Искусство менен маданиятты чаташтырбайлы

  • 07.09.2022
  • 3248

ПУШКИН, ШОВИНИЗМ ЖАНА БАЛЕТ ЖӨНҮНДӨ

(Аида Сасыбаеванын фейсбук баракчасынан алынып кыргызчаланды)

Бул ой менин башыма биринчи жолу 08:08:08дөн кийин келди. Негедир стереотиптүү ойлонорумду аңдадым. Бала күнүмдөн бери маданият бул балет, театр, живопись жана башкалар деп түшүнүп, а театр, опера, балет, адабият менен ишиң болбосо, маданияттуу адам болуу мүмкүн эмес деген туура эмес ойдо жашап келиптирмин.

Бирок 08:08:08дөн кийин Цискаридзенин интервьюсуна туш болдум. Анан эле башымдагынын баары ордуна келе түштү.

Ким-ким болмок эле, Цискаридзе мени да, билетти да жакшы көрөт! Ал балетти, классикалык музыканы жакшы көрүп, көп окуган адам... Грузиянын жеңилгенин актоо ага таптакыр тоскоол болгон жок. Баса, ал азыр да Украинага болгон баскынчылыкты тымызын актоодо. Цискаридзе ошентип менин башымда маданий революция жасады. Бул үчүн ага ар дайым ыраазымын.

Эми театр, сүрөт, Куинджи, Толстой, Балакирев, Чайковскийдин баары искусствого байланыштуу экенин билем. Бирок автобуста орун берүү, маектешинин сөзүн бөлбөө, башкалардын тандоосун, башкалардын чек арасын сыйлоо – маданият жөнүндөгү кеп. Адамзат искусствого сыйкырдуу касиеттерди бекер жалгаштырып келет. Жок, искусство өзү менен өзү, адам ага канчалык ынак болсо да, искусствонун түрлөрү биз үчүн маданиятты алмаштыра албайт. Анткени маданият эмпатия жөнүндө, ал эми искусство эстетикалык ыракат алуу жөнүндө. Гитлер деле операны сүйгөн. Анан да ал сүрөттү укмуштуу тарткан. Бирок бул анын Гитлер болуусуна тоскоол болгон жок да.

Ооба, мен ошон үчүн орус классиктерин чанган азыркы модалуу агымга кошулганым жок. Жок, мен: “Пушкиндин гөтү, Куинжинин гөтү! БДТ да гөт!” деп жазбайм... Эч жазбайм, себеби БДТ, Пушкин, Куинжи – маданият эмес, а искусство. Маданият деген биринчи каналда, Соловьевдун студиясында эмне болууда. Учурда “орус маданиятынын” анык жүзү деген ошол. Пушкиндин бу жерде кандай тиешеси бар? Ушу Соловьев дегенди Пушкин эбак дуэлде трайтып атып салмак.

Кыргызстанды алалы. Ошондой эле көйгөй. Коом негедир “Манас” эпосун, Айтматовдун чыгармаларын, шырдак-кийиздерди “кыргыз маданияты” дейт. Жок, достор. Кыргыз маданияты азыркы биздин саясатта болуп жаткан нерсе. “Ооба, бир жерде адамдар өлтүрүлүп жатат, бирок биз буга үзүлүп түшкөн деле каршылыкта эмеспиз. Тең ортокпуз” – мына, учурдагы маданиятыбыздын жүзү. Мындай шерменделик эч бир эпосто камтылган эмес. Маданият бул – эмпатия! Бул коомдун абалы. Маданият – бул укук сыйлоо, эркиндик, башка адамдардын тандоосун сыйлоо. Бизде эч кандай маданият жок. Гомофобия, ксенофобия, трайбализмдин эң жийиркеничтүү түрлөрү, сексизм, шовинизм, эйджизм... маданият жок бизде! Биз түркөй коомбуз! Биз жүзү кара, жапайы коомду курдук.

Биздин маданиятсыздык эч кандай опера жана сүрөттөр, Пушкиндер, Айтматовдор менен жаап-жашырылбайт! Искусство менен маданиятты чаташтырбайлы. Жетет. Бизде маданият деген жок. Искусство гана бар, а маданияттан куру жалакпыз. Ошондуктан биз көргөзмөлөрдү уюштуруп: "Мына биздин мурас. Биз, маданиятсыз дөдөйбүз!” дечү жердебиз!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз