Жылкычы Жапиев: Чырлыйттын укмуштуу окуялары

  • 03.04.2022
  • 3808

ЖОМОК АРАЛДАРЫ ТҮРМӨГҮНӨН

Келгин куштар кайтып келатканда деңиз үстүнөн бороон-чапкын алай-дүлөй түшүп, куштардын катары бузулуп, айрымдарын бороон учуруп кетип, үйүрүнөн адашып калгандар көп болду. Өзгөчө балапандардын көбү бороонго туруштук бере албай, деңизге чөгүп кетишти, бөлөк үйүрлөргө туш келди.

Ошондой адашкан балапандардын бири чоочун чыйырчыктар менен бак-дарактуу бир шаарга жетти. Айрым дарактардын бүчүрлөрү жаңы жарыла баштаса, айрымдары жалбырак ачканы калыптыр.

Келгин чыйырчыктар үйлөрдүн чатырларына, дарактардын баштарына жыгачтан салынган даяр уялары бар экен, алар ошол үйлөрүнө кирип-кирип кетишти.

Үйү жок чыйырчык ары-бери учуп, улам бир дарактын бутагына конуп, кайра жерге түшүп, жем таап жеди. Анан дарактын бутагына конуп, ата-энесин, бир туугандарын эстеп, капаланып олтурса, таранчы келип, катарына конуп калды. Чыйырчык ага көңүл бурган жок.

– Ашына, эмнеге капалуусуң? – деп сурады.

– Ата-энемден, бир туугандарыман адашып кеттим, – деди чыйырчык башын көтөрүп.

– Үйүң каерде?

– Алыста, бороондуу деңиздин ары жагында калган.

– Ал жакка эмнеге бардың эле? – деп сурады таранчы таң калып.

– Биз ошол жакта болчубуз, анан кыш түшөрдө жылуу жакка келгенбиз, – чыйырчык ата-энеси, бир туугандарынын кантип адашып калганын айтып берди.

– Эми эмне кылайын дейсиң? – Таранчынын үнү аялуу чыкты.

– Билбейм, – деди кара чыйырчык көзү жашылданып.

– Атың ким болот, таанышып алалы, – деди таранчы.

– Чырлыйт.

– Жакшы ат экен, – деди таранчы кара чыйырчыктын көңүлүн көтөрүп. – Менин атым Чикчак. Экөөбүз дос бололу. Менин досторум көп. Бардыгы менен тааныштырам. Макулбу?

– Макул, – Чырлыйт сүйүнүп кетти..

Анан экөө ээрчишип, шаардын чет жагындагы үймөк саманга келишти. Аерде көп таранчылар үймөктүн үстүнө чыгып, куушуп ойноп жатышыптыр. Булардын бардыгы Чырлыйтка кызык көрүндү.

– Силерге жаңы дос ээрчитип келдим! – деди Чикчак кыйкырып.

Куушуп ойноп жатышкан таранчылар токтоп, экөөнү карап калышты.

– Жаңы достун аты Чырлыйт. Биз экөөбүз достоштук, эми силер менен тааныштырам, – деди Чикчак канаттарын каккылап.

Таранчылар Чырлыйтты тегеректеп калышты. Анан алар бирден Чырлыйттын жанына келип, аттарын атап, таанышышты. Булар Чырлыйтка аябай жакты, жаңы досторду тапканына сүйүндү.

Ал тоолорду, деңиздерди, талаа-чөлдөрдү артып, бул жакка учуп келгенин айтканда жаңы достору таң калышты.

– Ал жакка эмнеге бардың эле? – деп сурашат.

Чырлыйт суук түшкөндө жылуу жактарга учуп кетишип, анан бул жакка кыш келерде кайра артына, жылуу жакка келише турганын айтты.

– Жыл сайын ошентип, ары-бери учасыңарбы? – дешти таң калып.

– Ооба, жыл сайын, – деди Чырлыйт. – Биз сууктан коркобуз, тоңобуз. Азыгыбыз да жок.

– Сууктан биз деле коркобуз, бирок жылуу жайларда, үйлөрдүн чатырларына кыштайбыз. Анан күн жылыганда дарактардын бийик бутактарына уя салабыз. Силер деле ошентпейсиңерби, алыс жактарга учпай эле.

– Биз анте албайбыз, – деди Чырлыйт кабагын бүркөп.

Жаңы достор менен көңүлдүү болду. Кечке ойношуп, тапкан азыктарын бөлүшүп жеп, абдан ынтымактуу экен. Анан күн бата жаңы достор ырдашып, сайрашып, эртең да ушул жерде жолугушабыз деп үй-үйлөрүнө тарашты.

Чырлыйт жалгыз калды. Ал тиякта жүргөндө караңгыда мынтип жалгыз калып көргөн эмес. Күн бата эне-атасы, бир туугандары болуп, дарактын баш жагындагы кенен-чонон жыгач уясына кирип кетишчү. Азыр ошону эстеди.

Күн батып, күүгүм коюулана баштады. Балким ылайыктуу түнөк табылабы деген үмүт менен Чырлыйт бет алды учуп жөнөдү. Алды жагынан калың бакка туш келди. Жан-жагынан ылайыктуу жай караштырмай болуп, дарактын калың бутагынын бирине конду. Бет алдындагы бутактан өзүн карап турган тостойгон эки көздү көрүп, коркуп кетти.

Ал тосток көздүү Чырлыйттын коркконун дароо сезип:

– Кел, кошуна, – деди сылык, – адашып кеттиңби үйүңөн?

– Ооба, – деди Чырлыйт калтыраган үн менен.

– Каерде экенин айтсаң, мен табышып берем. Сен коркпо, мен Үкүнүн балапанымын, биз күндүз уктап, түнкүсүн ойгонобуз. Түн ичинде сууда агып бараткан кылды көрөбүз.

Чырлыйт каяктан келгенин, эмне болгонун айтып берди. Анан экөө таанышып, достошту.

– Менин атым Чырлыйт, – деди кара чыйырчык.

– Жакшы ат экен, мага жагат, – деди үкүнүн балапаны Чырлыйттын көңүлүн көтөрүп. – Менин атым Гүүгү.

– Жүр, Чырлыйт, бакты аралап ойнойбуз. Сонун, кооз жерлер бар. Таң аткыча көп жерлерди көргөзөм,– деди Гүүгү.

– Мен караңгыда көрбөйм, корком, – деди Чырлыйт.

– Анда сен ушерде тура бер, мен таң ата келем, – деди Гүүгү. – Биз түндөсү азыктанабыз, достор менен ойнойбуз.

– Мен бутакка конуп уктай албайм, жыгылып калам. Үйүм жок болгондон кийин бактын түбүнө түшүп барып, жерге жатышым керек.

– Жерде түлкү деген бар, сен андан коркпойсуңбу? – деп сурады Гүүгү.

– Түлкү деген эмне? – деп сурады Чырлыйт.

– Ал деген жырткыч, канаттууларды жейт. Өтө куу.

– Азыр келип калсачы? – деди Чырлыйт коркуп жан-жагын карап.

– Ал бакка чыга албайт. Бизге жетпейт, жерде жүрөт. Жерге түшкөндө андан сак бол, – деди Гүүгү.

Аңгыча Гүүгүнүн достору келип калды.

– Биз сени тияктан күтүп олтурдук. Уктап калдыңбы? – дешти достору.

– Мен жаңы досум менен сүйлөшүп олтурдум. Аты Чырлыйт, – деп досторуна көргөздү. Анан Чырлыйттын каяктан келгенин айтып берди.

– Сен бардыгыбыз менен дос болгун. Чогуу ойнойбуз, – дешти үкүлөр. – Жүрү, токойдун ары жагында талаа бар, биз ошерде ойнойбуз, чычкан кармайбыз.

– Мен караңгыда көрбөйм, корком, биз күндүзү ойгоо болуп, караңгыда уктайбыз, – деди Чырлыйт. – Уйкум келибатат...

Гүүгү кошуна турган дарактагы эски уяга Чырлыйтты ээрчитип барып:

– Бул чымчыктын уясы былтыртан бери бош, сен ушерге жатып уктай бер. Түндөсү жерге түшпө, – деди.

– Ыракмат, досум, – деди Чырлыйт уяга жайланып.

– Сен караңгыда көрбөгөнүңө капаланба, биз деле күндүзү көрбөгөнүбүзгө капаланбайбыз. Бирок биз дос бойдон кала беребиз, – дешип жаңы достор Чырлыйтка бейпил түн каалап, токойдон ары учуп кетишти.

Уя жайлуу экен. Чырлыйт катуу уктады. Таңкы үрүл-бүрүлдө:

– Чырлыйт, биз эми өз-өз үйлөрүбүзгө кетип баратабыз. Кечинде жолугушабыз, – дешип жаңы достору коштошуп тарап кетишти.

Ошол бойдон Чырлыйт туруп кетти. Карды ачып калыптыр. Анан ал бир топ жерге учуп барып, айдоого туш келди. Жер тилке-тилке болуп каңтарылып жатыптыр. Ошол каңтарылган жерден тамак таап жеп жүргөн өзүнө окшоп капкара, бирок чоң канаттууларды көрүп, жерге түштү. Чырлыйт жей турган азыктар бар экен бул жерде. Тиги чоң кара канаттуулар ага көңүл бурушкан жок. Ар кими азык таап жеш менен алек болуп жүрүштү. Чырлыйт кардын бат эле кампыйтып алды. Бир кезде тиги чоң, кара канаттуу экөө туш келип калып, бир куртту талашып калышты. Чоң канаттуу узун тумшугу менен Чырлыйтка тап берди. Чырлыйт өйдө учуп, канаттарын каккылап, абада калкып туруп, чоң канаттууну эки-үч чокуп жиберди. Экөө чырдашып калганда ары жактан канаттуулардын көлөмү чоңураак бири келип, экөөнү ажыратып:

– Эмне чатакташып жатасыңар? – деп сурады.

– Мен жей турган азыкты талашты, апа,– деп тигинин үнү арыздангандай чыкты.

– Сен ал азыгыңды багып, өстүрүп, менчиктеп алдың беле? – деди апасы күлүп. – Айдоо чоң, карачы, алда кайда жатат созулуп, азык баарыбызга жетет. Бул кичинекей турбайбы, ыйлап калат да. – Анан Чыйрылтка бурулуп: – Сен эмне жалгыз жүрөсүң, ата-энең кайда? – деп сурады.     

Чырлыйт кайдан келгенин, башынан өткөргөн окуяларды айтып берип, азыр өзү жалгыз экенин, улам бир жерде түнөп жүргөнүн айтты.

– Мынтип чатакташпай, экөөңөр жарашкыла. Сен чоң эмессиңби, уулум, кичинекейлерди таарынткан болбойт, – деди энеси баласына.

– Кечирип кой, – деди тиги башын жерге салып Чырлыйтка.

– Сен да мени кечиргин, – деди Чырлыйт. Анан экөө канаттарын бири бирине тийгизишип, тумшуктары менен өбүштү.

– Мына эми жарашып калбадыбы, ошентип дос болгула, – деп энеси ыраазы болду.

– Силер кайдан келген канаттуусуңар? – деп сурады Чырлыйт жаңы досунан.

– Биз ушул эле жердебиз. Биз каргабыз, өзүңчү? – деди карганын балапаны.

– Бизди чыйырчык дешет, – деп Чырлыйт башынан өткөн окуяларды айтып берди да: – Сенин атың ким? Достошкондон кийин таанышып алалы. Менин атым Чырлыйт, – деди.

– Менин атым Каак, – деп айтып, бир азга унчукпай, жаңы досун карап калды да: – Силер жыл сайын деңиздин ары жагына алыска учуп барып, кайра келесиңерби? –­ деп сурады таң калып.

– Ооба.

– Бул жакта сенден да кичинекей канаттуулар бар, үшүбөй кыштап чыгышат. Сен деле ошентпейсиңби?

– Бизге болбойт, үшүп калабыз, – деди Чырлыйт.

– Анда чыдамыңар жок турбайбы. Бизге жай мезгилине караганда кыш жагымдуу.

– Силер бизден чоң турбайсыңарбы, ошонүчүн үшүбөйсүңөр го. Биз кичинекейбиз. – Чырлыйт өзүнүн кичинекей болгонуна ичи күйгөндөй болду.     – Андан эмес болуу керек, менин каркыралардын Куу-куу деген досум бар, алар бизден да чоң, жыл сайын кеч күздө жылуу жакка учуп кетишип, жазында келишет.

– Ал досуң келди беле? – деп сурады Чырлыйт.

– Ооба, келген, алар көлдө сүзүшөт, ошоякка кеткен.

– Мага көл, деңиз жагат, бирок сүзгөндү билбейм, – деди Чырлыйт капаланып. – Ошол Куу-куу досуңдай болсом жакшы болмок.

– Мен деле сүзгөндү билбейм. ага капа болбойм, – деди Каак.

Аңгыча айдоонун чет жагында жүргөн Каактын апасы учуп келип:

– Качкыла. түлкү келатат! – деди экөөнө.

– Түлкү деген эмне? – деп сурады Чырлыйт Каактан.

– Ал баарыбызды жеп коёт, жырткыч. Жүрү, качабыз. Тияктан айтып берем, – деди Каак апасынын артынан баратып. – Чырлыйт, бол, тез. Артта калба!

Чырлыйт абага көтөрүлүп калганда куйругун бултактаткан жүнү кызыл бир чоң неме жүгүрүп келип, арткы аяктарына тура калып, оозун ачып, тишин шакылдатып, Чырлыйтка жетпей калды. Каак менен апасы экөө айдоонун четиндеги бактын башына конуп:

– Чырлыйт досум, кел биздин жаныбызга. түлкү бул жакка жетпейт! – деди Каак.

Чырлыйт тиги экөөнүн жанына конду.

– Түлкү деген ушубу? – деп сурады. – Ал жөнүндө кечээ Гүүгүү досум да айткан. Сак бол деген.

– Бул аябагандай куу, алдамчы. Эч качан жакын жолобо. Айткандарына ишенбе, – деди эне карга Чырлыйтка.  

Түлкү жерди шимшилеп, үчөө конуп олтурган бактын түбүнө келип:

– Силер кайдан келген сулуусуңар? Биздин чөлкөмдө мындай сулуулар жок эле, алыстан келдиңерби? Мен силер менен достошуп, ойногону издеп жүрөм. Тээтиги айыл тарапта да силерге окшогондор көп, бирок алардын түрү суук экен силердей сулуу эмес. Алар менен ойнобой, атайын силерге келсем, менден качып кеткениңер кандай? – деди таарынган үн менен.

– Сен деген жалганчы түлкүсүң, – деди эне карга. – Бизге жетсең эле жейсиң, биз сага ишенбейбиз.

– Мен мурда ошондой болчумун, анын баарын таштап, азыр чөп жеп калдым. Чөп жакшы экен, издеп убара болбойсуң, көп дагы. Келгиле, жерге түшкүлө, чогуу ойнойбуз. – Түлкү бакта олтурган үчөөнү карап, оозунан шилекейи куюлуп кетти.

– Кана, чөп жечи, биз көрөлү, – деди карга эне.

Түлкү жердеги чөптү шимшилемиш болуп:

– Силерге келатканда жолдо таттуу чөптөр көп экен, тойгуча жеп алгам, – деди. – Жерге түшсөңөр мен бир жаңы оюнду көрсөтөм, ал оюнду кечээ чабалекей, борбаш, күкүк болуп ойногонбуз.

– Ал кандай оюн болду экен? – деди Чырлыйт эне каргага бурулуп.

– Алдап жатат, ал айткан канаттуулар түлкү менен эч качан ойнобойт. Алар түлкүнү көргөндө бизге окшоп качып кетишет. Аларды жеп салмак, – деди эне карга.

Чырлыйт менен эне карганын сөздөрүн кулагы чалып калган түлкү:

– Ишенбей жатсаңар сен жерге түшүп, тиги экөө карап турсун, жаңы оюнду сага үйрөтөйүн, – деди Чырлыйтка.

Чырлыйт анын айткандарына чындап ишенди.

– Мен барып көрөйүн, силер карап тургула, – деди экөөнө.

– Барбагын, жеп коёт, – деди Каак.

– Атың ким болот? – деп сурады түлкү чыйырчыктан.

– Чырлыйт.

– Атың да өзүңө окшоп кооз экен, – деди түлкү. – Сен буларга окшош эмес экенсиң, ата-энең кайда?

– Адашып кеткем. алардын кайда экенин билбейм, – деди Чырлыйт капаланып.

– Токто, – деп түлкү ойлонгонсуп калып, – алар да сага окшош сулуу беле?

– Ооба, билесизби? – деди Чырлыйт сүйүнүп.

– Тааныйм аларды, балабыз адашып кетип таппай жүрөбүз дегендеринен керели кечке издешкем. Көрсө сен турбайсыңбы. – Түлкү жымың дей түштү.

– Алар алыспы? Аябай сагындым, – деди Чырлыйт ордунан козголо берип.

– Жакын эле жерде. Макул десең ээрчитип барам. – Түлкү куйругун бултактатып, жаланып койду.

– Калп айтып жатат, ишенбегин! – деп эне карга менен Каак экөө жарыша айтты.

– Калп болсо кайра келет да, – деди түлкү. – Чынбы?

– Ооба, кайра келем, – деди Чырлыйт.

– Анда мындай кылалы, – деди эне карга түлкүгө, – сен жол баштап алдыга түшкүн, биз сени ээрчип учалы.

– Чырлыйт экөөбүз кол кармашып ээрчишип алалы, силер убара болуп барбай эле койгула, – деди түлкү.

Анын бул айтканын Чырлыйт чындап эп көрдү. Ага эне-атасы Чырлыйтты издеп, аябай чарчашып, бир бактын кылда учуна конуп алышып, эки-жакты карап, издеп жаткандай туюлду. Тез эле жетип баргысы келди. Түлкү менен жетелешип, бирге басмай болду. Эне карга менен Каактын каршы болгондоруна түлкү таарынып, айнып кетпесе экени деп ойлоду.

– Мен жерге түшүп, бирге басайын, силер учуп келе бергиле, – деди Чырлыйт.

Эне карга Чырлыйттын түлкүгө чындап ишенип алганын ойлоп:

– Сен түлкүдөй тез баса албайсың, андан көрө биз менен учкун, – деп Чырлыйтка айтып, анан түлкүгө кайрылды: – Сен алдыга түшүп жүгүргүн, биз сени ээрчип учабыз, ата-энесине жеткенде Чырлыйт жерге түшсүн. Сен аны колунан жетелеп, эне-атасына тапшыргын.

Эне карганын бул айтканына Чырлыйт да, түлкү да макул болду. Түлкү алдыга түшүп чуркап жөнөдү. Тиги үчөө учуп баратышты. Чырлыйт алдынан көрүнгөн бактардан көзү өтүп, эне-атасын карады. Улам алдыңкы жактагы бактан үмүт этет, бирок ал бактардын бутактары бош экенин көрүп, Чырлыйттын кабагы бүркөлө түшөт. 

Карга учуп баратып, алды жагынан карышкырдын келатканын көрөт. Карышкырдын бет алдынан чыгарыш үчүн түлкүнү мактап:

– Түлкү акенин келип калганы жакшы болбодубу. Түлкү аке болбогондо биз таппайт элек, – дейт.

– Жакындаганда Чырлыйтты өзүм жетелеп алып барам,– деп түлкү жымың эте түшөт.

Аңгыча имерилиштен түлкүнүн бет алдынан карышкыр чыга калганда буларды алдадым деп сүйүнүп келаткан түлкү шарт бурулуп качып жөнөйт. Карышкыр артынан кууп, заматтын ичинде экөө көздөн кайым болот.

– Мени ээрчитип баратып, эмнеге качып кетти? – деп Чырлыйт таң калды.

– Ал жалган айтып, сени жемекке ээрчитип бараткан, карышкыр кууп кетпедиби, – деди эне карга. – Ал карышкырды байкап калып, эртелеп качып кетпесин деп, калп эле аны мактап койгом.

– Мен чын эле ишенгем, – деди Чырлыйт.

– Мен да ишенгем, – деди Каак.

– Жүргүлө, экөөнүн эмне болгонун көрөлү, – деп эне карга артка бурулду. 

Үчөө учуп барcа, карышкыр түлкүнү кууп жетип, өлтүрүп салыптыр.

– А тиги карышкыр деген жакшыбы? – деп сурады Чырлыйт эне каргадан.

– Ал түлкүдөн өткөн жырткыч. Алы жеткендердин бардыгын жеп салат.

– Ал баарынан күчтүүбү?

– Андан да күчтүүлөр бар.  Арстан, аюу, жолборс дегендерден карышкыр коркот, жолобойт.

– Мени ошолор менен тааныштырып койбойсуңарбы, достошуп алып, анан эч нерседен коркпой калам, – деди Чырлыйт.

– Алардын бардыгы жырткычтар, туш келип калсаң жеп коюшат. Биз аларга жолобойбуз, сен да жолобогун, – деп эне карга түшүндүрдү.

– Кайда жашайт алар? – Чырлыйт эки жагын кооптоно карады.

– Тоодо, токойдо, талаада. Булардын жүрбөгөн жери жок. Биз учуп барып, бакка конуп алабыз, алар жетпей калышат. Эгерде аларды көрүп калсаң жерге түшпөгүн, бакка конуп олтура бер, же учуп кеткин.

– Алардын учпаганы жакшы экен, – деди Чырлыйт.

– Учуп жүргөн да жырткычтар бар. Алар бизге окшоп учат. Кармап алса жеп коюшат.

Күн кечтей баштаганда эне карга:

– Сен биздин түнөгүбүзгө жүргүн, биз менен чогуу түнөп чыгасың, – деди Чырлыйтка.

– Түнөгүңөр каякта?

– Айылдын чет жагында калың бак бар, биздин түнөк ошерде.

– Аерде үйүңөр барбы? – деп сурады Чырлыйт.

– Үй эмес, бактын бутактарына конуп уктайбыз, – деди Каак.

– Жыгылып калбайсыңарбы уктаганда? – Чырлыйт чындап таң калды Каактын айтканына.

– Жыгылбайбыз, ошентип уктайбыз. Сенчи? – деди Каак.

– Мен бутакка конуп уктай албайм, кулап түшөм, – деди Чырлыйт.

– Анда кантесиң? – деп сурады эне карга. – Түндө каерге түнөдүң эле?

– Гүүгүү досум уя таап берген, ошерде уктагам. Мен ошоякка барайын анда. – Чырлыйт бутакка конуп уктай албасына капаланды.

– Биз менен жүрө бер, тиякта деле бош уялар бар, ошерге түнөп чыксаң болот. – Эне карга Чырлыйтка боорооруп, жалгыз жибергиси келген жок. Жолдон түлкүгө окшогон дагы бир жырткычка жолугуп калбасын деп чочулады.

Үчөө ээрчишип учуп, айылдын четиндеги калың бакка келишти. Ал бакта Каак менен энесине окшогон каргалар көп экен. Дагы учуп келип, бутактарга конуп жатышты. Алар ушунчалык көп болгондору менен ар бири өздөрүнүн орундарына конуп, жай ала беришти. Кээ бирлери Чырлыйтты таң кала карап калышты. Бир кезде каргалардын бир балапаны учуп келип:

– Каак, бул ким, иниңби? – деп сурады.

– Досум, – деп жооп берди Каак. – Аты Чырлыйт. Ата-энесинен адашып калыптыр, бүгүн кечке чогуу жүрдүк... Түлкүнү алдап кеттик. Ал бизди, Чырлыйтты алдайм деди эле өзүн карышкыр жеп койду.

Каак түлкү менен болгон окуяны айтып берди.

– Ал түлкүнү биз да көргөнбүз, – деди балапан карга.

– Силерге да ойнойбуз дедиби?

– Биз аны көрөр менен кетип калганбыз. Анан силерге барган турбайбы... Досуң биз менен чогуу түнөйбү?

– Жок, – деди Каак, – ал бутакка конуп уктай албайт экен.

– Жерге уктап калса, түлкү келип жеп кетет да, – деди балапан карга.

– Апам айткан, бактын башында бош уя бар деп, ошерге ээрчитип барам.

– Бутакка конуп эмнеге уктай албайсың? – деп сурады балапан карга.

– Билбейм... – Чырлыйт чынында эле билчү эмес.

– Уктап көрдүң беле бутакка конуп?

– Жок. – Чырлыйт башын чайкады.

– Биз менен кошо уктап көрбөйсүңбү?

– Мейли.

Чырлыйтка мурда мындай ой келбептир. Балким каргалар сыяктуу эле түндөсү бутакка олтуруп уктай берер. Анда уя издеп убара болбой, кечинде туш келген даракка конуп уктайт, уянын кереги жок болот. Ата-энесин таап алса, аларды даракка конуп уктаганга үйрөтөт. Мурдатан эле ушинтпей дешип алар да сүйүнөт. Канча бир түйшүктөрдөн кутулушат. Буларды көрүп, башка да чыйырчыктар каргалардай топ-тобу менен чогуу түнөп чыгышмак. Мындай абдан ыңгайлуу түнөктү ойлоп тапканы үчүн Чыйрлыйтты баары макташат. Ага урмат-сый көргөзүшөт.

Чырлыйт Каак менен жаңы досу болуп катар олтурушуп, көпкө сүйлөштү. Чырлыйт каяктан келгенин, жолдогу окуяларды, деңиз үстүндөгү бороон-чапкынды, ата-энесинен, бир туугандарынан кантип адашып калганын айтып берди. Анын сөзүн аердеги балапан каргалар түгүл чоңдору да кызыгып угушту. Баардыгы Чырлыйтты аяшып, ар кими колдон келген жардамын бере турганын айтышты. Эртеңден баштап эне-атаңды тапканга жардамдашабыз дешти. 

Чырлыйт буларга ыраазы болду, Каак менен берки жаңы досу да сүйүнүп, Чырлыйтты ортого алып отурушту. Бир аздан соң эки досу уктап калды. Чырлыйт канчалык көзүн жумганы менен уктай албай, улам кыймылдап, тынчы кете берди. Аны байкаган эне карга жакын келип:

рды тапканга аракет кылабыз. Табылып калар.

– Жакшы болот эле, – деп Чырлыйттын үнү каргылданып, көзүнүн жашы мөлтүлдөп кетти.

– Сен капаланбагын, баарылап издешсек табабыз, – деп эне карга Чырлыйтты сооротуп, көңүлүн улады. – Сенин уйкуң келбей жатса, анда сага бир жомок айтып берейин. Мен аны чоң энемден уккам, илгерки жомок.

... Илгери-илгери жан-жаныбарлардын баары канаттуу экен, биз сыяктуу учуп жүрүшүптүр. Алар ынтымактуу болуп, ар кими азыркыдай өз-өзүнчө уя салбай, жерге үй курушуп, чогуу жашачу экен. Балапандарын чогуу багып, бири бирине жардам берип, ынтымактуу болуптур.    Канаттуулардын бири ооруп калса, жети суунун, жети тоонун ары жагынан дары чөп менен дары суу алып келишип, айыктырып алышкан экен. Кокус бирөө-жарымы тентектик кылса, аксакал-көксакалдары чогулуп, акыл айтышып, тентектерди теске салып турган. Андыктан эч кимдин оюнда жамандык болбогон. Чоңдору кичинелерине камкордук көрүп, алардын карындарын ачырбай, кагып-силкпей, эркин өстүрүшкөн.

Бир курдай кургак жердин далайын суу каптап, канаттуулардын айрымдары сууда калат. Алар башка кургак жакка учуп кетишсе деле болмок, бирок туулуп-өскөн жайын таштап кете албай, сууда сүзүп жүрүш үчүн манжаларынын ортолоруна жаргак жамашып, сууда сүзгөнгө ылайыкташып кетишет да, жемин ошол суудан, суу жээктеринен таап жеп калышат. Каз, өрдөк дегендер ошолор. Алар сууда, кургакта да жүрө беришет.

Кургак жер тарып, канаттууларга азык-түлүк мурдагыдай кенен болбой, алар балапандарына жем табыш үчүн ар кайсы тарапка, алыс жактарга  барууга тура келет.

Ошентип жүрүшкөндө айрым бир балапандар жок болуп кетип жатты. Алар али учууга жарамсыз, жумурткадан жаңы чыккан кызыл эт, темир канат балапандар эле. Алардын эне-аталары болуп, канаттулар туш-туш жактан издешет, бирок эч натыйжа бербеди. Аны менен балапандардын жоголгону токтобой, күчөй берет. Анан топ-топ болуп, аңдууга алышат. Андан да эчтеме чыкпайт. Андан-мындан болуп, балапандар жоголо берди.

Бир күнү канаттуулардын жакын санаалаш ончактысы сүйлөшүп алып, азык издегени кетимиш болуп, жарымы кайра келип, бадалдардын түптөрүнө жашынып калышат.

Бир кезде азык издеп кетишкен бир топ канаттуулар эч кандай азыктары жок эле кайра учуп келишип, ээн калган уялардагы балапандарды чыркыратып жеп салышып, артка учуп кеткендерин көрүшөт. Алар тигилерге карата дароо каршы чыга алышкан жок, себеби тигилер көп болчу, кармашканда күчтөрү жетмек эмес.

Анан кечинде канаттуулардын бардыгы чогулганда алар көргөн окуяны айтып, канаттуулардын акыйкат сотуна коюшат. Акыйкат сот күнөөлүүлөрдүн канаттары менен куйруктарын кыркып, жакын жолотпой, араларыңан кууп жибергиле деп чечет. Соттун чечими аткарылат. Канаттары менен куйруктары кыркылып калгандар көрүнгөн жакта качып-бозуп жүрүшүп, кээ бирлери өлүп, кээ бирлеринин канаттарынын ордуна кол менен бут пайда болуп, айрымдары карышкырга. түлкүгө айланып кетишет. Ошол жырткычтардын бардыгы мурда канаттуу болушуп, жаман жоруктарынын азабынан канаттарынан айрылып, жерде жүрүп калгандар экен. Ал эми ак ниеттүүлөр азыркы кезге чейин канаттуу боюнча калыптыр.

– Алар балапандарды жебесе, канаттуу боюнча калышмак беле?  – деп сурады Чырлыйт.

– Ооба, – деди эне карга, – мына биз жүрбөйбүзбү... Кой, сен укта, эртең да күн бар. Эртең талаага барабыз. Жүрү, тиерде бош уя бар, ошерге барып жат. – Эне карга Чырлыйтты бош уяга ээрчитип барып, бейпил түн каалап, өзүнүн балапандарына кетти.

Түнү шамал башталды. Адегенде бактардын жалбырактары, анан майда бутактары кыймылдап, бир кезде шамал катуулаганда дарактарда түнөгөн жүз-жүз каргалар какылдашып, бөлөк жакка салпылдап учуп жөнөштү. Чырлыйт аларга кошулуп кетейин деп ойлоду, бирок шамалга туруштук бере албай, кайра уясына корголоп калды. Бир кезде бороон катуулап, Чырлыйт жаткан бутак сынып, уясы бузулуп, чыйырчык жерге түшүп калды. Ал кайра дарактын баш жагына конууга күчү келбеди, шамал тоголотуп, кайра дарактын түбүнө алып келди.

Дарактын түбү ылымта болуп, шамал тийбейт экен, Чырлыйт ошерге бүрүшүп туруп калды. Ал бул тегеректе өзү жалгыз калганын сезди. Улам үргүлөп кетип, тумшугу менен жерди сүзүп алат. Бир кезде көк чөптүн үстүнөн жай алып, уктап кетти. Ойгонсо, шамал басылып калыптыр. Каргалар кайтып келишпептир.

Куйругу менен кулактарынын түгү жок кичирээк бир боз неме жүгүрүп келатып, Чырлыйтты көрүп тык токтоп калды. Чырлыйт чочуп кетип, учуп барып бутакка конду.

– Сен ким болосуң? – деди Чырлыйт төмөн карап.

– Чычканмын, – деди ал. – Өзүңчү?

– Мен Чырлыйтмын. Буерде эмне кылып жүрөсүң?

– Үйүм ушерде болсо жүрбөймбү.

– Үйүң ушул бактабы?

 – Жок. Жакын жерде. Бул жактан азык издеп келгем. Биздин үйүбүз жер астында. Ийин казып алабыз.

– Жер алдында болсо караңгыбы?  

– Биз караңгыда көнүп калганбыз... Сен эмнеге жалгыз жүрөсүң?

Чырлыйт жерге түшүп, эне-атасынан кантип адашып калганын айтып берип:

– Буерде көп каргалар бар болчу, түндө катуу шамал болуп, алардын бардыгы башка тарапка кетип калышты. Мен уяда жаткан бак сынып, жерге түшүп калгам, – деди.

– Жерде жатканыңда мышык келбегени жакшы болгон турбайбы, – деди чычкан жан-жагын карап.

– Мышык деген эмне?

– Ал коркунучтуу жаныбар. Биздин, чычкандардын душманы. Ал алы жеткендердин бардыгын жеп салат. Канаттууларга жакшы, учуп кетсе, мышык жетпей калат.

– Силерчи? Силер кантип кутуласыңар?

– Ийиндерибизге кирип кетебиз. Аерге мышык батпайт, андан калса терең казабыз. Анан дагы жору деген бар, ал дагы коркунучтуу жырткыч. Учуп келет.

– Анын канаттары барбы?

– Ооба, учат.  Асманда учуп жүрүп, жердегини көрөт, шуулдап келип, илип кетет.

– Аны эне карга айткан эмес. Жерде жүргөн жырткычтар канаттуулардын каргышына калып, жырткыч болуп кетишкен деген.

– Канаттуулардын да жырткычтары бар: жору, күйкө, жагалмай, булардын эң күчтүүсү бүркүт. Бүркүт карышкыр, түлкү деген жырткычтарга да кол салат. Алардын эки көзүн оюп, этин жейт. Бүркүттөрдүн уясы бийик зоокаларда.

– Бүркүт менен достошсом эч кимден коркпой калат экенмин да.

– Ал сени менен достошпойт, тытып жеп салат... Кач! – Чычкан кыйкырып жиберип, өзү калың бадалдын түбүнө кирип кетти.

Чычкандын артынан Чырлыйт да ошол бадалга кирип баратканда катуу шамал болгондой, шуулдаган үн чыгып, бир чоң караан Чырлыйттын мурдагы турган жериндеги чөп-чарды апчып алып, кайра жогору атылды.

Чычкан менен Чыйрлыйт экөө катып калышты. Бир топтон кийин чычкан эсине келип:

– Жору деген ушул. Ал асманда айланып жүрүп, экөөбүздү көрүп илип кеткени келбедиби, – деди

– Мен аны чөп алганы келген экен деп ойлогом.

– Алар чөп жебейт, эт жешет. Мен байкабай калганда экөөбүздүн бирибизди илип кетмек.

– Анда канаттуулардан да жырткычтар бар турбайбы... – Чырлыйт кабагын бүркөп айтты.

– Канаттуу жырткычтар берки, жерде жүргөн жырткычтардан коркунучтуу. Жерде жүргөн жырткычтардан  сен учуп кетип кутуласың. Канаттуу жырткычтардан азыр экөөбүздөй жашынып гана кутулбасак, жем болуп калабыз.

– Канаттуулар бирин бири жейт деп такыр ойлогон эмесмин. Сен болбогондо мени жеп коймок экен. Ыракмат сага.

– Сен да кичекей турбайсыңбы. Кичекейлер дайыма сак жүрүшүбүз керек. Биздин душмандарыбыз көп... Мени үйдөгүлөр издеп калышты.. Кеттим. Кош, Чырлыйт.

– Сенин атыңды сурабаптырмын...

– Чый. Үйдөгүлөр мени ушинтип чакырышат.

– Атың мага жакты. Чый, сага ыракмат, мени ажалдан алып калдың

– Биз бирибизге бирибиз жардам аябашыбыз керек.

Чый коштошуп, үйүнө кетти. Чырлыйт туш келди учуп жөнөдү.

Бир кезде үстү жагында учуп келаткан жалгыз канаттууну көргөндө, алиги жору менен болгон окуяны эстеди. Анан катуулап учуп барып, бадалдардын арасына кирип кетип, бөгүп калды да алиги канаттууга көз жүгүртүп, карап калды. Ал да Чырлыйт конгон бадалдын жанына конуп, жерден бирдемелерди терип жеп жүрдү. Чырлыйт демин ичине тартып, эки көзүн алиги канаттуудан албайт.

– Cенин үйүң ушердеби, ашына? – деп сурады канаттуу Чырлыйттан.

– Жок, сенден коргонуп олтурам, – деди Чырлыйт.

– Менден эмнеге коркосуң?

– Жеп коёсуң да.

– Мен дан терип жейм, көрүп турбайсыңбы?

– Чый экөөбүз сүйлөшүп турсак, асмандан бир куш шуулдап учуп келип, аз жерден алып кеткен жок мени.

– Чоңбу? Жору турбайбы. Андан мен да корком.

– А сен кимсиң?

– Мен көгүчкөнмүн. Биз дан терип жейбиз. Башкаларга зыяныбыз жок.

– Атың ким?

– Кук. Сеникичи?

– Чырлыйт.

– Атың жакшы экен. Мага жагат, кооз угулат.

Экөө сүйлөшүп, Чырлыйт башынан өткөргөндөрүн айтып берди. Көгүчкөн ага боору ооруп, жерден бир топ дандарды чогултуп берди. Аңгыча ончакты көгүчкөндөр учуп келип, экөөнүн жанына конду.

– Биз сени тияктан күтүп жүргөнбүз, Кук, – дешти жаңы келгендер.

– Чырлыйт экөөбүз тааныштык. Башына өткөргөн окуялары кызык экен. Тоолордун, деңиздердин ары жагынан келатканда ата-энесинен адашып калыптыр.

– Ал жакка эмнеге бардың эле? – деп сурады көгүчкөндөрдүн бири.

– Мен ошол жактан туулгам. Анан ал жакка суук түшкөндө жылуу жакка келгенбиз.

– Бул жакка суук түшкөндөчү?

– Ошол жак жылуу болот, ошоякка кетебиз

– Буларды келгин куштар дешет. Суукка чыдай алышпайт, жылда жылуу жакка көчүп жүрүшөт, – деди көгүчкөндөрдүн бири.– Келгин куштар көп, кеч күздө кетип калышат. Кышында аз эле канаттуулар калабыз да.

Алар аркы-берки сөздөрдү сүйлөшүп олтурушту. Бир кезде көгүчкөндөрдүн өңү көгүш келген мойну узун, ичке көгүчкөнгө айтты:

– Кечээ чоң атамдын эрдиги жөнүндөгү кызык окуя айтып берем дебедиң беле, – деп эстетти.

– Чын эле, – деп көгүчкөндөр жаалап жиберишти. – Ортого келип айт.

– Жаңы досубуз да уксун. Угасыңбы? – деп сурады Кук Чырлыйттан.

– Угам. – деди Чырлыйт башын ийкеп.

– Анда кулак салып угуп отургула.

... Илгери-илгери бир каардуу падыша болуптур. Ал аскери чабал падышалардын жерин басып алып, байлыктарын карактап, элин кул кылып алчу экен. Жакын арадагы жерлердин бардыгын өзүнө каратып алат. Анан жети тоо, жети леңиздин ары жагында эли, жери бай, өздөрү бакубат жашаган падышачылык жөнүндө угуп, чаап алууну көздөйт. Аскерин топтоп, ок-дарыларын даярдап, кемелерди жасатып, муз эригенде чабуул коймой болот.

Каракчы, баскынчы падышаны жаман көргөндөр алыстагы эли бакубат жашаган падышалыкка кабар берүүнү ойлойт. Бирок ал жакка жетиш кыйын. Жети тоону ашып, жети деңизден өтүү булар үчүн мүмкүн эмес. Убакыт болсо аз калды, жаз менен кошо чабуулга аттанат. Жөн-жай жаткан элге бүлүк салып, байлыктарын тартып алып, өздөрүн кул кылат дешти.

Менменсинген эр жүрөк баатыр жигиттер да жолдун татаалдыгын, алыстыгын айтып, кабарга баруудан баш тартышты. Эл ар кандай айла-амалдарды ойлошту, бирок бири да туура келбеди.

Ошол кезде тоонун арасында бир саятчы абышка жашаптыр. Ал бардык жан-жаныбарлардын, канаттуулардын, курт-кумурскалардын тилин билчү экен. Каардуу падышаны ал да жактырчу эмес. Анан ары-бери өткөн-кеткен адамдардан алиги сөз ага да жетет.

– Кабарды мен жеткирем, – дейт саятчы абышка.

– Жаш болсоң да бир жөн эле, карыган кезде жол жүрүү кыйын го, – дешет уккандар.

– Менин досторум бар, ошолор менен акылдашып көрөйүн. Кимисинин колунан келерин сурайын.

Угуп тургандар аң-таң калат.

– Тоодо жүрүп, жин-шайтандар менен дос болсо керек, – дешти бирөөлөр.

– Киши кийик болуп жүрбөсүн, – дешти дагы бирлери.

Ошентип ар кимиси ар кандай жорушту. Ал эми саятчы үйүнө келип, канаттууларды чакырып, болгон окуяны айтты. Канаттуулар да бул падышанын жаман көрүшө турган, ал көңүл ачуу үчүн көзүнө көрүнгөн жан-жаныбарларды, канаттууларды ата берчү.

Канаттуулар бул кабарды жактырышты, Анан өздөрүнүн ичинен эң тез жана бийик учкан көгүчкөндү айтышты. Көгүчкөн дароо макул болду. Анан аны узатып барууга бүркүт менен ителгини дайындашты.

Адамдар кеңешип, кыска кат жазышып, көгүчкөнгө тиштетип, сапарга жибермей болушат. Бирок көгүчкөн узак жолго катты тиштеп бара албастыгын айтып, аны бутуна ороп, байлап бергиле дейт.

Көгүчкөндүн айтканындай, катты бутуна ороп, байлап беришет. Ошентип бүркүт, ителги жана көгүчкөн жолго чыгышат. Жардашып турган эл бата берип узатышат. Үчөө асманга атып чыгып, узатууга келген элдин үстүнөн үч жолу айланып, анан күн чыгышты көздөй сызып жөнөшөт.

Ушул маалда падыша тиги үчөөнүн кабарга кеткенин билип калып, мергендерин чакырып, үчөөнү тең атып түшүргүлө деп жаалданат. Көзгө атаар мергендери жаа тартып, жебелерин жиберет. Жебелер ушунчалык көп болгондуктан күндүн нурун калкалап, жерге көлөкө түшөт. Бирок тигилер узап кеткендиктен, атылган жебелердин бири да жетпейт.

Экинчи күн учуп баратышып, биринчи деңиздин үстүнөн бороон башталат. Үчөө дагы бийиктеп учушат. Экинчи деңизге жеткенде дагы көкөлөшпөсө, бороон учуруп кете турган болду. Ителги мындан жогору уча албастыгын айтканда бүркүт менен көгүчкөн аны кайра артка, үйгө жиберишет. Экөө жол улайт.

Чарчаганда өргүп, эс алып учуп отурушуп, жетинчи тоо менен жетинчи деңиз калды. Акыркы тоо өтө бийик болучу. Ал асман тиреп тургандай бийик. Тоого кар, муз жаап турат экен. Алардын кутулуш үчүн тоону түбөлүк каптап турган кара булуттун үстү менен өтүп кетүү керек болучу. Ал булуттун ары жагынын асманы ачык.

Көгүчкөн ачык асманга бат эле өтүп кетет. Бүркүт анчалык бийикке чыга албады, ал бир нече ирет аракет кылды, бирок ал жактын абасын көтөрө албайт экен. Көгүчкөн экөө коштошуп, бүркүт артка кайтат.

Андан ары үч күн учуп, көгүчкөн падышалыкка жетет. Ал саятчы үйрөткөндөй, падышанын аксарайынын үстүнө барып конот. Алты тоо, алты деңиздин түйшүгүнөн да акыркы, жетинчи тоо менен жетинчи деңизден өтүү көгүчкөндүн көп күчүн алды. Чарчап-чаалыгып, арыктап, күч-кубаттан тайып калат. Көгүчкөн аксарайдын үстүндө олтуруп, үргүлөп кетет. Ошол учурда чатырда жүргөн мышык көгүчкөндү көрүп, акырын жылып келип, жемей болот. Мышык секирип келип баса каларда көгүчкөн ойгонуп, учканы талпынганда  бир жак канатын чала-була тиштеп калат. Көгүчкөндүн бир канаты жабыркап, учуп кете албай, жерге кулайт. Ал калдаңдап келип, сыртта сейилдеп жүргөн канышанын алды жагына түшөт. Каныша колуна алса, бир канаты жараланып, кан агып жүрүптүр. Анан жаракатын тазалап, дары сүйкөп, таңып жатып, шыйрагына оролгон нерсени чечсе, ичинде падышага тешелүү кат бар экен. Катта баскынчы падыша күн жылыр менен кол салып, каратып алганга камынып жаткандыгы айтылат.

Падыша ошол замат элин жыйып, катты окутат. Усталар мылтык жасап, ок куюп, кеме курушуп, жаздын алды менен душмандардын алдын тосуп чыгууга камынышат. Ошентип күчтүү аскер топтоп, жазында келаткан душмандардын алдынан каршы тосуп чыгышып, аларды тыптыйпыл  талкалашат.

Көгүчкөндү айыктырышып, күчкө толгондо коё беришет. Бутуна кат байлашып, душмандарды толук талкалашканын, эми аердегилер эч кимге көз каранды болбой эркин жашай тургандарын жазышат.

Көгүчкөн эч жакка бурулбастан саятчыга келет. Арадан көп мезгил өтүп, кабар жок болгондуктан бардыгы кабатырланып жатышкан экен. Көгүчкөн болгон иштин бардыгын айтып берет. Саятчы элге түшүндүрөт. Бутундагы катты окушуп, иштин чоо-жайына толук түшүнүшөт. Анан эл саятчыны хандыкка шайлап алышып, эч кимге көз каранды болбой, эркин жашап калышат экен.

– Ошол көгүчкөн сенин чоң атаң бекен? – деди угуп олтурган көгүчкөндөрдүн бири.

– Бул окуя илгери-илгери бир заманда болуптур. Ал баарыбыздын чоң атабыз болсо керек, – деди жомокчу көгүчкөн.

– Сага жактыбы? – деп сурады Кук чыйырчыктан.

– Жакты, – деп Чырлыйт башын ийкеди. – Силердин чоң атаңар баатыр экен.

– Силерде да ушундайлар барбы?

– Билбейм. Уккан эмесмин, – деди Чырлыйт.

– Эне-атаңа жолукканда сурап көргүн.

– Аларды качан көрөрүмдү билбейм, – деди Чырлыйт кабагын бүркөп.

– Бизде, көгүчкөндөрдө деле ата-энесинен адашып калгандар болот, алар бат эле табышып алышат. Мен деле ошенткем.

– Силер ушул жерден адашып, кайра таап алдыңар да, мен алыстан, деңиздин, тоонун ары жагынан бороондо адашып калгам. – Чырлыйттын үнү каргылданып, көзүнүн жашы мөлтүлдөп кетти.

– Сен былтыркы үйүңдү билесиңби, эне-атаң ошерге барышты да, – деди көгүчкөндөрдүн бири.

– Аны билбейм, көк деңиздин, көп тоолордун ары жагында туулгам. Бул жакка биринчи келишим.

– Анда сенин үй-жайың жок турбайбы, – деди көгүчкөндөрдүн бири.

– Ооба, жок.

– Каерге түнөп жүрөсүң?

– Каерге туш келсем, ошерге түнөп чыгам.

– Биз менен жүр анда, бирге жашайбыз, – деди тулкусу күн нуруна алтындай чагылышып, төшү менен канаттарынын үстү ак көгүчкөн.

– Силердин үйүңөр каерде?

– Токойдун ары жагында бийик жар бар, ошерде.

– Суунун ичиндеби?

– Жок, жарда көп тешиктер бар, ошолор биздин үйүбүз. Баарыбыз ошерде жашайбыз. Азыр өзөн суу бар. Илгери чоң дайра акчу дешет.

Уяларынан чыгып, коктуну бойлой жарышкандарын, жардын бооруна, коктудагы жапайы талдарга жашынмак ойногондорун айтты. Аер бир аз күндөн кийин түркүн гүлдөргө толуп чыгат деди.

Жаңы достордун айткандары Чырлыйтка жагып калды. Анан алар чогуу бойдон айткан жерге келишти. Үйлөрү бийик, тик жардын боорунда экен. Жайнаган тешиктердин бардыгы биздин үйлөрүбүз дешти.

Чырлыйт ак көгүчкөндүн үйүнө кирди. Уянын оозу кууш көрүнгөнү менен ары жагы кенен экен. Асты мамык: чөп, саман, куштун жүнү төшөлүптүр. Анан дагы экөө-үчөө үйлөрүнө ээрчитип барышты. Бардыгынын үйлөрү жаңы доско жакты.

Жарга жакын жерде бадалдуу токой бар экен. Чырлыйт көгүчкөндөр менен кошо ошол жерге барып, дан терип жешти. Ага ошол жардан өзүнчө үй таап беришти. Аер көптөн бери бош болуп, ичинде төшөнчүсү калбаптыр. Достору астына чөп, саман, куштун жүндөрүн төшөп, мамыктап беришти. Чырлыйт ошерде жашап калды.

Жаз өтүп, жай келди. Анан аптап башталды. Күндөрдүн биринде талаа-ойду чегирткелер каптап кирди. Өсүмдүктөрдүн жашыл жалбырактарын отоп жеп, сопоюп сабактары эле калды.

Дыйкандардын  айлалары кетти. Чегирткелер эгиндин бардыгын мойсоп салса ачарчылык, жут болору белгилүү. Жер жайнаган мынча чегирткелер өсүмдүктөрдү мындай кой, туш келген кишилерди кошо жеп кетчүдөй түрү бар. Жылкылардын куйрук-жалын кыркып жиберишти. Уйлар менен кой-эчкилердин жүндөрүнө жармашты. Эл эмне кыларын билбей калды. Чегирткелер ал ансайын көбөйгөндөн көбөйүп, каптагандан каптай берди.

Күн түш оой батыш тарап карарып, көлөкө түштү. Эл дагы бир балакет келаткан экен деп чочулашты. Айрымдар акыры кыямат келген экен дешти. Көктү карап кудайга жалынышты. Чегирткелер туш келгенин отоп-бутап, алды жагы жайкалып өскөн эгинге жетип калды. Анан эле күндүн бетин жаап, батыш тараптан карарып келаткандар канаттуулар экени билинди. Канаттуулардын түрлөрү көп экен: араларында каргалар, чабалекейлер, көгүчкөндөр, кара чыйырчыктар, таранчылар... Алар чегирткелерди терип жеп кирди. Кандуу кармаш эми башталды. Чегирткелер топ-тобу менен куштарга жармашып, канаттарына доо кетиришти. Куштар улам учуп келип, улам көбөйө беришти. Чегирткелерди жеп, ооздору чапташып калганда өзөнгө барып суу ичип, тумшуктарын жууп, кайра келип, чегирткелерди тере беришти.

Бул куштарга жар боорунда уялаган көгүчкөндөр менен Чырлыйт кошулду. Бир кезде Чырлыйттын оозу чапташа түшкөндө өзөнгө барып, суудан ичип, тумшугун тазалады. Анан кайра уча берерде бир топ куштар тазаланганы сууга келип конду. Чырлыйт талпынып барып токтоп калды.

– Чырлыйт! Сенсиңби, балам?! – Канаттуулардын бири кыйкырып жиберди.

– Апа! – Чырлыйт энесин жазбай тааныды.

Экөө бири бири менен кучакташып көрүштү. Бир топ куштар таңгала карап калышты. Анан ары жактан Чырлыйттын бир туугандары келди. Буларды көрүп, Чырлыйт ыйлап жиберди. Бир туугандар кучакташып көрүшүп, сүйүнгөндөн ыйлашты.

Канаттуулар чегирткелерди тыптыйпыл жок кылышты. Дыйкандардын эгиндери аман сакталып калды. Анан куштар өзөн сууга келишип, тазаланып, топ-топ болуп, ар тарапка учуп кетишти. Бир нече чыйырчыктар, чабалекейлер, таранчылар канаттарынан жаракат алып, тигилер менен бирге уча албай, ордуларында кала беришти. Дыйкандар алардын жараттарын таңып, айыктырып, анан коё беребиз деп үйлөрүнө бакканы алып кетишти.

– Сен бул жакка кайдан келдиң? – деп сурады энеси Чырлыйттан.

Чырлыйт деңиз үстүндөгү катуу бороондо адашып кеткенин, анан бир топ куштар менен бул жакка келгенин айтып берди. Бул жерден жаңы достору бар экенин, алар менен бир туугандай мамиледе болгонун, түлкү менен жоруга аз жерден жем болбой кутулганын айтты. Ал достору болбосо, силерге мынтип жолукпайт элем деди.  Анан:

– Силердин үйүңөр кайда? – деп сурады.

– Өзүбүздүн үйүбүздө, – деди энеси.

– Алыспы?

– Тээтиги тоонун бери жагында. Жүрү, үйгө кайталы. – Энеси талпынып, учууга камынды.

– Апа, досторум менен коштошоюн, – деди Чырлыйт.

– Мен да аларга ыракмат айтышым керек, – деп бардыгы Чырлыйтты ээрчип, көгүчкөндөргө келишти.

Чырлыйт апасын, бир туугандарын тапканына досторунун бардыгы сүйүнүштү. Бизге каалаган убагыңда келип тургун, сага эшигибиз дайым ачык деп кош айтышты.

Алардын үйү тоонун этегиндеги Сары-Булак деген айылда экен. Айылдын балдары жыгачтан уя жасап, жоон бактын ачакей бутагына кадап коюшуптур. Үстү үйлөрдүн чатыры сыяктуу жабылып, ичине жаан тийбейт. Абдан ыңгайлуу жасалыптыр. Кечинде уктаардын алдында Чырлыйт эне карга менен көгүчкөн досторунан уккан жомокторду айтып берет. Жомок энеси менен бир туугандарына аябай жакты.

Күндөр өтүп, күз жакындады. Келгин куштар жылуу жактарга кайтууга камына баштады. Ага чейин Чырлыйт досторуна бир канча жолу барып, бирге ойноп, көңүл ачышты. Узак сапарга чыгар алдында Чырлыйтка эски, жаңы достору келип, кош айтышып, эмдиги жылы аман-эсен кайра жолугушалы деп бири бирине аманчылык тилешти. Келгин куштар менен эми мына учуша турган болгондо куйругу менен кулагынын түгү жок алиги чычкан досу чыйылдап келип, ал да коштошуп, жакшы тилегин билдирди. Ал эми үкүнүн балапандары түнүндө келип коштошуп кетишкен. Чырлыйт болсо, эмдиги жылы жаз менен кошо келип, достору менен бирге болорун айтты.

Сапарыңар байсалдуу болсун, келгин куштар!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз