байланышкан адаммын. Биринчи жолу 18 ырымды Жалал-Абад зооветеринардык техникумуна жаңы киргенимде пакетке салып жибергем. Ал убакта почта кызматы иштечү. Жолон аке Ош радиосунда иштейт эле. "Абдилатбек, сенин ырларыңда жылуу, жакшы саптар бар экен. Оболу орус, Чыгыш адабиятын, дүйнөлүк адабиятты окубасаң, сен акын боло албайсың", – деп өзүнүн жакшы кеңешин берген мага. 1970-жылы жайында "Ленин жолу" гезитинин редакциясына барып калдым. Анда биз топу кийчүбүз. Топумду көрүп туруп, ыраматылык Курбаналы Сабыров (мен ал киши Курбаналы Сабыров экенин да билбепмин): "Сен Лейлектенсиңби же Баткенденсиңби?" деп сурады. – "Лейлектенмин". – "Кай жерденсиң?" – "Катыраңданмын". – "Ой, менин иним турбайсыңбы! Кана ырларыңды көрөйүнчү?" деди. Анан редакциядагы бар жандын баарын чакырып келип, ортого туруп, "Бир секунда" деген ырымды өзү бар үн менен окуду. "Бир секунда! Бир согуусу журөктүн,/ ошол согуу бөлүкчөсү мүнөттүн./Ачып көздү, каш-кирпигин какканча,/ Өмүрүңдүн бир чымчымын түгөттүң./"

Дагы алты айдан кийинби же бир жылдан кийинби, Ош радиосуна барып калсам, түшкү тамакка чыгып кетишкен экен, эч ким жок. Аларды күтүп отурсам, бир убакта Жолон аке, Курбаналы Сабыров дагы башка төрт-беш адам сырттан келишти. Жолон аке алдыда. Ал мурда мени көргөн эмес. Бирок "Биздин радиого акын Абдилат Дооров келген турбайбы!?" деп жатпайбы. Көрсө, мен теманы боёп жазат экенмин. Жокем ушу өзгөчөлүгүмдү да сезиптир. Көп жылдан кийин Жолон аке Мамкинодо иштеп жүргөндө ырларымды алып барсам... "Убада бердиң мага, бардым сага/Башка бир ишиң менен жолуқпадың./ Дал ошол түнү көрдүм түн түшүмдө, дайынсыз аска-зоонун оюктарын..." деп окуп, "Аска-зоодо оюк болбойт" деп мени сындап койгон. Көп жылдан кийин Курбаналы Сабыровдун ташын койгону келгенде Белесте баратып: "Мен жаңылыпмын. Сенин тоолоруң башкача турбайбы! Сен өз тоолоруңду жазган турбайсыңбы?!" деп мурдагы бир сабымды көңүлүгө алып, өзүнүн өзгөчө сезгичтигини, ушунчалык башкача туюмуну мага сездирди. Таң калдым бу кишиге. Көп жыл мурда окуган ырдын саптарын көңүлгө түйүп жүрүптүр. “Сенин тоолоруң башкача турбайбы!?” деп. Мындай адамдар биздин жүрөгүбүздү, көңүлүбүздү ээлеп калган. Дилибизди ээлеп калган. Ошого аларга кайрыбай жүрө албайбыз. Мисал үчүн, Анатай Өмүрканов (Анатай аке менин биринчи китебиме баш сөз жазган: "Лейлектин коңур үндүү акыны" деп). Мен ошондо Бишкекке барсам, Анатай аке айтты: "Сен Лейлектин биринчи акынысың" деп. Мен ал кишиге арнап ыр жазганмын "Мен биринчи акын эмесмин. Менден мурда кандай кыйын акындар болгон. Менден да кыйын акындар болот" десем, Анатай аке күлүп койду. Ушундай улуу адамдар менен тизгиндеш жүрүш, замандаш болуш мен үчүн бакыт да! Сүйөркул Тургунбаев, Мелис Абакировду өтө жакшы көрөм. Кечээ жакында Бишкекке барсам, Кеңеш аке телефон чалды эле: "Бишкекте китеп чыгарып жүрөм" десем келип кетти. Мен атаган адамдар биздин Кыргыз адабиятынын кызыл кирпичтери да. Эгемберди Эрматов, Карбалас Бакиров, Маркабай Ааматов, Абибилла Пазылов, Кыялбек Урмамбетов, Шайлообек Дүйшеев сыяктуу адамдар менен доспуз. Ушул акындардан таалим алам, ушул акындардан үйрөнөм. Табылды Муканов деген кайталангыс акын өтүп кетти. Салкын эженин ырлары кандай сонун, керемет. Биздин адабияттын казынасына алтын төгүп атышат да.

Акын өмүрүн ырлары улайт

Амирбек Азам уулу: Жолон аке эрте кетти, эки кем элүүсүндө. Табылды Муканов үчү кем кырк жашында. Демейде чыгармачыл адамдар арабыздан кеткенде, дарамети толук ачылбай калды деп калемдештери, окурмандары өкүнүшөт эмеспи. Жашоонун мыйзамыбы, өлүм адамды ылгабай алат экен. Сиз 70 жылдык өмүрүңүздө көп таланттуу калемдештериңизди жоготтуңуз го...

Абдилаат Дооров: Менин замандаштарымдын эң ири алдыда, албетте, Жолон Мамытов толук ачылбай калды. Ал 48 жаш гана жашады. Анан биздин Лейлектин топурагынан өнүп-өскөн, кыргыз адабиятына өзүнө гана таандык жол менен кирип келаткан Курбаналы Сабыров болгон. Өз мүмкүнчүлүгүн толук ача алган жок. Жакында Нуурман Сайдуллаев деген жакшы жазуучубуз жашоодон кетип калды. Ушундай өз потенциалын толук бере албагандардын катарына Эгемберди Эрматовду да киргизем. Ал көп чыгармаларды жараткан болсо дагы, өлбөсө поэзияга дагы көп нерсени бермек. Жаш кеткен өмүрлөрдүн Кыргыз адабиятына кошо турган салымы көп эле да. Турдалы Алыбаев (1940–1970) деген акын отуз жашында: "… Нандар келди дүкөн толуп,/ Бирок, атам келбеди…/ деп согуштан кайтпай калган атасын эстеп жатпайбы. Кандай күчтүү саптар.

Мен билгенден Кочкорбай Казакбаев деген бир жакшы акын бар эле. Артында үч кызын калтырып, отуз жашында кайтпай кетти. Ал минтип жазган. "Биринчиси уулбу деди, кыз дедим. Экинчиси уулбу деди, кыз дедим. Үчүнчүсү уулбу деди, кыз дедим. Көбөйтүпсүң досум деди бракты. Өзүм дагы бир аз кызуу жан элем, так тумшукка согуп калдым дуракты".

Ушундай акындар кетти... Тургунбай Эргешов деген жакшы акыныбыз да жашоонун кыйчалыштыгынан, катаалдыгынан, оорчулугунан, тагдырдын тайкылыгынан улам бере турганын бере албады. Курбанбай Калдыбаев деген жакшы акыныбыз бар эле. Мен ушундай жаш өткөн өмүрлөрдү, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрү бар өзүм билген акындарды айтып жатам.

Амирбек Азам уулу: Сиз жогоруда Кыргыз адабиятынын бараандуу өкүлдөрүн санап өттүңүз. Ошол эле учурда босоголош өзбек жана тажик элдеринин акындары менен да достук мамиледесиз да. Туура айтмабы?

Абдилаат Дооров: Курбаналы акенин мүчөл 49 жашында, 1991-жылы Лейлекке Анатай, Сүйөркул, Орозбай аке баш болгон 10 акынды чакырдым. Ушулардын шарапаты менен "Лейлек поэзиясы" күнү уюшулду. Саамалыктын баштоочусу да менмин. Жылда өткөрөбүз: 17-апрель Курбаналы Сабыровдун туулган күнү – "Лейлек поэзиясынын күнү". Быйыл 2022-жылы биз аны 31-жолу өткөрдүк. Ага чейин бир ай бою поэзия күнү райондогу мектептерде, айыл өкмөттөрүндө, ишкана, мекемелерде жүрөт. Бул мен билгенден республикабыздын, кала берсе байтагыбызда да жок жөрөлгө. Хоженттен, Душанбеден акындар келишет. Алар менин китебимди эки жолу тажик тилине которду. Биз менен алардын алакасы абдан жакшы. Мен аларды которуп жатам. Өзбекстандан келишчү эмес. Эми келип калышар, бийлик башына Шавкат Мирзиёев келбедиби. Лейлектин Андархан деген айылынан Авлияхан Эшен деген акыныбыз бар. Бул кишини Өзбекстан окуу китебине киргизди. Аны эми гана Кыргызстан жазуучулар союзуна өткөрдүк.

Илаш Туйчи, Акмал Каландар, Бабамурат Рахматуллаев, Абдылдабек Авазов, Бакыт Мукарамов, Набижан Мамажанов деген жакшы акындарыбыз бар. Поэзия Лейлекте да дүркүрөп өсүүдө. Таир Аширбайдын "Ачылыш" деген китеби биздин адабиятка жаңылық. Башкача акын. Таирдин "Ала-Тоо" журналына жарыяланган ырларына Кыргыз Эл акыны Карбалас Бакиров өзүнүн баш сөзүн жазды. Кыздарыбыздан Гүлүмкан Исаева бар. Мурунку жылы менин уулум Исламидиндин "Эртең кайра жаз келет" деген ырлар жыйнагы чыкты. Биздей эле Баткен жана Кадамжай райондорунда чыгармачылык өсүү бар. Жакында жазуучу Аскарали Ражабалиевдин 70 жылдыгы өткөрүлдү. Кадамжай районунда Курсан Пакыр Чандеки деген акын-окумуштуубуздун Кыргызстандын түштүк-батыш чөлкөмүндөгү акын-жазуучуларыбыздын чыгармачылыгын иликтеген чоң китеби жарык көрдү.

Тил боюнча мамкомиссия каржылап, кадамжайлык Максуда кызыбыздын Үркүнгө арналган повести бекер чыгууда. Кызыл-Кыядан Рахат Таштемирова деген акын кызыбыз бар, биринчи китеби студент кезинде чыккан. Баткенден Саидимар Саитмуратов деген жакшы акын бар. Мен чыгармачылыгына өзүм тан бергендердин гана ысымдарын айтуудамын. Болбосо китеп чыгаргандар өтө көп бизде. Быйыл эки адам Жазуучулар Союзуна мүчө болуп өттү. Акбар Рыскулов төрага болуп келгенден бери союздун Баткен облусундагы бөлүмүн башкарып атам. Мурда союздун 12 мүчөсү бар экен. Үч жылдын ичинде облусубуздан союзга мүчөлөрдүн саны отузга жакындады. Көп күлүктү ортого салсаңыз арасынан мыктылары суурулуп чыгары бышык. Мунун баары артыбызда чоң агым бар экенин жышааналайт. Чыгырмачылык деген ушундай миң кырдуу, миң сындуу, кол жеткис дүйнө. Ушул дүйнөгө аралашып калганым үчүн өзүмдү бактылуу деп сезем.

– Ыракмат! Калемиңиз жорголой берсин! Миң жашаңыз!

Маектешкен Амирбек АЗАМ уулу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз