Бийиктен кулаган катуу тиет, бийликтен кулаган кара киет

  • 21.12.2022
  • 2679

Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүркановдун “Байдыкем жөнүндө дил баян” китебинен.

*     *     *

Кыргыз кыраанына кылтак салбай, чыгаанына тузак тартпай жашаганга көнсө кана...

*     *     *

Сарайи: Паашанын абройу жок болсо, жанындагылар анын сакалы менен ойнойт.

*     *     *

Улут намысын туу тутпаган уул адамзатты сүйүп жыргатпайт.

*     *     *

Өз курсагы үчүн өз тарыхын танып, бийлиги үчүн тилин жериген кыргыздын көзү сокур, көкүрөгү туюк.

*     *     *

Акында таланттан тыш баатырдын жалтанбаган жүрөгү да болушу керек. Антпесе ал эл барда чолчойгон чоңду жалтак караган, эл жокто бутун өөп, колун жалаган жазмакей сөрөйгө айланып калат.

*     *     *

Мугалим эртеңкинин эшигин ачуучу жападан жалгыз сыйкырчы – жадыгөй. Бүгүнкү илим канчалык зор ийгиликке жетишсе, акылы менен ааламды аңтарып, жылдыздарга саякаттап жүрүшсө – ошолордун баары келип, акыл ийлеп, ой толгоп миң бир эки түйшүктөнгөн мугалимдин таман акы, маңдай тери.

*     *     *

Л.Толстой: Чыгарманы жазбай коё албай калганда гана жазуу керек, калемсабыңды сыяга малган сайын сыя челегиңдин ичинде туйлап турган жүрөгүңдүн бир чымчымы калып калгандай болсун.

*     *     *

Өткөнүн эстеген өскөндүктүн белгиси, өткөнүн унуткан өчкөндүктүн белгиси (кыргыздар).

*     *     *

Мактоого эдирейүү тайыздык, жамандоого шөлпөйүү – мажирөөлүк.

*     *     *

Куш түнөгү уяда, акын түнөгү элде.

*     *     *

Тоо тарых, ата мурасы, анда бабаларыбыздын арбагы жүрөт.

*     *     *

Жазганыңдан илим-билимиң билинбесе улуу акындардын атын көп айтып эмне кыласың... Көлөмгө жараша көлөкө түшүп, көрөңгөгө жараша сөз чыгат да. (Байдылда Сарногоев).

*     *     *

“Жаман киши чырылдап, жакын болот олжого”. (Эл сөзү).

*     *     *

Акындарда халтурщик деген болбойт, ал анткени болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, жанын үрөп жазды аны. Көчүрүп алган жок. Чегирткенин алын көрүп, канын сор – ал бирөөдөн уурдап алган жок, баары өзүнүн мээнети. Ар бир куш, ар бир чымчыктын уча турган өз бийиктиги бар. (Т.Байзаков).

*     *     *

Кудай дээрине талант уялаткандардын дээрлик көпчүлүгү сыдыргыга салгандай бир калыпта болбойт экен.

*     *     *

Поэзия – жүрөк жөнүндөгү илим, тазалыкты эңсеген сагыныч, өмүр бою балжууран балалыктан кубат алган кубаныч, дайыма адилеттик менен сулуулукка аңырайып оозун ачкан наристе.

*     *     *

Поэзия – эл фантазиясынан жаратып алган ажалга арачы болор ажайып күч.

*     *     *

Поэзия – дүйнөнүн акыл-эси. Ал жалаң гана уйкаштыктан турбайт, ал элдин ар намысынан, уятынан турат.

*     *     *

“Бир тал чөптү жулсаң ай-аалам титирейт” – дейт. Ошол чөптү жулдурбай жандуунун баарын коргогон (дүйнөдө жансыз нерсе жок) жападан жалгыз коргоочу, сакчы – бул акын.

*     *     *

Жусуп Баласагын: Бак-дөөлөт бир көлөкө тыраңдаган, күн бою бир орунда туралбаган.

*     *     *

Жарык дүйнөгө акын болуп жаралып, анан аялды ырдабаган акын, дүйнөгө келип күндү көрбөгөн сокур сыяктуу.

*     *     *

Р.Хорезми: Сулууну сүйбөгөн адам пайгамбар болсо да өлүк.

*     *     *

Жаны таза, ак көңүл адам гана сулуулукка кумар келет.

*     *     *

Махмуд Кашгари: Аял айдын нуру сыяктуу; эшикти жапсаң тешиктен түшөт.

*     *     *

Акындын акындык дүйнөсү бир көргөндө эле ачылып, чачылып кетчү дүйнө эмес. Анын эшиги каккылаганга эле ачыла бербейт.

*     *     *

“Кылыч элди күзөйт, калам элди түзөйт”. (Аталар сөзү).

*     *     *

Сарайи: Көп наадандын ичинде бир илимпоз олтурса, көп сокурдун ортосунда бир шам күйүп тургандай болот.

*     *     *

Ырчылар төбөлдөргө сөөлөт үчүн, элге дөөлөт болуш үчүн төрөлөт. Төбөлдөр өз атагын чыгаргысы келет, бирок ырчылар эл атагын чыгарат.

*     *     *

Дүйнөнүн көп жыргалы биригип бир китептин жыргалына жетпейт. Китеп ошон үчүн жазылат. Алтынды окуй албайсың, китеп окулат. Андан адам өзгөрөт, заман өзгөрөт.

*     *     *

“Өлүм” деген сөздүн өзүндө өмүрдүн өзөгүн үзө турган өзгөчө сыйкырдуу кара күч бар. (Орус эли).

*     *     *

Туугандын өзү таарынса да, боору таарынбайт.

*     *     *

Ыр деген бул адамдын дем алып, дем чыгаргандагы чен өлчөмү, ички темпераменти, жүрөгүнүн кардиограммасы.

*     *     *

Поэзия ойдон чыгарылган оюнчук эмес. Ал улуу Чындыкка жетүү б.а., Кудайды жана анын кудуретин жакындан сезип туюу.

*     *     *

Конокту теше тиктеген тексиздиктин белгиси.

*     *     *

“Көңүлдүү коңшуңа, ызалуу сөз айтпа”. (Б.Сарногоев)

*     *     *

“Убадасыз жигиттен учуп өткөн жел артык”. (Эл сөзү).

*     *     *

Акындар өлбөстүктүн үстүнөн карылык эмне экенин билбей калкылдап учуп жүргөн улуу куштарга окшош. Акындын ырлары анын шаңшыган үндөрү. Ал обого аба болуп тарайт. Эч качан өчпөйт. Миң кылым өтсө да үн чыгарып, шаа берген коңгуроодой жан дүйнөңдү козгоп турат.

*     *     *

Адамдын денеси – кагаз өңдүү, а жаны ошо кагазда жазылган ой, максат, идеялары. Эгер кагаз күйсө күлгө айланат, ал эми ойлогон ой, тилеген максат, көздөгөн идеялары адамдардын акыл-эсинде, жүрөгүндө төрт мезгил сыңары ар бир адамдын жашына жаштай, карысына карыдай айтып, нуска үйрөтүп жашай берет.

*     *     *

Өмүр деген ай чапчып аккан албуут дарыя өлүм деген түбү жок деңизге куя берет турбайбы. Ал деңизиң “аз”, “көп” дебей, “жакшы”, “жаман” дебей, тамганды тамгандай жута берет экен да чиркин...

*     *     *

Т.Сыдыкбеков: Чоң акынды деле кээде жаш акын оңдоп коёт.

*     *     *

Т.Сыдыкбеков: Чыгармачыл кишиде өзүнө-өзү алымсынбаган өжөрлүк, көкбеттик болбосо болбойт. Жеткенине желпинүү канатты сындырат, өстүрбөй көздү май бастырып салат, ошон үчүн алысты, жанды калемге сайып коюп, пенделик көп кызыкчылыктан кечип коюп жазуучу болот, болгон киши.

*     *     *

Бийиктен кулаган катуу тиет, бийликтен кулаган кара киет. (Эл сөзү).

*     *     *

Жараткан жан өлөт, бирок ал жараткан жакшы иш өлбөйт.

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз