Залкар Назарматов: Баналдуу баян

  • 25.09.2022
  • 2404

(Э.Хемингуэйден интерпретация)

Ал курутка колун созуп, бирди алып жей баштады. Сыртта жамгыр күчөп, мөндүрлөп кирди. Күн энергиясы менен жылытуучу система бөлмөнү тийиштүү деңгээлде жылыта албагандай сезилди. Ал иш үстөлдөн туруп, экинчи курутту алды? терезе алдындагы жылуу полго отура кетти.

... Тээ алыста, Лондондо дүйнөгө эң атактуу аталган "The Times" басылмасы глобалдуу экологиялык каатчылыктан аман чыгып кетүү мүмкүндүгү бар экени жөнүндө көлөмдүү макала жарыялады. Кызык эле немелер ушулар. Адамзатты гумандуулукка үйрөтөбүз деген ураандарына өзүлөрү ишенишет бекен?     

Ушул эле мүнөттөрдө даңкы чыккан жетимиш жаштагы футбол тренери Криштиану Роналду "Уэмблинин" трибунасында өзүнүн "Реал" клубунун кезектеги жеңишине ыраазы болуп, футболчуларына кол булгалап турду. Ал эми Жер спутнигиндеги өз ээликтерин карай жашылча-жемиштерин узак мөөнөткө сактоо үчүн көлөмдүү жүк артынып бараткан кытайлык реактордук учак кырсыкка кабылган экен.   

Ал арада ООНдун миңдеген суу алдында сүзчү кемелери мухиттерди таштандыдан чыпкалоого старт алышты. Дагы ылдый барактады. Ысык-Көл жээгинде көчмөндөр оюндары өтүп, кыргызстандык көкбөрүчүлөр чемпион болушуптур...

Дагы барактады. Google News дүйнөлүк медианы бүкүлү бойдон оп тартып алмай болду ушу... А кечээ LUVOIR дагы бир экзопланетаны тасмага тартар менен окумуштуулар чуу түшүп, бирок биологиялык жаралыштын дайнын таппаган соң, тез эле тынчып калышты.  Дүйнө эртеңи үчүн кабатыр. Адамдар оптимистик маанай менен ар күнүн тосуп, адамдык накта гумандуулук менен жашоо кечириши керектигин туш-туштан кеңеш кылышат.

Глобалдык кыяматтын алдын алууга бул кеңештер кеч болуп калды го десең да балээге калганың ошо. Кайсы бир ойчулдун "адамдар бири бирин тукум курут кылбоого акылы жетсе, анда качандыр жылдыздарга карай сапар алат эле" деген сыяктуу сөзү эске түштү.

Жаш акындар биримдиги өз мүчөлөрүнүн ырларынан турган жапжаңы антология чыгарышыптыр. Маданият министрлиги муну жылдын эң эле жагымдуу, маданий иш-чарасы атап, ардактуу наамдары менен сыйлады. Министрлик чыгармачыл калкка колдон келишинче көмөк кылып атат. Азамат экен.

Ал айфонду диван үстүнө ыргыта салып, курутту бөлө тиштеди да, тизесин кучактап, терезеге көз чаптырды. "Деги, азыркы поэзия менен живописти искусство катары саноого болобу?" – деп ойлоду ал. Ушул ирмемдерде, алыскы бир шаарда белгилүү жазуучу Алыбек Борончиев кош өпкөсүн чүмкөгөн пневмониядан көз жумду. Ушул учурду чыдамсыз күтүп аткан маалыматтык компаниялар, блогерлер бир заматта интернет айдыңын чуулдатып жиберишти. Акыркы коштошуу зыйнатына эл көп чогулду.

Кайгылуу комуз күүсү жаңырып турду. Көптөгөн кадыр-барктуу кишилер сүйлөштү. Анын акыркы кездерде чыгарган аңгемелер жыйнагын элге бекер таратышты. Жерге берилгенден аз өтпөй кайрадан өткүн өттү. Кол чатырсыз келген көпчүлүк  китепчелерди баштарына калкалай көрүстөндөн тарашты.

Сабактан кийин макулатура чогултуп, аз эмес акча тапкан Адилет аттуу бала жол жээгинде жаткан китептерди терип, шайтан арабасына артынды да сүйүнгөн бойдон "зуу" койду.

09.2022

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз