«Эсимде» – адеп-аклак ориентациясы

  • 20.11.2022
  • 3071

1-макала

Эсинде эч нерсе калбаган адам эс-акылдан ажыраган коомубузга көп нерсени эске салат. Баарыбызды эсибизге келтирер Зарлык (Актан Арым Кубат) – башкы каармандын оозунан бир да ооз кеп укпайбыз. Фильмдин башынан-аягына чейин үн деле катпайт. Бүгүнкү коомубузга күндө какшап, күндө айтып, жазып жүргөн аракеттерибизден да таасирдүү ыкым – аталган фильмдин өзөгүндө камтылат. “Эсимде” аттуу фильм ошонусу менен кайталангыс, ошонусу менен байсалдуу искусствонун мөөрү.

Эч бир үн катпаган каарман аркылуу жалпы адамзаттык трагедиябызды туябыз. “Чү” дегендеги метафора – дүпүйгөн дарактардын туш-тушка жайылып, арбайып-тарбайган көрүнүшү. Көрсө, ал тарбайган тамырлар көк тиреген дарактардын эле тамыры эмес экенин кино тасманын жүрүшүнөн улам жүрөгүбүз туюп баштайт. Көрсө, эң башында көпүрөдөн бериге карай өткөн ата-баланын тагдырында эмес экен чоң трагедия. Көрсө, биз жашаган коом адемгерчиликтин тамырынан, адеп-аклак, нарк-насилдин тамырынан ажырап калганын туюнтууга багытталыптыр көркөм тасма!

23 жыл бою бөлөк эл, бөтөн жерге тентип кеткени аз келгенсип, эс-акылынан ажырап калган башкы каарман Зарлыкты жалгыз уулу Кубат (Мирлан Абдыкалыков) аны араңдан-зорго таап келип, өз короосун аттатат. Атасы шордуу өз үй-жайына кайтып келгенине кубанбайт дагы, кайгырбайт. Тоголок жер шарынын кайсы бурчу болбосун, ага баары бир. Өз үй, өлөң төшөгүмө келдим деген кубаныч жок анда. Алдынан чыккан небереси, колуктусуна (Элнура Осмоналиева) тааныштырат Кубат. Бирок эч кандай эмоциясы ойгонбогон каарман босогодон көрүнгөн итке гана көңүл буруп, итке улам-улам кылчактап көз кадаганы. Мына кызык!

Режиссёрдун айбан тукумун көркөм объектиге айлантуу ыкмасын эмнеге тандаганын чечмелөөгө аракет кылып көрөлү эми.

Итке көңүл бурганчалык эмнеге ал өз небересине көңул бурбады? Эмнеге үй-жайы, короо-ташына көңүл бурбады? Анын көзүнө адамдар эмес, эмнеге айбан баласы жылуу учурады экен? Мына, тасмадагы дүмөктүү маселе, түмөн түйшүктүү кабат-кабат суроо жаратчу көркөм туюнтма ушул жерде жаткансыйт. Аныгында, адам тукуму эбак эс-акылдан ажыраган макулук экени даанышмандарды гана ойлонтуп келгени болбосо, пенде баласы аны таназарынан эчак чыгарып койгон. Жогоруда метафора аркылуу туюнтулган адамгерчилик, адеп-аклак, нарк-насилдин тамырын кеп кылганыбыз ошол. Кыйылып, куурап, соолуп калган ал тамыр!

Бу адам аткырдын дүйнөсү нечен кылымдар мурда эле улуу тамырынан ажырап, адам сыягынан айрылып, жер үстүндө басып жүргөн макулуктардын эң жырткычына айланганынан ишарат туюнткансыйт бул штрих. Кудай жараткан бул ааламда жан-жаныбарлар гана эсин жоготкон жок. Айбандар тукуму жаратылыш менен болгон гармониясын жоготпой келет. А адам тукумучу? Жер үстүндө кыяматтын баарын айбандар эмес, адамзаты жаратты. Адамзат булгады жер үстүн. Жер шарында табият менен эриш-аркак гармонияда жашоого адамдар гана үйрөнбөйт экен. Айбандарчы? Айбандар табияттын эч кандай заң-закүнүн бузган эмес, бузбайт дагы. Ал эми адам баласычы? Адам баласы жаратылыштын заң-закүнүн тургай, өзү жазган закүндү сыйлайбы? Жок! Жаратылыш мыйзамын да, өзү жазган мыйзамын да тебелеп-тепсеген коркунучтуу макулук ал. Жырткыч!

Тасмадагы башкы каарман – Зарлык өз үйүнүн босогосун 23 жылдан кийин аттаса да, анын адамдарга болгон назары өчкөн. Анын көзүнө босогодогу ит гана жылуу учурабаса, өз баласына же небересине эбедейи эзилип балкып кетпегени – анын биротоло маңкуртка айланып калганын туюнтпайт. Тескерисинче, адам баласынын жалпы маңкуртчулугун туюнткан бүтүндөй символдук, метафоралык туюнтма бул. Айбандар адамдан бийик касиетке ээ деген ишаратты кыйытма мааниде жеткирүү ыкмасы дээр элем муну.

Зарлыктын аман-эсен үйүнө кайтып келгенин уккан жоро-жолдош, айылдаштары келип баштайт. Алар мурда Зарлыкты өлдү деп угуп, куран да окутуп коюшкан болот. Бирок аман-эсен кайтып келген башкы каармандын тирүү деген эле аты болбосо, анын муз көңүлүн эритер эч ким жоктой… Үйгө келип-кеткен адамдардын бирине да итке көңүл бургандагыдай көңүл бурбастан, нес болуп каткан тейинен жазбайт. Жалдырап тиктегени эле болбосо, жандуу адамдай эмес. Бир кездеги өмүрлүк жубайы – Умсунайдын (Таалайкан Абазова) альбомдогу сүрөтү деле көңүлүн жылт эттирбейт.

Кылган-эткени – эртеден кечке таштанды жыйнамай. Зарлык үчүн айлана-чөйрөсүндөгү адамдар маанилүү объект эмес, анын маанилүү объектиси – көзү көргөн таштандыларды жыйноо. Коом маани бербеген ыпыр-сыпыр таштандыларды жыйнаган атасы келин-уулун да жадатып баштайт. Зарлык үй-жайсыз селсаяктан бетер күнүгө көзүнө чалдыккан таштанды жаткан жерлерге тентип кеткени келин-уулун катуу намыстантат. “Эл эмне дейт” – куру намысынан чыга алышпайт алар. Уулу Кубаттын арман-муңу күчөйт. Анын даа кейиштүү өкүтү – апасы Умсунай өздөрүнүн айылдашы Жайчы (Назым Мендебаиров) аттуу адам сыягынан ажыраган бирөөнө турмушка чыгып кеткени.

Кенедей айылдын күбүр-шыбыр кеби көркөм тасманын кулминациясын улам чыңай берет. Умсунай кургур эки оттун ортосунда куйкаланган тагдырга тушукканычы: же мурунку эринин үйүнө кайтып келалбай, же кийинки эринен багы ачылбаган кейиштүү тагдырына чайналганы көрүүчүлөрдүн зээнин кейиткен планга чыгат. Качан болсо кабагынан кар жаап, көр дүйнөсүнө гана чиренген эри аны эбак эле капкара хиджапка жамынтып, үйүнөн чыккыс тартипке көндүрүп койгон болот. Жайчы экөөнүн ортосунда эрди-катындай эриш-аркак жашоонун жышааны да туюлбайт.

Жайчынын мүнөзү Умсунайга эле эмес, айыл-апанын тургундарына да өтө катуу, өтө мерез. Кааласа, кимдин болбосун жеке мүлкүн тартып алуу колунан келет. Өз ишениминде динге табынгансыганы менен, ал жеткен зулум, кызыл камчы, акчанын күчүнө гана таянган куру чирен. Анын ошол кулк-мүнөзү аркылуу да диний чөйрөнүн эки жүздүү бетпардасы акырындап сыйрыла берерин көрөбүз. Айылдык мечиттин имамы ал үчүн “пулуң болсо – кулуңмун” кызматына даяр таксырлардын бири экенин туябыз.

Мечитке келип-кетип жүргөн даватчылар бир күнү Зарлыкты кошо ээрчитип бараткандагы көрүнүштөн улам, биз жашаган коомдогу диний ишенимдердин тайыздыгы мыйыгыңдан жылмайтат. Диний жамааттар сапарлашын ылгабастан, алар үчүн киши карааны көп болгону гана маанилүүдөй. Алар үчүн Зарлыкка окшогондорго жин-шайтан кирип кеткендир? Мүмкүн. Болбосо дин жайылтуу далалаты менен жүргөн даватчыларга тургай, үстүнөн үйрүлүп түшкөн өз үй-бүлөсү оозунан бир ооз кеп чыгара албаган Зарлык аларга адам карааны үчүн эле керекпи?.. Айтор, бул эпизод, жамаат куруп ээрчишкен таксырлар үчүн диндин максаты эмне деген суроону жаратат. Себеби, Зарлык кайда болсо жетеленип кете берме бир бечара. Ага илим-билим жугузууга мүмкүн дешке болбойт… 

Ошентсе да жалпы адамзат булгаган жер үстүндө Зарлыктын пайдасы чоң. Ал күнүгө таштанды терип, айлана-чөйрөнүн тазалыгы үчүн жаны тынбаган пенде. Айылдын ичи-тышы көрпай-шорпай таштандыга толуп жатканына баары көнүп калгандай. Айлана-чөйрөнүн тазалыгы молдокелерди да, жалпы айыл тургундарын да ойлонтпойт. Үймөк-үймөк таштандысы толтура жашоо баарынын көндүм турмушуна айланган эбак. Аларга таштандылардын тоодой үймөгү эмес, таштанды терген Зарлыктын жоругу өөн көрүнөт. Шыбыр-күбүр ушактарын айтып, баары Зарлыкка баш чайкагандар.

Туш-тарабында таштанды көрсө буту үзүлгөнчө терип-жыйнап жүрө берген Зарлыкка небереси да кошулат кийин. Күндөрдүн биринде уулу Кубат да аны туура түшүнө баштайт. Атасынын селсаяктай кейпинен намыстанганын коёт. Ал эмес кайнатасынын жоругун кыртышы сүйбөй жүргөн келиничи?.. Зарлыктын кылган-эткени анчалык деле адам уяла турган жосун эместигин келин-уулу, небереси тез эле туят.

Тасманы тиктеп отурган адамдын ушул жерден ою кылт этип ойгоно баштайт. Атүгүл уяты ойгонот. Чын эле биз жашаган ыплас коомдун таштандысын Зарлыкка окшоп тазалаган киши барбы?! Баарыбыз эле какшанып-тилдеп айланабызга наалып, айланабызды тилдейбиз. А эмнеге Зарлыкка окшоп ар кимибиз өз колубуздан келген ишти жасоого мойнубуз жар бербейт? Кино тасма ушул жерден Кудайга жагар пенде бизби же Зарлыкпы деген ойго түртөт. Ал эмес Зарлык менен бирге көзгө чалдыккан таштандыны калтырбай тергенди намыс көрбөгөн сезимибизди ойготот.

Көркөм тасманын башкы кейипкери адеп-аклак ориентациябызга ошонусу менен таасирин күчөтүп баштайт.

О`Шакир

Уландысы>>>>

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз