Багжан Азат уулу: Арсыз эр аялга өч

  • 19.09.2022
  • 2054

АҢГЕМЕ

Түн теңинен ооп калган. Тайежемдин ачуу үнү кудум талуу жерге күтпөгөндөй ийне сайгансып, ууз уйкуман селт ойготту. Бир кыйкырып, кайра саамга тынчып, улам дагы ачуу-ачуу чыңырып, аны менен кошул-ташыл эр кишинин сөгүнгөн өктөм үнү обого жаңырыктап түн үрөйүн учурду. Эртеден кечке өрөөндөгү балдар менен эки жаатка бөлүнүп, кара күчкө бутубуз үзүлгөнчө футбол тепкенбиз. Иңир киргенде гана үйдү беттеп жай-жайыбызга тарадык.

Бөлөм экөөбүз да үйгө келип кичине шам-шум этип, аркы үйүнө чыгып эле сулк жаттык. Уйкунун кучагына термелип, өлгөн немедей уктаптырбыз. Салмактанып талмоорсуган дене боюм алиги бейжай үндөрдөн улам кандайдыр суук сезим бийлеп жүрөк тушум эрксиз лакылдап чыкты.

Тайежемдердикине келгениме бир жума чукулдаптыр. Бу жолку жайкы эс алууну өңүттөп аз күн жүрүп кетмекке атайын келгендегим. Ансыз да алардын үйү айылдык баштооч мектептин тушунда. Кичинемден футбол десе төбөм менен тик турам, келечекте арманым атактуу футболист болуу. Ошого кызыгуум бул жерге келүүмө себепкер болгон. Чиркин, мектептин коллективи кеңири майдан күнүнө биздики, жеңиш үчүн эки тарап бирдей жаалдуу жан үрөп, таман тешилгиче футбол тепмей. Асыресе чабуулга өтүүдөгү чабалдыгым көбүнө сырдана, кээде жаза тайып алдырып жиберем. Кысталаңдан го ылаажы жок дечи, кең жерден кездешкен топтун өпкөсүн үзө тээп, кыйла алыска узатам. Дагы бир эрдигим, дарбазага жакындаган топту көбүнчө буйдалбай киргизем. Демейде балдар анчейин ыраазы болушпайт, бирок өзүмдүн тепкениме өзүм ыраазы.

Бүгүн күндүз да бөлөм экөөбүз кылдат ойнодук. Баштабында теңтайлашып, акырында каршы тарапка бир топ салып, жеңип алдык. Анан жеңилген тараптын өкүлдөрүнө бирден балмуздак алдырып, жеңишибиз үчүн сүйүнүп жедик. Дүкөн алдына атайын мыктап орнотулган орунтукта үч-төртөөбүз кыркар тартып балмуздактын тишти какшаткан бир укмуш ширин даамына манчыркап отурган элек. Аңгыча аркы имерилиш көчөдөн жездемдин жулуңдап жөө келатканын көзүм чалды. Бир караган көзгө ачуулу экени жашыруун эмес. Кантсе да тайежем менен кер-мур айтышкан сыягы. Бат-бат адымдап, бизди көрмөксөн түрдө кылчайбай өтө берди. Кайда барарын билбедик. Бөлөмдүн узата тиктеген мунайым жүзүндө ошо саам кандайдыр күдүк ой, кабатырлануу бар эле.

- Эртең мененки тамакты кекиртектен сыгып алдың го, ــ катуу чыккан жездемдин үнүнөн жуурканга бүрүшө калдым. Тайежеме айтылбай эле мага айтылып аткандай чекем нымшып, өнө боюм дүркүрөйт. Мурда көп деле келчү эмесмин, мындай болорун да эч убак ойлобогом.

- Заарыңды ычып алып күч сүйлөйсүң, кыларга иши, сыгарга бити жок бекерчи дейсиңби, башкасы жетпегенсип эми…

- Тилиңди сууруп алам, болду дейм, ــ тиштенип алгансыды. ـ Ий, энеңди урайын канчык!..

Чалкасынан жаткан бөлөм шуу үшкүрүп алды да, ары оодарылды. Жүрөк үркүткөн бу жаңжалдан акылым нес. Бириникин бири укпай «меники туура» деген соргок туюм ар экөөнүн акылын тумандатып, аң-сезимин камалап турду. Деги тайежем кандай күнөөкөр болгону? Түп төркүнүн таптакыр түшүнбөдүм. Үйдү үч көтөрө жинденип, тим эле жылан түкүрүп кеткендей тылын бүлөп, ачуу шайтан адамдык чийинден дембе-дем тарткылайт.

- Кет дейм, кара шалтак, ـ эшик тарс ачылып бирөөнүн жүгүрүп чыккан бут дабышына ээрчий, ــ жогол! – деп бар үнү менен кыйкырган жездемдин үнү кулагыма жетип-жетпей жуурканды шап жамынып, үч бүктөлүп дымып калдым.

Чоло жерин калтырбай жуурканга ары карап чүмкөнгөн бөлөмдүн өпкө кага бышактап ыйлап жатканын төшөк ичинен анык уктум. Менин да тамагым буулуп, каканактап араң турган көз жашым астымдагы эжем жасаган гүлдүү төшөккө тамчылап, ичегимди бирөө сыдырып алгансып өпкө өпкөмө батпай солуктадым. Бир убакта жездемдин каңылдап өз алдынча чардап жатканы ого бетер кыжырлантты. Баш-аяксыз мен укпаган кай бир ырларды ырдап, доңуздай үнү үйдү жаңыртат. Ушул азыр ордумдан ыргып туруп, тигил ээ бербеген оозуна келиштире муштасам. Болбойт, ал да аздык кылат. Кекиртектен сыга кармап «экинчи аялга асылбайм» дегизип жалындырсам. Жо, жок, анда да табам канбайт. Сендейди малдай мууздап, алтымыш тамырыңды кескилеп союп салсам, чиркин! Жууркан ичинде түпкүчтөй түйүлүп каным кызып, ызаалуу кыялымда ардемени ойлоп жаттым.

Оюң тыныч болбогон соң, уйкуң тынч болмок кайда. Жаман түштөн улам чочуп ойгонсом терезе көгүш тартып, таң агарып келатыптыр. Айтор, түшүмдө кайнаган ысык жерде чабалактап жүргөнсүгөм. Көрсө, дене боюм чылка тер, ич көйнөгүм сыгып алма суу болуптур. Төшөктү бир жагыма серпип таштап, абаны кере жутуп сергий түштүм. Бөлөм оозун маңыроо ачып, коңурукту кош тартып уйкуга мас – беймарал уктап жатат.

Жалган түштө бир эле турдук. Кечээ күнкү фотбол тепкенге бүт денебиз бирөө сабап салгансып ийкемге келбей ооруйт. Анын үстүнө түндөгү иштер тынч уйку бербей ого эле кыйнады. Бөлөм кай маалда, а өзүмдүн да кантип уктаганым беймаалым. Ошого башым лукулдап, эчтекени кыртышым сүйбөй нес-мас абалда өзүмчө ойлуумун. Кечинде тайежем үйдөн куугундалып, бүгүн кайра келгени не? Түшүнбөдүм. Эчтеме болбогон кейиптүү дасторкон жайып чай берип, кадимкисиндей эле оокатын жайгаруу менен алек.

- Болду тойдум, ــ дедим эжемдин дагы ич деген сөзүнөн улам колум менен чынымды басып.

- Спортсмен болор жигит көп жеш керек, мажүрөө болуп каласың, ـ деп күлдү колун созуп чынымды келе деген ишарат менен.

Жылмайган түрдө эжемди аяп чынымды бердим. Бу бир канча секунд жылмаюусу өзөгүмдү өрттөп барып тээ ич тереңимдеги кандайдыр кусалуу да, аялуу сезимдеримди козгоп кетти… Ичимдин бир жери сөгүлүп бараткансыйт. Заматта көкүрөк тепкен ачуу ыйымды зорго басып, оозум күйгөнүн билбей ысык чайды каба-каба жута бердим!

*       *        *

Башталгыч мектепти аяктап, толуксуз ортого, кадимки жолборс секирик менен жамажайыбыз оозубузга жете сүйүнүп кадам таштадык. Мындай дегеним, анчалык кубанарлуу олчойгон натыйжа деле болбоду, көбүбүздү мугалим эптеп көчүгүбүздөн түртүп өткөзүп койду. Тек башталгыч мектептин топо майданынан кутулуп, наркы башынан бирөө сөөмөйүн чыгарса, бериден анык көргүдөй мелмилдеген түз, астына атайын көк ыраңдуу килем түспөл буюм төшөлүп, кадыресе телевизордогу жарыштагыдай өзгөчөлөнгөн бир укмуш футбол майданына келгенибиз үчүн төбөбүз көккө жете сүйүндүк. Классыбызда сабакты түзүк, накта берилип окугандарды чындап кол менен санап берерликтей эле. Калган көпчүлүгүбүз катардан калбай үйрөнгөндөй түр көрсөтүп, а эрктүү жана атайын бөлүнгөн дене тарбия сабактарда фотбол десе эт-бетинен кеткен, саат тогошсо да сабактан кайыл тартып оюнду самап турар биз болчубуз. Атаганат дечи, азыр кап десем да кабым толбойт! Ошондо кечке эле тытынып футбол тепкенче бир мезгил сабакты иштиктүү алып жүргөнүмдө азыркыдай өкүнүч болбос беле?!

Тараза тең болуу үчүн ар эки жагы бирдей оордукта болуусу шартталгандай, баарын тең алып жүрбөсөң, жадагалса бут алдыңда турган максаттарыңа жетүүң даргүмөн, а кээде мүмкүн болбой калат экен. Көпчүлүк досторум азырга чейин оро-пара жолуга калганда өкүнгөнүн айтып койбойт.

Эки күндүк тыныгуу бүтүп, аптанын биринчи күнү мектепке келдик. Тазалыктарды кынтыксыз бүтүрүп, бүт жамаат катарга туруп туу чыгардык. Андан эле мектеп атайын бөлүштүргөн (окуучулар) тазалык өкүлдөрү арбир класстын ирээттүүлүгү, жеке тазалыгы, мектеп формасынын толук кийилип-кийилбегени жөнүндө текшерүү алып барышты. Дал ошондо классыбыз боюнча эки уул окуучу тизимге алынып номур тартылды. Бирөө таптакыр форма кийбептир. Дагы бирөөсү форма чапанына тири укмуш сүрөттөрдү сызып, карындаш менен боёп алыптыр. Мугалимибиз ал экөөнү таңкыттап, мындай кылуу окуучулук салабатка жат иш экенин катуу эскертип ачууланды. Бир маалда алиги чапанын алабарман боёгон жигит мугалимге каяша тил кайрып, үстүндөгү чапанын жулкуп чечти да, жерге бир чапты. Тазалык учурунда чаң басты кылып жерге суу себилген. Чапан булганды, чапан эле эмес так маңдайында карап турган энесиндей мугалим жерге чабылгандай бозала боло түштү.

- Бул эмне кылганың?! ــ деди мугалим ачуулу жанына жете барып. Бирок тиги эмне кыласың дегенсип эч нерсе тоотпогондой мисирейет.

- Сөз сурап жатам, тил барбы? ـ дагы кайталады мугалим, тигинин бетине үңүлө карап.

- ...

- Мен үчүн окуп, мен үчүн адам болчудай айыбыңды билбей күч кыласың, ушу сенин кыйындыгыңбы?

Жаман көзү менен бир карап алып,

ــ Окубайм, ــ деди да, оозундагы шилекейин жерге «түв» деп бир түкүрүп, эшиктен чыга жөнөдү.

Колунан кушун учурган мүнүшкөрдөй эмне кыларын билбей бир паска таштай катты. Анан ары бурулуп ыйлап жибергенде кантерибизди билбей, баарыбыз күнөөкөрдөй башыбызды жерге каттык. Эмне шумдук, эс тартып мектеп босогосун аттагандан бери мугалимдин ыйлаганын алгач жолу көрдүм. Чын-төгүнүн айра албай эсим эки. Ары бурчтагы терезенин пардасына далдаланып бизге көргөзбөй ыйлап атты. Ошондо кандай күйгүлтүк тартып, канчалык ыза менен токтоло албай ыйлаганын; үнүн канча ичине жутса да далысын жаап турган парда токтобой кыймылдаганынан улам ичтей туйдум. Кулагым дуулдап, көздөрүм ымыр-чымыр. Күндөгүдөй көңүлдүү маанай жалп өчүп, класс ичинде мугалим менен кошо жанган жылуулуктун табы кайта түшкөнсүдү.

Эртеси мектептин тарбиялоо бөлүмүндөгү мугалим алиги окуучуну ишканасына чакыртып кичине какыс-кукус кылып, форма чапандын жаңысын сатып алдырды. Аял мугалимди эрөөнсүз карап ээ бербеген эргул, мугалимдин алдында сөзү арык аттап суу кечпей, талкан жутуп алгансып лам дебеди.

Күндүзү кумурсканын уясындай жык жыйма окуучуга шыкалган мектеп чөйрөсүнөн аттап баспайм. Эки саатча түшкү дем алышта мектеп ашканасында тамак жеп, саат тогошкончо майданга чыгып футбол ойнойм. Кечки таркоодо гана аргасыз үйгө кайтам. Үйүбүз алыс болгонго атам өзүнүн бир тууган инисинин үйүнө жаткырып койгон.

Бүгүн адаттан тыш эрте турдум. Себеби, мектеп ичинде дене тарбия багыты боюнча атайын иш-чара болмок. Абам жана жеңем менен жайланып чай ичип жатканбыз. Дасторкондо болгону беш-алты тилим нан. Бүгүн жеңем тандырга нан бышырат экен, аркы токойдон тандырга бир кучак отун алып келүүнү абама тапшырды.

- Досумдун тоюнан кечигем, өзүң эптеп ал, ـ деди жеңеме корс этип.

- Өзүм кантип көтөрөм, белим да ооруп жүрсө.

Абам үңкүйүп унчуккан жок.

- Отун алып берип эле кет, кечикпейсиң, ــ жеңем дагы өтүнгөндөй болду. Абам укмаксан түрдө өйдө болду да, дубал боорундагы шкафтан кийимдерин ылгап, сыйга кийчү кастюмун ала баштады. Алеки заматта жеңем кумсарып, көзүнө жаш тегерене калганын илгиртпей сездим. Сездим да, бир чыны чайымды катуу ичип, сумкамды алып тышка чыктым. Тобо, арзып сүйгөн никелүү аялындай эмес, мандикериндей мамиле тутканы кай жорук! Кайсы бир китептеги жазуучунун: «Аял, айнек сыяктуу өтө назик. Бат кир чалса, аста-секин тазалап аарчысаң жылтырап көркүнө кирет. А өзүңдү да эч боёксуз, жасалмасыз көргөзүп турат. Ал айнекти сындырып алба, кокус катуу сындырсаң, чогултууң өтө мүшкүл. Эч сындырба» - деген бир кертими жолдо катар эсиме түштү.

Байкуш тайежемди жездем акыры сындырып тынган, түбөлүк сынды! Бөлөмдүн үйүнө да барбай калгам, себеби анда эжем жок… Ызаага уугуп эчкирип ыйлап жибердим. Катыгүн-ай, аялдын алсыздыгынан пайдаланып дөөгүрсүгөн, аялга теңелип майдаланып бараткан эркектерге кыжырлансам, бир чети боорум ооруду. Атактуу футболист болуудан баш тартып, келечекте адам аң-сезимине чакырык жасаган, курал-күчсүз, оош-кыйын тымызын оңдоп-түзөгөн «жазуучу» болууга сөз бердим, өз өзүмө сөз бердим!

Кытай Эл Республикасы, Көктерек кыргыз айылы.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз