«Орозо күздө, намаз жазда»

  • 09.09.2022
  • 2872

Темир аяз кыш мезгилиндеги намаз менен жана мээ кайнаткан ысык жайдын узун күндөрүндө орозо тутуу адайларга өзгөчө оор көрүнөт. Ошондуктан Өфөдөгү (Уфа), Бөкөй ордосундагы молдолор түшүндүргөн шариаттын заң-канондоруна ынанышпайт, орозо тутуп, намаз окуганга моюн сунушпайт.

Ушундан улам молдолор өз ара акылдашып, орозо тутпай, намаз окубаган адамдардан же болбосо алардын кийинкиге калган парыздарынан “дәвир” (давир) деген айып алып, ар бир каза болгон (окулбай калган) орозонун күнү үчүн жыйырма беш кадак буудай, же отуз күн орозого кырк бир пуд буудай, же анын акчасын төлөтмөк болушат.

Ошондо жалпы адай бир жерге жыйналып, молдолорун ортого отургузуп, түзүлгөн жагдай тууралуу масилет курат.

– Кудай өзү келсин, өз оозу менен айтсын, биздин да ага айтчу арызыбыз бар, – дейт адайлар.

– Кудай көзгө көрүнбөйт, мында да келбейт, – дейт молдолор.

– Андай болсо силерди өз атынан өкүл кылып жибергенин тастыктаган кол тамгасы коюлган же бармагын баскан кагазды көрсөткүлө.

Молдолор ахун берген күбөлүктөрүн көрсөтүшөт.

– Ахундун кагазынын бизге кереги жок, – дешет адайлар.

Молдолор Куран китептерин көрсөтүшөт. Адайлар Кураны керимди ары барактап, бери барактап, кудайдын кол тамгасын же бармагынын изин издешет. Бирок издегендерин табышпайт. Эч нерсе таппаган соң молдолордун Куран китептерин да, күбөлүктөрүн да өздөрүнө кайтарып:

– Көзүбүз менен көрүп, колубуз менен кармап ынангыдай эч нерсеңер жок экен. Аталарыбыздын “Эшиткен – танык, көргөн – анык” деген макалы бар. Кудай бизге да мээримин төгөр. Өз чама-чаркыбызга жараша орозону күздө тутуп, намазды жайында окуйбуз. Ал эми зекет, орозо битир, давир дегениңирди алыбыздын жетишинче өз арабыздагы жетим-жесирлер менен майыптарга беребиз, – деп тарап кетишиптир.

Эл оозунда айтылып жүргөн “Орозо күздө, намаз жазда” деген сөз ошондон калган экен.

Апасын артына көтөргөн бала

Бир жигит апасына келип: “Апа, мен сизди бар жакка апарамын, апарганда да мойнума мингизип апарамын”, – дейт. Көп өтпөй, айтканындай эле апасын аркасына мингизип жөнөйт.

Аз жүргөн соң чоң сууга туш келип, аркы өйүзгө өтө албай айласы куруп турса, бир балыкчы келип калат.

– Агажан, бизди аркы бетке өткөзүп кой, – жалбарат жигит.

– Кайда барат элең, жөн-жайын айт? – деп сурайт балыкчы.

– Апамды көтөрүп Мекке – Мединага кетип баратамын. Молдо айткан эле: “Энеңди Мекке, Мединага алып барып, үч айланстаң, бар күнөөңдөн айрыласын”, – деп.

– Эй, келесоо бала, - дептир молдо тамашага салып. – Энеңди алыска ташып, убара болгончо, бир чал таап берсең кандай болот?!

Ошондо жигиттин апасы:

– Чырагым-ай, аны түшүнөр бала кайда? – дептир.

*     *     *

Бир нече сопу дастарконго тамак келгенде Майлы акынга карап: “Сиз колуңузду жууп келиңиз, биздин колубуз таза,” – дешет. Майлы акын колун жууганы кеткенде, сопулар этти түгөтүп коюшат.

Акыр заман болгондо
Талтайган сопу көп болор.
Айта берсе аягы
Бир далайга сөз болор.
Сен колуңду жууганча,
Колубуз биздин таза деп
Табакта этти жеп болор, – деп төгүп жиберип, Майлы акын ордуна барып отурган экен.

*     *     *

Майлы кожо диниятчылардын обу жок кылык-жоруктарын “Сопулар” деген өлөңүндө мындай деп шылдыңдайт:

Дүйнөдөн аңкоо да өттү, бышык да өттү,
Аңдышып чычкан менен мышык да өттү.
Мал дегенде жүгүргөн сопулардын
Башынан селделери учуп кетти.

*     *     *

Кулунчак акын Майлы кожого кездешкенде:

Майлуу, майлуу деген менен май болбодуң,
Журттан алып жеген менен бай болбодуң, – деп төккөндө, Майлы кожо береги эки сапты жалгаштырып жиберет:

Сен кулунчак болгону далай убак болду,
Сен не кулун, не жабагы, не тай болбодуң.

Сөз менен мууздоо

Көп киши кууп жете албаган бир түлкүнү Токсон бий кууп жетет. Жашы улуу кишилер: “Түлкү биздики, себеби жолубуз улуу” дешет. Түлкүнү бергиси келбеген Токсон бий Казыбекке калыстык издеп барат:

Эдилден качты бир түлкү
Жайыкка чейин дем албай,
Артынан кууп ээрчиген
Баарыкалды жете албай.
Таштайынбы талаага,
Түлкүнү кууп жеткен өзүм албай.
Жети адам түлкү доолаган
Акыретке барганда
Шерменде болуп калбаңыз
Адилет чечим уга албай!

Казыбек түлкү Токсон бийге берилсин деп чечим чыгарыптыр.

Токсоба бийдин каскактуу каяшасы

Токсаба бий ооруп, ажал өлүмтүгүн артып алган чакта, жанында көчүк басып отурган бычык бий менен таз бий:

– Токо, жаман айтпай жакшы жок, о дүйнөгө ооп кетчү болсоңуз, бизге түк айтпай кетесизби? – дешет.

Ошондо Токсаба бий:

– Акылыңар болсо мага ушундай суроо бересиңерби. Мен мурда көрбөгөн жерге, эч ким тааныбаган элге, караңгы кабарга барам, – деп жооп берсе, бычык менен таз эмне сөз айтарын билбептир.

Чортоңбай менен Саттыбайдын азили

Бир күнү Чортоңбай менен Саттыбай капчыгай оозунда кездешип, эки дос аттан түшүп, кучак жайып көрүшөт. Ошондо Саттыбай Чортоңбайга: “Тилиңдин жели оозуңдун эби бар эле, ушу жолугушканыбыз тууралуу бирдеме де?” – деп азилдеген сыягы. Ошондо Чортоңбай акын токтолбостон төгүптүр:

Бай өлгөн, батыр өлгөн, падыша өлгөн,
Өлбөстөн тирүү калбас ажал жеткен.
Бейиштин кулпун ачып кирген жан жок,
Дүнүйөнүн эң кызыгы тирүү жүргөн...

Казак тилиндеги «Сөз тапқанға қолқа жок» («Сөз тапканга колко жок») аттуу китептен

Амирбек АЗАМ уулу которду

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз