Украинанын улуу залкарына суктанган орустун орошон акыны

  • 05.12.2022
  • 2092

Украина адабиятынын корифейи, улуу акын Тарас Шевченконун чыгармачылыгы жөнүндө орус акыны жана котормочу Борис Пастернактын урмат-сыйы.

«Мен котормочу катары Тарас Шевченко тууралуу бир нече сөз айткым бар. Маанилүүлүгүнө келсек, дароо мага болгон таасирин, натыйжасын айтайын: Шевченко мен үчүн Шекспир менен Верленден калышпайт. Мына, эки залкар күч менен кандай гана тирешип тургун чагым. Пушкиндин жолун жолдоочу, аны менен үзөңгүлөш орус замандаштарына келсем, алардын ичинен Пушкиндин стихиялуу өнүгүүсүн, курчтугун, өз табиятындай ыр саптарындагы баяндоочулукту мынчалык күтүүсүз эркиндикте эч кимиси өздөштүрө албаптыр.

Төрт түрмөктүү өрүштөлгөн өзөктүү нук Шевченконун негизги обондорунун бири. Баары Пушкиндин өзүндөгүдөй табигый, кайталангыс десең. Шевченконун мен үчүн кымбат да, сейрек да кездешүүчү дагы бир өзгөчөлүгү: аны азыркы орус поэзиясынан айырмалап, Владимир Соловьев менен Блоктун тушундагы анын кийинки көрүнүштөргө жакындыгы. Шевченкодогу Инжил мурастарынын тереңдиги, аны Рембрандттын драмалык кеңдиги менен колдоно билгени, Тициан же дагы бир эски италиялык сөз чеберлерин көз алдыңа тартат.

Христос менен Мариямдын жашоо жагдайлары салт боюнча сакталып калгандыктан, бул улуу европалык акындын күнүмдүк жана чыгармачылык тажрыйбасынын бучкагы болуп саналат. Бул өзгөчөлүк – өзүнүн эң мыкты чыгармасы «Кобзардагы» «Мария» поэмасында чып чыргасы калбай чагылдырылган. Аны мен бир кезде кумарланып которгон элем, арийне, Шевченконун ошол эле улуу боштондукка үндөгөн рух-айбаты көрүнүп турбаган бир да сабы жок десең. <…“

Которгон Кемел ТУРАТ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз