“Мууздабай сойчу” Базар жырау

  • 14.09.2022
  • 3403

Бир чоң ашта Катмы Куран түшүрүп отурган Калжан акун[1] баштаган молдолордүн үстүнө Базар жырау келип саламдашат.

Калжан акун Базар жырауну басынтып сүйлөп: “Сиз жөнүндө укканым менен жүз тааныш эмес элем. Аалым адамдыкындай келбетиңиз осуят айтканга ылайыктуу экен. Сизди жыраулыкка кыйбай турам,” – деп азилдейт.

Ошондо Базар жырау: “Эл ичинде үч түрдүү коом бар. Алардын кесиби ар кыл, тилектери ар башка. Мен ошол үч коомдун көңүлүндөгү ниеттерин айтып берейин,” – деп oбoл бакшылардын тилегин айтат. Анан кыркалай тизилип Куран окуп отурган молдолорго карап:

Издесең сооп, молдолор,
Куранды оку молого,
Жанына түнө дебеймин,
Келгиле кайтып конолго.
Өлүм чачат бардыкын,
Жоктун ачат аркасын,
Кошулуп сен да тонобо.
Ыйлап-сыктап жатканда,
Олжого оюң барларың
Карааның өчсүн, жолобо.
Куран окуп күңгүрөп
Сары убайым саласың,
Берсе кагып аласың.
Мунуңар дурус болобу?
Катасы болсо сөзүмдүн
Аянбай айта бергиле,
Көңүлүмө карабай, – дейт.

Ал эми акын-жыраулардын тилеги мүлдө башка:

Ак жалгасын, күн тууп,
Күндө кызык болсун дээр.
Келин келип, уул тууп,
Үйгө бала толсун дээр.
Азаматы элдин аман жүрүп,
Башына бакыт консун дээр.
Оюн ойноп, той тойлоп,
Мааракеге ар жактан
Журт жыйналып келсин дээр.
Бул – жыраулардын тилеги.
Бул тилекти тилеген
Мен да алардын биримин.

Ошондо кожо-молдолор: “Тили кесилгир, мууздабай сойду го” деп ичтен тынып кала беришкен экен.

Эшендин айтканы

Мал союуга катуу тыйуу салынган чак. Ошол учурда Эшен өзү базарга баштап барып, тай торпок сатып келип союп, этин төрт үй-бүлө бөлүп алат. Муну эшиткен жергиликтүү актив эшенге киши чаптырып:

– Эшенге барып кара тай торпоктун терисин тез таап, алып келгиле, – деп буйруйт.

– Үйдө коногум бар эле, аларды узатып коюп, анан өзүм барам, – деген Эшен тиги чабарманды жолго салат.

Актив Эшенди жумуш күнүнүн аягына чейин күтөт, бирок ал келбейт. Абдан ачууланат. Бир убакта куйтуңдап Эшен да келет.

– Эшен-Эшен деп койсо, аябай эле кутуруп кеттиң го, – деп айгайлайт ачууга ууккан актив. – Эмнеге чакырткан маалда келбейсиз?

– Жолдош баштык, жиберген кишиңиз мага: “Мал сойгон кылмышкерлерди таап, союлган малдардын терисин жыйнап алып кел” деп түшүндүрдү. Ошон үчүн калааны бир эмес, үч айланып чыктым. Капыр-ай, элдин тазалыгын айтыңыз, мен сойгон кара тай торпок менен сиз сойгон кара койдун терисинен башка эч нерсе тапканым жок, – деген Эшен эки терини төкөр активдин алдына таштап коёт. Өз кылмышы да ашкере болгон активисттин оозуна сөз кирбей мекчейет.

*   *   *

Макулдун уулу Эшен ооруп калып, өзүнүн акка моюн сунарын сезген кишидей, улагалаш жашаган Аубакир деген үйрөнчүк молдону чакыртат. Аубакир келгенден кийин алдына дасторкон жайдырып, жакшылап сыйлап, жөн-жайын айтат:

– Молдоке, оорум күчөп барат. Таризи, үч-төрт күндөн узабайм. Сизди чакырткан себебим: көзүмдүн тирүүсүндө мага Куран түшүрүп, кызмат акысын өз колумдан алып калыңыз. Чиркин аялдар дүнүйөкор болушат, менин көзүм жумулган соң, Куран түшүргөнүңүздөгү акыны не ал бербей, не сиз албай, күнөөлөрүмдүн үстүнө курандын күнөөсү кошулуп, кудай таала менин энчиме деген камылгасын да кылбай коёр.

– Айнайын, Эшенжан-ой, сенден эч нерсе албай Куран түшүрөм, албетте, – дептир молдо үнүн бошоң чыгарып. Анын оюн түшүнө койгон Эшен:

– Өз колум менен берип кетем, – деп акчанын учун кылайттып, суроосун узатат. – Куранды канча акчага түшүрөсүз, ошону айтыңыз.

– Мурда Куран түшүргөнүмө жүз сомдон алчумун...

– Апей, – дептир ошондо Эшен, – акча реформасы таасир этпеген жалгыз бир нерсе бар экен: ал – баасы арзандабаган сиздин кураныңыз!

Эшен молдону ушинтип шылдыңдоо үчүн атайын чакырткан экен.

*   *   *

Сыркоосу күч ала баштаганын туйган Эшен бир күнү эки жолдошу менен бир кудасын чакырып алып, жакшылап конок кылыптыр.

– Эшике, жөн-жай эле чакырттыңыз беле? – деп сурайт жолдоштору кетерде.

– Мен, чиркин, көп кармалбаймын. Көңүлүмдү сурашсын, арманда калышпасын деп атайын чакырткан элем. Катачылык кетирсем, кечириңиздер? – деп Эшен конокторун катуу уялткан экен ошондо.

Казак тилиндеги “Сөз тапқанға қолқа жок” («Сөз тапканга колко жок») жыйнагынан кыргызчага Амирбек АЗАМ уулу оодарды.

[1] Акун – ошол эле казы. Падышалык Орусияда 1788-жылга чейин даругдар (облустардын) жана шаардык мусулман жамааттарынын диний башчысы ахун болуп, падышалык бийлик ахундар аркылуу имамдар менен иш жүргүзгөн. Ушул эле учурдан тартып казактын үч жүзүндөгү эң жогорку диний даража. Бухара хандыгында мусулман уламалардын эң жогорку даражасы ахун аталган.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз