Нуриза Өмүрбаева: Белек

  • 23.12.2022
  • 1908

АҢГЕМЕ

(Чет жерде жашаган этникалык кыргыздарга арналат.)

Жол боюнда кичинекей кыздар ойноп жүрүптүр. Арасынан бирөөсү бизди көрө сала: «Күмүш эже келатат!» деп сүйүнүчтүү кыйкырып, утурлай чуркады. Заматта Күмүш эжелеген кыздар курбум экөөбүздү айланчыктап, тегеректеп калды. Курбумдун өз атынан айтпай, баары «Күмүш эже» дешет экен.

Курбум соодагер. Мен деле аны менен соодада жүрүп таанышып калдым. Бул жакка эки-үч айда бир келип, Кыргызстанга товар ташып оокат кылып жүрөм. Курбум менден кыргыз зергерлеринин колунан чыккан сөйкө, шакек, билерик, чачпак өңдүү зер буюмдарын алдырат. Силерде күмүш жокпу? Мынча күмүштү кимге сатасың деп кызыгып деле сурабайм. Мага пайдасы тийген жумушту неге такып сурайын? Унчукпай, айтканын айткандай алып келип, жол кире акысынан өз пайдамды көрүп жүрөм.

- Апаң кайда? – деп сурады курбум кыздардын биринен.

- Өлгөндө.

- Ким өлдү?

- Сиз тааныбайсыз.

- Мен бул айылда жашагандардын баарын тааныйм.

- Сиз күмүш алгандарды эле тааныйсыз. А Миневар апа күмүш албайт.

- Ии, кокуй, Миневар апа өлдүбү?

- Ооба.

- Шордуу кемпир бул дүйнөдөн, жалгыздыктан биротоло кутулган экен, - деп күңкүлдөгөн курбум: - Апаңды күтүп туралы, - деди да, эч кимдин жообун күтпөй эле жол баштап жөнөдү. Көчөнү бойлой каршы-терши тизилген, баары коёндой окшош үйлөрдүн бирине кирдик. Кыздардын эки-үчөөсү бизди ээрчип келди.

- Апаңды чакырып келбейсиңби? - арасынан бирөөсү чекчеңдеди үйдүн кичинекей ээсине.

- Кантип чакырмак элем?

- Барып эле чакыр.

- Өлгөнгө кантип бармак элем?

- Конок келди де.

- Урушат. Өлгөнгө балдар барса болбойт деп айткан.

«Өлгөнгө балдар барса болбойт!» Апамдын үнү кулагыма жаңырып кеткенсиди.

Бала кезимде апам мени урушканда: «О өлүгүңдү көрөйүн!» деп кыраатын келтирип урушуп, жакшы көрүп кеткенде: «Ий өлүгүңдү көрөйүн» деп эркелетип койчу. Бирок өлүм болгон жерге «өлгөнгө балдар барса болбойт, жаман болот» – деп коркутуп сүйлөр эле. Ушундан улам мен өлгөн менен айылдын[1] айырмасын ажырата албай, апамды бардык жакка ээрчий берчүмүн.

Мен да барам деп бул жолу да тултуйдум. «Өлгөнгө балдар барса болбойт!» - деди апам адатынча.

- Ким өлдү?

- Эмне кыласың аны? Бала баладай эле болсо. Сен үйдөн чыкпай отур, далистин шырдагын шыпырып, полун жууп кой. Кечкурун чоң апаңдар да жайлоодон келип калат, - деп апам үй-жайын, турмуш тиричилигин мага дайындап атты.

Өлгөнгө деп алдап, мейманга кетип калган учурлары көп эле болгон. Ошого апама ишене албай, атамды издедим. Атам көчөдө аттын чылбырын кармап, ат үстүндө отурган коңшубуздун баласы менен сүйлөшүп туруптур. Алардын жанына чуркап жеттим.

- Оюнга алаксыбай тез жет. Апама «ооруканага алып кетти» дегин, атама болсо айтып коё бер, ооруп атыптыр деп келбей койбосун, - деп дайындап атты атам. Коңшубуздун баласы баарына «макул-макул» деп баш ийкеп, атына камчы салып жөнөп кетти. Кабагы бүркөлүп, өңү бозоруп турган атама жакындап, «чын эле өлгөнгө барышат окшойт» деп ойлодум. Өлгөн кандай болорун билбесем да, атамдын кебетесинен улам «өлгөн», «өлдү» деген жаман нерсе экенин туйгансыдым.

- Ата, ким өлдү? - деп сурадым акырын.

- Жүсүпбай таякем.

Атамдын доошу башкача чыкты. Жүсүпбай таякени жакшы деле тааныбайм. Чоң апамдын бир тууганы экенин, анда-санда биздин үйгө келип-кетип жүргөнүн элес-булас билем.

Чын эле апам айткандай кечке жуук чоң атам менен чоң апам бир атка учкашып, короого кирип келишти. Алар жайкысын жайлоодо жайлап, кышкысын жакага түшүшөт. Мен деле жайкысын жайлоодомун. «Быйыл нөлөвөйгө барат» деп апамдар мени алдырып алган. Чоң атам алгач аттын үстүнөн түшүп, анан чоң апамды колдон алып жардам берди. Артынып келген куржунун ат үстүнөн алып, жерге койду да, атты жетелеп малкана тарапка жөнөдү. Бул арада үйдү көздөй жол алган чоң апам:

- Апаңдар кана? - деди.

- Өлгөнгө кетти.

- Ким өлдү?

- Жүсүпбай таякем.

Чоң апам ачуу чаңырып, чалкасынан бир кетти. Чоң апамдын үйгө кирген кирбегени, деги эле андан кийин эмне болгону эсимде жок. Тек гана өлгөн айыл эмес экени, чын эле өлгөнгө балдар барса болбосу эсиме жатталып калыптыр. Ошондон тартып апам өлгөнгө дегенде, өзүмөн өзүм эле ээрчибес болдум. Чоңойгондо деле өлүмдүн атын уккан жерде чоң апамдын ошол күнкү чаңырыгын кошо эстеп, коркуп жүрдүм. А эмнеге азыр Миневар апа өлдү деген сөздү угуп селт этип койгон жокмун? Качантан тартып өлүмдү коркпой, салкын кабыл ала баштадым экен? Ушуну эстей албадым. Балким чоң апам өлгөн күндөн тартыппы? Билбейм...

*     *     *

Бөлмөнүн ичиндеги кыргыздын оюусу түшүрүлгөн жакандосторду, жаздыкчаларды, дубал бооруна илинген туш кийиздерди көрүп таңгалып, суктанып отурдум. Мындай буюмдар азыр «мен кыргызмын» деген кыргыздын үйүндө да жок. Бала кезимде биздин үйдө көп эле. Чоң апам жасачу. Азыр анын баары жок. Чоң апамдын шырдактары да, өнөрү да өзү менен кошо өлдү. Бирибиз деле чоң апамдын өнөрүн улантып кеткен жокпуз. Мен болсо заңгыратып, эки кабат там салып, ичи-тышын заманбап үлгүсүндө жасалгалаттым. Бирок ошол үйдүн бир капшытына кыргыздын туш кийизин тартып, жерге шырдагын, ала кийизин төшөп жашабаганыма бүгүн ардандым. «Шашпа, Бишкекке жетерим менен жок дегенде үйүмдүн бир бөлмөсүн «кыргыз бөлмө» атап, босогодон төрүнө чейин кыргызча шөкөттөбөсөмбү» деп өзүмө өзүм убада берип аттым. Бир кезде биз отурган бөлмөгө бир аял кирип келип:

- Оо, кыздар, куш келдиңер! - деди жаркылдап. Курбум экөө учурашкандан кийин аял мени да сыга кучактап, бетимден өптү. Нази эжеси ушул тура деп ойлодум. Курбум ар келген сайын Нази аттуу эженин үйүнө келерин, күмүштөрүн ошол эжеси сатышып жүргөнүн жол ката божурап айтып келген.

Дасторкон жайып, чай даярдап баштаган Нази эже. «Бишкектен мейман кыз келди деп айттырып жибердим, азыр коңшу-колоң келет» - деп мени карап жылмайды. Бирден-экиден киши келип отуруп, бөлмө заматта толо түштү. Жашыраактары алыстан кадырлуу конок келгенсип, мени менен амандашып эле кайра чыгып кетти. Улуураактары дасторкон четинен орун алды. Тим эле тойго келгенсип, энелер элечектерин, белдемчилерин, аталар ак калпактарын кийип алыптыр. Аларды көрүп ого бетер кымтыланып кысынып, сыйларынан, сыпаалыктарынан оңтойсуздандым. Астыртан, көтөрө келген баштыктарымды карадым сумсайып.

*     *     *

Бул жолу курбум мага дагы да кооз, дагы да кымбат күмүштөрдүн сүрөтүн жиберип, «ушулардан алып кел» деп буюртма берди. Бизде андай ашыра кооздолгон күмүштөрдү артисттер эле тагынат. Ошондон улам:

- Буларды ким алат? - деп кызыктым.

- Сенин туугандарың алат.

- Кайсы туугандарым?

- Бизде Кыргызстандан келип, отурукташкан кыргыздар жашарын билесиң да, ээ?

- Билбей анан.

- Билсең ошол. Кыргыздын күмүшүн кыргызга эле сатам.

Кайсы бир замандарда Кыргызстандан ушул тарапка ооп келип, жашап калган мекендештерим тууралуу көп эле угуп, окуп жүргөнүм менен, көр оокатка алаксып аларды бир жолу да эстебептирмин. Кайсы жерде жашайт, жашоолору кандай деп бир жолу да сурап койбоптурмун. «Мени да ала барбайсыңбы, учурашып келейин» - деп дароо курбума жабыштым.

*     *     *

Жолго чыгарда, «аларга эмне ала барсам» деп баш катырдым. Кыргыз болгону менен Кыргызстанды көргөнү бар, көрбөгөнү бар, Мекенге келгени бар, келбегени бар деп ойлонуп жүрүп, курут, сары май, кымыз сатып алдым. Эл күрү-күү түшкөн базарды аралап, оюма бир нерсе келди. Сатуучу менен соодалашып, «чет жерге кетет», «белек», «көп алам» деп арзандатып отуруп, 5-6 калпак, 2-3 чапан алдым. Айылдагы аксакалдарга жаап коёюн деп ойлогом. Эми ошолорду баштыгымдан чыгара албай уялып отурбаймынбы? Үйгө келген аталар Бакай калпактарды кийип бакыйып төрдө отурат. Мен болсо өңчөй баланын оюнчугундай болгон, тойго, көз көрдүгө ташыган сувенир калпактарды көтөрүп келбедимби. Базардан алган баасы да, баркы да арзан жылтырак чапандарды кантип белдемчи кийген байбичелердин үстүнө жабам?

Сыр бербей желим шишедеги сары майды, кымызды, курутту чыгарып: «Бул менин базарлыгым, ооз тийиңиздер» дедим ыңгайсыздана. «Мекендин даамы, мазар басып келди» - деп алгач чыныга куюлган сары майды колдон колго өткөрүп, чыпалактарын малып, ооз тийип чыгышты. Чай үстүндө айыл-апаны, мал-жанды сурап, баарлашып отурдук. Сөз арасында бир байбиче: «Бешенеңден көр кызым. Айылда жамандыгыбыз бар, болбосо сени ыр-күү менен, салт-санаабыз менен коноктойт элек» деп кейиди.

Эл тарагандан кийин Нази эже: «Эми мындай убакта күмүш ал деп бирөөгө барганыбыз уят. Өлүмдүн да сыйы болот. Кааласаң күмүштөрдү мага таштап кет, мен акырындап сатып, акчасын чогулта жүрөм» - деди курбума. Биз өз ара сүйлөшүп, эртең сөөк жерге берилгенден кийин жолго чыгалы деп макулдаштык.

*     *     *

Нази эжени ээрчип, каза болгон кемпирдин короосуна баш бактык. Эшик алдында боз үй тигилип турат. Жалгыз жандын өлгөнү курусун. Боз үй сыртында боорун тытып өкүргөн уулу, сөөктүн башында эт-бетинен кетип ыйлаган кызы жок, жалгыз бой эне экен. Эрезеге жеткен жалгыз уулу аскерде каза болгонун, жалгызынын кайгысын көтөрө албай абышкасы уулуна удаа кеткенин, Миневар апанын күмүш ала албаган жесирлик турмушун аялдар боз үйдө кеп кылып атты. Мен ар кимдин сөзүнө кулак төшөп, «чын эле бешенемден көрөйүн, ушул айылдын жамандыгына эмес, жакшылыгына туш болсом эмне?» деп кейип отурдум.

- Сенде жокпу?

Боз үй сыртындагы эркектердин маегин кулагым чалды.

- Былтыр үйүңө бирөө келгендей болду эле?

- Алып келген жок.

- Сендечи?

- Ыраматылык Кошал каза болгондо менден албадыңарбы?

- Аялдардан сурат, - деп дагы бирөөсү күңк этти.

Бир кезде боз үйгө бир аял кирип келип, отургандарды сыдыра тиктеп алды. Эки-үч аялдын жанына жакындап, бир нерсе сурагандай болду.

«Сизде бар да байбиче» - деди, отургандардын бирөөсү төрдөгү кемпирлердин бирине ишенимдүү тигилип. Эмне дээр экен дегенсип калгандары жапырт төр тарапка баштарын буруп, жооп күтүп калышты.

- Менде бар, ооба. Бирок менин төрүмдөн көрүм жакын. Мен бүгүн бар эртең жок кишимин. Бере албайм! - кесе жооп берди кемпир. Эч ким андан кайталап эч нерсе суранган жок.

Боз үйдө эки чоочун отурат дегенсип, биз тарапты элеңдеп карап, бизден айбыгып, сактанып аткандарын байкадым. Мынчалык жашырып, ачык сурай албагыдай эмне болду экен? Бул кандай сыр?

Сураганын кемпирден ала албасын түшүнгөн аял эми орто жашап калган дагы бир башка аялга жакындап: «Сенде да бардыр, жайы менен үйүңө соодагерлер ат тезегин кургатпай келип кетип жүрдү эле» - деди. Тигил аял унчукпай жер тиктеди.

- Бар алып келе кал! - Төрдө отурган кемпирлердин бири буйрук бере сүйлөдү.

- Өмүрүңдү тиле!

- Кудай кечинен берсин!

- Сен жаш эмессиңби.

- Дагы өйдө-ылдый каттагандар болот.

Калгандары бири биринен сөз талашып кемпирди коштоп кетти. Аял унчукпай боз үйдөн чыга жөнөдү. Ичим бышып кетип, оң тарабымда отурган Нази эжеге бурулуп: «Эмне сурап атышат?» дедим.

- Чүш! Сөөмөйү менен оозун жаап, унчукпа дегенсиди ал. Саамдан кийин мага жакындап, кулагыма шыбырады:

- Топурак.

- Топурак?

- Ооба.

- Эмне болгон топурак?

- Чүш!

Аңгыча «сөөк сууга» алынат деп аялдарды сыртка чыгара баштады. Сөөк сууга алынып, жаназа окулду... Жана үйүнө кеткен аял табыттын баш жагында турган кишилердин бирине кичинекей түйүнчөк сунду. Киши унчукпай түйүнчөктү чөнтөгүнө салып, эркектер табытты көтөрүп, көрүстөн тарапка бет алды. Аялдар жапырт уңулдап үн чыгарып, сөөктү узатып кала бердик. Өзүн өмүрүмдө көрбөгөн, кебин укпаган бейтааныш кемпирди узатып, көпчүлүктүн ичинде турдум.

Бир аз тынчып, аялдар кайрадан боз үйгө кире баштаганда Нази эжеге жанашып: «Эже эмне болгон топурак?» деп кайталап сурадым. Ал мени жеңден тартып, четке жетеледи. «Оозуңду бек карма сиңдим. Келген кеткен кишилерден Кыргызстандын топурагын алдырып коёбуз. Арабыздан бирөө каза болгондо бир ууч топуракты көрдүн ичин айлантып сээп коймой салтыбыз бар. Туулган жерде жатпасак да, туулган жердин топурагын искеп жаталы деген ырымыбыз» - деп ыйлап калды. Мен аны кучактадым. Жанатан бери көзүмдөн бир тамчы жаш чыкпай эле элдин шары менен уңулдап жаткан жаным, эми көкүрөгүм жашка толуп, эжени кучактаган калыбымда эрээркеп ыйлап кирдим. Мага алда качан чоочун болуп калган бир жылуулук, боордоштук жүрөгүмдү бийлеп баратты.

*     *     *

Жолго аттанарда коштошкум келбеди. Кантип бир күндө бир айылдын эли менен мынчалык жакын болуп кеткенимди билбейм? Улуу-кичүү дебей кайра-кайра кучактап, дагы келеримди кайталап убада берип, аргасыз коштошуп аттым. Мени узатып тургандардын баарын өзүм менен кошо ала кетким келип кылчактадым, кыйылдым.

Автобуска киргенимде колумдагы баштыгымды байкаган курбум: «Неге белектериңди бербей кайра көтөрүп кетип баратасың?» деп сурады.

- Көрдүң го, алардын үстүндө кийип турган кийимин.

- Эмне экен?

- Мен алып келгенден алда канча кооз экен.

- Белектин жакшы жаманы болмок беле. Бере берсең болмок.

- Уялдым.

- Эмки келгениңде дурусураагын алып кел! - деп шыңкылдады.

- Эмки келгенимде эмне белек алып келеримди билем, - дедим.

Эми келсем, эмне алып келеримди билем...

[1] Айыл – конокко баруу.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз