Булат Окуджава: Ченеп-бычып жашоо өнөрү

  • 08.06.2022
  • 3160

АҢГЕМЕ

Кыштакта окуу жылы башталар алдында, атам замандан бери сүрүлүп сүлдөрү калган ноотудан тигилген студенттик кышкы курткам бар эле. Мындай куртка менен Тбилисиде эптеп- септеп кыштан чыкса болмок, бирок Калуганын кара жанды какшаткан суугу мындай куртканын оңой-олтоң эле жазасын берип коерун октябрда эле билгизип койду. Жаш мугалим эмне кылышы керек эле? Ата-энеси бар, тууган-туушкандары берешен болсо жөнү башка, эгер боорукер болсо андан да жакшы эмеспи. А менин эч кимим жок. Ошондуктан ичпей-жебей алты жүз сом чогултуп (азыркы учур менен алтымыш сом) биздин райондун борбору Перемышлга жөнөдүм. Ишим оңунан чыкты. Дүкөндө кышкы пальто сатылып жатыптыр, бар болгону төрт жүз элүү сом экен. Мен пальтонун бир размер чоңун алдым, кыштакты көздөй бир тондун ээси болуп кайттым да, калган жүз элүү сомду карыздарыма бердим. Бул алганым эмне деген пальто өзү? Албетте, турмушта мындан да жакшы төрт тарабы төп келген кийимдер көп деңизчи.

Менин кээ кезде гардеробдо же трамвайда колум урунуп, алардын жылбышкан жылуу толкунун сезип, чырайды көркүнө чыгарган боруму кемтикти жашырып, сыңар өтүгү майрыкты сыйкырдай көрсөтүп турчу. Алардын түрлөнгөн түркүн түстөрү көргөндүн көз жоосун алып, өзүнчө эле шоодурап турар эле. Алар кармасаң мамыктай жепжеңил, кийсең мештей ыпысык сезилчү. Менин пальтом болсо таптакыр башкача. Мунун материалы деле нооту деп аталат, бирок бүктөсө бүктөлбөгөн, одурайып түгү бир ыңкай жапырылып жатпастан чала иштетилген, кокус кол тийсе колду сыйрып кетчү фанераны элестетчү.

Бул ноотуга жыгачтын таарындысын саманга аралаштырып токугандай, кээде кайсы бир кабылдамада же поездди күтүп вокзалда отуруп калганда, бул курулуш материалдарын эрмектеп бирден чукулап терип, кочушума толтура ууч-ууч кылып чогултуп, убакытты кыскартчумун. Анысы аз келгенсип бул пальто матрацка салчу кебез менен шырылган эле. Бу пальтонун бүчүсүн чечип алып жүрүүгө мүмкүн эмес болчу. Адегенде бүчүсүн чечип, анан эки өңүрүн ачып, ачканда да зорго, майланбаган эки каалгалуу эшикти ачкандай эки колду эки жеңге салып, полду карс эттире тээп туруп кириш керек эле. Анан кандай пальто экенин өзүң элестете бер. Баары бир мен өзүмдү бактылуу сезип жүрдүм, сууктун биринчи эле күндөрү бул нооту-панцир суукту тоотуп койбосун билдирди. Өзүмдү бактылуу сезгендигимдин дагы бир себеби, ошо кезде алты жүз жетимиш беш сомду түзгөн өзүмдүк бюджетимден ашып түшкөн жок, эскирген куртканын ордуна жаманбы-жакшыбы пальтолуу болдум. Бул пальто бутумдагы чокой, кулакчындуу тумагым менен бирге мени салабаттуу көрсөтүп, зоболомду зор көрсөтүп турчу.

Сакталып калган ошол жылдардагы сүрөттөрдө биз жарым-жартылай урап калган Шамордин соборунун жанында түшүппүз. Менин жаңы досум Семен Кузьмич Сысоев, анын аялы Зоя Петровна жана мен. Ал экөө собордун урандысында отурушат, а мен болсо өзүмдүн бүгүлбөс пальтом, чокойчон жана тумакчан туруп турам, жүзүмдө өзүмдү урматтоо көрүнүп турат. Турушум башкалардан салабаттуу жана да маанилүү.

Болуптур эми, менин кубанычым, тийип кетсе колуң сыйрылган, бүктөлмөк турсун ийилбей, жыгач бутту элестетип тийген ок өтпөс саргайган кебездин салмагы басып кебетең келишип турса салабаттуулукту ким коюптур сага? Башка эмне кылышым керек эле? Мага жылуулук да, суук да өтпөйт, мыкты. Албетте, эгер... бул жерде кайдагы көркөмдүк, эгер биздин шаарда, жок, силердин шаарда, кээ бирөөлөр чет элдик чүпүрөктөрдү сатып алып, башкаларга окшобой сонун кийинүүгө мүмкүнчүлүгү болсо, мага жана бул жерлердегилердин аны менен иши канча, биздин колубуз иштен бошобойт, балким, шилекейиңер кургабай силер көп айткан духовность дегендин өзү ушудур, биз бул жерди өстүрөбүз жана ага жардам беребиз...

Эми Семен Кузьмич жөнүндө.

Бул өзү орто бойлуу кулактары тарбайган, тарамыштуу, чапжаак бетинде капыстан күлкү пайда боло калган бир топ эле жаш адам. Ал бир кичинекей механизация мектебинин директору, трактористтерди даярдачу. Бизге, орто мектептин мугалимдерине терең урматтаган мамиледе болуп, балким, аялы Зоя Петровна жетинчи класстарга математикадан сабак бергенден уламбы, айтор ал өзүн агартуу кызматкерлеринин эсебине кошуп: “Бизде, демек, агартууда...” -  деп айтканды жакшы көрчү. Ошентип, менин да агартууга тиешем бар экендиги ага сый-урмат тартуулагандай, мен муну дароо эле баамдадым: адамдын сени карашы, сени менен кантип сүйлөшкөнү -  муну дайым туюндуруп турат. Мен да ага жакын болуп кеттим, жүрөгүм мененби же жалгыздыктанбы, билбейм, эмнеси болсо да жакын болуп кеттим. Менин күндөлүк тиричиликти начар билгеним анын эмнегедир ичин жылытып, аябай күлкүсүн келтирчү. Ал үчүн бирөөгө кам көрүп, колунан келгенин берип, колдоо өзүнчө бир жыргал болчу.

Мен тажрыйбасыз экендигимди билдирип жаңылган учурда, анын күлкүсү таш жара чыгып, анан мага үйрөтүп кирчү. Ал жергиликтүү, ушул айылдык, чарбакер адам эле. Ал өзү кандай так түшүнсө бардык иштин мыкты, так ошондой олуттуу, орду менен жасалышын жактырчу. Бир сомду бейчеки чыгарбайт, бирок өзү мен карыз берем деп жабышып кала турган... “Качан болсо бересиң...Сен эң башкысы, Булат Шалч, басынба. Кыштакка көнүп кетесиң. Шаардыктарга адегенде албетте кыйын, бара-бара үйүр алып кетесиң, анан уйлуу болсоң...” -  “Ооба десең, уй багам! -  деп кууланам мен. -  Бул тим эле шумдук!..” - Чындыгын айтсам менин кыштакта кармалайын деген оюм да жок болчу. Бирок мага тапанданып туруу жакчу, ошондуктан кууланып, өзүмдү бир аңкоо, шаардык келесоо көрсөтүп, анын моокумун кандырчумун... “Анын эмнеси бар экен?-  деп каткырчу ал. “Уй күтөсүң, менин сөздөрүмдү көңүлүңө түйүп кой. Болбосо кантип? Каймак, сүт кайдан келмек эле?.. Зоя, мобу апендини карасаң! Камкаймакчы?” “Ушул да камкаймакпы, -  дейм мен, -  камкаймак деген... Мени кичине кезимде бадам кошулган пирожный менен камкаймакты зордоп ичиришчү...” Эмнегедир бул анын жинине тийчү. “Пирожный менен, пирожный менен...” -  деп ызалана кайталачу ал.

Жалгыз бой мен үчүн алардыкында болуу жакшы эле. Бул дасторкону кенен үй болчу. Алар чакырганда шаардыктардыкындай жасалгаланган бөлмөдө олтуруу мүмкүнчүлүгү түзүлчү. Ал көп учурда мындайча боло турган: үстү башын кар баскан Сысоев меникине кирип келчү да, менин күйбөй түтөгөн мешимди, шыптагы өлүмсүк жарык берип бүлбүлдөгөн лампочканы өкүнүү менен карап: “Болду, китеп окуганың жетет, баарын окуп бүтө албайсың, -  деп акылдуу сөз таап айтканына маашырлана каткырчу. -  Жүрү биздикине, чай ичебиз”. Анан биз күрткүнү жиреп жөнөп калчубуз.

Ошол замат анын үстөлүндө арак, карагаттын жалбырагы кошулуп колдо жасалган тузу кем бадыраң, капуста, помидор, буламыктай эзилген картөшкө, кызгылтым чочконун кыртыштуу майы, тоголок бышырылган жумуртка, айрым учурда муздатылган килкилдек пайда болчу. Биз уй мүйүз тартып отурчубуз. Сысоев сыпайыгерликтин баарын жасап -  колдорун оңтойсуз ушалап, ийиндерин күйшөп, ахалап-өхүлөп, каткырып - чери жазылып отурчу.

 Эмне үчүн мени мынча жакшы көрөрүн өзүм деле акыр аягына чейин ойлонуп түшүнгөн жокмун. Мен университетти бүтүп, анын аялы сыяктуу мугалим болгонумдан башка, мен башында айткандай, тегим грузин экендиги, менин муруттарым ого бетер калдайып экзотика сезилди окшойт ага. Дагы бир жагдай: бул элүүнчү жылдар болчу, ал кезде бардык жерде менин мурутчан кандашымдын ар кандай сүрөттөрү бакыйып илинип турчу. Мен өзүмдү аны айрыкча кадырлагандардан болчумун деп айта албайм, анын үстүнө менин ата-энем лагерде эле, бирок Сысоев аны өтө урматтай турган, балким тумандаган аң-сезиминде өзүнүн кумири менен менин кандаш экенимди байланыштырса керек. Билбейм, менин байкоом канчалык туура, бул тууралу дагы өзүнчө сөз кылса болот.

Январдын кычыраган кышында төө көзүндөй чөйчөк менен улам арак ичип, боздогон бороондун үнүнүн коштоосунда улам-улам тузу кем бадыраңдан катырата чайнап, алагүү болуп барарттык. Сысоев көнгөн адатынча мени жакшы жашоого үйрөтө баштады, а мен өзүмчө ойго кеттим; эгерде акчам көп болсунчу, эчки базардан эптеп сатып алган мобу сөөктөй зыңкыйып катып, эмендей колдойгон чокоюмдун ордуна, жепжеңил, жыпжылуу жана да баскан сайын багымды ача турган адеми өтүк сатып алып, башымдагы жоодон калгансыган жоокердин айрылган тумагынын ордуна келишкен кара көрпөдөн же самсаалаган карышкырдын терисинен тебетей тиктирип киймекмин. Акча болсо баары болот... Мага силердин уюңардын да, анын каймагынын да бир тыйын кереги жок, мугалимдерге белек катары бекер берген суу дөңгөчтөрдүн ордуна беш куб кургак кайың сатып алмакмын...

-  Токтой турчу, Шалч, токточу,-  деди Сысоев,-  апендилигин кара...Зоя, карачы... Кудай урсун, апенди... Сен адегенде чогулт акчаңды, анан мен кошумчалайм...

- Мага силердин уюңардын кереги жок,-  дедим мен,-  мен эмне малчы белем? Мен деген баары бир университетте...

- Бизде агартуу ишинде кандайын билесиңби? Ии... Ыңгайга жараша ыкташып жашаш керек...

- Айтканга оңой,-  дедим мен,-  силерде карачы, канча чарба бар; бадыраң, тонуңар бар, тракторуңар бар...

- Карасаң,-  деп капаланды, -  Шалч, сөзгө конок бербейсиң, жеңилип да калбайсың, сага баары туура эмес... Мына тракторум бердим сага... Эмне кыласың, айдап бир жакка барасыңбы?

- Жайына кой, Семен,-  деди Зоя,-  эмне эле ага асылып калдың? Бу киши жалаң таарынды кошуп токулган нооту пальто сатып алыптыр, а сен каймак, каймак эле дейсиң...

 Тыноо какпаган тынчтык өкүмсүрдү. Анан ал каткыра күлүп, мындай деди:

 -  Эмне экен?! Биз кайыштан тон тиктиребиз, керек болсо...

 -  Кан-тип?

 -  Эх, университет,-  деди ал шилекейин жутуп,-  Кантип? Минтип, сен угуп тур, мен айтайын...

 Чынында, менин ок өтпөгөн жаңы пальтомду бөлмөнүн ортосуна коюп койсо болот экен, ал же сыйгаланып кетпей, же бүктөлүп калбай тик тура берет экен, отко күйбөс шкафдай болуп. А кайыш тончу?

 Бул кыштактын сыйкырчысы эмнени ойлоп жатты болду экен? Ал тери эмне, чочконун терисиненби, ийлеп-ийлеп темирдей бекем өтүк тигип, аскерде жүргөн кезимде мен жетпеген териден тигилген өтүкпү? Ал улам купшуңдай мени карап, өзүнүн айткан сөзүнө өзү ишенип, эмнени айтып жатты болду экен?

 -  Болуптур, болуптур,-  деп күлөм мен,-  айтчы, Семен Кузьмич, ал эмненин териси? Буйволдукубу? Же чочконукубу?

 -  Каяктагы буйволдуку?-  ал териге түшүп,-  Теридей эле тери, ошондон тон тигет.

 - Ал эмне, картаң камандын терисиби?

 -  Буну кара,-  сөөмөйүн серейте кезейт. -  Зоя, ай Зоя, буну карап койчу...Картаң каман, картаң каман эле дейт...

 -  Ал эмнеден? -  деп мен да болбойм.-  Ал эмне хромдонбу?

 -  Эмне үчүн хромдон? -  жекиргендей какшыктайт кайра. -  Хромдон өтүк тигет, а биз шаврадан тигебиз.

 -  Шавраданбы? -  дейм ишенбей.

 -  Шаврадан, -  дейт ал ишендирип.

Чыйылдап айтканы чын окшойт. Таарына түштү.

Кудай, мени кечиргейле, мен аны чындап эле тамашалагым келди. Мен ишенбегендей эки көзүмдү алайтып дагы сурадым:

 -  Чын эле шаврадан тигилген тон болобу. Ал кичинекей да, андан колкап тигет, туурабы...

Ал каткырып сүйүнө күлдү, апенди дегендер көп да, аларга бирдемелерди түшүндүрүүнүн өзү эле бир жыргал эмеспи. Биз дагы бир чөйчөктү бөк түшүрүп койдук.

 -  Ушундай,-  деди ал дагы дааналап,- шаврадантон тигет. Мен өзүмө ошондон тиктирем деп ойлоп жүргөм, эми сени менен бирге тиктирем.

 -  Мен ага ишенбейм! -  деп кыйкырдым мен өңүм өзгөрүп. - Ушул жерде ошону тиге алмак беле?

-  Тиге алат! - деп кыйкырды ал мооку канып. -  Мына эмесе деп тиктиребиз!

 -  Кайышты кайдан алабыз? -  дедим айтканына аз да болсо ишенип.

 -  А сен угуп тур, угуп турсаң, -  деп кайра кыйкырды куулана көзүн жүлжүйтүп.-  Чын эле ишенбейсиңби?

-  Сиз сөзгө конок берип угуңуз, Булат Шалвович, - деди Зоя каадалана,- Семен Кузьмич дебейт, эгер десе сөзсүз өтөсүнө чыгат.

-  Ошондой!- деп өңүнө чыга түштү ал.

-  Азыр эмне? Колубузда шавра барбы? Барып эле тиктирип алабызбы...

-  Ананчы?!

Мен толкундап кеттим, анын башын оорутуп, мээсин чагып, тийбес жерден жинине тийип, келесоо, апенди болуп көрүнгөнүм өзүмө жакчу. Мага анын ушуга чейин мен үчүн белгисиз нерселерди ачып, мени жетелеп үйрөткөнү, менин наадандыгымды жөндөп, мага кам көрүп калдастаганы кадимкидей каниет эле.

Ичим жылып шакаба чекпей эле көңүлүн көтөрө:

-  Ошентип менин жаңы пальтомду бөлмөнүн ортосуна коюп коет экенбиз да... - дедим. Ал тамашаны түшүнбөй калды, кайра катаал талкуулап кирди:

-  Эмне үчүн аны полго салабыз? Пальто дегенди илгичке илип туруп, гардеробго коет...

Ал тамашаны түшүнчү эмес. Кайсы бир жолу аны менен көчөдө кездеше калып, шаардыктардын шайкелең адатына салып: “Мына көп нерседен үмтөттүргөн директор келатат”- деп койдум. Ал мен жакты капалуу карап: “А мен сизге кыйратам деп убада берген эмесмин” - десе болобу. Жогоруда айтпадым беле, анын болгон жаратылышы ошондой.

-  Макул,-  дедим колумду шилтеп,-  а кайышты кантебиз?..

Ошол замат ал жетимдүүлүгү жагынан уккандын оозун ачырган мага арналган долбоорун түшүндүрүп кирди. Бири- бирине тим эле шайма-шай келип турат: эмнегедир март айында айылдагылар торпок союшат экен, кайыш тон тиктирем деп ак эткенден так этип, эки көзү төрт болгон мага окшогондор үчүн атайлап курмандыкка чалгандай союшат дейт. Албетте, алардын терисин сыйрып, анан анча деле кымбатка эмес өз эле баасына сатышат. Биз терилерди сатып алабыз. Анан аларды Калугадагы тааныш теричиникине алпарабыз. Ал ай өткөрүп өткөрбөй, буладай созулган булгаарысын колубузга карматат, анан биз тикмечи табабыз. Үч айдан кийин, а мүмкүн андан да эртерээк -  экөөбүздүн тең ийнибиз жаркырайт, кычырап кийинебиз.

Ушундай укмуштуу ой менен бүттү кезектеги чай ичүү. Айтылганды чындыктай кабыл алган менин жүрөгүм туйлап, өзүмөн өзүм эле чыдамым кете баштады. Өпкөм көөп кээде ошол ойдо жок терилерди өз колум менен кармап тургандай болом. Кээде теричини издебей эле, эрте күндү кеч кылбай ал үйүндө болуп калабы же жокпу, өзүм эле отура калып терилерди иштете бергим келип кетчү. Эмнеден баштачу эле? Туз... Ооба... Анан спирт беле? Же уксус беле? Теринин май жерлерин бош күндөрү колоктобой бычак менен кырып, сабактан кийин эрте келип жүндөрүн бирден жулуп, бүтпөй калсам түнү бою кирпик ирмебей, таң атканча тазалап койбой эмне?!. Болду анан жупжумшак десең катуу, катуу десең жупжумшак, ары жагынан ажайып, бери жагынан керемет, кара десең кара эмес, күрөң десең күрөң эмес, жыттасаң жыты мас кылган кайыш тонду бөлмөнүн кире беришиндеги каржайган каалгага келиштирип илип коем.

Мына бүгүнкү күндө үч кишинин бири кайыш тон же кайыш костюм шым кийип жүргөндө -  менин колумда кандай казына байлык болорун боолголосо болот. Анда, ал убакта кайыштан кийим тиктирүүнү элестетүү кыйын иш болчу. Ал эми кийем деген ой үч уктаса түшкө кирчү эмес. Кудай жалгап, аны кийгендерди аз да болсо көрүп калганым бар эле. Бала болуп башыма жүн чыкканы кайышын кармалап көргөн эмесмин...

Аны көрө электен мурун эле анын каңылжаарды как жарган бир башкача -  өзгөчө жыты атырдай айламды кетирип, башымды айландырып, эртеңкини улам эңсеп элжирей берчүмүн. Ошол башты айландырган сырдуу толкун бир сонун нерсенин пайда болорунан аян берип, көз алдыма ошол нерсе көрүнө түшкөндөй болчу. Көрсөм да, кармаласам да кудум эле шайынын өзү. Колго урунбай ары бурсаң ары, бери бурсаң бери болуп, суудай төгүлөт, ийниңе салсаң куп жарашып көркүңдү чыгарып, көңүлүңдү көтөрөт, сымбатың зымдай тартыла түшөт: сайдын сансыз ташынын арасындагы баалуу таштай балбылдаган нур чачыратып, жана да чет өлкөдөн келген бардар турмуштун бир үзүмүн көзгө элестетип, ошондой ити чөп жеп ийгилиги илгерилеген өзгөчө бир тукумга таандык экенин тастыктап турчу. Ушундай сырткы көрүнүшүнөн тышкары көзгө көрүнбөгөн, анча байкалбаган ички изги сапаттары да бар эле. Аны айтпаса болбойт. Эң негизгиси бышыктыгын айт. Кастор майы менен майлап койсоң болду, мурдагыдан бешбетер жалтылдап калчу, суу тийсе өзү уялып кулап кетчү. Ылай же кир жугуп калса суу кебез менен бир сүртүп кой, заматта жок болуп кетет. Эгер ал бүктөлүп калса тийбе, өзү эле көз ачып жумганча өз калыбына келип калат. Үтүктөп убара болбойсуң. Дагы эмне керек?

 Элдин баары жаздын, марттын келишин чыдамсыздык менен күтүп жатты, бирок мендей болуп бирөө да күтпөсө керек. Анын келиши менен менин түн уйкуман безип дүрбөлөң түшкөнүм чегине жетти окшойт. Күмөнсүгөн суроолорум менен Сысоевди тажаттым. А да эр экен, тамашама тамаша менен жооп берип жүрүп кутулду.

Март аяктап бараткан, жаркырап тийген күн нурунан үйдүн үстүндөгү кар эрип, тып-тып этип тамчы тамчылап, арыктагы суунун үнү алыстан угулуп турган убакта менин жалгыз бөлмө үйүмдүн нымдан көөп чыккан жалгыз каалгасын бирөө каккылап калды. Ачсам, босогодо бейтааныш киши туруптур.

-  Торпоктун терисин сурадыңар беле?- деди ал.

-  Ооба, ооба!, - деп кыйкырып жибердим мен. -  Сурагам! Сурагам!

-  Андай болсо алгыла. Айтылган алты терини алып келдим.

Алты! Менин алты терим бар! Кайыш болбосо да менде алты тери бар!..

-  Сүйлөшүлгөндөй,-  деди жанагы киши,-  жетимиш сомдон ар бири.

Мен тез көбөйттүм: алты жерде жетиң кырк жети? Же андай эмеспи? Алты жерде алты отуз алты, ал эми алты жерде жетиңчи...

-  Төрт жүз жыйырма,- деди жанагы киши, анан акчасын алды да, чанадан очойгон таңгакты өзү түртүп түшүрүп, үндөбөй жөнөп кете берди.

Таңылган таңгак оор экен. Аны мен араң дегенде үйгө киргизип, калтырап, титиреп үшүгөн колум менен эптеп таңган жибин чечип жайып салдым. Кудай бетин көрсөтпө, мурунду жарган сасык жыт бөлмөгө толуп чыкты. Сасыса да алты тери үйүмдө муздай жалтырап менин качантан бери кыл жугузбай аздектеп келаткан кыялымды муунтуп жибергендей болду. Аңгыча айттырбай Сысоев кирип келди да, шаңдуу жылмайып:

- Апкелиштиби? Көрдүңбү, Шалч?.. А мен ал апендиге жарым саат мээсин эзип сенин дарегиңди түшүндүрбөдүмбү. Туздап кой, антпесең чирип кетет,-  деди да чыгып кетти.

Кеч кирип көз байланганча кайдан-жайдан туз таап келип, терилерди туздадым, ар кандай чүпүрөк-чапырак менен ороп, тыпыйтып таңгактап байладым. Колума көтөрүп салмактап көрсөм дагы эле оор, тоголотуп араң дегенде сарайга алпарып койдум. Андан кийин колумду көпкө самындап жуудум, бөлмөнү желдеттим. Эмнегедир көңүлүм чөгө түштү, бирок менде үмүт оту дале балбылдап тээ көңүлдүн түпкүрүндө жанып турган. Ушунун баары туптуура мен жазгандай болуп өттү. Силердин күмөн санаган түкшүмөлүңөр жокпу менде? Менин өзүмө бунун баары ойдон чыгарылгандай көрүнөт, кантип эле мен ушул кебетем менен кедери кеткен шалаакы болоюн. Менде эмне ошондо колдон учуруп жибергениме кабак түйүп, кол шилтеп коюуга кайрат-күчүм жетпейт беле? Же бирөөгө сын такпаган сыймыктуу чечекейдей чечкиндүүлүк жок беле менде? Же мен ошончо эле көзү көр дүйнөгө тойбогон бир ачкөз белем, же кийим деген нерсе менин өмүрүмдө ушунчалык маанилүү беле? Өзгөчө калугалык теричиге барардын акыркы күндөрү өтө кыйын болду. Ошол элүүнчү жылдардагы адамды кемсинткен кедейликтен кутулууга, айрыкча мен үчүн капыстан пайда боло калган ушул баш айланткан мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербөөгө болгон жан далбас аракет – эми ойлосом, эки бетимди албырткан уят иш өңдөнүп, анан да кара жанды карч урдуруп карбаластаткан дүрбөлөңгө окшоп кетет. Бирок баркел турмуштагы бүгүнкү көз караш менен сындоону мен окуучуларга калтырам да, өзүм марттын аягында келем деген сөзүнө бек туруп келе жаткан Сысоевди тосконго шашылайын.

Ал тракторго түшүп келиптир, өңүнө чыгып күлмүңдөйт, а мен түнү менен кирпик какпай, кебетем келишип бопбозмун. Ага чым деп койбой шартылдап сарайга катылган баалуунун баалуусундай баркталган оор таңгакты чапчаңдык менен алып чыктым. Трактор бизди ылайы белчеге чыккан жазгы жол менен эки жарым километр аралыкка алып барып, чоң жолго жеткирмек. Жеткирди. Биз жүгүбүздү түшүрдүк да, машина өтүп калабы деген үмүттө жол күтүп калдык. Андан башка арга жок эле, ал убакта автобус каттачу эмес. Чоң жол дегенибиз деле башкы жол эмес болчу, ошон үчүн кандай жолоочу болбосун кудай колдочу бир ыңгайга тобокел дешчү.

Үч сааттан соң иңир кире баштады. Жолдо жан жок. Кудайга шүгүр, менин ок өтпөсүмдүн пайдасы тийди, жыпжылуумун, а Семен Кузьмич сонун деген пальтосу менен солкулдап үшүдү. Үшүгөнүнө чыдабай кээде бийлеп коет, а мен какчыйган карагайга сүйөнүп, экөөбүз үнсүз турдук. Ал эмне ойлоп жатканын билбейм, а мен ойлоно берип көңүлүмө жат болгон көрүнүштү кайрадан жандандырып карап тургам: көнүмүштөй көйкөлтүп жепжеңил кайыш тонду кийип баратам, башымда бозомук кездемеден тигилген кепка. Элестетип көргүлөчү... Капкара кайыш тон анан бозомук кепка...Анан да мойнумда жылуу моюн орогуч... Мен кадамымды жайлап Москванын тротуарында жыпар жыт аңкытып басып баратам. Ооба, басып баратам...Силер сурарсыңар: эмне экен? Эчтеке. Мен жөн эле басып баратам.

 Оңдой берди болуп, иңир кирип көз байланып баратканда, үстүнө чириген картөшкө жүктөгөн машине келип калып, бизди Перемышелге жеткирип койду. Биз бет алдыбыздан соккон шамалга далыбызды тосуп, жертөлө жыттанган картөшкөнүн үстүнө отурдук. Райондун борборуна чейин таңкылдаган таштак жол отуз чакырымга чукул. Ал мурдагы Козельский айлампасы менен айланып, менин нервимде ойноп сөөгүмдү тебелеп бараткансып тарактап жөнөй берди.

Перемышелге чейин ары урунуп, бери урунуп, эки саат аралыгында келип жеттик. Иңир түшүп, эчак караңгы кирип калыптыр. Ушу жерден ишибиз оңдой берди болду: Калугага бараткан жүк ташыгыч машина менен бат эле макулдаша койдук. Тамтаңдап таңгактарыбызды машинага ыргытып, ары карай сапар алдык. Дагы отуз километрдей тажатма таңкылдак жол жүрөбүз. Калугалыктар мени кечирип койсун: мүмкүн алар үчүн бул жол сонундур. Жол бою көз жоосун алган токой, ары жагы мелмилдеген мейкин талаа. Бирок караңгыда үстү ачык машинеде, дөңкөйгөн каптардын үстүндө шамалга далымды тосуп, калчылдап үшүп бараткан мага баары бир эле.

 Үшүп кайыга баштадык. Суукка байымдуу Сысоев тоңуп калды. Жан бакты курган жаным суук өтпөс пальто сатып алган тагдырыма өзүмдү бактылуу сезип бараттым. Эми, силер, шаарда айтып-айтпа жок дегенде подъездге кире калып, батереяга жылынсаң болот, а биз бул жерде, ачык машиненин үстүндө ырылдаган шамалда... Мына, силер... автобус, метрого түшүп алып бизди шылдың кылып кыйынсынасыңар... А биз минтип силердин курсагыңар үчүн сүт, каймак тартып, картөшкө айдап кара жаныбызды карч уруп жүрсөк...

Калуганын оттору жылтылдап көрүнөр замат ашатылган теринин каңырсыган жыты мурунду өрдөй бергенде, Сысоев сууктан көгөргөн эрдин араң кыбыратып:

-  Көпүрө жок! Сүзүп өтөбүз!- деди.

-  Кантип сүзүп өтөбүз!- деп кыйкырдым тондун ичинен.

-  Тери суу болбош үчүн колубузга көтөрүп, суу кечип өтөбүз,-  деп чыңкылдап күлгөн болду.

-  Бул муз Ока менен агат да! -  дедим, муздак шамал шуулдап койнума киргенде.

 -  Анысы жакшы! -  деп кыйкырды ал. - Ошол муз менен сүзүп өтөбүз.

Биз жөн күндөрү калкыма көпүрө турчу жерге келип токтодук. Үйөрдөн улам калкыма көпүрө жок экен. Караңгыда алыскы жылдыздын жана тиги жээктен түшкөн шаардын фонарынын үлбүл жарыгынын алдында, качыр-кучур кагылышып, шагыраган муздар биринин артынан бири жылып баратты. Жүк ташыгыч машина кайрылды да зуу койду. Суунун жээгинде кабатарланган көлөкөлөр тартыла түштү.

-  Келип кереги жок болчу -  дедим мен. -  Эми кайда барабыз?

-  Азыр, Шалч, чын эле сууга түшкүң келбей турабы?-  деп каткырды Сысоев. -  Кайык издеш керек. Ким бирөө аркы жээкке өткөрүп коер.

 Түн ортосу болуп калган. Титирей баштадык. Ачкалыктан баш айланып чыкты. Биздин муздай тоңгон каргыш тийген таңгактарыбыз караңгы түндө бутубуздун алдында жатты. Бирок мен тирүү туруп бу баа жеткис сасык таңгакты бир табак ысык боршко же үйүмө жеткире койчу каниет канатка алмашпас элем. Калуга аркы жээкте жалт-жулт этип, анын чор баскан колу кокодон алып кое бербей, акылымда кара булгаарыдан пальто, бозомук кепка кийген бактылуу жаш жигиттин бүдөмүк элеси үчүн чоң эрдик жасоого даяр элем. Бул үчүн муз каптаган Ока анча деле тоскоол эмес болчу. Сысоев чепеңдеп эч нерсени ойлогон жок. Ал түнөргөн жээкте бир көрүнүп, бир жок болуп тыпылдай басып, жүгүрүп жүрүп акыры бир кайык таап келди: “Таңгактарды бери бер, Шалч!”- деп кыйкырды. Бул кыйкырык: “Колуңду бер, тууган!”- дегендей угулду. Мен, Геркулестен бешбетер күчтөнүп, эки пуд келген таңгакты шамдагайлана так көтөрүп жеткирип, таңгак менен кошо кайыктын суу болгон түбүнө жыгылдым. Улгайган кайыкчы калагын жай шилеп жээктен алыстады. Ошентип биз агарган муздардын арасы менен караңгыда сүзүп жөнөдүк.

-  Эй, жердеш,-  деп кыйкырды Сысоев, -  азыр чөгүп өлүш канча турат?

-  Кымбат албайм,-  деп жооп берди кайыкчы,-  отура берсең билесиң!

Дарыянын ортосуна жеткенде кайыкка акырындап суу толо баштаганын сездим. Суу чокоюмдун кызыл ашыгына жетти. Мен суу болгон таңгакты боорума кысып, cелейип тоңуп калган баладай көтөрүп турдум. Эч нерсе эмес, согушта мындан да жаман учур болгон деп коем оюмда. Жээк жакындап калды, бирок кайыкка суу улам бат толуп, кара көк муз кайыктын кырына келип урунуп жатты. Кайыкчы эпчилдик менен музду аралап өтүп жатты! Качырап-кучурап кайыкка урунган музга, Окага, аба ырайына, бизге деги эле жакындагысы келбеген Калугага, калакка, кайыктагы сууга, таңгак териге, жашоого жана кыялыбызга ашата сөгүүнүн классикалык үлгүсүн көрсөтүп, үчөөбүздүн тең кыйкырганыбызды азыр эстеп жатам... Канткен менен мен дагы эле бекем экем, менин карааным да келишимдүү, олуттуу көрүнүп, кыялымда дагы эле Москванын тротуарын аралап жүрдү. Коркуу бар беле менде? Алаңгазарлык бар болчу. Жеңишти эңсөө бар эле. Аттиң, ушул күч-кубаттын баары улуу ишке багытталса кана! Эмне деген улуу иштер адамзаттын даңкын чыгармак! Бирок кептин баары, азыр мен жасап жаткан иштен улуу эч нерсе жоктугунда эле... Улуу дегенибиз эмне, ким билет, азырынча али аныкталып бүтө элек эмеспи?

Ошентсе да биз суу толгон кайыктан түшүп, Калуга жерине бут койгонго үлгүрдүк.

-  Эх, сен,-  деди Сысоев кайыкчыга,-  тешигин бүтөп койсоң эмне болот? Чөгүп кетсекчи...

-  Чолоо жок,-  деди кайыкчы,- баары эле жээкке жетсем дешет.

-  А сен акча үчүн чөктүрүп жибергенден да кайра тартпайсың,-  деди Сысоев.

-  А эмнеге баш тартышым керек?-  деп каткырды кайыкчы,-  Жаз жылына бир эле жолу келет...

Биз таңгактарды көтөрүп, ырп этер дарман калбай тоону көздөй бастык. Калуга эчак уйкуга кирген эле. Теричи да уйкуда. Ока төмөн жакта күрүлдөп агып жатат. Биз келген мейманкана да “Ока” деп аталат экен. Эскилиги жеткен, түнөргөн, шыбагы түшкөн, ошентсе да, биз эптеп ага жеткенде балыкча көзүм тостойтуп мемиреген тынчтык менен жылуулукка тумчуга түштүм.

 Ооба, тыптынч эле. Столдун ар жагында отурган улгайган администратор аял тим эле азаптан куткаруучу периштедей сезилди. Анын алтын сымал башынын үстүндө Сысоевдин аздектеп жакшы көргөнү оту өчкөн трубкасын тиштеп, рамкадан бизге таңданып карап турду.

Эсимде, мен администратор аялга үн-сөзү жок жыгачтай селейип калган алаканымды сунганымда, жагына күлгөн Сысоев ага эмне деп айтканын да укканым жок. Мүмкүн ал, ага өзүнүн нары катаал, нары татаал турмушу, көрбөгөнүнөн көр эле калганын, эми ушу жашка келгенде ушундай заңкайып курулган эскирген сайын өңүнө чыккан мейманканадан чыгып бараткан жанын аман алып каларга бир эле керебет болсо деп суранып жаткандыр. Аял мойнун бизге бурганы менен тик карабай жандата тиктеп, биздин өмүрүбүз да, өлүмүбүз да анын колунда тургандай текеберленди.

Ал байкуш эмнени айтып жалдырады экен! Ошондо ал ага бирде мени, бирде генералисмуссту көрсөтүп жаткан, ошол замат жанагы маанайы өзгөрүп, көздөрүнөн адамкерчиликтин аруу нуру чачырай түштү. Коридордун аягындагы жаңы сырдалган, ысык батерея өткөн полго таң атканга чейин гана уруксат алып жайгаштык. Биз эч кимде жок менин пальтомду жерге төшөп, бутубузду чечип кийиз өтүгүбүздү батереяга жөлөп, чулгоолорубузду трубага каттап илип; Сысоевдин пальтосун жамынып, түйшүктүү бу дүйнөдөн шашылып кете баштадык... Түктөрдөн аз-аздап буу чыгып, каңылжарды жарган сасык жыт таңгактарга зарыгып жаткан, бирок биз башка жакта элек...

 Таң эртең менен бизди жийиркенип чыккан үн ойготту. Биз унчукпай мурдубузду шуу тартып, кийиз өтүгүбүздүн жыпжылуу болуп кургаганына сүйүнүп, ичибизден кечээги аялга ыраазы болуп кийинип жаттык. Чын чынына келгенде, бизди жети түндө киргизбей деле койсо болмок, жок киргизип, киргизгенде да жыпжылуу батереянын жанына кайыш тон кийчүлөр мурдатан кам көрүп, даярдап койгондой болгонун кара. Бизди киргизген аял түн түрүп түйүнчөк көтөрүп тампаңдап жүргөндөр жөн эмес, коомго кол кабыш кылар адамдар экен деп билди. Мейманкананын ички тартибин бузса дагы, биздин өмүрүбүздү сактап калды.

 Эми жөнөкөй эле иш калды: теричиге жетүү керек. Биз экөөбүз, жашпыз, күчтүүбүз кайрадан кыялыбызга жылынып, кургап үлгүрбөгөн таңгактарды ийиле көтөрүп алып белгисиз даректи издеп жөнөдүк. Дарек деле жок болчу колубузда. Сысоевдин гана укмуш эске тутуу жөндөмү бар эле, биз Ленин көчөсүнөн Киров көчөсүн кесип өтөрүбүз менен ушул укмуш жөндөм ишке киришти.

-  Демек, мындай,- деди Сысоев, азыр чиркөөдөн оңго кайрылабыз,-  биз кайрылдык,-  эми тетиги көк дубалга чейин,-  деди ал,-  ага чейин эки квартал, анан ал жерде суу алган колонка бар...- чын эле: колонка, үстүн муз жапкан колонка биздин алдыбызда турду,- андан солго түз дүкөнгө чейин, -  ачыла элек дүкөндөн да өттүк,- азыр, демек, дүкөндөн оңго, и- и, тетиги бактарга...- бастык, демиктик, эс алганы токтодук, тамашалашканга аракеттендик, көңүл көтөрүп жаткандай түр көрсөтүмүш болдук, баары бир окшогон жок аныбыз: ушул түн, Ока, музда сүзгөн кайык, мейманкана. Эртең мененки суук даана эле ашатылган тери жыттана баштады. Эч ким ойгоно элек: ойгоно тургандай деле эч нерсе жок болчу. Бул дүйнөдө бир гана биз уктабай таң атырып, кажыбастан өзүбүздүн уулу максатыбызга жакындап келаттык. Мына капысынан эле ошол максатыбыз кайсы бир бурулуштан ачылып, эси оогон тейде биз көз ирмемге селейип туруп калдык.

-  Демек, мындай Шалч,- деди Сысоев демигип,- эми, демек, бүттү. Мына, үй турат,-  күлкүсү жаңырды,-  турат, кайда кетмек эле? Эми, Шалч, мен барып чалгындап келейин...

Ал ошентип узап кетти, мен болсо бакка жөлөнүп, таңгактардын үстүндө катып турам, ысык тер жазы маңдайым ылдый куюлуп жатты. Мен бир сыйкыр тууралуу ойлоно кеттим. Сыйкыр болуп кетсе эмне болот эле: эгер бул теричиде даяр терилер болсо, биздин терилер менен алмашып берип койсо, бизге күтүүнүн зарылдыгы жок эле да...

 Он мүнөттөн кийин жамажайын жалжайтып күлүңдөгөн Сысоев чыкты.

-  Дал учурунда келиптирбиз,- деди ал,-  күтүп атат. Эми, Шалч, шавраң болот.

Таңгактарды ал өзү ташып кирип, азын-оолак акчасын берип, биздин колу-жолубуз бошоп калды.

-  Апрелдин аягында терилерди алабыз,- деп каткырды Сысоев кайрылып келип,-  калган акчасын камда, Шалч.

-  Кайыш тонду тиктирип алып Москвага жөнөйбүзбү?- деп сурадым мен.

-  Эмнеге болбосун?-  деп каткырды ал. -  Мейли, көрүшсүн алар бизди...

...Апрелдин аягына чейин кантип жашаганымды айтып берүүгө мүмкүн эмес. Мен албетте, ак эткенден так этип күтүп, кайыш тон кийгим келген кеселдүү кыял менен чындап чымыркана кармашып, бирок албуут акылсыз кыял (акылсыздык дешке да болбойт), мени ээлеп алган чаңкоо араң-зорго басылып жүрдү. Менин аңсап-эңсеп бүткөн жаным, кургап калган кекиртектей өзүнө керектүү нерсени талап кылып, аны тынчытууга, жоошутууга, ырайымдуу кылууга кеткен аракет эч бир натыйжа алып келген жок. Кантип аман калганым бир гана кудайга белгилүү. Эмне үчүн мунун баары мени менен болуп өттү? Кантип жооп берүү керек? Көпчүлүк үчүн катаал мезгил эле. Эсимде, мен чыдамкай болчумун. Бала кезимде мени эчким эркелеткен эмес, а менин жан дүйнөмдүн багыты башкачарак эле. Эмне үчүн сыртымдан чыштай кийинип көрүнүүнү эңседим экен? Себеби, мага... мен... мага окшогондор...башкача айтканда биз... Себеби, биз... Кимге окшоп көрүнгүм келди эле? Окшош көрүнүппү? Кудай күбө: мен сылаңкороздорду жек көрчүмүн. Анда эмнеге чаңкадым?.. Менин ата-энем тиги жакта болчу. Баласы атасы үчүн жооп бербейт... же дагы ушул сыяктуу деген менен, кырсыктын кайып тийген чагылышы менде да жаткан, келбети келишкен жигитке айлануу мүмкүнчүлүгүн ойлогондо тим калат белем?

Түшүнбөйм.

 Биринчи майдын алдында (башкасы аз келгенсип) дуулаган түндү башымдан өткөргөм. Биринчи май күнү эртең менен биз бүтүндөй мектеп майрамдык митингге чогулмакпыз. Мурунку күнү кечинде өзүмдүн жалгыз костюмумду карап көрдүм. Бул менин абамдын согуштан келгенде мага белекке берген эски костюму эле. Студенттик жылдарда ал бир топ эле эскире түштү. Шымынын багалеги айрылып самсаалап, костюмдун чыканагы менен далысы эскиргенден жалтырап турчу. Айлам куругандан чебер колу менен менин жалгыз костюмумду майрамга ылайык көрккө келтирип берүүсүн өтүнүп, Зоя Петровнанын бутуна жыгылууга даяр элем, бирок кеч болуп калды, түн эчак ооп кеткен. Албетте, өзгөчө эч нерсе деле болгон жок, буга окшогон жетишпеген жашоого көнүп калган менин окуучуларым, коллегаларым шылдың кылмак эмес. Бирок мага боору ооруп жан тарта карашмак да, ким билет, сымбаттуу, шаардык табити бар, сулуулукту сүйгөн жаш грузин мугалимдин, менин абройумду колдош үчүн акча чогултушмак... Ошентип тиштенип, күчтөнүп, колума кайчы, ийне-жип алып ишке кириштим. Кантип эскилиги жетип сүзүлгөн, мындан ары күн көргүсү келбеген кездеме менен иш кылганымды өзүм да түшүнбөйм. Ал мени кыйнап, кайчыга кесилер жери кесилбей, тигиши бүктөмдөрдө жоголуп жылмышып, ийне белгиленген жерге сайылбай башка жерден чыгып, бирок эртең менен мен жеңип, эскирген кездемени бууланган үтүк менен басканда, ал жакшынакай болуп карара түшүп, менин алдымда жаңы костюм турду. Мен бир мүнөт да көз ирмеген жокмун, бирок ийгилик канат бүтүрдү. Көп нерсе керекпи? Өзүңдү адам сезиш үчүн көп нерсе керекпи? Жөнө, жадырап-жайнап башыңды намыстуу көтөрүп өзүңдүн классыңа, палубаңа, кармашка, өлүмгө...

 Ошентип май айынын башында, майрамдар бүтүп, айлана жапжашыл болуп, марттагы муздун үйөрү оюнчуктай сезилип, менин ок өтпөс тонум кереги жогунан мыкка илинип турган кезде, калп эле жүрөгү түшкөн киши болуп менин бөлмөмө Сысоев баш багып, алаканын ушалап:

-  Кана, Шалч, даярдан. Эртең, демек таң ата жолго чыгабыз,-  чокунуп,-  анан каткырып калды, мага көптөн күткөн жакшы кабар алып келгени үчүн бактылуу эле.

Биз кайрадан май айынын жаркыраган бир күнүндө жеңил желпи кийинип Калугага бараттык, мен жолдун түз жана жакшы экенин көрдүм, таш жол эмес тим эле төгөрөктү курчаган ортоңку орустун ажайып табият сулуулугу, булар кадим жомоктогу жеңил туман каптаган токой менен талаалалар эле. Жол жүрүү көңүлдүү болду, эскирген мейманкананын коридорунда түнөө анча коогалуу сезилбей, даяр болгон тери көзгө көрүнүп, көңүлгө канат бүтүрдү. Көрсө, деп ойлодум мен, күтүү, чыдамсыздыкты жеңүү анча деле кыйын эмес экен. Бул эңсеп күткөндөн эч ким деле өлбөйт деп ойлодум мен, бел ооруганча иштейт - бул чын, бирок андан өлбөйт, экинчи жагынан ал жан дүйнөңдү, нервиңди чыңдайт, анан капкара буту ичке, кыялы чатак, арык мугалим жоокерге, адамга, инсанга айланат... Кыйналуу адамды курчутат деп ойлодум мен, өңгүл-дөңгүл жолдо машинанын үстүндө секирип баратып.

 Биз баягы үйөр жүргөн муздан кийин кайра жасалган көпүрөдөн өттүк, ал азыр жүк ташуучу машинанын алдында чымыркана кычырайт, ал эми Оканын тартылган суусу понтонду жылуу-жумшак жалагылап, келе жаткан кеч да аны коштоп жаракер, сүйкүмдүү.

-  Азыр,- деди Сысоев күлүп,- Шалч, эски маршрут менен кеттик. Биз шадаңдап шаңданып, жашыл багы жайнаган Ленин көчөсү менен өтүп, Киров көчөсүн басып чиркөөгө жетип, оңго кайрылдык.

- Катуурак бас,- деп карбаластады Сысоев,- көз байланып калат, анан такыр таппайбыз...

 Алдыбыздан тааныш жашыл дарбаза көрүндү. Эки көчө мурун ушундай үйдүн жанынан өткөнбүз... бирок анда суу колонкасы жок эле.

-  Токтой турчу,- дедиСысоев,- мен билем, эки көчө...

-  Биз төрт көчө өтүп кеттик,- дедим мен калтырап келаткан колумду колум менен басып.

-  Ало,- деди Сысоев өтүп бараткан бирөөгө,- ушул жерде колонка бар беле?

-  Колонка... - деп ойлоно калды өтүп бараткан. - Биерде колонка жок. Колонканы тиги ушуга паралелль көчөгө курушкан. Бурчта...

-  Биз эсептен жаңылыппыз, -  дедим мен.

-  Кудайдын каары, - деп таң калды Сысоев. Жашыл дарбаза окшош болуп атпайбы?

-  Жашыл дарбаза тиги көчөдө да бардыр,- дедим мен,- жүр ошо көчөгө баралы, Семен Кузьмич,- эгерде ал жерде суу колонкасы бар болсо, анда ошо көчө...

Биз безилдеп чуркап бараттык. Иңир кирип калган. Дагы колум калтырай баштады. Ошол көчөдө колонка бар экен. Чын-төгүнүнө ишенбей элеңдеп эки жагыбызды карандык. Жашыл дарбаза көрүнбөйт. Ошол көчөдөн төрт көчө кайра артка чуркадык... Мына, сырдалган дарбаза, бирок өңү билинбейт. Көкпү, сарыбы же күрөңбү, айрый албайсың. Толугунан келген аял эшикте туруптур.

-  Саламатсызбы,- деди Сысоев,- көрө албай жатам, сиздин дарбазаңыздын түсү кандай?

-  Анын сизге эмне кереги бар?- деди аял суроого суроо берип.

-  Биз бул экөөбүз кайсы түстө деп талашып жатты элек...

-  Көк,- деди аял жактырбай.

-  Мүмкүн жашылдыр?- дедим мен сүйүнүп.

-  Эмнеге жашыл?- деп ачуулана түштү аял,- Көк, көк деп жатам.

Биз акырын нары басып кеттик.

-  Билесиңби,- деди Сысоев жайдары,- Шалч, кайра Ленин көчөсүнө баралы, анан жайбаракат жаңылбай издейли... Антпесек экөөбүз тең эжигейдей эзилдик: жаз, күн ысык, биз азыр жөндөн жөн эле... Жөндөн жөн эле эч нерсе болбойт турбайбы.

 Биз кайрылып “Ока” мейманканасына келдик да, кайрадан жайбаракат жаңылбай издөөнү баштадык. Киров көчөсүнөн калдалаңдап караңгыда өттүк. Араң күйгөн көчө фонарлары булаңгыр. Чиркөөгө жеттик. Анан оңго бурулдук. Азырынча баары туура. Акыры баягы жашыл дарбазага кабылдык. Бапбаягы, дал өзү. Канчалык караңгы болбосун анын жашыл түсү даана көрүнүп турду. Шашпай жайбаракат дагы эки квартал өйдөлөдүк... колонка турат. Өз ордунда! Биз аны кармалап көрдүк, чоргосунан суу тамчылайт. Мындан аркысы опоңой: дүкөнгө чейин солго басасың. Дүкөнгө чейин келдик, дүкөн жок. Дүкөндүн орду алакандай аянт болуп калыптыр. Көчөдө жан жок. Биз күйүгө дем алып туруп калдык.

-  Дайнын даана, так жазып алсак болмок экен,- дедим ачуум келип,- акмактын акмагы экенбиз.

-  Жинденбе, Шалч,- деди Сысоев томсоруп,-  табабыз.

-  Баарын билчү справочныйга кайрылбайлыбы?- дедим мен чыдабай кетип.-  Фамилиясы ким эле?

-  Ит билеби,- деп ачуусун жашырып күлдү Сысоев. -  Степан Егорыч, болду...

Капыстан катуулай баскан кадамдын дабышы угулуп, бурчтун оро-парасынан кишинин карааны көрүнө калды.

-  Ало,- деди сүйүнгөн Сысоев,- токтой турчу, кудай жалгагыр...

Бизди көргөн караан четке жалт өтө качты.

-  Коркпогун, - деп жалдырады Сысоев, -  сенден сөз эле сурайбыз, неге элеңдейсиң?..

-  Сөздү сурачу жерден сура!-  караан үшүнттү да көчө менен көчө болуп жөнөй берди.

-  Кел, дагы жанагинтип кайра башынан баштайбыз,- дедим мен үмүттү үзө,- мейманаканага кайра баралы.

Бунум жөн эле бир дымак болчу, анан биз ары кетип, бери кетип, акыры таң аткыча вокзалга барып отуралы деп чечтик.

Вокзалдагы булаңгыр жарык чачкан ресторан күнү-түнү иштечү. Москвага барчу жалгыз поезд бир сааттан кийин кетмек, ит ээсин тааныбаган кыжы-кыйма эл алагүү болуп калыптыр. Биринин сөзүн бири укпаган -  кыйкырган, катуу мас, орто мастардын, бакырган жандимилердин башаламан ызы-чуу үндөрү көңүлдү айнытат. Анысы аз келгенсип былтыркы капустаны күйгүзө кууруган майдын жыты тим эле каңылжаарды жарат. Тамекинин түтүнү кудум туман, аял, эркекти ажырата албайсың. Жанды жанга ура далбастап: поездден столго, столдон поездге чуркаган караан, кызымтал швейцарь менен официанттары бар вокзал ресторанын азыр анча жакшы көрбөгөнүмдөн -  ушунун баары ийни-жибине чейин көз алдыма тартылып жатат окшойт. Мурда ушуларды жакшы көрсөм керек, азыр көрөйүн деген көзүм жок. Эмне кылышым керек эле? Кыштактын сөөгүмдү какшатып үшүткөн бөлмөсүнөн кийин, бул булаңгыр күйгөн лампочкасы бар кенен зал, сөөлөттөнүп отурган кишилер, заказ берип, кайра кажылдап атып аны өзгөртүп, талтайа отуруп тамаша куруп, заңкайган залдагыларды, жанаша столдогуну жек көрө карап, керек болсо кайра аларга жылмайып, жылымчы оюңдун жытын да билгизбей жылтырап отура бересиң. Мен ыйлап жатам -  а силер апкеле бергиле. Мен жөнүндө эч ким эчнерсе билбейт. Баарыбыз бирдейбиз мончодо отургансып. Акча эле болсо болду. Азыр мен вокзалдагы ресторандарды жек көрөм. Азыр өзүңдүн ким экениң көргөзүүнүн зарылдыгы жок, кереги сокур тыйын. Ал убакта башка эле, күн деле ушундай болуп турганы менен; каңырсып, калдырак-кулдурак кабагыңа кар жаадырып турса да, чала кызуу швейцар чалкалай түшүп каалганы кое бербей чалжыраса да, ошонун өзү өзүнчө эле майрам болчу... Ачыла берген каалгадан тамекинин капкара түтүнүнөн дубалда илинип турган рамасы алтын жалатылган тааныш портрет көрүнүп турду.

 Швейцар бизди көпкө чейин киргизбеди, биз болсо ар жак, бер жагында ары-бери түртүшүп, бизди карай калса күлгөн болуп тишибизди ырсайтып, жөн турганда бизге окшоп жөөлөшкөндөр менен жөөлөшүп турдук. Көпкө ал бизди өзүнө теңебеди. Каалга карс ачылар замат катар-катар коюлган ресторан столдорун карап калабыз. Аерде жыргап отургандарды көрүп, биз да үшүнтүп отурар бекенбиз дегенде эки көзүбүз төрт эле. Акыры анын боору ооруду окшойт кое берди. Биз залга кирдик. Азыр өз укугуңду коргоп, мыйзамга көнбөсө жоопкерчиликке чакырууга болот, ал кезде антүү кооптуу иш болчу: жана эле кызыл шапкечен милиционер швейцардын далысынан таптап, бажасыбы, кудасыбы же бир тууганыбы ким билсин, көз кысышып турганын көргөнбүз өтүп баратып...

 Биз бир графин арак, бирден котлет апкел деп буюрдук.

-  Шалч, -  деп сүйлөдү Сысоев столго кериле отуруп, -  турмуш жаман деп ким айтыптыр?

Мен турмуш жакшы эле, жаман деп кайсы келесоо айтыптыр -  дегендей эки жагыма элейе карап, туура дегендей башымды ийкедим.

Биз алем-салемге келбей ичип жибердик, булаңгыр жарык жарк эте түшкөндөй болду, мен ресторандын жанагы каалгасына бардым кайкалап. Менин үстүмдө капкара кайыш тон, башымда бозомук шапке, швейцар каалгасын кенен ачып жиберди. Мен аны далысынан таптап койдум...

Мен котлетимди жеп бүттүм, анан ликер аралашкан кофе ичким келди... Азыр ликер дегенде кускум келет, таттуу суюктукту көрөйүн деген көзүм жок, а мурда ликер аралашкан кофе дегенде шилекейим агып кетчү, аны ичкендер ак сөөк адамдай сезилчү, зыңкыйып, трубка тиштеп... Ушу да кесмеби? Кесмесин кара жесең ичегиң жабышат бир бирине...

 Мен ликер аралашкан кофе апкел дедим. Тез апкелди. Чөйчөккө ликер менен пиаладагы капкара кофени Сысоев жактырбагандай каткырып, графиндеги аракты өзүнө жылдырды. Так ушул учурда биздин жаныбыздагы бош столго экөө келип отурду. Эркеги да, аялы да аябай мас экен. Ага карабай жарым литр арак, ар бирине бирден кычкыл ши заказ беришти. Аял мени телмире көпкө тиктеп туруп, араңдан зорго: “Мурутчан”...- деди да капкара тиштерин көрсөтүп күлгөн болду.

-  Оозуңду бас, - деди ага эркеги, анан бизге карап.- Архангельскиге алып баратам, токойго иштетем...

-  Жалгыз эле өзүнбү? - дедим мен таң калып.

-  Эмнеге жалгыз өзүн?- деди эркеги.- Мындайлардын бир тобун көндүрүп койдум... Мына алып баратам. А силер кимсиңер?

-  Биз жергиликтүүбүз, - деди Сысоев, анан башын мен жакка силкип: - А бул грузин...

-  Грузинби?- деп таң калды эркек.

-  Ооба,- деди Сысоев башын эми портретти көйдөй силкип...

Аял башын үстөлдүн үстүндөгү тасмалга койгон бойдон уктап кетти. Эркеги куюлган аракты дем албай жутту да, оозуна бирдеме салып чайнабай закускасына шолоктоп ыйлап жиберди.

-  Ало, - деди Сысоев, - сага эмне болду?

-  Ага кат жазгым келет, - деди эркеги, - талдасын, тактасын...

-  Эмне жөнүндө кат жазасың? - деп аралаштым мен.

-  Билесиңби? - деп ал ого бетер шолоктоду, - тиги жакта бизге чоңдор көрбөгөн кордукту көргөзүп жатышат... Түшүндүңбү?

-  Жаз, жаз, - деди Сысоев, анан портретти көздөй көзүн силкти, - ал сазайын берет алардын...

-  Албетте, берет, - дедим мен. - Мен кат жаза албайм, - деди жанагы мурдун шыр тартып, - кат дегенди кантип жазат? Эмнеден баштайт? Мен билбейм... Дагы бир жерин туура эмес жазып алып...

-  Апкел мен жазып берейин, - дедим мен, - мага фактыны айткыла, фактыны гана, калганын өзүм билем...

-  Бул жайлайт, - деди Сысоев, - бул грузин, университет бүтүргөн...

Андан кийин эмне болду так билбейм. Ал бирдемелерди болдурап, мен жазып жаткам. Мунун мага эмне кереги бар? - деп өзүм ойлодум, бирок колум болбой эле жорголой берди. Бир убакта бир үн чыкты:

-  Документиңизди көрсөтүңүз...

Кызыл шапкечен милиционер мага алаканы тердеген колун сунду. Аял тырп этпей уктап жаткан. Эркегинин көзү чанагынан чыга түштү. Сысоевдин бети албырып чыкты, анан шыбырап жылт койду:

-  Дааратканага кыстап жатат...

Мен милиционердин сунулган алаканына чөнтөгүмдө болгондун баарын салдым. Ал менин блокнотумду алды да, “артыман бас”, -  деп өктөм айтып алдыга басты...

-  Ага тийбегиле...- деп кыркырады жанагы киши,-  тийбегиле дейм...

 Мен артынан бастым.

 Бөлмөдө самандай сары бети уйпаланган капитан олтуруптур. Милиционер анын алдына менин кагаздарымды жая берип:

-  Мына, жолдош капитан, бу киши бир мас менен отуруптур, андан бирдемелерди сурап алып жазып жатат...Тамак ичпей, арак ичпей...

-  Ии, эмне дейсиң? - деп сурады капитан.

-  Тамак ичпей, арак ичпей..., - дедим мен үнүмдү жайлап, - мен кесме менен котлет жедим, ликер ичтим...

-  Эмнени жазып жаттың? - деди капитан.

-  Билесизби...- деп баштадым мен.

-  Тиги бөлмөгө, - деди капитан, башын капталдагы бөлмөнү көздөй силкип.

Мени тырнактай кир бөлмөгө кийирди. Артыман каалга карс жабылып, шарак этилип илгичил инди.

Алты чарчы метр экен бөлмө. Үл-бүл күйгөн лампочка чыга беришинде. Терезе темир тор менен тосулуптур, анын ары жагы май айынын капкара түнү. Каалганын ары жагы бейтааныш көрпешене офицер...Бир нече мүнөт мурун мен киши сыяктуу болуп көрүнөйүн дедим эле. Эмне аным туура эмес болдубу?! Чын эле, мага ушунча керек беле ушу кайыш тон! Мен өзүмдү өзүм алдадым, айылдык бир алдамчы чалыш менен болбогон бир оюнду ойноп, жакшылыгына ишенбесем да ойноп атып, акыры ушуга тушуктум... Эми, менин ата- энем ким экенин талдап билгенден кийин алар ого бетер көздөрүнөн ок атып карап калышат... Албетте, мен абада, оюмда, сүйлөгөн ар бир сөзүмдө, алтындалган рамадагы сүрөттүн айтканын айтам. Албетте, мен анын кайсы бир жолу айткан, “атасы үчүн баласы жооп бербейт”- деген улуу сөзүн кайра- кайра кайталайм... Ооба, алма сабагынан... айтканды көңүлгө алыш керек, бу деген элдин акылман сөзү, эл деген эч качан калп айтпайт... Азыр, азыркы күндө, кайсы бир жаш адам ушундай жагдайга тушугуп, коркууну билбеген коомдун бир мүчөсүнөн: “Эмне үчүн мен, каалаганымды жаза албайм?”- деп сураса, жанагы чарчап- чаалыккан чалагайым капитан эмне деп жооп берет эле? Туура, блокнот алып чыкты, жазды. Дагы эмне?.. Азыр ушинтип айта аласың... А ошондочу...өңү өчкөн костюм кийген, шайтандын мурутундай мурут койдуруп, чөйчөктөп ликер ичип, мас болуп алып кайсы бир зыянкечтер жөнүндө дөөдүрөп, ошонун баары биз билген миңдеген даярдалган тың чыкма тыңчыларды бизге жиберген убакта, алар бизди жазып, сурап, ууландырып, таламандын тал түшүндө чакчелекейин чыгарып жардырып жатканда болуп атпайбы... Эсимде, чет элдик чалгынчылар жөнүндө лектор лекция окуганда: “Батыштын агенттери мисалдап айтканда, ресторанда ууртап арак ичип отурат, артынан бирдеке тиштеп жебейт. Элден өзгөчөлөнгөнү менен көрүнүп турат”.

Эгерде мен Сысоевдин карандай калпына ишенбей, үйүмдө эле отура бергенимде: калтырап- титиреп үшүбөй, машинен үстүндө, муздун үстүндө, мейманкананын ичинде көрбөгөнүм көр болуп темселебей, анан да ликер ичип ылжыган мас менен маек курбай, темир тор менен тордолгон терезенин ар жагында калбай, мажбурлаган саякатка баш ийип, дагы-дагы көпкө чейин түбүмдү түшүрүп түбөлүккө каламбы деп, өз оюмдан өзүм үркүп титиребейт элем. “Ата-энең каякта?” - “Көрдүңбү?” Болду. Болбогон ушу сөз менен мерез мезгилдин мыйзамынын дөңгөлөгү айланчу. Ушундай кыйчалышта каргыш тийген кайыш тондун эмне кереги бар эле мага?..

Таң агарып келатты. Ыйладым окшойт, эч кимге угузбай. Бир сыйкырдын болуп кетеринен үмүтөтүп тургам: чаалыккан капитан кечээгини унутуп коет, мени угуп-укпай колун шилтейт “жогол!” деп, мен атылып эшикке чыгам, Окага барам, жүк ташыган машинага жүгүрүп жетип, айлыма, үйүмө барам, барам да кара буудай менен жаш чалканды кошуп сорпо бышырам, анан уктайм, ойгонгондо башка дүйнөдө болуп калам.

Ушул учурда сырткы эшиктин кире беришинен бир нерсе тарс-турс этип, чыйылдаган кыйкырык угулду: “Тийбе, мен сага тийбе деп жатам!..” Ким бирөөнү күчтөп эшиктен киргизе албай жаткан окшойт, ал болсо кетенчиктеп босогону тээп алып бакырып жаткандай: “Сталин кайда?! Аны кайда жоготтуңар?..” Бу кечеги Архангельскиге аялдарды алып баратып акыл-эсин жоготкончо ичкен аракеч эле. Анын мени издеп жаткандыгысы, арактан мээси айланып калган бечера менин сербейген мурутумду дүйнөнү дүңгүрөткөндүн муруту менен алмаштырып, айтпаганды айтып, алыскы жолго дөөдүрөп чакырып жаткан...

-  Жаагыңды бас, акмак! - деп кыйкырдым мен көз жашымды агызып, бирок бир жан муну уккан жок, бир сыйкыр болуп кетерине болгон үмүтүм заматта өчүп калды.

Терезе агарып таң атты. Май айынын таптаза таңы тамылжып, эртелеп жумушка бараткандардын кадамы угула баштады. Кайыш тондун капсалаңы болбогондо!.. Анан эшик кычырап ачылып, мени дежурныйга чакырды. Мен шашыла бастым. Кекиртегиме такалып турган кыйкырыгым менен: “Жолдош капитан, айланайын капитан...бул бир түшүнбөстүк!.. Чынында менин кыпындай күнөөм жок!.. Акылын арак менен кошо ичип салган жанагы ичкич күнөөлүү, оозуна алы жетпеген... Биздикилерден сураңызчы... Мен кайыштан тон тиктирейин дегем... Келесоого окшоп таң атканча ушерде отуруп чыктым...мен ойлогом... Сысоев деген неме да мени таштап кетти. Чыным ушул, айланайын, чыным ушул, айланайын!”

Бейтааныш лейтенант менин кагаздарымды кармалап отуруптур, анан жай сурады:

-  Жакшы уктадыңбы?

-  Уктай албадым, - дедим суроолу күлүп.

-  Төшөк катуу бекен?- деди ал жийиркенгендей.

Терезеден перрон көрүндү. Жүргүнчүлөр сумкаларын көтөрүп жүрүшөт. Гүлзардан гүлдөр гүлүн ачып жадырайт. Маңдайына “Нан” деп жазылган дүкөн турат.

-  Мен түнү бою туура эмес иш кылдым деп ойлонуп чыктым.

Ал мага менин кагаздарымды сунду!

-  Эми эмне кылайын?- дедим ишенбей.

-  Аз ичиш керек,- деди ал, -  бар, бара бер.

...Вокзалдан калкыма көпүрөгө чейин артымды бир карабай чуркап келдим. Оканын жээгиндеги дөңгөчтүн үстүндө Сысоев олтуруптур. Күйүккөн мен анын жанына келип олтурдум. Үндөшкөн жокпуз. Ал кумдун үстүнө сүрөт тартып үй куруп, кайра өчүрүп, кайра жакшылап куруп алектенип, эч нерсени ойлогон түрү жок. Мен да ошентип сүрөт тарта кеттим.

Убакыт өтүп жатты. Өткөн машине көрүнбөйт. Жүргүнчүлөр топтоло берди.

-  Сен эмне, Семен Кузьмич, коркуп кеттиңби?- деп сурадым мен ага бурулуп карабай.

-  Эмнеге коркуп кеттим?- деди ал кайталап.-  Коркконум жок...Машине күтүп турам.

Биз кайрадан унчукпай калдык.

-  Тиерде сизден эмне тууралу сурашты?- деди ал, кумдагы үйүн өчүрүп жатып.

-  Эч нерсе жөнүндө деле сураган жок,- дедим мен,-  алган кагаздарын кайра берди...

-  Кантип эле,- деди ал күнөөлүүкүлү,- фамилияңызды жазып калган жокпу?

-  Жазса эмне экен?- дедим мен акырын.

-  Эчтеке эмес,- деди ал,- кийин билесиз...

-  Андагы дежурныйлар алмашылып,- деп шашылдым мен,- жаш лейтенант экен, эч нерсе сураган жок. Кете бер, кете бер дейт, мен кете бердим. Адегенде корктум, чын эле ата- энем жөнүндө сурап калса эмне дейм деп... Сураса бүттү эле да...

-  Эмне үчүн бүттү да?- деди ал мени жек көрө.

-  Эмне, бизде тез текшерип чыга албайбы? Күнөөлүүдөн бешбетер анча эмне калдастадыңыз...

-  А сен эмне мени менен “сиз” деп сүйлөшүп калгансың? Бирибизди бирибиз канчадан бери билебиз, канчадан бери таанышпыз...

-  Канчадан бери дейсиз,-  деди ал жолду карап,-  мен сизди чынында жакшы билбейм...

Мен жооп бергиче күрүлдөп жүк ташыгыч машине келип калды,  ушул машине мени ушул жерден алыска, эч ким жетпеген бир мейкиндикке алып кетет, бул мени куткарчу неме. Баары машинанын үстүнө чыгышты, мен да кайсы бир каптын үстүнө отуруп алдым. Бир гана Сысоев кум үстүнө сүрөт тартып отура берди...

-  Тезирээк бол!- деп кыйкырдым үнүмдүн барынча.

-  Сиз кетсеңиз кете бериңиз,- деди ал, башын көтөрбөй,- бизге иш Калугадан деле кекиртектен табылат.

Мен кете бердим.

Семен Кузьмич менен болгон достук үзүлдү. Ал мени конокко чакырбай калды, мен да чакырса экен деп телинбедим. Тери жөнүндө бир жолу да эскерип койгон жок. Мен да сурабадым. Кийин билген кишиден уксам, биз терилерди туура эмес сактаппыз, ашатылбай бир топ убакыт жаткан тери чирип кетет экен. Ошондон кийин супсунум сууду. Кеткен акчага кейиген жокмун. Ошондо вокзалда кайыш тончон болсом -  азыр каерде болот элем... Ким билет?!. Баштан аяк өңү өчкөн костюм кийген, бутумда жамаачыланган ботинке... Менин эмнемди алмак эле? Туурабы?..

Октябрь. 1985-жыл.

Которгон Анатай ӨМҮРКАНОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз