Сагымбай менен Саякбай кимден кем эле?

  • 11.10.2022
  • 2765

«Манас» эпосу боюнча идеологиялык талаадагы саясый өңүттө бир канча жылдар бою талаш-тартыштар болуп келгендиги кыргыздардын көбүнө кеңири маалым. Эпосту жактап чыккан окумуштуулардын бир тобу убагында бийлик тарабынан ур-соккуга дуушар болуп, кең СССРдин аймактарындагы түрмөлөргө кесилген.

Аларга саясый айыптар коюлуп, өтө коркунучтуу көрүнүш катары эл душманы деген жарлык тагылган. Андай жарлыктар бийлик тарабынан тагылары бышык, бирок ошол жарлыкты таккан бийликтин бийик сересинде олтургандар өздөрү эпосту окушпаган, текст менен тааныш болбогон, аларды кыргыз жазуучуларынын арасында кеңири таралган «окубасам да оюмду айтайын» деген шылдың кептин каармандарына толук кошууга болот. Ошол талаш-тартыш кезде «Манас – кормит нас» деп айтылган сөздүн чындыгы да бар: Москвадагы окумуштуулар баш болуп эпосту колдогондор да, ага саясый-идеологиялык күнөө койгондор да массалык маалымат каражаттарына байма-бай макалаларды жазып, калем акыларын алып турушканы маалым.

Өткөн кылымдын 70-жылдары жарык көргөн Сагымбай Орозбаковдун айтуусундагы «Манас» (баш редактору Ч.Айтматов) пландалган мөөнөттөн 2-3 жыл кечигип чыкканына мен өзүм күбөмүн. Ал кезде «Кыргызстан» басмасында иштеп, эпостун биринчи басылышына басманын редактору болгон милдет аткаргам. Кыргыз илимдер академиясындагы «Манас» секторунун башчысы Самар Мусаев баш болгон окумуштуулар ошол кездеги өлкөдөгү саясый кырдаалга ылайыктап, эки томдук текстти даярдашкан. Бирок Кыргызстан КП БК тарабынан терүүгө берилбей токтотулуп, Москвага кылчактап, узак мөөнөткө кармалып турган. Эпос китеп болуп басылар алдында цензура тарабынан да бир топ кине коюлуп, айрым сөздөр алмашылган, кыскартууга учураган. Китептин сүрөттөрү кандайча иштелип, баш сөзү качан, кандайча жазылганы күнү бүгүндөй эсимде.

С.Орозбаковдун варианты боюнча экилтиктин китеп болуп жарык көрүшү республикада чоң резонас жараткан, массалык чоң тираж менен басылганына карабай, окурмандар тарабынан тез эле сатылып алынган, атүгүл кыздын себине кошуп берилген фактылар болгон.

Эпостун ошол биринчи басылышы супер мукаба менен кымбат баалуу бор кагазга (мелованная) басылган, кийинки басылгандарга жөнөкөй офсет кагазы пайдаланылган. Алар да массалык тираж менен таратылган. Ырас, эпостун сүрөттөрү офсет кагазына караганда бор кагазга алда канча сапаттуу чыккандыгы менен айырмаланат. Сөздүн чындыгына келгенде эпоско тартылган сүрөттөрдүн ичинде маркум Т.Т.Герцендин эмгектерине чамалаш эч бир художниктики жок деп так кесе айтууга акыбыз бар. Бул – факт.

«Манас» эпосун илимге эмес, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн пайда көрүүгө шымаланып киришкен айрым бир дилетанттардын сабы тыйыла элек, тыйылмак турсун кийинки учурларда алардын арасы ар кандай жалган окумуштуу сөрөйлөр менен чектен ашып келет. Андайлардын көбү эпосту окубаган, айрымдары аны бир эмес, бир нече ирет окуса да жеткилең түшүнүктөрү жок, дал ошондойлор өздөрүнүн кемчиликтерин жашыруу максатында жомокту мамлекеттик идеологияга айландыруу маселесин көтөрүп чыгышат. Ал эми мамлекеттик идеология жомоктордон арылып, реалдуулукка кадам таштаганда гана улуттун кызыкчылыгын көздөйт эмеспи. «Манас» эпосу чыгарма катары, болгондо да улуу эпос катары угуп, окуп, үйрөнүп, изилдөөгө муктаж.

Көздөрү өтүп кеткен манастаануучулардын зор эмгектерин да үйрөнүп, алардын «Манас» дүйнөсүн иликтеген уникалдуу изилдөөлөрүнө баа берүү колго алынуусу шарт. Эпостун айланасында жүргөн саясый идеологиялык кысымдарга кайыл болуп, өмүрү өткүчө эпосту изилдеп, илимий даражаларын жактап, «Манастын» ысыгына күйүп, суугуна тоңгон окумуштууларыбыздын эмгектери көздөрү тирүүсүндө өз убагында баасын албай калган бөксөлүктөрдү толтуруу азыркы учурда шарты келип тургандай мүмкүнчүлүктөр бар. Себеби, бийликтин жарлыгы менен кийинки кездерде көздөрү өтүп кеткен маркумдар жана көздөрү тирүү адамдардын бир тобуна мамлекеттик жогорку сыйлыктар ыйгарылды. Алардын көбү мурдагы жана учурдагы чиновниктер экендиги ырас.

Бирок «Манас» дүйнөсү андай сый-урматтардан сөзгө илинбей оолак калды. Кыргызда: «Баарын коюп Манасты айт» деген улуу сөз бар. Анысыңарындай, башкаларды айтпаганда да улуу манасчылар Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаев ал сыйлыктардын сап башында болуусу керек эле го. Же аларга андай кадыр-барк жарашпайбы?

Эпос жөнүндө ооз көптүрүп көп сүйлөйбүз, ал эми ошол улуу чыгарманы айтып келген эки алптын ысымдары илгерки СССР мезгилиндеги «биз партия деп айтсак, Ленинди түшүнөбүз» дегендей абалда калганбы? Эгерде акын же жазуучу жакшы чыгарма жазса, шапалак чаап баарыбыз авторду мактап жатып калабыз, ал эми манасчылардын «Манасын» мактап, өздөрү жөнүндө учкай бирдемелерди айткан болобуз. Жогоруда аталган эки алп манасчыга Кыргыз Эл Баатыры наамын ыйгарып, борбор шаарыбыздын чок ортосуна эстеликтерин коюуга эмнеге болбосун! «Эшектин күчү адал да, сүтү арам» деген лакап эске түшөт экен. Дилетант манастаанычуулар «Манас! Манас!» деп кыйкыргандан бөлөккө жарабай тургандыгы белгилүү.

Дагы бир кеп: мындан бир нече жыл мурда өлкөбүздүн театрларында бир каармандын монологу деген спектаклдер күчкө салып коюлуп, кийин токтоп калган. Ал спектаклдердин токтоп калышы манасчылар сыяктуу көрүүчү, угуучуларды өзүнө тартып ала албаган чабалдыгы менен түшүндүрүлөт. Убагында бир нече театр ишмерлери ар кандай наамдарга ээ болуп, лауреат аталгандары бар. Азыркы манасчылардын сап башында турган Назаркул Сейдракманов менен Рысбай Исаковго эпосту айтуучу жана аткаруучу катары Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыкты ыйгарууга эмнеге болбосун! Андан калса, Р. Исаков «Манас» айтуу боюнча Гиннестин китебине кирди го. Гиннеске кирүү оңой өнөр эмес, анын катаал шарттарын эл аралык калыстардын көзөмөлүндө аткаруу жумшак диванда жатып алып баа берип айтканга оңой, иш жүзүндө канчалык татаал экендиги анын шарттарын билгендер үчүн кыйла оор.

«Сынчынын сыңар өтүгү майрык» деген кеп бар, анысыңарындай, эми Р.Исаковго сын жаай баштайт эмеспи. Антпесек, кыргыз болбой калбайбызбы! Сын айткандардын көбү адетте, дилетанттар болору бышык.

Сөздүн кыскасы, алп манасчылар Сагынбай менен Саякбай кимден кем эле? Азыркы манасчылар Назаркул Сейдракманов менен Рысбай Исаков кимисинен кем? Мен бул пикирим менен бирөөлөрдү кемсинткенден алысмын, болгон-бүткөн издегеним калыстык. Керек болсо Сагымбай, Саякбай же Манасчылар (Манас эмес) аттуу сейил бактарын куруу керек деген пикирди ортого салмакмын. Эпостон мамлекеттик идеологияны издөө натура көрүнүш.

Жылкычы ЖАПИЕВ, жазуучу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз