Адам дегениң кул мүнөз келет, эркин болуу кыйын, а кулдук урмай жеңил

  • 02.12.2022
  • 3024

"Башкалар сенин колуңан эмне келерин билип, сенден канчалык көп нерсени күтсө, сенин эркиндигиң ошончолук чектелет." — Карлос Кастанеда, америкалык жазуучу, антрополог, этнограф.

«Башка бирөөнүн эркиндигин каалабаган киши эркиндиктин балекетин алсын. Эгерде зулумдук жаралса, андай адам эркиндикке зар болуп какшаган өлкөгө чыгып кеткенин туура көрөм, маселен, Орусияга. Анткени ал жакта эки жүздүү деспотизм кадыресе көрүнүш». — Авраам Линкольн, АКШнын 16-президенти.

«Кой менен карышкыр «эркиндик» дегенди эки башка түшүнөт. Адамзат коомунда өкүм сүргөн бөлүнүүчүлүктүн маңызы дал ушунда». — Авраам Линкольн.

“Орусиялык гейлерге кайрат тилейм, себеби силердин бийлик таш доорундагы ыкмалар менен иш жүргүзөт. Газ-балон колдонуп, уруп-соккуга алмай – Матушка-Россияда көнүмүш адат.” – Леди Гага, америкалык ырчы, продюсер, филантроп (Чыныгы аты-жөнү – Стефани Жоанн Анжелина.

«Адамзат коомуна интеллектуалдык эркиндик өтө зарыл. Маалымат алуу, жайылтуу менен бирге ачык-айкын, авторитет алдында жалтактабай, коркпой-үркпөй талкуулаган эркиндик керек». — Андрей Дмитриевич Сахаров, орус окумуштуусу, академик.

«Эркиндикке ээ болгонуң – бул чыныгы куткаруучуң: коркуудан, азап-шордон, кемчилик жана майнапсыздыктан – демек, сен каалаган, сага керектүү, өзүңө чап жабышкандын барынан эркин болуу. Бул сага таңууланып келген психологиялык терс ой жүгүртүүдөн, баарынан мурда, өткөн чак менен келер чактан берки эркиндик». – Экхарт Толле, немис жазуучусу.

«Өткөн тарыхыбызды билүү менен бирге келечекке ишенимдүү багыт алабыз. Маданият — эркиндик үчүн күрөштө алмаштыргыс курал. Биз аны өздөштүрүп, өткөндөн келечекти түзүүбүз керек». — Малкольм Икс, америкалык укук коргоочу.  

«Эч ким сага «ме» деп эле эркиндикти бере салбайт. Сага теңдик, адилеттик же башкасын эч ким бербейт. Тирүү жансыңбы, ага өзүң жет». — Малкольм Икс.

"Кимде ким ач кулактан, тынч кулак деп шымаланып, эркиндикти убактылуу курмандыкка чалса, андайлар эркиндикке да, коопсуздукка да татыксыз." — Бенджамин Франклин, америкалык саясатчы, дипломат.

«Эркиндик» деген түшүнүктөй ушунчалык ар түрдүү, ушунчалык аң-сезимде башкача таасирлерди жараткан бир да сөздү таппайсың». — Шарль Луи Монтескье, француз жазуучусу, философ.

«Америка Кошмо Штаттары Жаңы Дүйнөгө таажы кийгизгендей, биз Эски Дүйнөгө таажы болор улуу Европа Кошмо Штаттарын түзүүгө жетебиз. Жеткенде да жеңип чыгуунун рух-айбаты ачылыштардын рух-айбатына айлануусун камсыз кылабыз. Императорлордун каардуу тилектештиги элдердин кең пейил боордоштугу менен алмашуусуна жетишебиз; чегарасыз мекен, уурдалбас казына, бажысыз соода, бөгөтсүз кыймыл, дөөрүксүз билим, казармасыз жаштар, согушсуз эрдик, өлүмсүз адилеттик, канына забынсыз жашоо, жолборссуз токой, кылычсыз соко, калпсыз сөз, моюнтуруксуз абийир, таңууланбас чындык, дин кызматчысыз кудай таануу, тозоксуз асман, жек көрүүсүз сүйүүгө жетебиз. Цивилизациянын жийиркеничтүү кишендери үзүлүп, эки деңизди бөлүп турган Адамзат менен Бакыттын коркунучтуу жолдору кыйылат. Дүйнө жүзүнө жарык нур чачырайт. Мунун баары эмне деген жарык? Албетте, Эркиндик. А эмне деген эркиндик? Албетте, Дүйнөлүк тынчтык». — Виктор Гюго, француз жазуучусу.

«Дүйнөдө бир дагы цивилизациялуу мамлекет цензураны пайдубал кылбасын. Эгер мамлекет эркиндикке зыян келтирсе, карапайым жумушчунун жаагын жап кылам десе, ал мамлекет эмес, кулдардын гана талаасы. А кокус Кудай сактасын, талаада бир эле кул өлө-тала чарчадым деп кыйкырчу болсо, бүттү. Аны башка кулдар да чурулдап колдойт, баары кандай тозокто жашап жатышканын ошол замат аңдап, көтөрүлүш кылат да, кул ээси дарга асылып, жаңы режим ойгонот».— Алексей Шевцов, украин блогери.

«Дайыма какшайм: макул, мени сахнадан куугула, анда китеп жазам. Китепке тыюу салсаңар, сүрөт тартам, аны да тыйсаңар, башканы ойлоп табам. Баары бир ички эркиндигим менен каалагандай жашайм дегениме жогорку жактагылар чыдап келишти».— Алла Борисовна Пугачёва, орусиялык ырчы, композитор, режиссёр.

"Эч качан бийликтеги адам эркиндикке коркунуч жаратуусуна жол бербегиле." — Жон Куинси Адам, АКШнын 6-президенти.

«Эзүүчү эч качан өз ыктыяры менен эркиндик бербейт, эркиндикти эзилгендер талап кылышы керек». — Мартин Лютер Кинг, америкалык коомдук ишмер.

«Өзүбүзгө карайлычы эй. Баары теңирден тескери. Дарыгерлер саламаттыкты, юристтер адилеттүүлүктү, университеттер билимди, бийликтегилер эркиндикти, журналисттер маалыматты, динчилдер рухубузду талкалашты. Биз аңтарылган дүйнөдө жашап калдык! Эмнеге баары чаташты?! Эмнеге миллиарддаган адамдар жолунан адашып, өзүнүн ким экенин, кайда экенине түшүнбөй, жашоо маңызын аңдашпайт? Дүйнө башаламан түйдөктөшүп, чаташыл калган сыяктуу. Бирок ал баарыбыздын башыбызды бириктирген бирөө-жарым жок үчүн ошондой." — Дэвид Айк, англис конспирологу.

«Агер адам колдо болгонуна шүгүр деп, кошунасынын короосуна көз артпаса, ал ар дайым жаны тынч, эркиндикте жашамак». — Жан де Лабрюйер, француз моралисти.

"Эркиндик менен чалчаңкелик бири-бирине таптакыр карама-каршы түшүнүктөр." — Марк Фабий Квинтилиан, байыркы римдик оратор.

"Адамдар ортосундагы келишкис карама-каршылыктар ар кимдин эркиндик жөнүндө түшүнүгүнө байланыштуу." — Карл Теодор Ясперс, немис философу, психолог.

«Коомдук эркиндиктен ажыратылган эл өз үнүн, өз ыйын, датын жеткире алчу жападан жалгыз бийик трибунасы – адабият”. — Александр Герцен, орус жазуучусу, публицист, философ.

«Адам дегениң кул мүнөз келет, эркин болуу кыйын, а кулдук урмай жеңил». — Николай Александрович Бердяев, орус философу.

“Искусство – жеңил ойлуулук менен пропаганданын ортосундагы тең салмактуу туңгуюк. Туу чокуда алдыга кадам шилтеп бараткан чоң сүрөтчүнүн ар бир кадамы – опурталдуу, чоң тобокелчилик. Искусство эркиндиги ошол чоң тобокелчиликтин гана өзүндө жатат”. —  Альбер Камю, француз жазуучусу.

"Чыгармачылык – эркиндиктин аркасынан жоктон барды жаратуу.” —  Николай Александрович Бердяев, орус философу.

Кыргызчалаган О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз