Самат Уранкай: Биздин орун

  • 18.12.2022
  • 2769

АҢГЕМЕ

Ыргылжың болуп турду, бирок келиши шарт болчу. Айдайы экөө бир аптадан бери сүйлөшпөй жүрөт. Акыркы күндөрү уруштун эмнеден башталганын деле түшүнбөйт. Экөө болор-болбос нерседен эле чыртылдашып кетчү болду. Анан ошол болор-болбос нерсе ушинтип чоң, оркойгон нерсеге айланып, араларын суутуп баратат. Мамилелери өзгөрдү. Бирок эмне өзгөрдү, түшүнбөйт. Түшүнөйүн деп “экөөнүн ордуна” келгени ошондон.

Айдайдын ишканасынын маңдайындагы бакчада кырка орнотулган орундуктардын бирин өздүк кылып алышкан. «Биздин ордубуз, өзүбүздүн орун» дейт экөө ал жайды. Күндөн, жаандан калкалоосу жок, үч тактай. Үч тактайлуу көк орундук. Кыз-жигит боло баштаган күндөн тартып, көп ирет ушул орундукта Бекзат Айдайды күтүп отурду. Отурган кишиге имараттын каалгасы дааны көрүнүп, дүкүйө өскөн дарактар, алардын ийилген бутактары да каалганы далдалай албайт. Андан чыгып келаткан кишини айра таанууга болот. «Өзүбүздүн жайдын» өзгөчөлүгү ошол. Жакындай келген Бекзат “Ырас бош тура” деп, колу менен таардын бетине чачылган буудайды сыдыргансып, тактайдагы ирээтсиз мөлтүр тамчыларды сыдырды да, жүз аарчысы менен кургактап, көчүк басты. Көптөн бери келе элек экен. Бирок айланада эч нерсе өзгөрбөгөндөй.

Мына, сейилдеп жүргөндөр... Коляска түрткөн келин... Тигине, төрт кошкондогу кезек менен жанган, бирок көп адамдар үчүн “керексизи” жанган жол чырак. Жол чыраксыз жоолошчудай, жөөлөшчүдөй авто-унаалар... Таштандысы ташкан темир куту. Жетелешип жүргөндөр... Жетелешип жүргөндөрдүн алдын торой чыгып гүл саткан өспүрүм...

Тестиер бала буларга да гүл саткысы келбеди беле. Айдайына арзуусу эми башталган, аяр мамилелүү күндөрдүн бири эле анда. Кокус кополдук кылып алса, периштеси көккө көтөрүлө уча каччудай, көздөрү чагылыша түшсө, жүрөгү дүкүлдөгөн күндөр.

– Байке, гүл алыңыз!

– Гүл?

– Ооба, тармал чачтуу сулуу эжеге момундай кыпкызыл гүл алып бербейсизби? Караңызчы, көйнөгүнүн өңүндөй гүл. Мындай жылдыздуу эженин кучагына гүл сопсонун жарашат.

– Жок, кереги жок! – деген Бекзат бир чети тартынып, бир чети Айдайынын сулуулугун, анын тармал чачын өзү айта электе мобу шыпылдаган чийдей баланын оңой эле айта салганына ардана да, намыстана да.

Бекзат саатын карады. Айдайдын жумуш убактысы бүткөнүнө беш мүнөт болуптур. Бирин-экин кесиптештери тиги каалгадан чыга баштады. Булар шашкандар. Алтыны күтүп тургандар... Айдай бир аздан кийин чыгат деди ичинен. Булардын артынан чыгат. Эмнеге телефон чалсам албайт, каттарга жооп бербейт? Кечээтен бери жүз жолу чалып, жүз кат жаздым. Жообу жок. Менден көңүлү калганбы? Же башка бирөөнү таап алганбы? Жанагы кыргызчаны акцент менен сүйлөп, өзүн шаардык сезген Айдайды айланчыктай берген Тима деген кеситешинен шектенди... Жасап сүйлөп, жагынгысы келе берген немедей көрүндү эле ошонусу. Кыжыры келди. Тапса таап алсын деди. Тапса таап алсын. Азыр чекит коём. Кыйын болсо көзүмө тике карап айтсын. Айта албаса мен айтам. Болду дейм. Чогуу болгон күндөрүңө ыракмат деп басып кетем. Кетпегенде эмне жалдырамак белем? Бүгүнкү күнгө өзгөчө белек болот...

Ооздуксуз ойлору чачырап, беймаза отурган Бекзат Айдайынын чыгып келатканын көрө ордунан турду. Карааны көрүнгөн менен кабагы байкалбайт. Орундуктар катар жайгашкан аллея менен Айдайы дайым өтүүчү жолдун кесилишин утурлай баратып, Бекзат баскылыктын чеке белинде жаткан жалбырактарды буту менен шилеп, “Жалбырактар өзгөрүптүр. Жашылы оңуптур” деди өзүнө угуза. Тигине, Айдай жакындап келатат. Мени көрдү. Азыр жылмаят. Жылмайса ууртун көрөм. Ууртун сагындым. Бекзат кесилишке жеткенде, Айдай сол тарабындагы чоң жолдун аркы өйүзүнө өтүп бараткан эле. Жол чырактын жашылын күтпөй жүгүрө өтүп бараткан. Жанатан шерденип, басса, басып кетем деп аткан Бекзат эми чындап сүйүүсүн жоготконсуп, шалдырай түштү. Басып кетмек кайда?

Артынан акмалап, Айдайы кайда барып, ким менен жолугарын өз көзү менен көргүсү келди. Мындайда чоң жолдо авто-унаалар кымгуут болуп, арты артынан тынбайт. Кычаган жол чырактын кызылы! Кымгуут элдин арасында Айдайдын түстүү көйнөгү кылактап бир көрүнүп, бир көрүнбөй барат. Жасанып, гулдүү көйнөк, кызыл туфли кийип алганын кара. Чачын да атайлап жасатыптыр... Делбиреп чуркап баратпайбы, бар да бирөөсү...

Карааны көрүнбөй калды Айдайдын. Өйүздөгү кырка дүкөндөрдүн кайсы бирине киргенин, же аркы кайрылыштан бурулуп кеткенин көрбөй калды. Ичинен “Издебейм. Барбайм артынан” дегени менен көздөрү издеп атты. Жумушунан эмес, сырттан бирөөнү тапкан экен деп ойлоду ызырына. Тима эмес башка, башканы тааптыр... Макул болсоң, эртең сага үйлөнөм деп Айдайга жылмаңдаган бирөө сөз айттырып жүргөнүн эстеди. Ошол болсо керек. Ким экенин, каерде экенин тактап койбоптур, азыр жүгүрүп жетип, кокосун жулуп салмак. Ким экенин, каерде экенин айтпай койгон да Айдай. Мага сенден башка эч ким керек эмес, тигиге да ушинтип жооп бердим, кыжалат болбо деген... Ушинтип койсо эле ишенип калган өзү акмак да! Оо, келесоо деди өзүнө өзү... Оо келесоо! Жанатан бери канча ирет жашыл жанса да, жолдун аркы бетине өтө албай сенейип турду.

– Балам! – деди катарлаш тура калган кемпир Бекзатка карай.

– Оу, апа! Жакшысызбы?

– Жакшы, балам! Мобу жаман тилипонумду каратып алайып дедим эле. Тигилердин кайсынысы жардам берер экен? Тээтиги сары жазуусу бар неме оңдоочу жайбы? – кемпир колундагы айнегинде жаракасы бар, жаракадан кирген чаңы бозоруп, баскычтарынын тамгасы таанылбаган эски телефонун көрсөттү.

– Аа, жо-ок. Сары жазуу “Торт” деп турат, беркилери майда-барат кийим-кече, азык-түлүк саткан дүкөндөр. Бу тегеректе оңдоочу жай жок болуш керек, - деди Бекзат катар тизилген, түркүн жасалгалуу күркөлөрдүн жазууларына көз чаптырып.

– Өйүзгө өтпөй эле коюңуз. Адашасыз. Анын үстүнө муну эч ким оңдобой деле калды азыр. Тетиктери табылбайт да. Жаңырагын албасаңыз... Бирөөгө чалыш керек болсо өзүмдүн телефонум менен байланышып берейин, – деп кошумчалады.

– Жаңысы бар, балам. Бул оңолбойт. Ичинде бир видео бар эле. Ошону момундан көрө ала тургудай кылдырып алсамбы деп темселеп келгендегим, – кемпир шырыма жалаңкат чепкенинин ички ыптасынан, өзү көктөп алган, өңдөшпөгөн чөнтөгүнөн жаңы үлгүдөгү смартфон сууруп чыкты.

– Ушуга салса болобу видеону? – үмүттүү карады.

– Оо, апа, мунуңуз менин телефонумдан да жакшы турбайбы. Болот да. Болбой анан, – Бекзат жылмайды. – Келиңиз, аны мен эле салып берем. Блютууз менен көчүрүп берем. Жүрүңүз, тигиндей туралы.

Эмеле эч кимге керексиздей бозоруп турган кургур эми кемпирдин керегине жараганына маанайы жаркый түштү.

– Ошентсең, айланайын... Алдыңа Кудай... – жалбарган кемпир телефондорду эски-жаңысын Бекзатка коштой сунуп, артынан жөнөдү. Өзү байкабай эле кемпирди “экөөнүн ордуна” Бекзат баштап барып, эски телефонго үңүлүп, улам бир папканы аңтарып, “жок издеп” отурду. Чепкенин этегинен жарым карыш чыккан кызыл саймалуу белдемчиси жер шыпырган, бир байлам гүлдүү ак жоолукчан кемпир балдары алыста экенин, “биз менен сүйлөшүп туруңуз” деп жаңы телефон алып беришкенин, анысын колдонбой дагы эле эски телефонун алып жүрөрүн божурап атты.

– Таппай атам, апа. Өчүрүп салган эмессизби?

– Жок, айланайын. Өчүрбөй калайын. Кечээ эле бар болчу. Карачы жакшылап. Көз айнегимди унутканымды кара, – кейип алды кемпир. – Карыганда Кудай көздөн алганын. Бирок кулагым жакшы. Жакшы угам.

– Билбейм, апа, бир эле 12 секунддук кыска видео бар экен. Башка эч нерсе жок. Майкачан кишинин видеосу.

– Ии ошол, садагаң болоюн. Ошол майкечен кишинин видеосун издеп атпайбызбы. Кыска эле бекен? Ошондой кыска эле болчу. Алдыңа кетейин бала болгон, баятан бери ошону издеп атпадыкпы, – кубанган кемпирдин жүзү жаркырай түштү.

– Апа, муну эбак эле көргөм да. Мен той-топурда, 60–70 жылдык юбилейде тартылган же кооздолгон шаан-шөкөттүү видео издеп атпаймбы. Неберелериңиздин видеосун... Бул тез эле көчөт. Даана ушул ээ? – Бекзат көчүрүүгө камдана видеону дагы көрдү. Кийиз малакай кийген, өзү майкечен киши картөшкө аарчып отурат. Видеого тартып атканды бир карап алып, колундагыларын таштай туруп кетти. Оператор аны артынан 2–3 кадам ээрчий тартып бараткан жеринен бүтөт экен. Бекзат дагы бир ирет көрдү. Жанагыдан башка эч нерсе жок. Үстөл. Үстөл үстүндө көгүш желим идиште аарчылган 2–3 тоголок картөшкө. Гезит бетинде аарчылган кабыгы. Дубалда илинген сүрөт же күзгү деле көрүнбөйт.

– Ооба, айланып кетейин. Андан бөлөк эч нерсе деле жок. Муну мен тарткам, – кемпир мээримдүү жылмайды. – Абышкамдын акыркы элеси ушул. Ушундан көп өтпөй ооруп-сыркабай эле көзү өтүп кетпедиби кургурум! – Кемпир улутунду. Анын жүзүндөгү жылмайуусун “кургурум” деген сөзү муңга, сагынычка, кусага тогоштургансыды.

“Мына, атаңар моминтип мага жардам берип атат. Көрдүңөрбү! Менин абышкам мыкты бекен?” – деген кыска видео кемпирдин колундагы жаңы смартфондон улам-улам кайталанып атты. Антсе, абышкасы эмне болуп атканын түшүнө бербей операторду саамга үнсүз тиктеп калат. Анан оператор “Балдар келгенде көрсөтөм да” дейт. “Йек, атаңдын оозу... Ме, мунуңду өзүң аарчы. Эмне эле кылып атат десе. Тартпа!” – деп оңураңдай колундагысын таштай салып тура качат. Оператор каткырып артынан ээрчийт. Боору эзиле каткыра ээрчийт. “Мына, атаңар...” – деп кайра башталат.

Видеодогу мурдагы кемпир бактылуу каткырганы менен, Бекзаттын жанындагы кемпир каткыра албай, каткырмак түгүл жылмая да албай: “Олдо ороңдогон шордуум ай, кантип аттың экен?” – жоолугунун бир байламы менен экран бетин аяр сүрткүлөп, көзүн жашылдантып отурду.

– Ырас кылбадыңбы балакетиң алайын. Абышкам жок кезде ар кайсы жерде калчу эле. Эми жаныман чыгарбай калайын. Чоң, анан тунук көрсөтөт тура. Көз айнеги жок деле колдоно берчүдөймүн. Балдарыма деле көрсөтпөйм. Өзүм эле көрөм, өзүм эле... – кемпир күбүрөнүп атты. Анан Бекзатка кайрылып: – Ыракмат, балам! Өркөнүң өссүн! Абышкам экөөбүз элүү жылдай чогуу жашадык. Адам өлбөчүдөй көрүнө берет экен, анан бир күнү ушинтип жок болуп калат экен. Жоготкондон кийин билинет тура адам кадыры...

Бекзат Айдайдын жасанып алып башка бирөө менен жолукканы кеткенин эстеди. Башын бийик көтөрүп, өз бактысына чечкиндүү кадам таштап кетип калбадыбы. Тфу! Кайдагы бакыт? Шпанадай неме менен бактылуу болот имиш... Мени жоготкондо билесиң го кадырымды деди тиштенип. Мени жоготкондо, билесиң! Бармагыңды тиштейсиң, ошондо кеч болот! Тура калып Айдай кеткен тарапка чуркап жөнөгүсү келди. Жанагы жылмаңдаган немени издеп таап, жаагын талкалап...

– Туулган күнүң менен, Беку!

Кемпирдин жанында кемпирден бетер телмирип отурган Бекзат, бир колуна торт, бир колуна көк куту кармаган Айдайын көрдү. Кабагын, көзүн, жылмайганын, жылмайгандагы ууртун көрдү...

– Сюрпри-и-из! – деди Айдай жадырап.

Чийдей шыпылдаган бала гүлдөрүн көтөрүп алар тарапты карай келатты.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз