Токтосун Самудинов: «Чаң баспасын сѳздѳрдү» XYI

  • 04.11.2022
  • 2600

ЧАПЧАК

Сооронбайдын баласы
Сонун жасайт ЧАПЧАКТЫ.
Куйган ашың айныбайт, -
Дешип, баары макташты.

Кѳѳнүм түшүп, кызыктым
Кѳрѳйүн деп ошону.
Кандай кылып ачытат
Уй кымызды, бозону…

Ырас, мындай идишке
Суу ташыбайт булактан.
Бирок, чапчак дегени –
Чака тура жыгачтан.

КѲҢКҮ

КѲҢКҮ токой дегенди,
Кѳпкѳ ойлондум түшүнбѳй.
Элестелчү ал мага
Боёктордун түсүндѳй.
Деген эле кеп тура
Баары жана бүтүндѳй.

БОЙРО

Кѳзгѳ илешпей шыпылдайт
Чебер адам колдору.
Токуп бүттү камыштан
Шалчага окшош – БОЙРОНУ.

Жылуулугун сынашка
Кызылчаны биз жаптык.
Малга берип четинен,
Бир үшүтпѳй кыштаттык.

ЫМТЫКАН

Бирѳѳ калды жоопсуз
Келген тогуз суроодон.
Демек, бир топ жакшы ѳттүк
ЫМТЫКАНДАН – сыноодон.
Чогуу жүрдүк кѳп бала
Далай жаз, күз, далай кыш.
Эми минтип туш-тушка
Сапар алып, тарайбыз.

Маңдайында мектептин
Гүл ачылар кѳктѳмдѳ.
Алыс жерден эстесек,
Жаш кылгырар кѳздѳргѳ.

КЕЛЕСИМ

Бѳбѳктѳрдү шаардык
Тилге жарды дебесин.
Чоң энемден чогултуп,
Сѳздүк түздүм мен ѳзүм.
Чачка такчу бантиктин
Кыргызчасы – КЕЛЕСИМ.

Келесими Гүлайдын
Кѳк асмандан ойгондой.
Чачтарына байласа,
Кѳк кѳпѳлѳк конгондой.

СООГА

Шамдагайлык сыналган
Сонун оюн кѳк бѳрү.
Алды белем улакты
Карагер ат четтеди.

Желдей күлүк жаныбар
Жеткирбейт деп ойлой бер.
Мүдүрүлтпѳй туягын,
Камбар-Ата, колдой кѳр!

Күйѳрмандык бул дагы
Ѳзүнчѳ бир кумар да.
Жапырыла эл дүрбүйт
Ат байгеден чыгарда.

А нарыда уланат
Тыйын эңмей, кѳз таңмай…
Жыргап, куунап күлгѳн бар
Энеси эркек тапкандай.

Баарыдан да биз үчүн
Жолдуу болду оодарыш.
Баш байге алып досубуз,
Кѳптѳн тийди СООГАБЫЗ.

АЛМАШ – ѲРКѲШ

Уламышта, тарыхта
Кыз берилсе алыска,
Ал келбестей сезчү экен,
АЛМАШ – ѲРКѲШ дешчү экен.

Ѳткѳн теңсиз заманга
Арман менен карайбыз.
Айрылыптыр эл-жерден
Далай келин, далай кыз…

САГАНА

Кѳрбѳсѳң да, уккансың
Айкѳл Манас күмбѳзүн.
Ыктымал деп ойлоймун
Башкача атын билбешиң.

Анда эмесе, кыйналып,
Сѳздүктѳрдү караба.
Үчѳѳсү бир түшүнүк:
Кабыр, күмбѳз, САГАНА.

КЕПСЕН

Оюн-күлкү жаңырат
Күздѳ кызыл кырмандан.
«Кана, мага КЕПСЕН?» - деп,
Тартуу сурайт буудайдан.
Таарынганын кѳп кѳрдүк
Ал белектен кур калган.

БОРКОК

БОРКОК тарттым бооруна
Сорпо ичерде бѳбѳгүм.
Менин минткен себебим –
Булгабасын дегеним.

Баштагыдай кыйнабайт
Ичкен ашы тѳгүлүп.
Тыкан, таза жүргѳнгѳ
Ал да барат кѳнүгүп.

ДЫРДАН

Сакал, мурут ѳскүчѳ,
Билип алгын аны:
ДЫРДАН деген эскиче,
Устаранын кабы.

Уккан бирѳѳ таңгалар,
Мүмкүн, күлѳр шылдыңдап.
Барктаганга буюмду,
Устарадан – бул кымбат.

КЕРИК

Учтуу, сыңар мүйүзү
Тумшугунда чочоёт.
Таңыркашат турган эл
Тор жанында котолоп.
Кыргыз аны – КЕРИК дейт,
Орусчасы – носорог.

Булар жашайт бир гана
Африка тарапта, -
Деп, жандыктар тууралуу
Кесе сүйлѳп, талашпа!
Керик менен акыра
Кѳп айтылат «Манаста».

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз