Юрий Бондарев: Талаа

  • 29.09.2022
  • 1681

АҢГЕМЕ

Кээде мен бул дүйнөгө баш багып киргендеги эң алгачкы жолу көргөн-билгендеримди эстөөгө аракет кылам, анткени бул эскерүү мени кийин жетилген курагымда мынчалык тунук жана таасирдүү боло албаган, маңыроо, бактылуу балалык кезиме, элес-булас эсте калган алгачкы сүйүүнүн кубанычына бөлөнгөн бактылуу учурларга кайрадан алып келеби деген сокур үмүтүм жетелейт.

Мен өзүмдү кайсыл убактан бери эстей алам? Бул кайда болду эле? Уралдагы Оренбург талааларындабы? Мен бул жөнүндө атам менен апамдан сураганымда алар тээ алыста калган балалыгымдын майда-барат окуяларын даана эстей албай коюшту.

Эмнеси болсо дагы көп жылдар өткөн соң, мен аң-сезимим аркылуу көз ирмемге кармап жана токтотуп алгансыган чоң бакыт, – бул түбөлүккө кайрылгыс болуп кеткен балалыктын назик сулуулугу менен эр жеткен курактын, жакшы түш менен чыныгы турмуштун, өткөн кез менен азыркы учурдун ширелиши сыяктуу, бир укмуштуудай керемет жуурулушуусу экенин түшүндүм.

Балким, бул алгачкы сезимдер – жүздөгөн жылдар мурда, түнкүсүн эч кимге баш ийбеген жапайы тентек шамал ай нуру төгүлгөн узун шиберин ыргалтып үйлөгөн, жолдун чаңын асманга көтөргөн көп сандаган арабалардын дөңгөлөктөрүнүн калдырагы менен күн нуруна куйкаланып, аттын тери жыттанган ушул аймакты эзелтеден ээлеп келишкен чегирткелердин үзүл-тазыл уланган чырылдактарына аралашкан талааларда, көчүп-конуп, жер кезип жүргөн ата-бабаларымдын каны мени артка кайырып, чакырып жатканы болуп жүрбөсүн?..

Эсимде сакталган алгачкы нерсе – бул нымдуу, жаңы атып келе жаткан аппак таң, шүүдүрүмдүн салмагынан ийилишкен жашыл чөптөр, түнкү жол жүрүүдөн кийин болсо керек, биз эс алууга токтогон жээги бийик дарыя.

Мен чөп үстүндө жумшак, жылуу, бир нерсе жыттанган нерсеге оронуп, сыягы кой терисинен тигилген тон болсо керек, бири-бирине ыктай олтурган агаларым менен эжелеримдин (менин мындай бир туугандарым дегеле болгон эмес) арасында олтурам, биздин жаныбызда меникиндей эле бир кара нерсеге оронгон (мен анын  башындагы айылдык кемпирлер салынчу жоолукту эле жакшы билип калыптырмын) момурайган жоош, жүзү адамга жагымдуу, маңдайы жарык байбиче олтурат.

Ал бир аз кыйшайып, бизди өзүнүн эбактан бери күндүн нурун сиңирип алган жылуу денеси менен жаңы атып келе жаткан таңдын муздак илебинен сактагысы келип калкалап жаткансыйт (мен муну даана көрүп жана сезип жаткам) – биз болсо баарыбыз аркы өйүздөгү узун чөптүн арасынан жаңы чыгып келе жаткансып, жомоктогудай жалбырттап, чачырап тийген кызгылт нуру дарыянын ортосундагы кыймылсыздай сезилген суунун күзгү сымал бетине чагылышып, көздү уялткан укмуштай чоң, жаркыраган тегерек күндү суктана карап, бактыбызга балкып, унчукпай, аткан таңдын жылуулугуна магдырап, шүүдүрүмдүү, аты белгисиз талаа дарыясынын жээгинде олтурган элек.

Таң калыштуусу – кинодон же болбосо түш көрүп жаткансып, бийик жээкти, жашыл чөптөрдү, ийрелеңдеп аккан дарыяны, чыгып келе жаткан күндү, бийик дөңсөдө солдон оңго кыйшайып, жылуу тондорго оронуп олтурган өзүбүздүн карайып чогуу олтурган  карааныбызды жана бизден бийик көтөрүлгөн денеси менен таңдын муздагынан коргоп олтурган байбичени, балким чоң энебизди, балким анын чоң энесин көрүп турдум, бирок бирөөнүн да өңүн эстеп кала алган жокмун.

Айылдыктар салынчу чоң жоолуктун алдынан мен анын жүзүн ажыратып көрө алган жокмун, болгону менин наристе жан-дүйнөмдү өз коргоосуна алып, ага жана биздин көз алдыбызга тартылган керемет таңга болгон тунук сүйүүбүздү ойготуп, жылуулугун чачкан, кийин менин турмушумда бир да жолу жолукпаган чоң энемдин же чоң энемдин чоң энесинин ак жарыгын чачкан тоголок бетин көрүп турдум...

Мен ошол жарымы чын, жарымы түшкө окшогон, мени жумшак кучагы менен бакытка чулгап, алдыда күтүп тургансыган бейпил турмушту көз алдыбызга тарткан бейпил таңды, чөптүн арасынан чыга келген күндү тосуп алган көз ирмемди башыбыздан өткөзгөн, кайдадыр бир жактарга бара жаткан узак сапарыбызды эстегенде, каякка бара жатканыбызды ойлой берем. Ошондо кайда бара жаттык экен?

Андан да кызыгы: мен андагы жарыкты, жыттарды, сапарда жүргөн учурларды жана мурда жолукпаган кереметтүү кооз жерлерге, жалаң гана кубанычтуу окуялар күткөн кутмандуу жерлерге аз калганыбызды сезип, зарыга күткөнүбүз эсимде.

Анан жамгырлуу күн, кенен дарыядагы кечмеликке жакын жердеги чоң, карагайдан аштап салынган үй, анын артындагы дөңсөөдөгү чиркөө менен бактардан башкалары эмне экени анча даана көрүнбөгөн чоң шаардын мунарыктаган элеси эсиме келет.

Мен үйдөмүнбү же үйдүн жанында жүрөмүнбү, билбейм. Болгону, үйдүн айланасындагы үйүлгөн суу топурак, четтерине оюу салынып кооздолгон тактай урулган терезелер жана малдын туягы таптаган, үйдөн дарыяга карай кеткен узун жол көз алдыма тартылат. Жаандын шылдырын тыңшап, бирөөнүн чакырыгын күтүп олтургансыйм. Нымдуу жылуу абада жылкынын, кайыштын, кыктын, эгиндин жыты – түбөлүктүү жашоонун өзүндөй, эч качан бүтпөгөн укмуштай жыттар каңылжаарды аралап, белгисиз бир нерсени зарыгып күтүп жаткансыйм.

Бирок эмне үчүн мага окшогон шаардык адамда мындай сезимдер пайда болот? Бул дагы ата-бабаларымдын мендеги каны ойногонунанбы? Эрезеге жетип калган кезде апамдан ошол жамгырлуу күн, кечмелик, дарыянын аркы өйүзүндөгү шаар тууралуу, ал жактарда качан болгонубузду кызыгып сурагам; биз ал жерлерге барган кезде сен төрөлө элек болчусуң деп жооп берген эле. А чындыгында, мага ошондой сезилет, – апам дагы, атам дагы эсимден кетпей жүргөн ошол бир түндү эстеринен чыгарып коюшкан шекилдүү.

Мен балдай таттуу, буркураган жыты бир аз башты айланткан кургак чөп салынган арабада жатам, үстүмдө түнкү талаада гана учурачу, түбүнө көз жетпеген чексиз, жылдыздуу, көмөрүлгөн казандай асман айланып, көз алдымда жылдыздар жымыңдашып, күйүп-өчүп, өздөрүнө гана белгилүү купуя жолдор менен топ жылдыздарга биригип, кайра чачырап жатышкансыйт. Коюу ак түтүн сыяктуу, жылдыздуу каралжын асманды экиге жарып агылып жаткан Саманчынын жолу асмандын тээ, түпкүрүндө болгонсуп кооптуу, бактылуу, түшүнүксүз нерселерге күбө болуп жаткансыйт...

А ылдый жакта талаанын узун жолунда биздин арабабыз шашпай кылдырап, өзүмдү асман менен жердин ортосунда кемеде сүзүп бараткандай сезип, делебем козголуп барам. Үстүбүздөгү араанын жырткыч айбандын оозундай кере ачкан жылдыздуу аалам менен үстүбүздөгү түндүн кара чүмкөөсү оронуп-чулганган жайкы талаанын ортосунда бир секундага да тыным албай, кулак кычуусун кандырып курч темирдей чыңкылдап чырылдаган чегирткелердин чырылдагы, Саманчынын жолунун күмүштөй чачыраган жарыгына аралашып, тазарып кайтып жатышкансып, өзгөчө бир кайталангыс кубанычты тартуулайт...  

Мен түшкөн араба кадимки абалынан жазбай кыйчылдап, кылдырап, чайпалып бир калыпта алдыга жылып, дөңгөлөктөрү жай жаткан чаңды буруксутуп өйдө көтөрүп баратты; аттар мурундарынан буу чыгара бышкырып, алардын кургак чөптүн жытына аралашкан терлеринин жагымдуу жыты мурунду аралайт. Ушул тааныш үндөр менен жыттар мени кайра жерге кайырды, бирок дагы эле табышмактуу асман өзүнө тартып, анын сыйкырдуу таасиринен чыга албай, кандайдыр бир кайталангыс бакытка балкыйм.

“Мен баардыгын жакшы көрөм, – деп ойлодум – Алар да мени жакшы көрүшөт. Өмүр бою ушундай болот”.  Аңгыча атам уйкусунан ойгонуп, ыңгыранып алды да, үнүн чыгарып эстеди, анын тамекинин жыты сиңген кийиминин тааныш жытын сездим; ал өйдө болуп олтурду да, күңүрт жарык түшкөн жолду бир үңүлө карап алып, жанында жаткан мылтыгын этияттык менен колуна алды, затворун шарактатып артка тартып, ок салынган кутучаны сууруп чыгып, андагы салынган окторду жеңи менен сүртүп, ордуна кайра салып затворду жапты.

Анан апама карай эңкейип, үнүн акырын чыгарып, алдыдагы станциада тынч эмес экендигин, үч күн мурда ал жерден бирөөнү өлтүрүп кеткенин айтты. Мен коркконумдан көзүмдү жумуп, кыймылдабай катып калдым.

Көп жылдардан кийин гана мен андан:

- Өзүң киши өлтүрдүң беле? Өлтүрсөң кантип, качан өлтүрдүң эле? Адам өлтүргөн коркунучтуу бекен? Эмне себептен өлтүрдүң? – деген, ошол көз ирмемдеги ааламдын тең салмактуулугун бузган суроолорумдун маанисин түшүнгөнсүдүм.

Жыйырма бир жашымда согуштан кайткандан кийин, атама андай суроолорду бербей калдым.

Аттиң... андан кийинки жашоомдо ошол бала кезимдегидей, асман менен бир бүтүн нерседей ширелишип, ааламдагы бардык нерселерге чын дилимден суктанган учур кайталанган жок.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз